Саресеп

Жарк этти да, жалп этти...
Кайсы бир ырчынын майлуу-сүттүү жылдары кээде кыска гана өмүр сүрүп калган учурлар кездешет. Анткен менен ырлары жүрөктө сакталып калган экс-популярдууларды эсиңиздерге салабыз.

"Таалай элеси" тобу
2004-жылы Таалай Бектургановдун элесине арналып Тотомидин, Молдалы, Элзат деген ысымдардын башын бириктирген "Таалай элеси" тобу түзүлгөн. Түзүлгөндө эле түзүк чыгышкан болчу. Түзүктүгүн мындан билиңиз: "Жүрөк сыры" аттуу ыры узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жетип, дудуктардан башкасынын баардыгы ырдап калышкан. Эстеп көрбөйлүбү, "Кыйналган жүрөгүмдү, эми сен эзбе жаным..." Албетте, эстедиңиз, ал эмес ичиңизден кыңылдап жибергендирсиз. Туура, "Жүрөк сыры" чыныгы хитке айланып, жүрөктөн түнөк таап, ыр ээлери мактоого татышкан. Борборго эки ирет аншлаг менен концерт бергенге да жетишишкен. Анан эле ошол көптү үмүттөндүргөн топтун кийинки ырлары элге такыр эле жете албады. Бара-бара топ элдин эсинен чыгып унутула баштабадыбы. Көрсө, азыр ырчы кыз Элзат Бишкектеги "Акман" кафесинде ырдап өз ырыскысын таап жеп жүрсө, Тотомидин эт менен челдин ортосунда ырчылык кылып жүрөт. Ал эми Элзаттын жолдошу Молдалы кино оператор, монтажёр, үн режиссёр, айтор, кино жаатында кылбаган иши калбай жан үрөп иштеп жүргөн чагы.

Мухтар Атаналиев
Акыркы беш жылдыктан мурунураак Мухтар Атаналиев аттуу керилген ырчы байкебиз бар эле. Ал "Жаш сулуу", "Чүй кызы" жана башка көптөгөн ырлары менен таанылып, "Эл ырчысын эл тандайт" аттуу конкурс уюштуруп, бир топ алгылыктуу иштерди жасап келаткан. Ошондой күндөрдүн биринде ырчы ыр дүйнөсүнөн такыр эле четтеп кетти. Көрсө, ал дин жолуна түшүп, беш маал намазын жазбай окуп, маал-маалы менен дааватка чыгып турат экен. Албетте, шариятта ырдоого жол берилбейт эмеспи. Алла Тааланын мыйзамын бекем сактаган Мухтар Атаналиев азыр жаңы конуштардын биринде азанчы. Аллах берген үндү ошентип, намазга багыттап, менчик дүкөнү менен үй-бүлөсүн элден кем кылбай багып жүргөн кези. Мухтар байкебизге Аллах ыраазы болсун демекчибиз.

Абдумалик Шерматов
Бир кездеги кош жылдыздар Динара Акулова менен Абдумалик Шерматов чыныгы жылдыз болушуп, "Кош жылдыз" ырын ырдашса, короочу иттер үргөнүн токтотуп, тыңшап уккан мезгилге туш болушкан. Абдумалик мырза "Кош жылдызды" сүйрөп гастролдоп барбаган жери калбай, концерт койсо залга киши батпай, айтор, даңкы далайга кеткен. Ырды канчалык кооздоп, шөкөттөп ырдаганы менен элдин кабыл алуусуна жараша болот окшобойбу. Дегеним, андан кийин канчалаган ырлар жаралбады, бирок, "Кош жылдызга" негедир эч бири жете албады. Динара эжебиз го азыр деле эл назарында, бирок, Абдумалик Шерматов жылдыз аралаганын эбак эле токтоткон. Акырын гана жерге түшүп, Россияга барып иштеп келди. Кийинчерээк эки жылдыз эмне экен, биротоло бешти кармайын дедиби "Беш жылдыз" тобун түзүп, Спорт ордосуна чала-була концерт бергенге жетишти. Ошондон ары бир короо "Беш жылдызы" беш жакка тарап жок болду. А Абдумалик мырза болсо, Ош тарапта "Кудайым эми ырыскымды жылдыздан эмес, жерден бер" деп жер тытмалап дыйканчылык кылып, Баба дыйканга сыйынып калган учуру имиш.

Иличбек Касымбеков
1990-жылдары "Тойго келгиле", "Мариана" деген ырларын кимдер гана кулак төшөп укпаган, туурабы? Өзгөчө "Той ыры" катуу чыгып, алигиче элдин эсинде сакталып келет. Ырдын жүрөккө жеткендигин мындан билиңиз, азыр деле эки мас жолугуп ичкен жерде деле, тойлордо деле "Тойго келгиле" деп ураан чакырып ырдап калышат. Так ушул ырды жүрөк түпкүрүнө жеткире ырдаган Иличбек Касымбеков болчу. Иличти ал кезде сүйбөгөн кыз калбай атагы алыска тараган. Анан эле ошол Иличбек эл оозунда ыры калып, өзү дайын-дарексиз жок болуп кеткен. Көрсө, ал үй-бүлөнүн тун баласы болгондуктан, бир үйдүн жүгүн жалгыз көтөрүп, көр оокаттын айынан Россияга чейин коммерциялап кетиптир. Азыр Иличбек Республикалык Куурчак театрында артист болуп, ага катар чакан бизнеси, анча-мынча тамадалык менен алектенет. Айтмакчы, азыр Иличбек мырза кайрадан жаңы күч, жаңы дем менен билек түрө ырчылыкка киришип жаткан кези.

Клара Алибекова
"Кыргызымдын жигиттерин" ырдаган илмейген, бир татына кыз кандай гана дүңгүрөп чыккан. Анын ырдаганын көргөн адамдын көзү талып калаар эле. Балачагынан сахнаны байырлап, атагы бар Айчүрөктүн колунан тарбия алган Клара тай күлүктөй алдыда келаткан. Анан эле бой жетип Байыштын сүйүктүү жубайы болуп чыга келди. Экөө баш кошкондо, борборубуздун Спорт сарайында берген той концерти беш күн катар аншлаг менен өткөн. "Биринчи сүйүүмдү" жар салып ырдашып кош жылдызга айланышкан. Бирок, бул сүйүүнүн аягы чыр менен бүтүп бат эле эки айрылыш жолго түшүшпөдүбү. Андан бери төрт жыл убакыт өттү. Кларанын аты дымыды да калды. Чыгармачылыгына кыймыл кирбеди. Болгон санаасы баласында болуп жүрүп, сахнаны экинчи орунга коюп койгонун кийинчерээк түшүндүк. "Эми кудай буюрса, чыгармачылыгыма толук киришем, балам чоңоюп калды" дейт ырчы. Анда чыдамсыздык менен күтө туралы.

Кудайберген Кутуев
1990-жылдары Бишкекке костюм-шым менен кроссовка кийген кара тору жигит келген. Ал Кудайберген Кутуев болчу. Көрсө, ал жигит айылдан Бишкекке кеткен сүйгөн кызынын артынан келиптир. Бул эми, албетте, тамаша дечи… Чындыгында Кудайбергендин "Бишкекке", "Сүйүү балы", "Айзада" аттуу ырлары чыгып катуу дүңгүрөгөн. Ырчы концерт артынан концерт берип, гастроль артынан гастроль уюштуруп жыргап эле калган. Бирок, убакыт өткөн соң элдин эсинде ыры калып, өзү шоу-бизнестен четтеп кете берди. Сураштырып көрсөк, азыр Кудайберген Бишкектин "Боорукер" базарында анча-мынча соода кылып күн көрөт экен.

"Бека" тобу
"Бека" тобунун "Сагындым сени" аттуу ыры эсиңизде болсо керек. Бека деген жигит жанында так секирген солистка кызы менен бирге ырдачу эмес беле. Мындан эки-үч жыл мурун так ушул ыры радиолордон, концерттерден жаңырып, эл көңүлүн кушубак кылган. Аябай сонун хитке айланган. Бир чатак жери Бекназар ал ырды чет элдердин бирөөсүнөн таап чыгып, көтөрө чаап кыргызчалап салган экен. Негизинен, жакшы ыр жакшы таасир калтырат эмеспи. Канчалык көчүрмө болбосун, элге жакшы сиңип кеткен. Мына ушул ырдан кийин ырчы жарытып ыр ырдай албады. Же которгонго ыр таппай жүрөбү, ким билсин?!. Анткен менен Бека дагы да болсо ыр жаздыруу, ыр тандоо менен түйшөлүп жүргөн кези. Ага катарлаш чакан бизнеси менен да алпурушуп жүрөт.

Гүлмира Рысбаева
"Кичинекей Гүлмира" деген аты менен кыргыз элинин карегинде төгөрөк кара көздүү кичине ырчы кыз сырдуу сакталып калган. Кээ бирлери ырчы кызды Динара айымдын өз кызы дешсе, айрымдары бакма кыз дешип, айтор, узун сөздүн табышмагы көп болчу.
Кыскасы, Динара Акулова кичинекей Гүлмираны 17 жашына чейин бөпөлөп өстүрдү. Болгону сахнадагы атын кичинекей Гүлмира боюнча калтырып, чыгармачылыгына көңүл бурбай койгондой болду. Кантсин анан, кичинесинен сахнанын даамын татып калган ырчы кызга бул көрүнүш жага бербеди окшойт. Ортодо кандай чырлар болгонун бир Кудайдан, бир өздөрүнөн башка ким билсин акыры эне-кыз бөлүнүшүп тынышты. Андан бери баягы сиз жата калып таңыркап уккан "Бүлдүркөн", "Балалык" деген ырлары унутулду. Башка жаңы ырлары жарыкка чыкпады. Ошентсе да, ал азыркы учурда деле чыгармачылыгынын аркасында жанын багып келет. Курбусу Жийде Мурат кызы менен, кээде сахналаш байке-эжелери Сакиш, Бопуштар менен эл аралап концерт коёт. Чакан тойлордун көркүн ачат.

Рахбар Алымкулова