"ХИТ-МАЙДАН" хит парады Манас радиосунун "Тогузунчу жай Айбек Акматов менен" акциясы жана "Обон" гезитинин бирге уюштурган "ХИТ-МАЙДАН" кыргыз эстрада ырларынын хит парадынын алгачкы жумасынын жыйынтыгы: 11-августтан 18-августка чейинки катышуучулары 1. Ильяз Абдразаков "Сүйүү азабы"-24 добуш 2. Тата Улан "Карындаш"- 23 добуш 3. Мирбек Атабеков "Сени сүйөм"- 21 добуш 4. Эрлан Андашев "Ай-ай жаным"- 17 добуш 5. Омар "Апакем"-10 добуш 6. Дайыр Исмадияров "Жүрөк дарты"-8 добуш 7. Кундуз "Бир сен үчүн"- 7 добуш 8. Макс Бегалиев "Кусалык"- 6 добуш 9. МКД тобу "Сүйбөйм сени"-3 добуш Бул жыйынтыкка ылайык "Тогузунчу жайдын алгачкы хит ыры" катары Ильяз Абдыразаковдун "Сүйүү азабы" ыры 24 добуш топтоп, "Хит-Майдандын" алгачкы жеңүүчүсү аталды. Ал эми эң аз добуш алган МКД тобу "Сүйбөйм сени" ыры менен конкурстан четтетилди. Бул эки ырдын ордуна кайсы ырлар "Хит-Майданга" кошулганын 11-августта "Тогузунчу жай Айбек Акматов менен" эфиринен уга аласыздар. Добуш берүү жума күнү саат 16.00дөн 18.30га чейин уланат. Бул берилген убакыт ичинде 0550 17 13 44 номерине "Хит-майдан" сөзүнөн баштап жылдыздын атын, композициясын жазып добуш бере аласыздар. Жыйынтыгын "Обон" гезитинен окуй аласыздар. Тогузунчу жайдын эң мыкты хит ырларын бирге тандайлы!! |