Балаңыздын баасы канча?
Жаңыдан жарык дүйнөгө келсе да иштеп акча тапканга жетишкен наристелер бар. "Алар ким?" деген суроо туулушу мүмкүн. Голливуд жылдыздарынын балдары ата-энелерин эмитеден эле бакканга кудурети жетет.

Бул тармакта акыркы рекордду Анжелина Джоли менен Бред Питт коюшкан. 2006-жылы алар багып алган баласы Пакса Тьенанын сүрөтүн жарыялаганга 2 миллион доллар алышкан. Ал эми алардын кызы Шило Нувельдин сүрөтүн журналга чыгарганы үчүн 4 миллион доллар акча төлөнүп берилген. Нокса Леона жана Вивьен аттуу эгиздер жарык дүйнөгө келе электе эле "ОК!" жана "People" журналдары кимиси биринчи жарыялаарын талашып келишкен. Ал тургай балдардын баасы аукционго койгондой 15 миллион долларга чейин көтөрүлүптүр. Бирок, ымыркайлар төрөлгөндө Анжелина менен Бред эгиздердин сүрөтүн америкалык гезитке 11 миллион долларга сатышкан. Түшкөн каражатты түгөйлөр кайрымдуулук иштерине жумшашыптыр.

Дженнифер Лопес Марк Энтони менен Макс Эмминин сүрөтүн "People" журналына жарыялап, 6 миллион доллар алышкан. Башында папарацция менен тартылган эгиздердин сапатсыз сүрөтү айрым гезиттерге жарыяланып, ырчы журналисттер менен соттошуп жүргөнү да маалым. Ал эми жогоруда аталган журналдан алган акчаны балдарына керектүү бардык буюмдарды алып, бир эле күндө коротушкан. Дженнифер балдарын кучактап түшкөн журналдын саны 3 миллион нускада чыгып, эки күндүн ичинде өткөн.


Бала баккандардын арасынан рекорд койгон Мадонна балдарынын сүрөтүн ММКларга бир тыйын албастан бере берет. Анткени, балдарынын аркасы менен эч качан акча тапкысы келбейт. Сүрөттөрүн берерде ал журналисттерге бир гана талап коёт. Берген интервьюсунда кайсы баласы эмнени жакшы көрөрүн, кантип эс алууну кааларын, апасынын кайсы сапатын жакшы көрөрүшөрүн баса белгилөөсү керек. Сыягы, Мадонна кандай мээримдүү эне экенин дүйнө жүзүнө балдары аркылуу тараткысы келет окшойт.


Бритни Спирс кызы Мэддинин сүрөтү үчүн "ОК!" журналынан 1 миллион доллар алса, өзүнүн жашоосу тууралуу кыскача тартылган реалити-шоу үчүн 8 миллион доллар алган. Кызы менен түшкөн эксклюзив сүрөттөрү үчүн "People" журналы ырчынын колуна 4 миллион доллар карматышыптыр.


Анна Николь Смиттин кызы азыр биологиялык атасы Лари Биркхеддин колунда тарбияланып келет. Бир нече миллион доллар мураска ээ болгон Лари колунда бар акчасына канааттанбай Дэннилинин сүрөтүн "ОК!" журналына 1 миллион 700 миң долларга саткан. Ал тургай көбүрөөк акча табууну көздөп Николь Смиттин мүрзөсүнө барып фотосессия уюштурган.


Том Круз менен Кэти Холмс кызы Сури жарык дүйнөгө келгенде "кайсы журналга сүрөтүн сатсак" деп беш-алты ай ойлонушкан. Жыйынтыгында "Vaniti Fair" журналына 3,5 миллион долларга сатышкан. Негизи Том кызынын сүрөтүн дүйнө жүзүнө жарыялап сатууга каршы болгон. Кэти Томго кеңешпей кылган иши үчүн жолдошунан катуу тил угуптур. Журналдан алган каражаттын бир тыйынын коротпой күйөөсүнө берсе, ал жинденип акчаны туш келди ыргытып, сапырып салган.


Актёр Бен Аффлек менен актриса Дженнифер Гарнердин кызы Вайолет бир жашка чыкмайын аны журналдардын бетине жарыялаганга ата-энеси караманча каршы болушкан. Бир жашка чыккандан кийин Бен Вайолеттин сүрөтүнөн 1 миллион доллар акча өндүрүп, ал акчаны жетим балдар үйүнө өткөрүп берген.


Бала багуудан чарчаган ырчы Кристина Агилера уулу Макстын сүрөтүн 1,5 миллион долларга эле берген. Алган гонарарына нааразы экенин да жашырган эмес. Айрым гезит-журналдарда Кристина Агилера баласынын тапкан акчасын баңги затка жумшаганын да жазышкан. Баланын жытына башында мас болуп, анысы тез эле тараганда Макска төрт ай болгондон кийин бала багуучу жалдап, өзү чыгармачылыгына киришкен.


Гольфчу Тайгер Вудс жубайы Эллин Нордегрен менен кызынын бир айлык кезинен баштап баласын папарациядан коргошуп, сыртка чыгарбай келишкен. Журналисттерден оңой кутула албагандарына көздөрү жеткенби, айтор, "People" журналына кызы Сэм Алексистин сүрөтүн 2 миллион доллар 400 миң долларга беришкен. Кызынын аркасы менен тапкан каражаттты Тайгер форма алганга жумшаган.


Мындан сырткары балдарынын сүрөттөрүн журналдарга бекер берген жылдыздарга төмөнкүлөр кирет: Мила Йовович кызынын сүрөтүн өзүнүн расмий сайтына жайгаштырган.
Алып баруучу Элизабет Хасселбек башында кызынын сүрөтүнө акча сураса, эч бир журнал макул болгон эмес, аягында аргасы түгөнүп бекер бергенге туура келген.
Джулия Робертс эгиз балдарын "People" журналына бир тыйын албай эле бекер берген. Чынында, журналдын редактору ага 5 миллион доллар сунуштаса, ал акчаны балдар үйүнө которуп берип коюусун суранган.


  Шоу-жаңылыктар

Майкл Джексон киши колдуу болгонбу?
Майкл Джексондун 53 жаштагы эжеси Ла Тоя Майкл киши колдуу болуп өлгөнүн мурда эле сезгенин, аны көрө албагандардын, душмандардын саны өтө арбын экенин ММКларга маалымдаган. Анын айтуусуна караганда, акыркы күндөрү ырчыны айланчыктап, анын акчасына кызыгып дос болгондордун саны көбөйгөн. Ал эми милициялар, Майклдын адвокаты анын өлүмүнө жеке доктуру Конрад Мюррерди байланыштырып жатышат. Себеби, Мюррер Майкл өзүн жаман сезгенде "Пропофил" (Израилден чыккан дары) күчтүү дарысын сая берчү. Ал эми аталган дарыны оорулууларга операция жасарда эс учун убактылуу жоготуш үчүн тажрыйбасы күчтүү хирургдар гана сая алат. Ушундан улам Мюррерди азыр эң негизги шектүү адам катары карашууда. Ал эми ырчынын дерматологу Арнольд Клейн Майкл элдин алдына кичине болсо да, жакшыраак кебетеси менен чыксын деп ырдаарда демидрол сайып турганын мойнуна алган. Мындай көрүнүштөрдүн баарын таразалап көргөн ырчынын туугандары Майклдын доктурлары сүйлөшүп алышып, кимдир бирөөнүн буйругу менен ырчынын өмүрүнө кол салышкан деген ойдо. Майкл Джексондун сөөгүн текшерүүдөн өткөргөндөн кийин төмөнкүдөй жыйынтык чыгарышкан: ырчынын жамбашы менен эки ийининде сансыз оюктар табылса, болгон денесиндеги тырыктардын бардыгы биригип, ага 13 операция жасалганы аныкталган. Бою - 178 сантиметр болгону менен салмагы 57 гана килограммга жеткен. Анын ашказанынан дарыдан башка эч кандай тамактын калдыктары табылган эмес. Ал эми Майклдын тизесиндеги, чыканактарындагы көк ала тактар эмнеден пайда болгонун эксперттер аныктай алышкан жок. Джексон көз жумгандан кийин эле доктурлар анын мойнуна жаңы сайылган бир нече ийненин тактарын байкашкан.

Майклдын мурасы кимге калат?
Азыр Майклдын кантип көз жумганы эле эмес, анын балдарынын тагдыры да талашка түшүп жатат. Улуу уулу Принц Майкл менен кызы Пэрис Майкл Кэтриндин биологиялык апасы Дебби Роу эгерде Майкл Джексондун туугандары төрт миллион доллар беришсе, балдарын талашпасын билдирген. Чынында, Майклдын эки баласы Роу ким экенин так деле билишпейт, анткени, ырчы тирүү кезинде колдон келишинче Роуну балдарынан алысыраак кармап, аны эч убакта "силердин апаңар болот" деп айткан эмес. Майклдын толгон карызы бар болсо да, кыймылсыз мүлктөрүнүн баарын үч баласына бөлүп мураска калтырган. Балдары Майклдын эч убакта сахнада ырдаганын көрүшпөптүр. Алдыдагы пландап жүргөн дүйнөлүк турнеге балдары менен бирге чыкмак болгон. Учурда Майклдын үч баласы тең чоң апасы Кэтрин Джексондун колунда тарбияланып жатышат.

Ани Лорак турмушка чыгат
Жаңы чыкса да жаштардын арасында өзгөчө популярдуу болгон ырчы кыз Ани Лорак Турциядан таанышкан жигити Маратка турмушка чыгат. Ани Турцияга эс алганы барганда мейманканага токтолуп, анын ээси Марат менен таанышып калган. Эки жылдан бери сүйлөшүп жүрүшүп, август айында Турциядан үлпөт тоюн өткөрмөй болушту. Андан кийин Анинин туулган жери Украинага келип дагы той беришмей болушту. Эске салса, ырчы кызга Ани Лорак деген оригиналдуу атты Королина деген атын өзгөртүп Филипп Киркоров ойлоп тапкан.

Согдиана сүйүүсүн тапты
Сүткө оозу күйгөн ырчы Согдиана сүйүүсүн тапты. Бир жыл мурда жолдошу менен чырдашып, баласын ага тарттырып ийгенден кийин аз убакыт өтпөй Россияга келип хоккей клубунун президенти Башир Куштов менен таанышкан. Ортодо сүйүү тутанып, Куштов ырчыны биринчи күйөөсү менен мыйзамдуу түрдө ажыраштырып, баласы менен жолугуп турганга мүмкүнчүлүк түзүп берген. Августтун аягында экөөнүн үйлөнүү тою болот.

Таисия Повалий сахнадан тайып жыгылды
42 жаштагы ырчы Таисия Повалий жолдошу Игорь Литуха менен Израилге гостролдоп, ошол эле учурда доктурга көрүнүп дарыланмак болгон. Сахнадан узун көйнөгүнө чалынып, алдыңкы катарга жыгылып түшкөн. Элдер аны тургузуунун ордуна каткырып күлүп, сүрөткө тартып, киргенине ырчы аябай капа болуптур. Бейтапканга дароо жеткирилгенден кийин тизеси чоюлуп калганын айтышкан. Ал эми Таисиянын жеке жашоосуна кайрыла турган болсок, ал Россиянын медиктерине ишенбей Израилден дарыланып келип, эгиз балалуу болууну пландап жатат. Себеби, россиялык медиктер анын өз алдынча төрөй албасын, эгер кааласа жасалма жол менен гана төрөгөнгө болот деген жыйынтык чыгарышкан. Израилдиктер болсо, тескерисинче, аны эки жума дарылап эми балалуу болгонго толук мүмкүнчүлүгү бар экенин билдиришти.

А. Сабырова