Обон+тамаша

Расул Маматкулов:
"Анда сени токол кылып алайын"
"Обон" гезитинин бул жолку тамашасына ырчы Расул Маматкулов туш болду. Тамашаны иш жүзүнө ашыруу үчүн алдын ала жубайы Катя эже менен ачык сүйлөшүп алдык. Сценарий боюнча каарман кыз Элмира Расул байкенин "Жылдыздар үйү" жайкы кафесине барып, кароосуз калганын, жашай турган үйү жок экенин түшүндүрдү. Аягында кызы Айгеримдин кийимдерин жууп анын малайы болгонго да даяр экенин айтып, ырчынын үйүндө жашашын суранып, бир жарым сааттай убакыт ичинде Расул байкенин айласын кетирди.

- Саламатсызбы, Расул байке. Мен сизге бир өтүнүч менен келдим эле.
- (Кызды таң калыштуу карап) Саламатчылык, ал кандай өтүнүч экен?
- Мени жумушка алыңызчы, акчам жок кыйналып кеттим.
- (Күлүп) Кызык, сенин акчаң жок болсо менин кандай тиешем бар? Менде сага бере турган жумуш деле жок.
- Расул байке, сизди ырчылардын "крутою" деп айтышат го. Мага жардам бериңизчи, суранам.
- Менин азыр сени менен сүйлөшкөнгө убактым жок. Меймандарды чакырып койгом, эки сааттан кийин келчи, макулбу?
- Анда мен бул жерде эле күтүп турайынчы…
- Өзүң бил, кайдан күтсөң да...
Аңгыча Расул Маматкуловдун чакырылган коноктору, эки досу келип калды. Биздин каарман жарым сааттай тапчандын үстүндө олтуруп, анан достору менен олтурган Расул байкенин жанына басып барды:
- Расул байке, күтүп турсам келчүдөй түрүңүз жок. Мени жумушка аласызбы же жокпу, эртерээк жообун айтпайсызбы? Кеч кирип кетсе мен кайда барам?
- Омей... менин тууганымдай эле догурундуң го. Кайда барсаң өз ишиң, кызык…
- Ырчылар да ушинтип сүйлөйбү?
- Анан алар кантип сүйлөйт экен? Эмне, алардын башкача тили бар дейсиңби?
- Башкасы кубаласа да сиз кубалабай эле койсоңуз болмок да.
- (Эч нерсеге түшүнбөй) Макул, сени жумушка алайын, сенин паспортуң, күбөлүгүң барбы?
- Жок. Мен төртүнчү класстан кийин окубай калгам. Ата-энем каза болгондон кийин тажеңемдин колунда чоңойдум. Сиз эле мени багып алыңызчы, суранам.
- Багып алыңызчы дейсиңби?
- (Ыйламсырай, башын ийкеп) Ий-и, өз кызыңыздай багып алыңызчы?
- Эй, бул жана жумушка алыңыз деп жатты эле, эми кыз кыл деп жатса, бир аздан кийин токол кылып ал дейт го. Анча болду токол кылып алайын.
- Жок, байке, токолуңуз болбойм, коркпоңуз.
- Мен сага жардам бералбайм, Катя менен сүйлөш.
- Сиз эле сүйлөшүп бериңизчи. Ушунча да таш боорсузбу?
- Бул кандай кыз, ыя? Катя, бул кыз менен сүйлөшүп койчу, эмне эле деп жатат? Түшүнбөдүм.
Элмира: - Эже, мени жумушка алыңызчы… деп шолоктоп ыйлап жиберди.
Катя эже ичинен күлкүсү келип жатса да сабырдуулук кылып:
- Ай кыз, сени бул жакка ким жиберди эле?
- Мени эч ким жиберген жок. Айгеримдин жакшы кийингендерин көрүп жүрчүмүн. Анан силердин кафеңер бар экенин тигүүчү кыздардан угуп калып келдим. Кааласаңыз Айгеримдин кирин жууп, ага малай болоюн.
Расул: - Сени атайын бирөөлөр заказ менен жиберген окшойт, ээ? Эмнеге "именно" мага келдиң?
- Жок, байке, мен калп айткан жокмун. Аргасыздан келип олтурам.
Катя эже Расул байкенин досторуна кайрылып:
- Бул кыз силер менен чогуу келди окшойт. Балким, таанышыңардын кызы болуп жүрбөсүн. Катяны сынайлы деп жумуш суратып жаткандырсыңар?
- Койсоңчу, аяш. Биз бул кызды биринчи көрүшүбүз. Кайдан да келдик эле, мындайды билгенде келбейт да болчубуз.
Расул: - Кайдагыны айтпай жөн турсаң. Досторума тийишпей андан көрө алдагы кызды бир нерсе кылып кетирчи. Же официант кылып иштетип көр да?..
- Муну жөн кыз деп ойлоп жатасыңбы, болгон чөнтөгүңдү кагып, кафени тоноп кетсин анда.
Расул:-Анан эмне кылабыз, майда иштерди мага айтпай өзүң эле бүтүрчү эмес белең?
- Керек болсо бул сенин эле кыздарыңдын бири болсо керек? Өлүмүш болбочу мага.
- Катя, ушул кыз үчүн экөөбүз урушабызбы эми…
- Сага атайын келдиби, өзүң жооп бер, Мунуң мени менен сүйлөшпөйм деп жатканына караганда бир мандемиң бар да, дегенде Расул байкенин ачуусу келип, өңү өзгөрө түштү. Эки жубай урушуп баштаганда, чындап чыр чыгып кетпесин деп "Обон" гезитинин тамашасы экенин айттык. Бизге жардам берген Катя эже жолдошу менен чын дилинен урушпаса да, Расул байке жиндеп жатты. Кокусунан биздин тамашага түшүп калган Расул байке Катя эжеге жакшы да, жаман да сөз айта албай, күлүп тим болду.

- Расул байке, тамаша дегенди укканда кандай абалда болдуңуз?
- Мен аябай ишенип алыптырмын. Кафе ачкандан бери мындай жардам сурагандар көбөйдү. Айгеримдин жардамчысы болом дегендер үйгө чейин келишет. Бир жагынан эки жагымды карап чоочун машиналар жок бекен, же камералар жокпу бул тамаша окшойт деп ичимден ойлосом, шектене турган эч нерсе жок болгондуктан ишенип калдым. Азаматсыңар, тамашаңар мага жакты.
- Катя эже, билип туруп ойногон оор болгон жокпу?
- Чынын айтсам, билип туруп тамашага салган оор экен. Билбесең оюңдагы нерсени айта бересиң да. Расулду бир карап, Элмираны бир карап күлкүмдү тыя албай жаттым. Билдирбегенге аракет жасасам да, аягында чыдай албай калдым. Буга чейин Айгеримди "Капкан шоу" теле долбооруна түшүрүп бергиле деп суранышкан. Бирок алардын сценарийи Айгеримдин жашына туура келбей калган. Ишиңерге ийгилик каалайбыз.

Айнура Касымова