Маалымат

Шайлоо-2009
Ажолукка ат салышкандарга бут тосулууда
Президенттикке талапкер Темир Сариев Талас облусунун Көпүрө-Базар, Богословие, Асанбаева деген үч айылында жыйын өткөрдү. Элдин көбү талапкерге "Аскар Акаевге болгон көз карашыңыз кандай" деген суроо узатышкан. Темир Сариев өкүлдөрү менен Таш-Көмүр шаарына барып, үгүт иштерин жүргүзгөндөн кийин бир үйгө түнөсө, жергиликтүү чиновниктер үйдүн ээсине Темир Сариевди үйүнө түнөтпөсүн буйрук кылышкан. Үйдүн кожоюну коркконунан талапкерди үйүнөн чыгып кетүүсүн сураныптыр. Темир Сариевдин өкүлдөрү өлкөнүн президентине бул иш тууралуу арыз жазып кайрылышкан.
Ал эми Жеңишбек Назаралиев Жалал-Абаддын "Мир" кинотеатрынын алдында чогулткан элди кимдир бирөөлөр таратып ийген. Кысымга кабылган кинотеатрдын директору светти өчүрүп, аппаратураларды жыйнатып, кинотеатрды жаптырууга аргасыз болгон. "Бийлик бардык жол менен бул шаарда өтө турган үгүт иштерине тоскоол болуп жатат" дешет талапкердин расмий сайтында.

Ошто 1545 шайлоочу кошулду
2009-жылы өтө турган шайлоого 1545 шайлоочу кошулат. Жаңыдан жашы он сегизге толгондор өздөрүнүн граждандык укугун пайдаланып шайлоо участкасына барып, каалаган талапкерине добуш беришет. Ош шаарынын мэриясы жаш шайлоочулардын көңүлүн көтөрүш үчүн жашы жаңыдан он сегизге толгондорго атайын белек берүү чечимин чыгарды. Жалпы жолунан Ошто 126634 шайлоочу катталган.

Түгөйүн таппаган талапкерлер
Талапкерлердин арасындагы жалгыз айым Токтайым Үмүталиева Курманбек Бакиев менен теледебатка чыкмак. Бирок, Курманбек Бакиев иш графигинин тыгыздыгына байланыштуу 14-июлда Токтайым Үмөталиева менен теледебатка чыга албашын кабарлады. Ал эми Алмазбек Атамбаев оппозициянын ажырымын күчөтөт деп Темир Сариев менен 15-июлда теледебатка чыгуудан баш тартты. Белгилей кетсек, буга чейин Нурлан Мотуев менен Жеңишбек Назаралиевдин дебаты, Алмазбек Атамбаев менен Курманбек Бакиевдин дебаты болбой калган. Ошону менен бул жолку президенттик шайлоодо теледебаттар толук үзгүлтүккө учурап олтурат.




"Кыргызгазга" кимдер карыз?
"Кыргызгаз" Ачык Акционердик Коомуна азыр мамлекеттик жана коммерциялык мекемелер биригип 631 миллион сом карыз. Мекемелердин ичинен эң көп карызы барларга Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги кирет. Анын карызы 300 миң сомду түзсө, "Бишкек жылуулук энергия станциясынын" карызы 11 миллион сомго жеткен. Ал эми "Кыргызжилкоммунсоюз" "Кыргызгазга" 50 миллион сом бересе экен.

Кыргызстан менен
АКШнын соода-экономикалык кызматташтыгынын комиссиясы түзүлөт
Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаты эки мамлекеттин соода-экономикалык кызматташтыгын жакшыртуу ниетинде атайын комиссия түзөт. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Уильям Бернс 12-июлда Бишкектеги өткөн пресс-конференцияда билдирди. Өлкө башчысы Курманбек Бакиев менен премьер-министр Игорь Чудинов, тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев менен болгон жолугушууда эки тараптуу комиссия түзүлөт деген чечимге келишкен.
- Эки өлкөнүн соода-экономикалык абалын жакшыртууга дагы жаңы программалар түзүлдү. Ал эми түзүлгөн комиссиянын милдети Америка менен Кыргызстанда соодасы кандай жүрүп жатканын көзөмөлгө алуу. Коммисиянын курамы эки өлкөнүн чиновниктеринен түзүлөт. Бул ишти Кыргызстандын тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев Вашингтонго келгенде дагы жакшылап талкуулайбыз-дейт Уильям Бернс.


Кыргызстандын 120 студенти Иранга
стажировкага барат
Иран Республикасында 2009-жылы Кыргызстандын 120 студенти стажировкадан өтүшөт. Бул тууралуу Кыргызстандагы Ирандын элчиси Мохаммад-Реза Сабури Жогорку Кеңештин төрөгасы Айтибай Тагаев менен болгон жолугушууда билдирди. Акыркы жылда Ирандын Кыргызстан менен болгон иштешүүсү жакшы жыйынтык берип, жемиштүү болгонун Ирандын элчиси баса белгиледи. Сөзүнүн аягында кийинки жумада Бишкекте дагы Иран товарларынын көргөзмөсү болорун кабарлады.

Улуттук университеттен 130 студент окуусунан чыгарылды
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен быйыл 130 студент сабакка убагында келбегин, жайкы сессияны бүтпөгөнү үчүн окуусунан чыгарылды. Юридикалык институтунан 88 студент, экономика жана финансы институтунан 42 студент чыгарылган. Булардын көпчүлүгү Россияда, Казакстанда иштеп сабагына бир нече жылдап келбей, акчанын жардамы менен курстан курска которулуп келишкен.

Ала-Арчада альпинист жоголду
Чүй облусунун Аламүдүн районунда альпинист жоголду. 10-июлда эртең менен Ала-Арча капчыгайына үч альпенист аттанган. Байчечекей кырына чыгып, экөө түшүп кайра түшүп келе беришкен. Ал эми 1963-жылы туулган Бишкектин тургуну Сергей Сибиряков бутун сындырып алганына байланыштуу тоодо калган. Аны издегенге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жети адам жиберилип, капчыгайды кыдырышып Сергей Сибиряковду табышкан эмес. Азыр алпинистти табууга министрлик болгон күчүн жумшап жаткан кези.

Өлкөдө дудук, дүлөйлөр менен сүйлөшүү үчүн курс ачылды
Кыргызстанда эң биринчи жолу дүлөйлөр менен баарлашуу үчүн курстар ачылды. "Слышать сердцем" (Жүрөк менен тыңшоо) коомдук фондунун директору Татьяна Хандын айтымында, бул курса катышкан адамдар дүлөй, дудуктар менен кыймыл аракет аркылуу баарлашканды мыкты үйрөнүп чыгышат. Азыр курска алгачкылардан болуп он адам жазылды. Курстун негизги максаты - адамдарды мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен оңой сүйлөштүрүү. Көбүнчө бул курска бала бакчанын тарбиячылары, психологдор, юристер катышууда. "Дүлөйлөр үчүн уга турган аппарат 600 евро турат, ал эми курстун акысы айына болгону 500 сом. Бул сумманы төлөп, билим алыш көпчүлүктүн эле колунан келет болуш керек.Эгерде курстар жакшы жыйынтык берсе, биз билим берүүнү дагы тереңдетебиз"- дейт Татьяна Хан.

Үрүмчүдө каза болгондордун саны дагы көбөйүүдө
Үрүмчү шаарындагы болгон кагылышуудан каза болгондордун саны 184 кишиге жетти. Алардын 134 хань элинин ичинен 111и эркек болсо, 26сы аял. Ал эми уйгурлардан 48 адам көз жумду, анын 45и эркек, бирөө аял. Бул көрсөткүч дагы өсүшү мүмкүн. Жарадар болгондордун саны миңден ашты.

16 баланы жетим кылган кылмышкерлер кармалды
Флорида штатында көп балалуу ата-энени өлтүргөн эки кылмышкер кармалды. Берд жана Мелани Биллингстердин он алты баласы бар болчу. Анын төртөө өзүнүнкү болсо, он экөөсүн багып алышкан. Экөө 1991-жылы баш кошуп ошондон бери тубаса майып балдарды багып келишкен. 2009-жылы 9-июлда 66 жаштагы Берд менен 43 жаштагы Меланинин үйүнө үч эркек кирип келип түгөйлөрдү өлтүрүшкөн. Ошол учурда үйүндө сегиз бала бар болсо да эмнегедир кылмышкерлер аларга тийген эмес. Эмне себептен мындай кылмышка барышкандары белгисиз. Кылмышкерлердин экөө кармалып, бирөө дайын оту менен жоголгон. Учурда кылмышкерлердин күнөөсү мойнуна коюлуп, соту болоор күндү аныкташты.

Нью-Делиде үч кран кулады
Индиянын борбору Нью-Делиде 12-июль күнү метро жанындагы көпүрөдө болгон авариянын калдыктарын куруучулар тазалап жатышкан. Оор бетондорду кран менен көтөрүп жатканда кран андай оор салмакты көтөрө албай сынып кеткен. Муну менен тим болбой алар бетондорду дагы эки кран менен көтөрмөк болушат. Тилекке каршы, ал крандар да кулап жыйынтыгында алты адам ошол жерден көз жумган. Бул күндү Индиялыктар "метронун тарыхындагы каргашалуу күн" деп белгилешти.

Египеттин элчиси пара алган үчүн кармалды
Египеттин Польшадагы элчиси Яхья Эрламлавая Каирде пара алып жаткан жеринен кармалды. Яцек М. Жана Томаш С. аттуу эки польшалык юристтен 317 миң доллар акча алган үчүн кармалды. Эки юрист ал акчаны Яхьяга кымбат баада жер тилкесин алып берүүсүн суранып өздөрү биринчи сунушташкан. Үчөөнү тең мамлекет сот жообуна тартып 10 жылга эркинен ажыратып, акчалай айып салышуулары мүмкүн.

Иранда жети оппозиционер камакка алынды
Ирандын мамлекетинде бийликке акарат келтиргени үчүн жети оппозициялык партиянын башчыларын камакка алынышты. 12-июнда президенттик шайлоо өткөндөн кийин оппозиция өлкө башчысына каршы чыгып, катуу эрегише башташкан. Миллиция менен оппозициячылардын кагылышынан 19 адам жаракат алып, 150 адам көз жумган. Кармалган оппозиция башчыларынын атын азыр бийлик жар салууну туура көргөн жок.

Журналист Алмазбек Ташиев көз жумду
Ушул айдын башында журналист өзү туулуп-өскөн айылга жумуштары менен барган. Тагыраак айтканда, Ноокат районунун Жаңы-Базар айлындагы милиция бөлүмчөсүнө паспортко документ даярдаганы барган. Ошол маалда ички иштер кызматкерлери аталган бөлүмчөгө (ПОМ) башчы болуп дайындалган Жеңиш Осмоновдун жаңы жумушун "жууп" отурушкан. Кеңседен жаңы чыгып келе жаткан кызуу кызматкерлердин алдынан чыга калган Алмаз Ташиев алар менен бир нерселер тууралуу айтыша кетет. Ошол жерден ПОМдун он төрт кызматкери журналистти ур-тепкиге алып сабап, талаага ыргытып жиберишкен. Талаадан кайра алып келип "башка айылдан таяк жедим деп жаз" деген милициялардын кыйноосуна көнбөй Алмаз Ташиев дагы таяк жеген. Ошентип мурду сынып, ичеги- карды эзилген журналист он эки күн реанимацияда жатып, отуз эки жашында он экинчи июлда көз жумду. Аны сабаган милициялардын айрым өкүлдөрү күнөөлөрүн мойнуна алып, баардык чыгымдарын көтөрүүгө даяр экендерин билдиришкен. Бирок, ПОМдун башчысы Жеңиш Осмонов журналисттин мурда эле бети-башы жарык экенин, мас болуп милиция кызматкерлеринин алдынан чыкканын билдирүүдө.

Жусупжан Жээнбековдун уулунун сөөгү табылдыбы?
Чүй облусунун Чоң-Кемин айылынан экс депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтияр Амиражановдун дене түзүлүшүнө түспөлдөш адамдын сөөгү табылды. Бул маалыматты Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев билдирди. Белгилей кетсек, Бахтияр Амиражанов Бишкек шаарынын 7-кичирайонунан 2008-жылы 26-сентябрда уурдалган. Азыр табылган сөөктү экспертизадан өткөрмөйүн, жыйынтык чыгарууга али эрте. Кылмышка шектүүлөрдүн бирөөсү кармалып, сурак берүүдө.

Кыргыз жараны Казакстандан 500кг марихуана менен кармалды
Казакстандын Жамбыл облусунда Кыргызстандын жараны баңги зат менен кармалды. 35 жаштагы кишинин 500 киллограмм марихуана ташып бара жаткан жеринен кармалган. Азыр ал изолятордо сурак берип жатат. Акыркы жуманын ичинде Жамбыл облусунда баңги зат менен үчүнчү адам кармалып отурат. 10-июлда Алматанын тургуну бир тонна марихуана менен колго түшкөн.