Акындын тагдыры

Алик Акималиев:
"Менин неге аялыма алым жетпейт,
ушунча күчтүү акын болуп туруп..."
"Өмүр сүрсөм өнөр күтүп, ар күтүп,
Өлүп-талбайм мансап, байлык, мал күтүп.
Аңырайып жатат үйүм чатырсыз,
Аалам жутуп, асман жутуп, ай жутуп..." деп өзүнүн турмушун ыр менен чагылдырып жазган чынчыл, таланттуу акын Алик Акималиевдин түйшүк тарткан оор тагдыры, жаралуу сүйүүлөрү сиздер үчүн...

- Алик ага, жумурай-журт сизди таланттуу акын катары жакшы тааныйт. Ошон үчүн бул жолу түйшүктүү чыгармачылыктан бир аз алыстатып балачак, ата-эне, жеке турмушуңуз туурасында ой бөлүшсөк кантет?
- Абдан жакшы болот. Албетте, биринчи мени ушул эрезеге жеткирген ата-энем жөнүндө сөзүмдү баштайын. Атам Акималы 40 жыл бою кыргыз тил, адабиятчы мугалим болуп иштеп, бүт өмүрүн эмгекке арнаган жан эле. 80 жашында көзү өтүп кетти. Анан да атам аябагандай сулуу адам болгон. Кудайым мага ал кишинин сулуулугун бербептир. Сулуулугун бүт ичиме берген турбайбы. Өңүм серт болгону менен ички дүйнөм сулуу. Ал эми апам Болдукыз 14 баланы алдейлеп өстүргөн Баатыр эне. Учурда ардактуу эс алууда. Балачагымды эстегенде биринчи эле жетишпеген катаал турмуш көз алдыма тартылат. Чындыгында, биз чоң үй-бүлө болгондуктан, жардылык жашоодо жашадык. Балачагымдан кыйынчылыкты көп тарттым. Апамдын бир окуясы эсиме түшүп кетти. Апам ар дайым бизге чоң табактарга тамак, бирден кесим нан карматып, өз-өзүбүзчө столдорго бөлүп олтургузуп коёр эле. Биз тамагыбызды ичип бүткөнчө өзү ичпестен карап олтура берчү. Биз тойгондон кийин табагыбыздын астында азыраак арткан тамакты чогултуп, ашканада ичип атканын көрүп калчумун. Көрсө, биздин тойгонубуз апамдын жарым тойгону турбайбы. Кызык, биздин деле апамдын ачка олтурганына көңүл бурбаганыбызды кара.
- Балачагымда кыйынчылыкты көп тарттым дедиңиз. Оор жумуштарда иштедиңизби?
- Боор тарткан күндөн тартып тамекиде, колхоздун оор жумуштарында эшектей иштедим. Башка балдар сыяктуу лагерге барып эс алуу, даамдуу тамактар менен тамактануу бизде болбоду. Кара жарма, кара нан жеп чоңойдум. Өзүм 5 киллограмм салмакта төрөлгөн экенмин. Андыктан 9-класска чейин олбурлуу, чоң жигит болчумун. Кийин жанагындай кара жумуш мени өйдөлөткөн жок окшойт. Ошон үчүн мени турмуш өзү мыжып жүрүп акын кылды. Тагдырым акындыкка таасирин тийгизди. Же болбосо, мен так илимдерге кызыкчумун. Математика, астрономия сабактарына бүт дилимди коюп окучумун. Келечекте костюм-шым кийип, галстук тагынган жетекчи болуп иштегим келчү. Бирок, мага Кудай ал кесипти буюрбай, татаал, түйшүктүү жолу бар акындыкты буйруган экен. Ага да ыраазымын. Жаратканга тобоо кылам. Таң бергеним, бейтааныш лөлүнүн айтканы айткандай келди.
- Эмне болгон лөлү?
- Бир жолу үйгө бир лөлү кайыр-садага сурап келип калды. Ошол кезде бир ай ордумдан тура албай ооруп жатып, жаңы эле жаздыктан башымды көтөргөн болчумун. Колум ачык жаным тигинин кейпин көрүп, короодогу жалгыз корозду союп, баштыгына салып бере койдум. Ошондо ал апама: "Уулуңуздун тагдыры өтө оор болот. Бирок, кандай гана кыйынчылык болбосун жеңип чыгат. Атагы алыска тараган таланттуу адам болооруна ишениңиз" деген экен. Чын эле ошол күндөрдүн күбөсү болуп келатпаймынбы.
- Сизди Улуттук университеттин бир факультетин он төрт-он беш жыл окуган дешет го?..
- Өзүмдүн группалаштарымдан бир курс кеч калып калгам. Себеби, райондо маданият бөлүмүндө иштеп калып, окуум каралбай кеткен. Кайра ошол эле жылы окуумду уланткам. Анан өзүмдөн бир курс жогору женпедде окуган Дамира аттуу кызга ашык болуп баш кошком. Бирок, экөөбүздүн сүйүүбүз түбөлүктүү болбоду. Бир балалуу болгондон кийин анын ата-энеси келип, кызын менден ажыратып алып кетип калды. Баламдын жытына кана электе келинчегим экөөбүздүн ысыгыбыз тарай электе бөлүп кетиши мен үчүн оор сокку болду. Өзүм жаш болсом, мындай көрүнүшкө даяр эмес элем. Күйгөнүмдү ушундан бил, үйдүн полуна муздак суу сээп, үстүнө жатсам, пол заматта кургап калчу. Абдан чөгүп кеттим… Кайгырдым…Жүрөгүм ушунчалык ооруду. Жашырганда эмне, арак, пиво менен жакындашып иче баштадым. Иши кылып ал күндөрдү эстегим да келбейт. Дамиранын артынан барганымда жанына жолотпой коюшту. Көп кагылышуулар болду. Анан оттой күйгөн, чоктой кызарган ырларым жаралган. Азыр эсиме толук келбей жатат…
Көкүрөктө алоолонгон сүйүүмдү,
Көз жаш менен өчүрө албайт экенмин.
Очар-бачар үйгө толсун бала-шаң,
Айрылышуу ал экөөнү кааласаң...
- А азыркы келинчегиңиз менен кандайча таанышып калгансыз?
- 3-курста окуп жаткан кезимде Көлгө курулуш отрядына иштегенге барып калып, азыркы келинчегим Күлүмканга жолуктум. Ал медучилищаны бүтүп, ал жерде балдар ооруканасында эмчи айым болуп иштеп жатыптыр. Менин ал кезде "Бала мышык" деген китебим чыгып калган болчу. Аны оорукананын чоң доктуруна жеткизип барып: "Булбулдай болгон акыныңарды иштеткенден уялбайсыңарбы? Андан көрө ырымды жазсам кантет" деп бетондо иштей албасымды ачык айтып, ооруканага догурунуп жатып алдым. Мына ошол жерден Күлүмкан менен жакындан тааныштым. Анан ал жерде бирге иштеп жүргөн курсташ досторум азыркы акча менен салыштырганда 800 доллардай чогултуп беришкен. Ал акча менен кичи мекеним Кетмен-Төбөгө алакачып кеттим. Апам болсо: "Жаш кыз экен, бул да бирөөнүн баласы. Эмне алакачып келдиң. Кайдан алып келсең, ошол жерге жеткир" деди. Атам: "Эшик алдына келген келинди да кетирчү беле, алып кир үйгө. Той шаанисин баштагыла" деп апамдын сөзүн бөлүп салды. Бүт айыл тимеле көчүп келди окшойт. Торпок, койлордун короого келгенин айтпай эле коёюн. Алар менин турмушумдан жаңылып, кейип жүргөнүмдү билишчү да. Айыл элине кайра үйлөнүшүм жага бербей калды. "Бүттү, ушу менен Алик оңолбойт. Такыр эле ичип кетет" деп ойлошсо керек.
Кудайга тобоо, келинчегим жакшы эле чыкты. Отуз жылдан бери мага чыдап, жан-жөлөк болуп келе жатат. Болгону тилинде кесепет бар да. (күлүп) Болбосо, колунан көөрү төгүлгөн уз, чыдамдуу аял. Чынында акынга жар болуш өтө кыйын. Кээде өзүмө-өзүм чыдабай кеткен учурларым болот. Мага чыдады... "Аликтин Каныкейи" деп коюшат. Ошол атына татыктуу чыкты. Үч уулум, бир кызым бар. Эки уулум үйлөнүп, небере жытын жыттап, алардын күлкүсүнө тойбой турган чагым. Небере абдан ширин болот экен. Өзгөчө Элнар деген небереме жанымды берем.
- Жубайыңыз менен ажырашып кеткен күндөрүңүз да болсо керек?
- Беш жолу ажырашып, кайра табыштык. Кайра эле баягы жетишпеген жашоо калчады. Мен жашабаган батирлер калбады. Өзүмө-өзүм дагы нааразымын. Учурунда эмне деген акчаларды самандай чачтым. Убагында Кудайым берген дөөлөттү көтөрө албай калдым. Үйүмдөн киши үзүлбөй, берекелүү тасмалым дайым жайнап турчу. Турмуш деген кыйын экен көзгө илешпей ал күндөр бат эле бурулуп кетет экен. Заматта ачка-ток калган учурга туш келдим. Бир ирет келинчегим менен таарынышып кетип, колунда бар бардар аял менен никесиз жашап алдым. Ал мени сыйлачу, талантымды баалачу. Менде сезим болбосо да, аны менен жашап жүрдүм. Күндөрдүн биринде өз үйүмө кызым Чолпонайымга атайын келип калдым. Келсем кызымдын үстүндөгү кийими жыртык, ыраңы суз бир башкача абалда олтурат. Кызым мага чуркап келип: "Ата ачкамын, үйдө нан жок" дейт. Ал сөздү укканымда айламды таппай кеттим. Ызаланганыман ыйлап жибердим. Кызымды тимеле жанымдан артык көрөм да. Ошон үчүн тиги аялдын байлыгына да, аялымдын заар тилине да карабай кызым үчүн үйүмө кайрылып келдим. Кызымды татынакай кылып кийинттим. Анан экөөбүз китеп, газета сатып соода кыла баштадык. Соодабыз жакшы жүрүшүп жашообузду оңдоп алдык. Кызым экөөбүз ээрчишип жүрүп китептеримди чыгарганга демөөрчү тапчубуз. Кийин эле кызым бой тартканы мени көп ээрчибей калды. Калганын ырым менен жооп берсем баарына түшүнүктүү болот го дейм.
Биз бир үйдө эки башка жашайбыз,
Сүйүү жок кеткен окшойт кабарсыз.
Мен такталуу ханмын неге кул болдум,
Мен бактылуу болгон менен таалайсыз.

Кыргыздан кыз таппадым колуктулук,
Тагдырым татаал заарга жолуктуруп.
Мен неге аялыма алым жетпейт,
Ушунча күчтүү акын болуп туруп.
- Ырыңыздын маанисине түшүндүм. Өмүрүңүздө чыныгы сүйүүгө жолуккан жоксузбу, же?..
- Мен жолуккан менен мени сүйгөн кызга жолукпадым. Же мени сүйгөн адамды мен сүйө албадым. Кыскасы, дал келген сүйүү менде болбоду. Чындыгында Айдай деген кызды жүрөгүм таза сүйдү. Өмүрүмдөгү таттуу күндөрүм Айдайга гана тиешелүүдөй. Жаркылдаган абдан жакшы кыз...
Жүрөгүңө турам эч жол таба албай,
Тапсам калам мен эч жакка бара албай.
Көңүл керек сонун мөлтүр жаш керек,
Өмүр керек түшүнүшкө мени Айдай
- Алик ага, сиздин никесиз акын кыздан төрөлгөн дагы кызыңыз бар турбайбы?
- Бар. Анын эмнесин жашырмак элем. Биринчи келинчегим Дамира менен ажырашып кеткенден кийин Сирен деген акын кыз менен жети ай бирге жашагам. Бирок, экөөбүздүн жылдызыбыз негедир келишпей калды. Ал: "сенден көңүлүм калып калды" дегенде дароо жолун бошотком. "Анда бизде жашоо болбойт" дегем. Убагында анын көңүлүн таап кете албай, аны кайгыга салганыма ичим ачышат. Кийин өзүмдөн кеткен кемчиликтеримди сездим. Сиренден бир кызым бар. Кызым экөө эсимде жок, кайсы бир кечемде келип кетишкен. Кызым мага аябай окшош экен. Сиренге ыраазымын "атаң ушул" деп кызымды мени менен тааныштырганына. Кызым Меркеге турмушка чыккан. Уул-кыздарым менен катташып турам.
- Кечиресиз, ушул тагдырдыңыздын негизги каарманы ичкилик болгон жокпу?
- Жок. Тескерисинче, ичкилик болгон үчүн, оор тагдырды башымдан өткөрүп, жаман-жакшыны ылгаган үчүн мен чыныгы акын болдум. Чындыгында, адамды дайым кыйынчылык курчутуп турат. Бир гана айтаарым азаптан бакыт жаралат. Бакыт эмес бактысыздык дагы адамды бактылуу кыла алат. Анын сыңарындай, мен дагы ичкиликтенби, башкаданбы акындык жолумду өйдө көтөрүп келатам. Ошентсе да, азыр мага эч нерсенин кереги жок болуп калды. Бир гана өзүм анан неберем Элнар болсо болду. Башканын мага кереги жок. Үйүмө дагы, кийим-кечеме дагы карабайм.

Рахбар Алымкулова