Дасторкон ажары

салаттын Кооз түрлөрү

Окшош эле азыктардан ар кандай көрүнүштөгү салаттарды жасап дасторконуңуздун ажарын ачсаңыз болот. Сиздин фантазияңыз менен жасалган мындай салаттар конокторуңузду кайдыгер калтырбашы бышык. Андыктан төмөнкү рецепттер сиз үчүн.


"Ананас"

Курамы:
Картошка - 2-3 даана
Окорочка - 1 даана (300-400 грамм)
Чагылган жаңгак - 150 грамм
Жумуртка - 3 даана
Сыр - 100 грамм
Туздалган бадыраң - 4-6 даана
Пияз - 0,5 даана
Көк пияз
Майонез
Туз
Мурч

Жасалуу жолу:
Картошканы таза жууп, сууга бышырып, муздаган соң кабыгын аарчып, кыргыч (тёрка) менен кырабыз.
Жумуртканы да сууга бышырып, муздаган соң аны да кыргыч менен кырабыз.
Окорочканы бышырып, майда кылып туурайбыз.
Сырды кыргыч менен кырабыз.
Туздалган бадыраңды чарчы түрүндө майда кылып туурайбыз.
Пиязды да майдалап туурайбыз.
Даяр болгон азыктарды сүйрү кылып, башкача айтканда, ананастын формасына окшоштуруп кабат-кабат кылып тизебиз. Ар бир кабаттан соң аз-аздан чымчып туз менен мурчтан себелеп, аздан майонез сүйкөп турабыз. Кабаттар төмөнкүдөй тартипте тизилет:
1-кабат - картошка
2-кабат - пияз
3-кабат - тоок этинин жарымы
4-кабат - бадыраң
5-кабат - тоок этинин калганы
6-кабат - сыр
7-кабат - жумуртка
Салаттын эң үстүнкү кабатына майонезден көбүрөөк сүйкөп, жаңгак менен кооздоп чыгабыз. Ал эми көк пиязды ананастын сабагына окшотуп сайып коёбуз.





"Чымчыктын уясы"

Курамы:
Тоок эти - 200 грамм
Ветчина - 50 грамм
Туздалган шампиньон - 200 грамм
Жумуртканын агы - 3 даана
Картошка - 3 даана
Туз
Майонез
Салат жалбырагы
Жумурткалар үчүн:
Катуу сыр - 100 грамм
Жумуртканын сарысы - 3 даана
Укроп
Майонез
Сарымсак - 1-2 тишче

Жасалуу жолу:
Картошканы аарчып, жука, узун-узун кылып туурап алабыз. Ысып турган өсүмдүк майына картошканы кууруйбуз бирок, аралаштырбаш керек. Күчтүү отто картошка кызаргыча карап туруп, анан оодарып экинчи жагын кууруйбуз. Кызарып, кытырак болуп куурулган картошканы оттон чыгарып, туздан себелеп коёбуз.
Тооктун этин бышырып, майда кылып туурайбыз.
Ветчинаны жука, узун-узун кылып туурайбыз.
Шампиньонду майдалап туурайбыз.
Жумуртканы сууга бышырып, сарысын алып коёбуз да, агын анча майда кылбай туурайбыз.

Жумурткаларды жасоо жолу:
Жумуртканын сарысын майдалайбыз.
Катуу сырды майра кыргыч менен кырабыз.
Укропту жууп, майдалап туурайбыз.
Сарымсакты сарымсак майдалагычтан өткөрөбүз.
Булардын баарын кошуп, жакшы жармашыш үчүн бир аз майонез кошобуз да, чымчыктын жумурткасына окшоштуруп майда-майда кылып тоголоктоп чыгабыз.

Тооктун этин, шампиньонду, ветчинаны, жумуртканын агын кошуп, майонезди жакшылап аралаштырабыз.
Салат жалбырагын тарелканын үстүнө тизип, аралашманы анын үстүнө салабыз. Салатты уянын формасына окшоштуруп үстүн бир аз чуңкурайтып коёбуз.
Сыртынан куурулган картошка менен кооздоп чыгабыз да, чуңкурчага жасаган жумурткаларды салып коёбуз.





"Анар билерик"

Курамы:
Кызылча - 2 даана
Пияз - 1 даана
Картошка - 2 даана
Сабиз - 2 даана
Тоок эти - 200 грамм
Жумуртка - 2 даана
Анар - 1-2 даана
Жаңгак
Майонез
Туз
Мурч

Жасалуу жолу:
Кызылчаны, сабизди, картошканы, жумуртканы сууга бышырып, майдалап туурайбыз да, өз-өзүнчө идишке сала турабыз.
Тоок этин бышырып, майдалап туурайбыз.
Пиязды майда туурап, кууруп алабыз.
Салаттын түзүлүшү билерикке окшош болуш үчүн тарелканын ортосуна стаканды көмөрүп, анын айланасына даярдалган азыктарды кабаттап тизе баштайбыз. Кабаттардын арасына каалооңуз боюнча туз менен мучтан себелеп койсоңуз болот. Кабаттар төмөнкү тартип боюнча тизилет:
1-кабат - картошка, майонез
2-кабат - кызылчанын жарымы, майонез
3-кабат - сабиз, майонез
4-кабат - чагылып, майдаланган жаңгак
5-кабат - тоок этинин жарымы, майонез
6-кабат - куурулган пияз
7-кабат - жумуртка, майонез
8-кабат - тоок этинин калганы, майонез
9-кабат - кызылчанын калганы.
Андан соң стаканды сууруп алып, үстүнөн тегиз кылып майонезди жаап чыгабыз. Анан майонездин үстүнө анарларды жармаштырып чыгабыз.