Саратанда сергитүүчү жай - бассейн
Учурда жайдын аптаптуу күндөрүндө шаардын тургундары борбор калаабыздагы бассейндерге барып сергишүүдө. Бишкектин айланасындагы айрым бассейндердин баасы, шарты тууралуу төмөндөн окуй аласыз.
"Ак кеме"
Мээрим Кубатова, "Ак кеме" фитнес борборунун администратору:
"Көпчүлүгү биздин бааларга нааразы"
- Мээрим, силердин бассейнге келгендерге кандай шарттар бар?
- "Ак кеме" фитнес клубунун ичинде да, тышында да бассейн бар. Кайсынысына кишилер көбүрөөк келгени аба ырайынан көз каранды. Азыр жай мезгилинде сырттагы бассейнге суроо-талап чоң. Кышкысын болсо, ички бассейн гана иштейт. Сууну күнүгө тазалап турушат. Биздин мейманканага келген кардарлар мас болуп алышып, бассейнден чыкпай айланы кетирген учурлар болот. Ушундай кардарларга коопсуздук кызматында иштегендер көзөмөл жүргүзүп турушат. Бассейндин жээгиндеги жайкы кафеге атайын сүзгөндү мыкты билген официанттарды алганбыз. Кокус, сууга сүзгөндү билбегендер болсо, алар да жардам көрсөтүүгө милдеттүү. Ошондой эле медпунктубуз жаныбызда. Бир сөз менен айтканда, биздин бассейн ар бир кардардын талабына жооп берет.
- Кардарлар тараптан нааразычылыктар баары бир болбой койбосо керек...
- Көбүнчө биздин кардарлар баасына нааразы болушат. Бирок, биз жеңилдиктерге, арзандатууларга бара албайбыз. Ишемби, жекшемби күндөрү кардарлар башка күндөргө караганда алда канча көп болот. Эми баасы кымбат болгону менен шарттары ошончолук жакшы да. Бир күнгө 20 доллар төлөп, кааласа эртең менен саат сегизде келип түнкү саат он экиге чейин жүргөнгө болот. Баскетбол, теннис ойногон жайлардын да акысы ошол 20 доллардын ичинде. Ал эми массаждардын кызматына өзүнчө акы төлөнөт. Бир айга, бир жылга алгандарга да ошондой эле шарттар каралган.
- Суунун 100 пайыз тазалыгына кепилдик бере аласызбы?
- Кепилдик, албетте, бар. Бассейндеги суу филтрдин жардамы менен тазаланат. Андан башка да өзүнүн тазалоо жолдору бар. Регенерация деп аталат, башкача айтканда, ар бир мүнөт сайын суунун тазалануу процесси жүрүп турат.




"дельфин"
Сууда сүзүү боюнча машыктыруучу Александр Говоринский:
"Жол чырак иштебей, балдар келбей жатышат"
- Александр, бул бассейндин ачылганына канча жыл болду?
- Бассейн 1957-жылы ачылган. Ошондон бери бул бассейнде капиталдык ремонт боло элек. Майда-чүйдө жерлерин оңдогону болбосо... Ошон үчүн ичи караңгы, кээ бир терезелер сынык. Анткен менен биз суунун тазалыгына жүз пайыз кепилдик бере алабыз. Суу дайым фильтрден циркуляция болуп, хлордонуп тазаланып турат. Келген кардар алгач душка кирет, анан бассейнге түшөт. Бассейнден чыккандан кийин душка чайканат. Башка жеке бассейндердикиндей шарттар өзүңөр көрүп тургандай жок. Баасы да ошого жараша арзан. Биринчи күндөн алтынчы күнгө чейин эртең мененки алтыдан кечки саат тогузга чейин иштейт. Дем алыш күндөрү бассейндин ичин тазалап, оңдочу жерлерин оңдойбуз.
- Бир күндө болжол менен канча кардар баш багат?
- Азыр күндүн ысыгында кардарлар көп эле. Орто эсеп менен бир күндө 200-300 адам келет, кээде он эле адам келген күндөр да кездешет. Мамлекеттик болгондон кийин канча кардар келгенин, канча акча түшкөнүн жашырбайбыз деле. Азыр бизге өтө турган жолдо жол чырак дагы иштебей, ушундан чочулашып көпчүлүк ата-энелер балдарын жибербей жатышат. Мамлекет башчылар ушуга көңүл бурушса болот эле. Майда нерсе болгону менен маанилүү эле да.




"карвен клуб"
Клубдун менеджери Ванда:
"Сууну аба-ырайына жараша жылытып турабыз"
- Сиздердин бассейн башкалардан эмнеси менен өзгөчөлөнөт?
- Биздин бассейнге балдар көп келет. Эртеден баштап саат төрткө чейин балдардын саны үзүлбөйт. Ошондуктан, кардарларыбыздын көбү кичинекей балдар десек да болот. Сүзгөндү билбегендерге атайын төрт машыктыруучубуз бар. Ошолор туура сүзгөндү үйрөтөт. Бул үчүн акы төлөнбөйт.
- Суу бир күндө канча жолу тазаланат?
- Бир күндө төрт жолу тазаланат. Сууну тазалоо жаатындагы мыкты адистерди кызматка алганбыз. Андан тышкары "Акваленд" менен да тыгыз кызматташабыз. Суунун температурасы аба ырайына жараша жылытылып турат. Кардарлар тараптан арыз деле түшө элек. Бассейнде чоң кишилер кечкисин көп келет.


Бассейн тууралуу кызыктар
Дүйнө жүзү боюнча эң биринчи бассейн он тогузунчу кылымдын жетимишинчи жылдарында немистердин Бремен шаарында ачылган.
х х х
"Бассейн" деген сөз француз тилинен которгондо "жасалма жол менен жасалган сүзүүчү жай" дегенди түшүндүрөт.
х х х
Бассейнге 30 мүнөт кирген адам сууга 30 миң микроорганизмди киргизет.
х х х
Дүйнө жүзүндөгү эң чоң бассейн Чилинин эс алуучу жайында катталган. Анын жалпы аянты 8 гектар. Мындай эбегейсиз чоң бассейнге 250 миң куб метр көлөмдөгү суу батат.
х х х
Дүйнө жүзүндөгү эң терең бассейн Брюсселде жайгашкан. Анын тереңдиги 33 метр, ичине 2,5 миллион литр суу батат, бул бассейнди курганга 3,2 миллион евро жана 7 жыл эмгек жумшалган.