Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок
Апа-а! - деп кыйкырып алып алаканым менен жүзүмдү жаап калдым. Сол кабыргам менен катуу урунган окшойм кыймылдасам көздөрүмөн ооруксунуунун оттору чачырай түшкөндөй болдум. Томолонуп-жумаланып тура калып, апабызды тургузганга жанталашсам болчудай эмес... Эс учун жоготуп, өңү купкуу болуп, өзү сулк жатат. Чөгөлөй олтура калып башын көтөрүп, бети башынан өпкүлөй көзүн ачаар бекен десем - жок! Эңкейип жүрөгүн тыңшасам же эч нерсе угулбайт. Коркконумдан эмне кылаарымды билбей башын жөлөгөн боюнча шалдайып олтуруп калдым. Бир топто гана тезинен тез жардам чакыруу керек экени оюма келди.
Бул маалда сабагынан келген Алтынай экөөбүз коридордо сүзүшүп калдык.
- Алтынай, апам!.. - деп ванна тарапты колум менен жаңсай көргөзүп, тилим буулгансып сүйлөй албай койдум. Калтыраган колдорум менен телефондон тез жардам чакырдым. Ачык турган эшиктен баш багып апабызды көргөн Алтынай эмне деп ойлоду билбейм, бакырып алып кайра эшикке жүгүрдү. Кошуналар чогулуп үйдүн ичине чуу түшүп эле калдык. Апабызды көтөрүп барып, төркү бөлмөгө жаткыздык. "Эмне болду?" деген суроону туш-туштан жаадырып жатышты. Же мен түшүндүрүп бере алсамчы. "Мен тайып жыгылып, анан апабыз жыгылып..." -деп улам бирөөнө ый аралаш айтып жаттым. Тез жардам бат эле келди. Аялдар колу бутун ушалап, нашатырь спиртин жыттатса да эсине келбеген апабызды алып кетишти. "Сен алдагы кебетең менен барбай эле кой, мен кошо барып келейин" -деп кошуна Салкын эже Алтынай экөө кетишти.
"Ыйлай бербе, жакшы болуп кетээр... Кара кушу менен тийген турбайбы, болгондо да... Эми Кудай сактасын". "Чекеси да томпоюп чыкты го, темир шкаф түшүп кетти дейсиңби? Деги кайненең экөөң урушуп, жулмалашкандан соосуңбу?" деп жатышты чогулгандар. Сөздөрүн угуп укпай, дубалга сөйкөнгөн боюнча катып турам. Маңдайдагы күзгүдөн өзүмдүн сөлөкөтүмө көздөрүм урунду. Сууланышкан чачтарым жуунуп чыккан боюнча таралбаганга - саксайган... Халатым өйдө-ылдый топчуланган... Көздөрүм, мурдумдун учу шишип, кызарган. Менин нес болгон абалымды көргөн бирөөсү жетелей төркү үйгө алып кирип төшөккө жаткырып: "Катуу коркуп калган окшойт, газга чай койсоңчу, ысык-ысык чай ууртасын" - деди ээрчий кирген үстүңкү кабаттагы кошуна аялга. Ал анын сөзүн жактырбагандай, мурдун чүйрүй "бирөөнүн үйүн аралай албайм. Эртең бирдемеси жоголуп кетсе жалаага жакын жаным бар, доосу менде калат. Койсоң өзүң коюп, өзүң бер. Деги эле эмне анча өнтөлөйсүң? Күкүндүн жыгылганында менин күмөнүм бар... "-деп мени жаман көргөн көз караш менен карап алып, күбүрөнүп чыгып кетти. "Оюңа алба, сүйлөй беришет. Тарагың кайда, чачыңды тарап берейин" -деген эже чачымды тарап, чай коюп убараланып жатты. Бир топто гана "үйдө балдар жалгыз, мен барайын ээ" деп үйүнө кетти. Жымжырт бөлмөдө жалгыз калдым. Канча убакыт өткөнү белгисиз, "сактай көр" деп күбүрөнүп бүк түшүп жатсам, апабызды коштоп кеткен Салкын эже келди.
- Жат, жата бер. Кебетең кантет? Кан-сөлүң качып... Апаңарды врачтар алып кирип кетишен боюнча дайынын айтышпай, эми эле "бүгүн реанимацияда, үстүнө киргенге болбойт. Эртең менен киргиле" деп жолго салышты. Жүрөгү да кармаган окшобойбу. Айтор ошондой деп сүйлөшкөндөрүн угуп калдым. Алтынай улуу эжеңердикине кетти. Аныңарды бүгүн көрдүм эле кайра кеткен турбайбы ээ? Кайынсиңдиң болсо "кой" дегениме көнбөй, "түртүп жиберди да, мен билип эле турам" деп сени күнөөлөп жатат. Жанагы кебетеси менен тим койсо тытып жечүдөй... " Жүр үйгө" дейин деп, кайра "мейли, эжесиникине барса барып, бугун чыгарып тынчып келсин" деп тим койдум. Тыйылып калаар?.. Жакшынакай эле жашагандай көрүнчүсүңөр...бири-бириңе өчөшүп жүрчү белеңер? Мейли эми, мен барайын үй эмне болду экен? Коркпойсуңбу? -деп эже үйүнө шашты.
Баш чайкадым. Сүйлөөгө дарманым жок. Жарыкты жандырбай, караңгы бөлмөдө кайра жалгыз калдым. Бир убакта атырылып Баян эжебиз кирди. Артынан Алтынай. Салкын эже алардын астын тосо чуркап "кой Баян, келинде эмне күнөө? Кырсык да... Сабыр кылып өзүңдү карман" деп калды. "Апам эсине келсинчи?! Эгерде Алтынай айткандай мунун күнөөсү менен жыгылган болсо анда шашпасын, көргүлүктү көрсөтөм!-деп кайнежем тынчтыкты бузуп, үнүнүн баардыгынча кыйкырып жатты. Байкуш Салкын эже болбосо эмне болот элем ким билет? Кайнежемдердин келээрин билип атайын акмалап, күтүп олтурса керек, ичимден аябай ыраазы болдум.
Баардык чуунун жыйынтыгында, кайнежемдин жазган арызынан кийин эртеси "Кайненесин өлтүрүүгө аракет жасаган" деген шектүү адам катары РИИБнин тергөөчүсүнүн кабинетинде олтуруп калдым. Үч уктасам түшкө кирбес окуяга туш болдум. Апабызды кандайча жыгылганын түшүндүрүп айтып да, жаз дегендеринен жазып да жаттым. Окуя болгон жерди көрүүгө мени кошо үйгө алып келишкенде иштин чоо-жайы кандай болгонун кайра көргөзүп, кайталап бердим. Жууна турган бөлмөнүн ичинен апабыз ашканадан алып кирген аш бычакты ваннанын астында жаткан жеринен таап чыгышты. Апабыз жыгылганда колунан түшүп кеткен бычакты, ваннанын астына түртүп койгон элем. "Бычакты апам ашканадан көтөрүп кирген. Мен эмнеге өлтүрөйүн демек элем?! Апамды түрткөн да эмесмин" деп чырылдаганыма ишене беришпей, улам-улам суроо берип жатышты. "Эмне, уруша кеттиңер беле? Эмне үчүн?" деген сыяктуу суроолорго кайра эле кечээки күндүн башынан түшүп кайталап айтам.
- Апама жакшы эле айткам. Ушунчасында кетир дегем. Жүрөгүм бул жамандыкты сезген турбайбы. Бети жок десе! Уялбай карандай калпты айтып турганын карабайсыңбы...- деген Баян эжебиз албууттанып, улам-улам мен тарапка жулунуп коёт.
Тергөөчүнүн чакыруусу менен
РИИБге эмне болуп кеткенин түшүнбөгөн Чүрөк эжем келди. Аны көрүп эрээркеп буркурап ыйладым. Айтор баш аламан күнгө да кеч кирип, мени убактылуу кармоочу жайга жөнөтүү менен аяктады. Мени машинага салып жатышканда:
- Күнөөсү далилденмейинче эмнеге камайсыңар? Ой, бул кыз кайненесин түртмөк түгүл анын жанында катуу дем алгандан да коркчу. "Адамдын өмүрүнө кол салган" дешип... Бүгүн үйгө алып кетейин, ошондой эле күнөөсүн мойнуна коюп, күнөөкөр экени билинсе анан деле камаганга жетишесиңер,-деп чырылдап жатты Чүрөк эжем.
- Жок, жок эже! Мына бир эмес эки арыз турат. Кайненеси да эсине келип, арыз жазыптыр. Мына кызы алып келбедиби жаңы эле. Эки арыздын негизинде менин бошотууга акым жок. Көрөбүз, балким чын эле күнөөсү жоктур, тактайбыз,тергейбиз... Анан прокуратура чечет, -деп койду тергөөчү жигит. Мен болсо эс-мас абалда "убактылуу кармоочу жай" деп жатышпайбы, эртең эле бошотушса керек. Кантип эле камалып калайын? Апабыз да арыз жаздыбы?" деген чалды-куйду ойлор менен алпурушуп жаттым. РИИБден бери мени менен кошо келген эки эркекти алып кирип кетишип, кезек мага келди. "Чөнтөгүңдө эмне болсо баарын столдун үстүнө чыгар. Көйнөгүңдүн курун да чечип калтыр" деген формачан аты-жөнүмдү тактап жазып, кууш коридор менен ээрчитип жөнөдү. Коркконумдан жүрөгүмдүн түрсүлдөй какканы темир эшикти ачып, мени киргизип жаткан формачан, чачын ак аралап калган толмоч кишиге да угулганбы, "Коркпо, баары эле сага окшош" деп койду. "Сага окшош" деген эмнеси деп калдым. Тизелерим титиреп, алаканым тердеп чыкты. Эшик шалдырап ачылганда тизилип калышкан окшойт, босогодо төрт аял жардана карап турушуптур. Кирип -кирбей артыман жабылган эшикке жабыша ар биринин көздөрүнө алмак-салмак тигилип туруп калдым. Көздөрүнөн жамандык жасап ийбей тургандарын окугум келдиби, өзүм деле билбейм, анча эмне үңүлө караганымды. Көздөрүбүз тиктеше түшкөн маңдайымдагы аял мени баштан-аяк сыдыра тиктеп алган соң:
- Ал жерде турбай өт бери. Олтур... Бул жерге бир түшкөн киши көбүнчө кө-өпкө олтурат... Көнө бер... Эмне алаңдайсың? Коркуп жатасыңбы? Жеп албайбыз,-дегенде жанындагылар күлүп жиберишти. Чачын төбөсүнө байлап, үстүндө өңү өчөйүн деп калган боз, кыска көйнөкчөн, өтө эле жүдөңкү көрүнгөн арык аял өзү да жылмайып алып, - Курсагың ачка окшойт ээ? Эриниң кеберсип турат. Тигил жерге бети-колуңду жуунсаң болот. Чай муздай элегинде ичип ал,- деп мага оң жактагы суу тамчылап турган кранды көргөзүп, өзү сол тараптагы идиш-аяк коюлган темир текчеден жылтырак баштыкка салынган нан, кашык, калай кружкаларды алып, баятадан бери мени таң кала, кызыга тиктеп, тамеки үйлөп олтурган кызга сунду.
Ал кыз өзү олтурган темир керебеттин үстүнө гезит салып, колундагыларды койду. Жанатадан бери түпөйүл тарткан жүрөгүм ылдыйлай, камеранын ичин айландыра карап алдым. Төрдө тордолгон кичинекей жапыз терезе. Төрт бурчта эки кабаттуу темир керебеттер. Үстүлөрү жылаңач, төшөнчүсү жок. Дубалдары тамекинин түтүнүнөн жедеп, ышталып бүткөндөй.




Күлкү өмүрдүн мүлкү
Күйөөсү командировкадан келет. Эшикти ачып, үйүнө кирейин десе аялы чуркап чыгып моюнуна асылып, кыйкырып кирет:
- Жүр, качтык, азыр эле айтышты, биздин үйдө жарылуучу зат бар экен!
- Азыр, бир мүнөт, карайынчы, ал зат шкафта эмес бекен?

- Күйөөң каерде иштеп жатат?
- Арак чыгарган заводдо.
- Жаңы жумушу жагыптырбы?
- Билбейм, ал али үйгө келе элек.

Достор сүйлөшүп жатышат:
- Кел, жума күнү жолугабыз.
- Жо-ок, ал күнү мен айлыгымды алам.
- Анда ишемби күнү.
- Мен сага кыргызча айтып жатам го,
жума күнү мен айлык алам!

- Асан, сен эмне тынбай эле тамеки тартып калгансың?
- Билесиңби, Акмат, мен аябай тынчсызданып жатам.
- Эмне үчүн тынчсызданып жатасың?
- Ден соолугум үчүн.

Аялы күйөөсүнө:
- Жаңы муздаткыч сатып алыш керек.
- Эмне, эски муздаткыч бузулдубу?
- Жок, наклейкаларды жармаштырганга орун калбай калды.

Курбулар сүйлөшүп жатышат:
- Элестет, алты жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигитим биринчи жолу нике тууралуу ооз ачты.
- Койчу? Эмне деди?
- Аялы жана эки баласы бар экенин айтты.

Аялы:
- Жаным, сага эмне болду? Түндө түшүңдө мени сөгүп чыктың го?
- Ха-ха! Сен мени уктап жатат деп ойлодуңбу?

Аялы күйөөсүнө:
- Балабыз чоңоюп калды, аны бир жакка бериш керек.
- Кел, музыкалык мектепке беребиз.
- Койчу, пианино сатып бериш керек, кымбат!
- Анда футболго.
- Жок, ай сайын спорттук кийим, бут кийим, топ…
- Анда бийге.
- Атайын кийим, айына төлөш керек, кымбат!
- Токтосоң, биз өзү баланы эмнеге жараттык?
- Сен өзүң "презервативди сатып алып эмне кылабыз, кымбат" деп айткансың.

Аялы жатып алып кыялданып жатат:
- Эч качан бара элек жагыма барып, эч качан кыла элек нерсемди кылгым келип жатат.
Күйөөсү:
- Эң жакшы, ашканага бар да, идиш-аяк жуу.

- Анын бир да досу жок.
- Эмнеге?
- Ичпейт да…

Аялы күйөөсү отурган бөрмөгө кирип:
- Жаным, таштандыны төгүп келчи?!
- Койчу, мен жаңы эле отурдум.
- Ага чейин эмне кылдың?
- Жаткам.

- Жаным, сен ата болосуң!
- Эх, а менин болсо космонавт болгум келген…

Дарыканага кирген жигит сатуучуга кайрылат:
- Силерде кандай презервативдер бар?
- Банан, кулпунай, алча, малина жыттанган.
- Чоң кыз, менин варенье кайнатайын деген оюм жок.

Маршруткада жүргүнчү айдоочуга кайрылат:
- Токтотуп коёсузбу?
- Каерге?
- Мышык турган жерге.
- Мышыктын алдыңкы буту турган жергеби же арткы буту турган жергеби?

Кемпир базарга барып, бадыраң тандап жүрөт. Бир бадыраңды алып жыттап, эки жагын айлантып карап, сатуучу жигитке кайрылат:
- Бадыраңың эмне кичинекей анан бүрүшүп калган?
- Чоң эне, сиз биринчи өзүңүздү күзгүдөн карап алыңызчы?!

Кичинекей бала апасына:
- Апа, мага карындаш алып келип берчи?!
- Жакшы болот эле, бирок, атаң макул эмес.
- Атам командировкага кеткенде акырын, ага билдирбей…

Күйөөсү аялынын
жумушуна телефон чалат.
Шашып, энтигип:
- Жаным, менин сага жагымсыз жана жагымдуу эки жаңылыгым бар.
- Айта бер.
- Биринчи жагымсызынан баштайын: биздин үйдү бульдозер менен сүрдүрүп жатышат.
- Кандайча?
- Ордуна пивокана салынат экен. Жагымдуусу, арзан пивокана болот экен!