кумир менен баарлашуу

Эрмек Маматов:
"Ийнеден коркконумдан эки жолу жыгылып калгам"
Ырчы Эрмек Маматовдун күйөрмандары "Кумир менен баарлашуу" рубрикасына келип, эки сааттын ичинде ырчы тууралуу кенен маалымат алышты.

Азем:
- "Браво" телекөрсөтүүсүнүн туулган күнүнө өзгөчө сүрөт бердиңер. Өзгөчө белек берүү кимдин идеясы эле?
- Ал идея продюсерим Назгүл Насиевага таандык. Жалал-Абаддан келатып, эртең "Браво" көрсөтүүсүнүн туулган күнү, эмне белек кылсак экен деп ойлонуп калдык. Менин оюма дароо эле супер маркетке барып сувенир алайын деген ой келди. Назгүл эже "Мен көлдө эс алып жүргөндө карикатура тартып жаткандарды көрдүм эле. Абдан жакшы болот экен. Балким, ошондой сүрөт тарттырабыз" деп калды. Анан үйдөн Канат Култаевдин, Назира Айтбекованын, Эрмек Нурбаевдин сүрөттөрүн издесем, бирөөнүн да сүрөтү жок экен. Кечинде Назгүл эженин үйүнө келип, гезиттерге чыккан сүрөттөрдү кесип алып, сүрөтчүгө алып бардым. Рамкага салып, кооздоп тапшырып койдум. Менимче, биздин белек эң оригиналдуу белек болду го деп ойлойм.
- Сыртыңыздан бой көтөрүп жүргөндөй көрүнөсүз. Чын эле ошондойсузбу?
- Жылдыз белгиси боюнча таразамын. Бирок, мүнөзүм чаяндарга окшош. Жиним бат келип, бат жазылат. Көпчүлүгү мени бой көтөрөт деп ойлошот экен. Тескерисинче, жөнөкөй болууга аракет кылам. Адамдын ички дүйнөсүн билбей туруп, сыртынан тон бычкан болбойт да. Жашоодо шайыр, тамашакөймүн. Мектепте окуп жүргөндө апамдарды, туугандарымды тамашалап, алдай берчүмүн. Мага бир канча жолу алданышып, акырында: "Сага эч качан ишенбейбиз, эми үйүң өрттөнүп жатса да барбайбыз" деп калышкан.
- Уйкучу адамдардын катарына кошуласыңбы?
- Жумуш болсо уктабайм, жумуш жок болсо канча болсо да уктай берем. Түндө гастролдон келип, эртеси эртең менен жумушум бар болсо эрте турганга да көнгөм. Кыскасы, уйкуга көз каранды эмесмин.


Нурзат:
- Кой сойгонду билесиңби?
- Мен айылда эле чоңойсом да кой союп көрбөптүрмүн. Таякелерим кой союп жатканда баш, шыйрактарын кармалашып калчумун. Былтыр Назгүл эже өзүнүн ырчыларынын ата-энелерин чогултуп тааныштырган. Ошондо балдарга кой сойдуруп, кыздарга ичегилерин арттырган. Бирок, мен койдун башын кармап турганга гана чыдадым.
Буга чейин кой сойгонду үйрөнсө үйрөнүп алмакмын, бирок мен кандан аябай корком. Апам өзү төрөт үйүндө иштегендиктен, мени да медицина тармагына тапшыртам деп калчу. Мен бул тармакка кызыккан жокмун. Укол - менин фобиям. Балким ишенбейсиңер, бирок, мен уколду көргөнүмдө коркконумдан эки жолу жыгылып калгам. Ушул күнгө чейин анча-мынча нерседен коркпойм, бирок уколдон ушунчалык корком. Ошол сыяктуу эле кандан да коркуп жүрүп кой эмес, тоок да соё албайм.
- Канча бир тууган болосуң? Үй-бүлөңөрдө сенден башка музыкага кызыккандар барбы?
- Биз эки бир тууганбыз, менден улуу Мирбек деген байкем бар. Азыр апам менен Жалал-Абадда жашайт. Биздин тукумда менден башкасы музыка дүйнөсүнө кызыкпайт. Мен кичинекей кезимде апам немис улутундагы аялдын үйүн сатып алыптыр. Ал аял үйүндөгү пианиносун да алып калышын суранганда: "Жок, пианинону таштабай эле коюңуз, аны ким ары-бери көтөрүп жүрмөк эле? Салмагы абдан оор болсо" деп албайм дегенине карабай он рублга сатыптыр. Мен эс тартып калгандыктан, пианиного олтуруп
баскылап калчу экенмин. Ошентип жүрүп үйрөнүп кеттим. Азыр апам "Ошол пианинону ырас эле алып коюптурмун. Эрмегимдин керегине жарады" деп сүйүнүп калат.
- Сахнанын артындагы кызыктуу окуяларыңдан айтып берсең?
- Былтыр "Чолпон жылдыз" Эл аралык конкурсуна катышканда кызыктуу окуяга туш болгом. Мына азыр сахнага чыгам дегенде бир ай мурда заказ кылган кийимибиз келип, ага өңдөш туфлибиз келбей калып жаман болгом. Өзүм кийип барган бут кийимим костюмга туура келбей, ырчы Оманын туфлисин сахнага кийип чыккам.


Бүбүсара:
- Эрмек байке, сиздин машинаңыз барбы? Бар болсо ким сатып берди эле?
- (Күлүп) Ооба, машинам бар. Өзүм иштеп сатып алгам.


Динара:
- Эрмек, акыркы убакта эмне менен алектенип жүрөсүз?
- Акыркы убакта жаңы ырларды жаздыруудамын. Жакында эле Жалал-Абад шаарына барып кайрымдуулук концертин коюп келдик. Андан тышкары камеранын алдында иштөөнү үйрөнөйүн деп "Кылмыш" деген кинодо башкы каармандын жакын досунун образын жаратып, шаардык баланын ролун аткардым. Кинодо айылдан келген досума жардам берип, оң каармандын ролун жаратам. Анан мен да эл катары Ысык-Көлгө барып эс алдым дегендей. Кызыгы, Көлгө барган күндүн эртеси эле эс ала турган акчамды уурдатып жибердим. Бирок, суммасын айтпай эле коёюн, ал акчага ичимди ооруткум келбейт.
- Сыр болбосо кантип уурдаттыңыз?
- Дос балам экөөбүз катамаранга түшөлү деп жаңы эле отурганбыз. Мен алдыда, досум артында болчу. Анан мен акчаны төлөп, капчыгымды арт жагыма коюп койгом. Досум болсо соткаларды эле карап, капчыкты байкабай калыптыр. Жээкте балдар көп болчу, сүйлөшүп жатып алдырып жибердик. Бул менин биринчи жолу акча уурдатышым болду. Дагы жакшы, досторум жанымда болуп, акчамдын жогу билинбей калды.


Айдана:
- Сиздин дене мүчөңүз спортсмендердикине окшош экен. Балдар менен көп мушташат болушуңуз керек?
- Мен кытай, казактар менен көп иштешип калдым. Казактар кыргыздардан өздөрүн бийик коюшат. Бир күнү кафеге бир казак келип алып эжелерге тийишип, ар кайсыны айтып башты оорутту. "Кыргыздар, оозуңарды жапкыла" деп өзүнүн баркын көтөрүп кыйын болду. Экөөбүз мушташа кетип, ал менин колдорумду тиштегилеп салган. Мына карабайсыздарбы, азыркыга чейин тиштеген жерлери так болуп калып калды. Колумду көргөндөр "Кыздар эле тиштеген болуш керек" деп күлүп калышат. Кафеде жаңыдан иштеп баштаганда мастар менен күнүгө мушташчумун. Назгүл эженин күйөөсү: "Сен минтип мушташып жүрсөң отузга чыкпай нервиң жок болот. Бир күнү бирөө атып кетпесин" деп айткан учурлары да болгон.
- Сүйлөшкөн кызыңыз жөнүндө айтып бериңизчи?
- Азыр сүйлөшкөн кызым жок. Мурун бар болчу. Экөөбүз эки жылдай сүйлөшкөнбүз. Чынын айтсам, көңүлүмдү калтырган. Кыздар мындай-тигиндей деп жамандагым келбейт. Сүйгөн кызымдын айынан апама да, туугандарыма да айтпай Кытайга кетип калгам. Аны унутуш үчүн Кытайда бир жыл жашадым. Ошондон бери кыздар менен жакын мамиле түзө элекмин.
- Ачууңузду ичимдик менен басып, тамеки тартасызбы?
- Досторум менен жолугуп калганда жакшылыктын урматына деп пиво ичем. Ачууга алдырып ичип кеткен жокмун. Бирок, Кытайда жүргөндө стресс болуп тамеки чеккенди үйрөнүп алгам. Эрким күчтүү экен, азыр таптакыр таштап койгом.
- Жеке концертиңизди качан бересиз?
- Азыр репертуарымда он ырым бар. Жеке концерттимде оркестрдин коштоосунда, жандуу үн менен ырдайын деп жатам. Анан албетте, цирктен үйрөнгөн жанрларды да сөзсүз кошом. Кудай буюрса, быйыл тушоо кесүүчү концертимди берем деген жакшы тилектерим бар.