Билгениң оң

Аракеч күйөөнүн азабынан арылуунун жолдору
Жашоодо ичкиликке көз каранды болгон күйөөнүн азабын тарткан аялзаты көп эле кездешет. Психологдордун айтымында кээ бир аялдар жолдошун аяп, ага жан тартып жатып, күйөөсүнүн ичкиликтин жолуна түшүшүнө өздөрү түрткү болуп алышат экен. Андыктан эгер сиздин көйгөйүңүз ушуга үндөшсө төмөнкү макалага көз жүгүртүңүз:


1 Убакыттын өтүшү менен ичкенин таштайт деген ишеним - күйөөңүздү куткарбай эле кайра аны капаска камашы мүмкүн. Ошондон улам, күйөөңүздүн ичкиликке жакын экенин мойнуңузга алып тиешелүү чараларды колдонгонуңуз дурус.

2 Көп учурда сизге бул тармактагы атайын билими бар адистер жардам бере алышат. Бирок өз алдыңызча ага кеңешпей туруп доктур издегениңиз ишиңизди ого бетер татаалдаштырышы мүмкүн. Себеби эркектердин көбүнүн талуу жерине тийип, аялы өз алдынча чара колдонгондо оңолмок тургай, кайра өчөшүп андан да жаман акыбалга түшүшү ыктымал.

3 Анын тапкан акчасын коруй бербей бардык жоопкерчиликти (сиздикин да, өзүнүкүн да) ага жүктөп койсоңуз болот. Мисалы, тапкан акчасынын канчасын үйгө алып келет, канчасын ичимдикке жумшаарын өзү чечсин. Эгер "тапкан айлыгың кана?" деген талап менен ага кайрыла берсеңиз, акчасын сизден кызганышы мүмкүн. Ал эми жоопкерчиликтин баары анда болгондо, баары бир аракка караганда үй-бүлөнү биринчи орунга коёт.

4 Дайыны жок эле кыйкыра бербей, мас болуп келсе эмненин урматына ичкенин сураңыз. Кур жемеден көрө сизге канчалык оор болсо да аны сөзгө тартып жай сүйлөшкөнгө өтүңүз. Балким, жылуу тилге салып алдайсызбы, же жөн эле кеп-кеңешиңизди айтасызбы айтор, эң негизгиси эмне себептен ичип жатканын тактап алыңыз. Мүмкүн, сиз менен тил табыша албай урушуп кетип ошонун айынан ичип жаткан чыгаар.

5 Айрым аялдар күйөөсүнүн энчисине азыраак арак калсын деп, бөтөлкөнү тең бөлүшүп ичкенге өтүшөт. Бул - эң чоң ката. Анын аркасы менен ичкиликтин сазына кантип сорулуп жатканыңызды өзүңүз да байкабай каласыз. Күйөөңүз ичсе да анын көзүнчө ичкиликти эч убакта оозуңузга албаңыз.

6 Жолдошуңуздун чөйрөсүн өзгөрткөнгө аракет кылыңыз. Көп нерсе анын аң-сезимине, ал жүргөн чөйрөгө көз каранды. Ага болушунча жагымдуу жагдайды жаратканга болгон аракетиңизди жумшаңыз. Кантсе да эркектерге караганда аялдар алда канча көтөрүмдүү келет эмеспи.

7 Ичимдикке бирдей берилген түгөйлөр көйгөйдөн кантип чыгыштын жолун издебей, тескерисинче, бири-бирин сын-пикирге алып кемчилдиктерин чукуп чыкканга өтүшөт. Бул көрүнүш эрегишүүгө, тирешүүгө алып келип мамилени ыдыратат. Мындай учурда бири-бириңе жардам бермек тургай, арактан да арылбай, үй-бүлөнү да сактап кала албай калуу коркунучу туулат.

8 Түгөйүңүз кечинде жумуштан адаттагыдай кызуу абалда келсе, жиниңиз келип кабагыңыз түйүлөт. Ошол кезде аны жек көрүп андан оолактап, сүйлөгөнүнөн бери жактырбай калсаңыз керек. Эркек кишинин аялына мас абалында кол көтөргөнү ушул көрүнүштөн улам башталат. "Мастан жинди качып кутулуптур," деген сөздү эстеп, ага мас кезинде теңелип, кыялыңызды көрсөтпөңүз.

9 Ичимдиктердин ден соолукка, аң сезимге канчалык зыян экенин айтып түшүндүргөнгө аракеттениңиз.

10 Көңүлүн башка нерселерге алаксытып, көбүрөөк убакыт аны менен бирге өткөргөнгө көнүңүз. Кайдыгер мамиле жасасаңыз ал өзүн ого бетер коомдо ашыкча сезип, эч кимге керегим жок деген түшүнүккө кабылышы ыктымал. Ал өзүн үй-бүлөсүнө, балдарына, туугандарына, жубайына, досторуна керектүү сезиши зарыл.

11 Өз кадырын билип, өзүн жакшы көргөн аялзаты өзүн бирөөгө кор кылгысы келбейт. Күйөөңүз мас болуп келсе анын суук сөзүнөн, муштумунан сактануунун бирден бир жолу сабырдуулук. Кээ бир адамдар мас болгондо эски дарты козголуп кекчил болуп чыга келишет. Мындай жагдайда да ачууга алдырбай өзүңүздү колго алыңыз.





Кайнене менен кантип тил табышса болот?
Кыз кишинин жаңы турмуш куруп, бөлөк үй-бүлөгө көнүп, кайнене менен тил табышуунун өзү оор сыноо экени чын. Сүйгөн адамын кандай жакшы көрүп сыйласа, анын апасын да андан кем эмес жакшы көрүп, урмат-сыйга бөлөш келиндин милдети. Ошентсе да башка үйгө жаңыдан бүлө болуп келип кайненеңиздин тилин таба албай бушайман болуп турган болсоңуз бул кеңештерге көз жүгүртүңүз:


1. Алгач баргандан баштап өзүңүздүн кызыкчылыгыңыз үчүн кайненеңизден тамак жасаганды үйрөнүңүз. Жасаган тамагыңыз жолдошуңуздун эсине канчалык апасынын тамагын салса, сизди ошончолук жакын тутуп, жакшы көрөт. Ашкананы эле эмес, үйдүн ичин да кайненеңиз мурда кандай жайгаштырып жүргөн болсо убактылуу эч нерсесин өзгөртпөй ошол бойдон койгонуңуз дурус.
2. Ар бир эле кайнене келининин өзү менен акылдашып, кеңеш сурап иш кылса дейт. Кайненеңиз менен достошуп, тамырын тезирээк тартууну кааласаңыз кандайдыр бир жумуштар тууралуу кеңеш сурап койгонуңуз ашыкча болбойт. Бирок акыркы чечимди өзүңүз кабыл алыңыз.
3. Өз алдынча иш кылуу менен уруксат суроонун айырмасын билиңиз. Мисалы, кайненеңизге "бүгүн эмне тамак жасайын?" деген суроо менен кайрылууңуз мүмкүн. Эгер ар бир беш мүнөт сайын "муну кандай кылам, тигини кандай кылам?" дей берсеңиз өз алдынча эч нерсе жасай албагандай сезим калтырасыз. Ал эми өзүңүздүн ички туюмуңузга ишенип, ишти туура жасап жатсаңыз деле кайнениңизге "өзүн-өзү билип жатат" деген ой кетет. Ошондуктан майда болгону менен маанилүү көрүнүштөрдү ажырата билип, колдон келишинче кыраакы болуңуз.
4. Кайненеңизди күйөөңүзгө эч убакта, эч качан жамандабаңыз. Аялдардын эң чоң катасы - күйөөсү кайнене менен келиндин ортосундагы чырды чечет деген түшүнүктө жашаганы. Жолдошуңуз орто жолдо чайналып, өйдө тартса өгүз өлүп, ылдый тартса араба сынгыдай абалга туш болот. Мүнөзү өзгөрүп, орой, кырс болуп кетиши да мүмкүн. Акылдуу эркек эч качан өз апасын аялына алмаштырбасын унутпаңыз.
5. Кайненеңиздин көзүнчө күйөөңүз менен урушпаңыз. Анткени баласына жан тартып, сизди жаман көрүп калышы да ыктымал. Жолдошуңузга да сизге болгон нааразычылыгын эл жок жерден, экөөңөр гана калганда айтуусун сураныңыз.
6. Жылуу сүйлөп, кабагыңызды чытыбаңыз. Жайдары мамилеңизге кантсе да оройлук менен жооп бере албайт. Көтөрүмдүү, кечиримдүү болсоңуз ортодогу мамиле бир нукка түшөт. Мүнөзү канчалык оор болбосун сүйгөн адамыңызды төрөп, багып, өстүрүп, тарбия берген адам экенин эсиңизге бекем туюңуз.
7. Айрым кайненелер уулун келининен кызганып, баласына аялга кандай мамиле жасоо керектигин узун жомок кылып айтып бериши да мүмкүн. Бул учурда күйөөңүздү өз жайына коюңуз. Сизди кандай жол менен башкарууну өзү билет. Апасынын тилине киреби, же өз акылына таянабы аны убакыттын өтүшү менен байкай аласыз.
8. Чогуу жумуш жасап көрүңүз. Үйдү оңдоп-түзөп же болбосо ашканада бирге тамак жасап дегендей. Балким, экөөңөрдүн ортоңордо көп окшоштуктар болуп, табитиңер бирдей чыгышы ыктымал. Башка жагынан алып караганда деле чогуу жумуш жасаганда экөөңөрдүн пикириңер биригип, аз болсо да жакыныраак баарлашууга шарт түзүлөт.
9. Мактоо сөз айткандан качпаңыз. Жылуу сөз кимди болсо да ийинден чыгарып жибитет. Жасаган тамагын, кылган ишин, кандай мээримдүү, жароокер эне экенин ылайыгы келген жерден айтып коюш сиз үчүн оор деле болбосо керек.
10. Кайненеңиз да бир убакта сиздей келин болгонун, сиз да бир убакта кайнене болооруңузду элестетиңиз. Кийин келиниңизден жакшы мамиле күткүңүз келсе, башкаларга да жылуу мамиле тартуулаганга даяр болуңуз.
А.Сабырова