Жылдыздар кайда эс алышат? Жайдын ысык күндөрү ар бир адам алына жараша эс алганга умтулат. Бири көлгө барса, бири жайлоого чыгып дегендей. Ал эми дүйнө жүзүнө белгилүү атактуулар кайда эс алаарын төмөнкү макаладан билсеңиз болот. Анна Семёнович Сырткы келбети менен көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурган Анна Семёнович баарынан да келбетин биринчи орунга койгондуктан, быйыл жакын курбусу менен Иорданияда эс алды. Баткактан болушунча жамынып, көлдүн жээгинен чыкпаган ырчы эки иштен бир иш кылып диетага да отуруп, алты килограммга арыктаганга үлгүрдү. Эсинде калган эс алууну ал Мальдивадан өткөргөн. Жаткан мейманканасынын полу айнектен болгондуктан, полдун астында сүзүп жүргөн суу жандыктарын карап отургандан тажачу эмес экен. Ал тургай бир күн бою эч жакка чыкпай мейманканада балыктарды карап отура берген күндөрү да болуптур. Иорданиядан келген соң сүйгөнү менен Кисловодскиге барып келген. Синди Кроуфорд Белгилүү актёрлордун үй-бүлөсү Синди Кроуфорд менен Рэнд Гербер Джорд Клуни менен көптөн бери достошуп жүргөнү окурмандарга маалым. Жай мезгилин чыдамсыздык менен күткөн Синди үй-бүлөсү Ломбардияга досунукуна аттанаарда киного тартылуу сунуштар түшүп, көп төлөнө турган гонорардан баш тарта албай калып калган. Июль айынын аягында араң бошоп, Ломбардияга араң жетти. Азыр ал жакын адамдардын курчоосунда Комо көлүндө яхтада эс алып жүргөн чагы. Дана Борисова Табиятынан өзгөчө окуяларга туш болгонду жактырган алып баруучу Дана Борисова эс алууга көбүнчө Тайланд, Мальдивага барат. Быйылкы жайды кызы Полина менен Канар аралдарынан өткөрдү. Этияттабай адатынча калдаңдап жүрүп, унутулгус окуяга туш болгон. Шамал башталганда элдер көлдүн жээгинен шашылып качып бара жатканын көргөн Дана эмнегедир ошол маалда сууга түшкүсү келген. Сууга жаңы кирип бара жаткан алып баруучуну чоң толкун жээкке ыргытыптыр. Кымбат баага сатып алган купальниги тамтыгы калбай айрылып, денесинин баары тытылып тез жардам менен бейтапканага жеткирилген. Ева Мендес 35 жаштагы актриса Ева Мендес төрт жылдан бери жарандык никеде жашап келген режиссер Джордж Гаргуревич менен Италиянын эң тынч шаары Амальфиде эс алышууда. Гиффониде өтө турган эл аралык кинофестивалга катышып, эс ала кетүүнү чечкен. Көптөн бери көрө элек жакын достору Доменико Дольче менен Стефано Габбаналарга жолугуп жайкы эс алууну чогуу өткөрүшүүдө. Дмитрий Маликов Дмитрий Маликов башка мамлекеттерге үч-төрт жылда бир эс алганы барат. Эң биринчи жолу Дмитрий 1980-жылы Венгрияга эс алганы барса, акыркы жолу Испанияда эс алып келген. Ал мейманкана тандаардан мурда спорт менен машыга турган жерине көңүл бурат. Ал жаткан мейманканада сөзсүз футбол ойной турган аянт болуусу шарт. Быйыл Дмитрий ушундай талаптарына ашыгы менен жооп бере турган Франция өлкөсүндө үй-бүлөсү менен эс алды. Наташа Королева Жакында Наташа Королева 35 жашка чыкты. Туулган күнүн белгилегенге уулу Архип менен күйөөсү Сергей Глушкону (Тарзан) алып, Майамиге сапар тарткан. Мыкты клубдардын бирине майрамдап жатышса ал жерге кайдан-жайдан экени белгисиз Голливуд актёру Микки Рурк пайда болгон. Жубайлар менен таанышкандан кийин Микки Тарзандын көйнөгү жагып калганын билдирип, сатып алгысы келген. Мындай сунушту күтпөгөн стриптизёр жаа бою качып, Миккинин сунушунан баш тартыптыр. Валерия Жайкы эс алуусун да, кышкы эс алуусун да Швейцариядан өткөргөн ырчы Валерия быйылкы жайды Италиядан өткөрдү. Башка ырчылардай жөн гана эс алып тим болбостон, Валерия кайда барбасын сөзсүз ошол өлкөнүн салт-санаасы менен таанышып, тарыхый музейлерине баш багып чыгат. Анан да йога менен алектене турган килеми сөзсүз жанында болот. Балдары менен көлдүн жээгинде эс алып жүрүп, шоу-бизнестин ызы-чуусунан кадимкидей эс алып, алыстай түшкөнүн белгилеген. Иш менен эс алууну бирге алып кеткенге аракет кылып Италиядан бир ырына клип тарттырып, сахнага кийип чыга турганга эки көйнөк сатып алыптыр. Италиядан кийин балдарын үйүнө таштап коюп жолдошу Иосиф Пригожин менен Сардинияда эс алган. Джесика Альба Ай чырайлуу актриса Джесика Альба жолдошу Кэш Уоррен менен Малибу жээгинде эс алганды жакшы көрүшөт. Жубайлар быйылкы жайдын да көпчүлүк бөлүгүн дал ушул жээкте өткөрүштү. Былтыр жарык дүйнөгө алып келген кызы Онор Марини бала багуучусуна ишенип таштап, бир-эки жумага көңүлдөрү тынч эс алып келүүнү адатка айландырышкан. А. Сабырова |