Саясат

Өлкө башчысы кыска мөөнөттөгү эс алуу алды
2009-жылдын 10-августунан баштап мамлекет башчысы Курманбек Бакиев кыска мөөнөттөгү эс алууга чыкты. Президенттин пресс-катчысынын билдиргенине караганда Курманбек Бакиев эс алуусун өз үй-бүлөсү менен Кыргызстанда өткөрөт. Белгилей кетсек, бул эс алууну ажо 2006-жылдын 28-мартынан баштап 2007-жылдын 28-мартына чейинки иштегенине алган. Өлкө башчынын эс алуусу эки жумага созулат.


Эки сот кызматынан бошотулду
Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Чүй облусунун Москва районунун жергиликтүү соттору Жусуп Ибралиев менен Султан Бокошов мөөнөтүнөн мурда кызматтарынан бошотулду. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын сотуна беш жылдык мөөнөт менен Салтанат Абдибаева дайындалса, Ош облусунун Ноокат районуна Нурланбек Атаназаров дайындалды. Бишкек шаардык сотуна Бермет Толубаева, Чүй облусунун Токмок шаардык сотуна Сматов Жолдошбек дайындалды.


Шайлоонун айынан каза болгон Өмүрбек Акунов
Жети-Өгүз районундагы Дархан айлынын жашоочусу Өмүрбек Акуновду жоктогон жакындары анын муунуп өлгөнүнө бийлик бутактарын күнөөлөшүүдө. Себеби, 23-июль күнү эртең мененки саат 8де маркум 3139-шайлоо участкасынан добуш берип жатканда СДПКнын байкоочусу Талыпов, Сатылганов жана Бекжановдор "2 жолу добуш берип атасың" дешип анын колунан шайлоо баракчасын тартып алган. "Акжол" партиясынын мүчөсү 54 жаштагы Өмүрбек Акуновдун өмүрү эмне себептен кыйылганын учурда иликтеп жатышат. Ал эми Балыкчы шаарында камакта жаткан он беш адам дале бошотула элек.


Коом
Күйүүчү май күн санап кымбаттоодо
Өлкөдө күйүүчү майга болгон баа күн сайын өсүүдө. Кайсы тармакта кандай чыгым болбосун, баары келип күйүүчү майдын баасына көз каранды. Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыз кылган бирин-экин ишканалар жума сайын 30-50 тыйындан кымбаттап отуруп бааларды эки-үч ай мурункуга Караганда 6-7 сомго кымбаттатышты. Ушул тапта "Газпром" ишканасынын Бишкектеги май куюучу бекеттеринде 1 литр А-80 үлгүсүндөгү бензин 21 сом, А-92 үлгүсүндөгү бензин 23 сом 20 тыйын, А-95 үлгүсүндөгү 25 сом 50 тыйын, 1 литр дизелдик күйүүчү май 21-22 сомдун айланасында сатылууда.

Жаңыланган "Россия" кинотеатры
Аталган кинотеатрды оңдоп-түзөө иштери "SK Cinema" тарабынан жасалып, бир жарым жыл убакыт жумшалды. Мурда кинотеатр 100 орундуу болсо, эми 300 көрүүчүгө ылайыкталган. Мындан сырткары кафе-ресторан ачылып, боулинг зал жана балдар ойноочу бөлмө ачылган. Мунун баарына жалпы жонунан 3 миллион доллардан ашык каражат сарпталды. Кинотеатрдын жетекчиси Елена Коханенконун билдирүүсүнө караганда кинотеатр жаштардын гана эмес, улуу муундагы адамдардын табитине да толук жооп берет.


Кыргызстанда каттоодон өтпөгөн он төрт мечит табылды
Өлкөдө азыр мектептен мечит көбөйүп жатканы элди түйшөлтпөй койбойт. Жакында эле каттоодон өтпөгөн он төрт мечит ачыкка чыкты. Мечиттердин көбүндө өспүрүмдөр эртеден кечке намаз окуп, билим алуудан четтеп жатышат-дейт өлкөнүн омбудсмени. Чынында эле атайын жүргүзүлгөн иликтөөдө мамлекетте 210 диний мекемелер бар экени аныкталган. Анын көбүндө жашы жетелек кичинекей балдар диний билим алышат. Акыйкатчынын кол алдында иштегендердин айтымында, ачыкка чыккан он төрт мечиттин бешөө каттоодон эми өтүшсө, тогузу документтерин даярдоодо.




Ден соолук
Кан берүүнү каалагандардын саны кескин азайды
Кыргызстанда донорлор кан тапшыруу үчүн 45 пункт иштейт. Кан тапшырууну каалагандардын саны жыл сайын азайып бара жатат. Кан тартыш болбой кенен жетиш үчүн бир жылда орточо эсеп менен 100 миң адам кан тапшырышы керек. Быйыл кан тапшырууну каалагандардын саны 12 миңге эле жеткен. Канга болгон суроо-талап 2-3 эсе көбөйсө, донорлордун саны 3 эсе азайды. Мурда бир күндө жок дегенде 50-70 адам кан тапшырса, азыр бир күндө 30га жетпеген донор кан берүүдө. Башка мезгилдерге салыштырмалуу кыш, жай мезгилинде канга болгон талап күчөйт. Көпчүлүк учурда катуу ылдамдыкта келе жатып жол кырсыгына кабылгандарга донорлордун жардамы көп тийет.


"Сибирь жарасы" менен ооругандар дарыланууда
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда "сибирь жарасы" менен ооруган алты адам катталып, аймактык ооруканаларда дарыланып жатышат. Токтогул, Семет, Торук айылынын дагы он бир жашоочусун азыр анализден өткөрүшүп, "сибирь жарасын" жуктуруп алуулары мүмкүн деген божомолдор бар.
Азыркы тапта түштүк аймагында жашагандарга борбордон атайын адистер барып, айыл тургундарынын арасына профилактикалык иштерди жүргүзүп жатышат. Себеби, айрымдар "сибирь жарасы" менен ооруган малдын этин жешип, башкаларга да жуктуруп жатышыптыр.

талант Батыралиев президентке сунушу менен кайрылды
Президенттин кеңешчиси, профессор, медицина илиминин доктору Талант Батыралиев Курманбек Бакиевге Эл аралык Медициналык Маалыматтык банкын ачуу сунушун киргизди . Профессордун айтымында, аталган банк түзүлсө, өлкөгө туура эмес жол менен сапаты начар дары-дармектер, медициналык апараттардын келиши токтойт. Кокус өлкөгө сапаты начар дары-дармек келсе аны ким алып келгенин, оорулууга кайсы медик жазып бергенин дал ушул маалыматтык банк аркылуу таап, күнөөкөрдү жоопко тартууга болот. Доктурга же оорулууга керек болгон маалыматты дароо интернетке кирип, каалаган маалыматын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эгер анын бул сунушу ишке ашса, өлкөгө кантробандалык жол менен алынып келинген дарылардын саны да кескин азаят.




  Дүйнө дүбүрт

Ингушетиянын президенти бейтапканадан чыкты
Ингушетиянын президенти Юнус-Бек Евкуровго үстүбүздөгү жылдын 22-июнунда кол салуу болгон. Жыйынтыгында айдоочусу каза болуп, Евкуров агасы менен оор жарадар болгон. Президент дароо Москвага жеткирилип, бир жумадан кийин араң эсине келген. Эми ал толугу менен сакайып, бейтапканадан чыкты. Бейтапкананын оозунда күтүп турган журналисттерге: "Бир жумадан кийин жумушка чыгам, менин оюма коюшса бүгүн деле чыкмакмын. Мен эч кимге кек сактап, өч алуунун аракетин көрбөйм" деген кыскача билдирүүсүн айтты. Азыр Евкуров үч күндөн беш күнгө чейин санаторийде дарыланып, кийинки жуманын башында өз мекенине кайтат.

Бангладеште бир жылда жыландын уусунан 600 адам көз жумат
Бангладеште бир жылда жыландын уусунан болжол менен 600 адам каза болсо, дүйнө жүзү боюнча бир жылда 3 миллион адам жылан чаккандан көз жумат. Бангладештин өзүндө эле жыландын 80 түрү жашап, анын 22 түрү уулуу жыландар. Зоологдор менен экологдордун билдирүүсүнө караганда жыландар эч качан адамдарга биринчи кол салбайт. Дүйнө жүзү боюнча жылан эң көп жашаган өлкө - Бангладеш. Ал эми жыланга чактыргандардын 3%ы гана медиктердин жардамына кайрылат.

Пакистандык талиптердин жыйынында ок атылды
Пакистандын Ички иштер министрлиги Мехсуддун ордун талашкан эки атаандаш ортосунда уруш чыгып, тараптар бири-бирине ок атып, кеминде бир талапкер көз жумганы белгилүү болду. Талибан тарап бул маалыматтарды четке кагып, атүгүл АКШнын аба соккусунан экинчи аялы менен кошо өлдү деп кабарланган Байтулла Мехсуд өлбөй эле тирүү экенин далилдеген видеотасма жакын арада таратылаарын эскертти. Исламабаддык расмий маалымат каражаттарына ишенсек, Пакистандык талиптердин эрегишчил эки тобун жетектеген Хакимулла Мехсуд менен Вали-ур Рехман чатакташа кетип, жума күнкү жыйын ок атышуу менен аяктаганын Түштүк Вазиристандын полициясы каттоого алган. Пакистандын ички иштер министри кийинчерээк бул маалымат дагы такталышы керектигин кошумчалады. Анан калса Батышта пакистандык талиптердин лидери мерт болду деген кабар кеңири чагылдырылганы менен Байтулла Мехсуддун өлүмүн тастыктаган далилдер да табыла элек.




  Крим

Карысы бардын ырысы барбы?
Үстүбүздөгү жылдын май айында Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун бейтапканасына оор абалда 1941-жылкы А.Пришутов жеткирилген. Денеси көк ала болгон А.Пришутов бейтапканага жетээри менен көз жумган. Бул оор кылмыш изилденип, шектүү деп 1981-жылы Ак-Суу районунда туулган Ш.Ж. кармалды. Ал мурда да сот жообуна тартылыптыр. Экөөнүн ортосунда уруш чыгып Ш.Ж. 68 жаштагы абышканы болушунча сабап качып кеткен. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Боом капчыгайындагы жол ачылды
Чүй, Ысык-Көл, Нарынды бириктирип турган Боом капчыгайындагы жол ачылды. Себеби, өткөн алтынчы күнү "Lexus LX570" үлгүсүндөгү машина Чүй дарыясына кирип кетип автотыгын пайда болгон. Ысык-Көлдөн эс алып келе жаткандар бир нече саатка чейин тыгында турушкан. Боом капчыгайындагы жол эми ачылып, жол кырсыгына кабылган айдоочунун сөөгүн дале издеп жатышат.

Адамдын өмүрүн кыйган кылмышкерлер
Москва районунун Александровка айылында Беловодск айылынын тургуну, 47 жаштагы Н.Абитовдун сөөгү табылган. Чүй облусунун Москва районунун ИИМинин кызматкерлери кылмышкерлерди алыска узатпай дароо кармашты. 30 жаштагы С.М. менен 27 жаштагы Б.Б. маркум менен уруша кетишип, кызуу абалы менен катуу сабап салышкан. Сабап гана тим болбостон, башка катуу темир менен чабышыптыр. Учурда кылмышкерлер сурак берип жаткан кези. Кошумчалай кетсек, мурда экөө тең сот жообуна тартылган.

Маалыматтар "Азаттык", "Акипресс" сайттарынан алынды