Сенсация!

13 жашар Карина көз жаруу алдында турат
Күлгөнгө күлө жетем деген ушулбу, же заман өзү бузулуп баратабы, айтор, барган сайын адамды таң калтырып, жака карматкан жосундар көбөйүүдө. Буга чейин Россияда 11 жаштагы Юля аттуу кыздын аман-эсен төрөп эне болгонуна канча адам кубанса, канчасы жактырбагандай шыпшынып кала беришкен. Мына бүгүн Бишкек шаарындагы №4 төрөт үйүндө да 13 жаштагы Карина аттуу кыздын алты айлык баласы боюнан козголуп, учурда дарыланууда. Карина мындай тагдырга кандайча туш болуп калганын төкпөй-чачпай айтып берди.

- Карина, жигитиң Виталий менен кайсыл жерден тааныштың эле?
- Виталий балдар үйүндө чоңойгон бала. Эки жыл мурда экөөбүздү курдаш кызым тааныштырган. Балдар үйүнүн жанында алкаштар жашаган жаман үй бар. Ошол жактан өтүп баратсам Виталий эки-үч бала, кыздар болуп турушуптур. Анан алар менен таанышып, сүйлөшүп калдык. Ошондон кийин экөөбүздүн жылдызыбыз келишип кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк.
- Сен дагы балдар үйүндө өскөнсүңбү? Атаң-энең барбы?
- Жок. Мен балдар үйүндө жашаган жокмун. Бирок, мени төрөгөн апамды бир гана жолу көргөм. Алты жыл мурда аялдар түрмөсүнүн жанынан мууздап өлтүрүп кетишкен деп айтышат. Өзүнүн мүнөзү жаман болчу экен. Атамды болсо 13 жашымда, быйыл эле көрдүм. Атам да киши колдуу болуп көз жумду. Бирок, мен атам менен апамдын мээримин, тарбиясын көргөн жокмун. Апам украин кызы, атамдын улуту орус. Кичинекей кезимден бери чоң ата, чоң энемдин колунда болдум. Чоң апам кант диабети оорусуна чалдыккан, азыр ордунан жылбайт. Чоң атам бутун кокустатып алып балдак менен басып жүрөт. Апам каза болгондон кийин атам экинчи аял алган. Азыр мага өгөй энем көп жардам берүүдө.
- Чоң атаң менен чоң апаң оорукчан, сен мектеп окуучусу болсоң силерди ким багат?
- Экөө тең пенсия алат, 10 жаштагы иним экөөбүзгө пособие алабыз. Ал эми эки жылдан бери бизди Виталий багып келүүдө. Аны чоң атам менен чоң апам экөө тең жакшы көрүшөт. Учурда биз менен чогуу жашайт. №3-автовокзалда маршрутка, машиналарды тейлеп иштеп, акчаны жакшы табат.
- Экөөңөр жаш болсоңор да дароо эле чогуу жашап алдыңарбы?
- Жарым жылдай жөн гана кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Анын үйү жок болгондуктан, мага да каралашып биздин үйдө чогуу жашап калды. Жашап жүргөндө боюмда болуп калат деп ойлогон эмесмин.
- Боюңда болуп калганын качан билдиң? Мектепке барчу белең?
- Боюмда бар экенин жакында эле, беш ай болгондо билдим. Ага чейин мектепке барып эле жүргөм, бирок сабакка көңүлүм келбей калган. Мугалимдеримдин баары боюмда болуп калганын билишет, а классташтарымдан бир эле кызга айткам. Буга чейин биздин мектепте мындайлар болгон. Алар аборт жасатып салышып, билинбей калышкан.
- Эми окууң эмне болот, уланта бересиңби?
- Быйыл 6-классты бүттүм. Эми мектепке барганда деле окуучулар "молодая мама пришла" деп шылдыңдашаары турган иш. Андан көрө, баламды аман-эсен төрөп, бир аз торолтуп алган соң ашпозчунун окуусуна тапшырып алам. Мектепке болсо, эми барбайм го.
- Беш айга чейин жүрөгүң айланып кусуп, талгак болгон жоксуңбу? Боюңда бар экенин эң биринчи кимге айттың?
- Чындыгында беш айга чейин билген жокмун. Бир жолу кускум келип башым айланганын билем. Бирок, жөн гана ысыктан башым ооруп жатат го деп койгом. Анан ичим ооруп, баланын кыймылдаганын сездим. Ошондо жүрөгүм шуу деди. Бирок, эч кандай коркуу сезими болгон жок. Дароо эле өзүбүздүн аймакка тиешелүү гинекологго кайрылдым. Ал менин боюмдагы балага беш ай болуп калганын айтты. Үйгө келип чоң апама айтсам, ал аябай сүйүнүп, көзүнө жаш алды. Мага боору ооруп, "коркпо, аман-эсен төрөйсүң, көңүлүңдү көтөрүп, маанайыңды түшүрбө. Толгоодон гана кичине кыйналасың, төрөгөн жеңил эле болот" деп кеңештерин айтты. Чоң атамдын сырын чоң апам жакшы билет да, аны алдап-соолап өзү айтты. Биринчи укканда чоң атам кантип эле дегенсип, аябай таң калды. Анан түшүндүрүп жатып көндүрдүк. Экөө уккандан кийин Виталийге телефондон айттым. Ал да сүйүнүп, жакшы эле кабыл алды. Өзү баланы абдан жакшы көрөт. Эч кандай каршы болгон жок.
- Айланадагылар угуп эч нерсе дешкен жокпу?
- Боюмда бар экенин билгенден кийин көчөгө чыга албай кошуналардан, тааныштарымдан уялып калдым. Гинекологго барган күндүн эртеси эле үйгө аймактык милиция келиптир. Анын айтуусуна караганда, менин боюмда болуп калганы тууралуу аларга арыз түшүптүр. "Виталийди камайбыз, түшүнүк кат жазгыла, кандайча мындай болуп калды?" деген сөздөрдү айтып Виталийди жумушунан чакыртышты. Мен катуу ойлонуп сарсанаа болдум. "Кандайча мындай болду?" дегени кандай, эмне алар бойго кантип болтурууну билбейби? Ушуну кантип сурашты? Менин төрөшүмө үйдөгүлөр, Виталий каршы болбосо эмнеге арыз жазмак элек? Тескерисинче, мени төрөп ал деп Виталий жакшы карап жатат. Буга чейин көп эле жаш кыздарды зордуктап, боюнан алдыргандарды камабай, өз каалообуз менен балалуу болгубуз келип жаткандыгыбыз үчүн камайбы? Биз ал арызды көрө да элекпиз, балким, угуп алып эле бизге милиция келип жатабы, билбейбиз.
- Төрөт үйүнө сени ким алып келди?
- Мен жогоруда айткан милициялардын үйгө бат-бат келишинен улам сарсанаа болуп, ойлоно бериптирмин. Катуу стресстен боюмдан козголду окшойт. Ичим катуу оорутуп баштаганда өгөй энеме айтсам, ал ушул төрөт үйүнө алып келди.
Мен өгөй энемди апа деп айтпайм, бирок, ал мага көп жардам берет. "Төрөп чыксаң өзүм жардамдашам, сарсанаа болбо" деп айтып жатат.
- Врачтар кандай карап жатат? Боюңда болуп калганга өкүнгөн жоксуңбу?
- Жок, өкүнбөйм. Абдан сүйүнүп жатам. Врачтардын мага кылган мамилеси жакшы. Алар "Аборт жасатпаганың жакшы болду, бул сенин биринчи балаң, төрөйм деп чоң эрдик кылып жатасың, азамат!" деп күч-кубат беришүүдө. Буга чейинки көргөн азап-тозокторду эстегим да келбейт. Боюмда болуп калганга өкүнгөн жокмун, кыздар акыры эне болот да. Менде энелик сезим пайда болуп, жаш болсом да ичимдеги баламды ойлой баштадым. Эне болоорумду эстегенде өкүнгүм келбейт.
- Кыз күтүп жатасыңбы же эркекпи?
- Мен дагы, Виталий дагы кыз болсо экен деп тилеп жатабыз. Азырынча УЗИге түшө элекмин. Эмнегедир супсулуу кыз төрөгүм келип жатат. Жаш болсом да кыйналып, оор салмактанган жокмун. Бир эле нерсеге талгак болбой, көзүмө көрүнгөн нерсенин баарын жеп жатам. Менин максатым аман-эсен төрөп, баламды эч кимге кор кылбай чоңойтуп алуу. Балдарыбыз биздин тагдырыбызды кайталап, жетим болушун каалабайм.
- Эки жыл деле аз убакыт эмес. Ушул аралыкта Виталий экөөңөр уруштуңарбы?
- Виталий 20 жашта болгону менен мүнөзү, ой жүгүртүүсү чоң кишилердикиндей. Сабырдуу, чыдамкай анан катуу мүнөзү бар. Бирок, мени таптакыр урган эмес. Эки жылдын ичинде катуу урушканыбыз болгон жок. Кээде таарынышып кетсек, 15-20 мүнөттөн кийин кайра эле жазылышып кетебиз. Ал мага жаман сөздөрдү айтып, капа кылбайт. Мени сыйлап, аяп турат. Урушканга эч кандай шарт түзбөй, акылдуулук менен маселенин баарын чечип коёт. Ал кызганып жатканын билдирбейт бирок, мен кызганчаакмын.
- Виталийдин сага чейин аялы жок беле?
- Анын мага чейин өзүнөн жети жаш улуу сүйлөшкөн кызы бар болчу экен. Бирок, экөөнүн ортосунда сүйүү болгон эмес, кыз анын акчасына гана карап жүргөн. Ал кезде да Виталий акчаны жакшы тапчу. Кыздын төрт жолу боюнда болуп, Виталийге айтпай төртөөнү тең аборт жасатып салган экен. Азыр ал башкага турмушка чыгыптыр, бирок аборттордун айынан төрөй албай жатыптыр.
- Официалдуу түрдө качан үйлөнөсүңөр?
- Виталий балдар үйүндө чоңойгондуктан, анын эч кандай документтери жок. Азыр паспорт алганга чуркап жүрөт. Качан паспортумду алганда ЗАГСга барып, кол коёбуз деп айтып жатат. Үйлөнүү тоюн өзүбүздүн үйдөн эле кылабыз го. Анткени, Виталийдин туугандары, жакындары жок. Россияда байкеси бар экенин билет. Бирок, аны эстегиси да келбейт. Атасы цыган улутунан, апасы орус. Аларды бир да жолу көрбөптүр.
- Ичимдикке кандай?
- Мага жолукканга чейин ичкенин же ичпегенин билбейм. Азыр ичимдик ичпейт, бирок тамеки тартат. Мен төрөгөндөн кийин тамекини таштайм деп убадасын берүүдө.
- Алдыда кандай пландарды коюп жатасыңар?
- Азыр боюмдагы балага алты ай болду. Буюрса, октябрь айында көз жарам. Тилегим - аман-эсен төрөп алуу. Анан да жүрөгүмдү өйүгөн нерсе милициялардын тез-тезден келиши болуп жатат. Биздин эч кандай арыз жазбаганыбызга карабай Виталийди камап кетсе үйдөгү чоң атам, чоң энем, кичинекей иним, мен жана ичимдеги бала эмне болот? Бизди ким багат? Милициялар бизди өз жайыбызга койсо деп айтаар элем. Бул жерде бир гана менин 13 жашта төрөгөнүм себеп болуп жатса, эмнеге анча бушайман болуп жатышат? Азыр менин ден соолугум жакшы, буюрса, өз күчүм менен төрөп алам. Мага азыр моралдык колдоо керек болуп жатканда ашыкча ойлонуунун кереги бар беле?

Урматтуу окурман! Мына, көрдүңүзбү? Куурчак ойногондун ордуна баланын түйшүгүн тартып, эне болууга даяр турган Каринанын тагдыры ушундай. Буга ким күнөөлүү? Каринаны жаш күнүнөн ата-энесинен айрыган тагдырбы? Бузулган заманбы? Балким, Виталийдир? Же Каринанын өзүбү? Эгер сизди да бул тагдыр кайдыгер калтырбаса, өзүңүздүн ой-пикириңизди бизге билдириңиз. Ал үчүн 0773545254 номерине sms жазыңыз же 449821 телефонуна чалыңыз.

Айнура Касымова