кызыктар дүйнөсү

Тарыхта калган эң мерез аялдар
Аялзаты назик, боорукер, жароокер, сабырдуу... айтор аял затына кандай мактоо болсо да жараша берет. Бирок, тарыхка кылчайып карасак, аялзатынын колунан көп эле адамдар жапа чегип, өмүрү менен кош айтышыптыр. Тарыхта калган эң мерез, мыкаачы аялдардын тизмеси төмөндө...

300 адамды өрттөгөн Мэри
Мария I Тюдор 1558-жылы каза болгондо Англиялыктар ал күндү майрам катары кабыл алышып, болушунча чардашкан. Буга да жүйөөлүү себеп бар, анткени анын атасы Генрих VIII кызын Англиядагы эң жарды шаарга башчы кылып дайындаган. Атасы сифилис оорусу менен ооругандыктан, көп жумуштарды кызы бүтүргөн. Мэриге каршы чыккан 300 адамды тирүүлөй өрттөп, 3000 адамдын жерин тартып алып мекенинен айдаган. Ошондон кийин ал "кандуу Мэри" деген атка конот. Карл Vтин уулу Филипп Мариядан он бир жаш кичүү болгонуна карабай ага баш кошкон. Күйөөсү Испанияга кетип калгандан кийин Мария катуу ооруп, каза болгон. Азыр Англияда "кандуу Мэриге" арналган бир да эстелик жок.

Көптөрдүн канын ичкен мээрман айым
"Өлүмдүн периштеси" деген атка конгон 1968-жылы туулган Беверли Аллит төрт баланы өлтүрүп, он адамдын өлүмүнө шектүү деп кармалган. 40 жылга кесилген мед айым жогорудагы кылмыштарды 1991-жыл менен 1993-жылдын аралыгында кылган. Балдардын бейтапканасында бир топ жыл иштеген Беверлинин психикалык абалы начарлап, анын кесепетинен балдарды муунтуп, кээде эч ким шек санабасын деген ниетте аларга инсулин сайып салган учурлар болгон. Бактыга жараша анын кылмышы убагында ачылып, тиешелүү жазасын алган.

Үч кызын өз колу менен өлтүргөн эне
1859-жылы туулган Белль Ганнесс өз колу менен эки күйөөсүн, үч кызын өлтүргөн. Мындай таш боор аялдын кылыгы кандай адамдын болсо жүрөгүн титиретет. Белл өз колу менен жыйырмадан ашык адамдын өмүрүн кыйган. Көпчүлүк учурда адамдарды бакка байлап өрттөп, устара менен тилгенден ырахат алчу. 1908-жылы өз үйүнөн өзү өрт чыгарып, үч кызынан бирдей кутулган. Мунун баарын эмне максат менен кылды экен деген суроолорго психологдор: "Белл жалгыздыкты жакшы көрөт, эч кимдин жүгүн көтөргүсү келбейт" деп түшүндүрүшөт. 1931-жылы абакка камалып, сот болоор күнү эртең менен муунуп өлгөн.

Адамдын терисинен тиричилик буюмдарын каптаган Илза
Дрезденде төрөлгөн Илзе Кохтун хоббиси -адамдарды сабоо болгон. Күйөөсү менен бирге Заксенхаузендеги концлагерде иштеп жүрүп, камалгандарды сабап, эрмектеп күн кечирчү. Эгерде денесинде өзгөчө татуировкасы бар адам көзүнө илинсе, аны дароо өлтүрчү. Башында татуировкасы бар адамдардын терисин коллекция кылып чогултса, кийинчирээк ал терилерден сумка, кол кап тигип же болбосо тиричиликке керектүү буюмдардын сыртын кооздоп баштаган. Өзү көтөрүп жүргөн сумкалардын баары адамдардын терисинен тигилиптир. 1944-жылы күйөөсү дарга асылып, Илза өзү камакка алынган. Түрмөдөн төрөгөндөн кийин 1967-жылы абактан өз өмүрүнө өзү кол салган.

Камактагылар менен каалоосун кандырган айым
Эгерде согуш чыкпаса Ирма Грезе жакшынакай эле кыз боюнча эл катары чоңоймок беле, ким билсин?.. Он үч жашында апасы өзүн-өзү өлтүргөндөн кийин Ирма мектепти таштап, көчө таптап калган. Чоңойгондо концлагерге жумушка орношуп, жыйырма жашынан баштап лагердин жетекчисинин жардамчысы болуп иштей баштайт. Лагердеги аялдарды өлтүрө сабап, иттерди ачка байлап коюп анан камакта отургандарды талатканды жакшы көргөн. Кээ бирин газ камерасына камап өлтүрүп, айрымдары менен сексуалдык каалоосун канааттандырып, зордуктаганга чейин барган. Мындай кылык-жоругу менен ал тарыхта эң мерез аял катары катталган. Кийин англиялыктардын колуна туткунга түшүп, дарга асылган.

Жаш кыздардын канына жуунган Ференц
Венгриялык Ференц Надашдянын колунан 650 адам көз жумган. Эң биринчи анын мыкаачылыгы үй кызматчысынан башталыптыр. Бир күнү үй кызматчысын жаакка чаап жиберсе анын бети канап кетип, бир тамчы кан Ференцтин колуна тамып кетет. Ошол кезден баштап үй кызматчысынын каны тамган жери башкача көрктүү көрүнүп, мындан ары канга жуунуп турууну туура көрөт. Ошол кезден баштап жаш келин-кыздарга аңга чыгып баштаган. Алардын канын ваннага толтуруп кирингенден кадимкидей ырахат алчу экен.




  Гороскоп

17-августтан
24-августка чейин

Кой жылдызы:
Аптанын алгачкы күндөрүндө иштериңизди ийгилик коштоп, акчалай сыйлык алууңуз күтүлөт. Жетекчи, кесиптештер менен оңой тил табышып, кызматта кыйынчылыктар деле кездешпейт. Бирөөлөр бир нерсени үйрөткүсү келсе мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай пайдаланып калыңыз. Сүйүктүүңүз менен жагымдуу, романтикалуу кечени өткөргөнгө жакшы шарт түзүлөт.
Букачар:
Түгөнбөгөн түйшүктөр менен алышып отуруп, болгон энергияңызды сарптайсыз. Ден соолугуңуз начарлап, өзүңүздү жаман сезсеңиз дароо доктурга кайрылыңыз. Чет мамлекетке сапар алып жаткандарга жылдыздар кылдаат, сабырдуу болуусун эскертишет. Эгерде кандайдыр бир маселе боюнча талаш-тартыш жаралса, дароо билгендерден жардам сураңыз.
Эгиздер:
Ушуга чейин зарыгып күтүп келген ишиңиз илгерилеп, жасаган ишиңиздин жыйынтыгы чыгат. Канчалык деңгээлде билимдүү экениңизди далидегенге жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эски тааныштар менен жолугушууларды, иш-чараларды өткөрүүнү аптанын акыркы күндөрүнө жылдырыңыз.
Чаян:
Аз эмгек жумшап, көп жумуш бүтүрөсүз. Ийгиликке жеткенге жардам берген адамдардын эмгегин жебей адилет болууңуз. Мурда ири акча менен иштеген адамдарга туш болуп, жаңы иш баштайсыз. Кыймылсыз мүлккө байланышкан маселелер оңой чечилет. Убада бергендердин баарына ишене бербеңиз, ишиңизди атка тартат.
Арстан:
Жалпы жонунан алганда алдыдагы апта ойдогудай өтөт. Жетекчиңиз менен жаңы идеянын үстүндө иштейсиз. Ишиңизден бир аз алыстап убактыңыздын көбүрөөк бөлүгүн эс алууга жумшаңыз. Алыскы сапардан туугандарыңыз келип аларга жардам көрсөтүүңүз күтүлөт.
Бийкеч:
Аптанын биринчи бөлүгү сизге көп ийгиликтерди тартуулайт. Мурда пландагандан да алда канча көп иштерди бүтүргөнгө үлгүрөсүз. Сизге сыртын салып жүргөн адамдар эми жакындап тамырыңызды тарта баштайт. Өтө эле эрдемсип дагы ушунча жумуш бүтүрөм деген милдеттен өзүңүздү куткарыңыз.
Бир кезде жоготкон буюмуңузду таап көңүлүңүз ачылат.
Тараза:
Өзүңүздүкүн бербей, өжөрлөнүп талашып-урушуп жатып, акыры жагдайлар сиз күткөн тармакка бурулат. Кыла турган жумуштарды жети өлчөп бир кесип жасаңыз. Бир нукта тынч келе жаткан күндөр алыстан келген кабар менен бузулат. Акчаны орду менен акыл калчап коротпосоңуз, дем алыш күнүңүздү көрүнгөндөн акча суроо менен өткөрөсүз.
Бөйөн:
Бөтөнчө көзгө көрүнөөрлүк деле окуялар кездешпеген катардагы тынч жума. Соода-сатык иштерин баштасаңыз жакшы жыйынтыгын берет. Жакын адамыңыз менен урушуудан мурда ал чырдын аягы эмне менен бүтөөрүн элестетип көрүңүз. Жекшемби күнү каалаган адамдарга жолугуп эс алууга сиз каалагандай ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Жаачы:
Жакшы идеяларды, бөтөнчө жумуштарды алып келе турган жума. Жумушуңузга же жеке жашооңузга байланышкан маселелер оңой чечилет. Өткөн ишке өкүнүп нервиңизди короткондон көрө келечекке ишенимдүү кадам таштаңыз. Өзүңүзгө керектүү адамдар менен тил табышып, мамиле түзгөнгө аргасыз болосуз.
Текечер:
Кандай иш баштабаңыз аягына чыга албай айлаңыз кетет. Оюңузду бир жерге топтогонго тоскоол боло турган бир топ түйшүктөр жаралат. Эс алып, айланаңызда болуп жаткан көрүнүштөргө көп маани бербей эле койгонуңуз туура. Сүйүктүүңүз менен тил табыша албай жатсаңыз, убактылуу болсо да жеке жашоону экинчи орунга жылдырып койгонуңуз өзүңүзгө эле пайдалуу.
Суупери:
Жуманын башында жетекчиңиз тапшырган кичинекей жумушка да жоопкерчиликтүү мамиле жасаганга аракеттениңиз. Антпесе, кийинки күндөрү ишиңиз бир топ татаалдашы мүмкүн. Документтерге, расмий келишимдерге кылдат болуп, ката кетирбеңиз. Жуманын аягында тынбай иштегениңиздин үзүрүн көрөсүз.
Балык:
Каалооңузга жараша кандай жумуш болбосун аткарганга болот. Кээ бир ичине таруу айланбаган ичи таар адамдар сизге бут тосуп жүдөтүшү күтүлөт. Көпчүлүктүн көңүл борборунда болуш үчүн ар кандай иштерге барасыз. Сүйгөн адамыңызга жардам көрсөтөм деп, өзүңүздүн убактыңызды, кызыкчылыгыңызды курмандыкка чаласыз.

А. Сабырова