Дарамет

Каныкей:
"Балерина боло албай калдым"
Акыркы убакта кыргыз шоу-дүйнөсүндө өзгөчө тембри, стили менен айырмаланган ырчы кыз Каныкей жөнүндө толук маалымат алууну көпчүлүк күйөрмандар самап келишет. Адамдын кандай экенин билгиң келсе, аны менен бирге олтуруп маектеш, деп акылмандар айткандай, Каныкейдин ички дүйнөсү менен таанышуу үчүн чакан маек курдук.


- Каныкей, акыркы убакта кыргыз эстрадасында өзгөчө үнүң менен таанылып келатасың. Кайсы жердин кызы болосуң?
- Атам Токмоктон болсо, апам Нарындын Ат-Башы районунан болот. 1987-жылы Токмокто төрөлүп, ошол жактагы №9 мектепти аяктагам. Эки бир туугандын кичүүсү болом. Ата-энем карапайым эле адамдар. Алардын чыгармачылыкка эч кандай тиешеси жок. Болгону менде Кудайдын берген өзгөчө тембри бар.
- Бала кезиңде ырчы болом деп кыялданчу белең?
- Ырчы болом деп ойлочу да эмесмин. Өзүм арык, кичинекей кыз болгондуктан балерина болгум келчү. Анткени, белимди ийип, бутумдун учу менен бийлегенге абдан кызыкчумун. Тилекке каршы, балерина боло алган жокмун. Балетке 4 жаштан баштап барыш керек экен. Учурунда апамдар билбестик кылып, кечигип калганбыз. Ал эми ыр дүйнөсүнө 2005-жылы мектепти аяктагандан кийин "Поющий город" сынагына катышкандан кийин кызыгуу пайда болгон. 2006-жылдан баштап "Каныкей" продюсердик долбоорун түзүп, иштей баштаганбыз. Ал долбоордо чыгармачылыктын ар түрдүү жанрында иштейбиз. Бир эле учурда бий, ыр, вокал, стил ж.б профессионалдын көз караштары менен алып чыгабыз. Буга чейин даярданып анан быйыл сахнага чыгып жатам.
- Сени Ырыскелди Осмонкуловдун окуучусу деп уктук эле?
- Ооба, учурда Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында Эстрада-вокал бөлүмүндө окуп жатам. Ырыскелди Осмонкуловдун окуучусу болом. Кыргыз эстрадасында өзүмдүн мугалимимдин жана Жамиля Муратованын талантын баалайм. Өзүмдүн чыгармачылыгыма олуттуу карагым келет.
- Башкаларга окшобогон чачыңдын жасалгасы тууралуу айтып берсең?
- Мен мындай чач жасалганы элдер атайын мени гана карашсын деген ниетте тандап алган эмесмин. "Коё бергин мени кайгы" аттуу ырымдын клибиндеги идеяны бергибиз келген. Жаңы агым менен келаткандыктан, музыкадагы камтылган сөздөрдү жаңыча бергибиз келди. Башкача айтканда, ырда айтылган кайгыдан чыга албай жүргөн адам, бир көзү жабылып калган сыяктуу чагылдырылган. Акырында ал бардык азапты жеңип көзү ачылган. Түшүнгөн адам чач жасалгамдын ичинде көп концепция камтылгандыгын дароо билет.
Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып менин чыгармачылыгым үчүн ооруп, жүрөгүн берген жалпы продюсерлериме ыраазычылык айтып кетким келет.
- Бир көзүңдү жапкан чач жасалгаң "Коё бергин мени кайгы" аттуу ырыңа тиешелүү тандалган дебедиңби. Ар бир ырыңды атайын өзүнчө чач жасалга менен ырдап чыгасыңбы?
- Жок андай деле эмес. Бул чач жасалгам бир жагынан ырдын клибине жараша тандалган болсо, экинчи жагынан өзүмдүн стилге болгон табитим ушундай. Мындан кийин күйөрмандарымды дагы башкача стил тандап сүйүнтөм. Ал азырынча жашыруун сыр болуп турсун. Аны өздөрү сахнадан көрө алышат.
- Ыр, жанр тандоодо кандайдыр бир чек бар деп ойлойсуңбу?
- Менимче, чек жок деп ойлойм. Анткени, адамдардын табити ар кандай эмеспи. Мисалы, мен чектөө менен жашагым келбейт. Чыгармачылыктын бийик деңгээлине жетип, өзүм чыгарган ырларды чоң толкун катары элге таанылткым келет. Эзелки, эски калыптанган нерселерден сырткары жаңы ачылыштарды жасаганга эмнеге болбосун. Кудай буюрса, бир гана жанрда ырдабастан жаңы ачылыштарды ачкым келет.
- Атына заты жарашкан деген сөздү кандай түшүнөсүң?
- Биринчиден, кыргыз болуп төрөлгөнүмө сыймыктанам. Мага Каныкей деген ысымды атамдын агасы "Каныкейдей акылман аял болсун" деп ыйгарган экен. Атына заты жарашкан деп элине кызмат кылып аты чыккан инсандарды айтышса керек. Албетте, бир гана атактуулук эмес, турмушта өз ордуңду таап, татыктуу жашаштын өзү атыңды чыгарат деп ойлойм.
- Сен жаңыдан ырдап баштаганыңда үнүңдү Орунбасар Кызалаковдун үнүнө окшоштурушту эле. Экөөңөрдүн тууганчылык жайыңар барбы?
- (Күлүп) Чындыгында элдер мени Орунбасар байкенин карындашы болот экен деп ойлошуптур. Мен ал байке менен таанышкан эмесмин. Таптакыр тууганчылык байланышыбыз жок. Мага да ушинтип көп айтышкандарынан ал байкенин ырларын угуп көрдүм. Тембрибизде окшоштуктар бар экен. Мен ойлойм, анын да, менин да үнүм бир баракка жазылган окшош үндөрдөн болуп калдык. Байкенин өзгөчө тембрин абдан баалайм. Негизи үндү вокалга барып тарбиялап оңдосо болот. А, ички тембриң өзүнчө болуш керек. Аны эч ким өзгөртө албайт да.
- Чыгармачылыгыңды акырындык менен жолго салып алдың. Ал эми жеке жашооңо жаңы бурулушту качан жасайсың?
- Бардыгы өз нугунда акырындап аткарылып келатат. Эң негизгиси, жүрөгүмдүн ээсин тапкам. Эгер эки жаш бири-бирин түшүнүп, сүйүп турса, эмнеге турмуш курууга болбосун. Бирок, качан чыгаарымды сыр бойдон эле калтырайынчы. Аны убакыт өзү көрсөтөт.
- Жигиттиңдин кайсы сапаты сага өзгөчө жагат ?
- Жигитимдин жакшы сапаттары көп эле. Өзгөчө намыскөйлүгү мага абдан жагат. Намыс үчүн баардыгына даяр экенин далилдегени мени сүйүндүрөт.
- Бош убактыңды кандай пайдаланасың?
- Бош убактымда жалгыз болгонду жактырам. Анткени, эч ким мага тоскоол болбосо, эргүү келип жакшы чыгармалар жаралат. Ошондуктан бош убакытты текке кетирбей, бир нерсе жазып калганга аракет жасайм. Бир эле ой мага музыка жагынан көп нерсени берип коюшу мүмкүн. Көбүнчө өзүм менен өзүм болуп, чыгармачыл дүйнөдө алаксыгым келет.
- Адамдын көңүлүн гүлгө салыштырып келишет. Ал гүлдү соолутпаш үчүн кандай аракет кыласың?
- Туура. Адамдын көңүлү мен үчүн эң кымбат. Жакындарым болобу, досторумбу убагында көңүлүн алып калганга аракет жасайм. Белектер ар кандай болгону менен жүрөктөн чыккан сезимге эч нерсе жетпейт деп ойлойм. Мен дайыма белек берээрде оригиналдуулукту талап кылам. Мисалы, колго жасалган кыргыздын улуттук буюмдарын берем. Көп учурда ал адамдын оюндагы нерсесин бербестен, таң калтыра турган бурулуштарды жасап жиберем. Орусча айтканда, "Сюрприз" жасаган мага жагат. Сайма сайууга, кийим тигүүгө, кыргыздын оймо-чиймесине кызыгып, өз колум менен фантазияма жараша буюмдарды жасап белек кылуу менин хоббим.
- Алдыдагы пландарыңа кыскача токтоло кетсең?
- Учурда үч ырым радиолордон жаңырып жатат. Ал эми күзгүгө 11 ырдан турган өзүмдүн альбомумду даярдап, азыр жаңы ырлардын үстүндө иштөөдөбүз. Пландар абдан көп, анын баары менин келечектеги карьерама байланыштуу десем болот.
- Маегиңе чоң рахмат. Чыгармачылык ийгилик каалайм.

Айнура Касымова




Автандил:
"Продюсердин жардамына муктажмын"
"Жаңы ысым" рубрикасынын бүгүнкү коногу - сахнанын босогосун жаңыдан аттаган жаш талант Автандил Абылкасымов.
1989-жылы 20-мартта Токтогул районунун Жетиген айылында төрөлгөн.

- Автандил, өзүң жөнүндө кыскача айтып берсең?
- Өзүм Токтогул районунан болом. Он бир бир туугандын онунчусумун. Сегиз эркек, үч кыздын арасынан байкем экөөбүз гана ырдайбыз. Чыгармачылыктын арабасын тартып, ыр жазып, обон чыгарып калган өнөрүм апамдан улам калса керек. Себеби, апамдын музыкалык билими жок болсо да созолонтуп абдан жакшы ырдайт.
- А өзүң музыкалык билимди качан алайын деп жатасың?
- Быйыл филармониянын алдындагы эки жылдык студияга тапшырайын деп даярданып жатам. Алгач Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда эки жыл музыкадан сабак алгам. Жашоо шартыма байланыштуу ошол убакта окуумду уланта алган эмесмин. Кудай буюрса, сахнада бир гана талантка ишенип ырдабастан, профессионал билимдүү ырчы болууга умтулам.
- Башка ырчылар сыяктуу сен да эстрада жанрында ырдасаң керек?
- Учурда репертуарымда тогуз ырым бар. Бардыгынын обондору өзүмдүкү. Ал эми сөздөрү Шахра Шералиева деген кызга таандык. Бала кезимде Бек Борбиевдин ырлары менен чоңоюп, ага таасирлендим. Бирок, мага элдик ырларды аткарган көбүрөөк жагат. Учурда чыгып келаткан ырчылардан Мирбек Атабековдун талантын баалайм. Азыр эски ырларды кайрадан жаңыртып ырдап жаткан ырчылардын катарын мен да толуктагым келет. Анткени, башка элдин ырларын которуп ырдабастан, өзүбүздүн элдик ырларды жаңыласак жакшы натыйжа болсо керек.
- Продюсер менен иштешейин деген оюң барбы?
- Оюм бар. Бирок учурда жакшы продюсер таппай жатам. Чыгармачылыкта сени колдогон адам болбосо бир топ кыйналат экенсиң. Продюсердин орду өзгөчө деп ойлойм. Тили чыккан балага ата-эне сүйлөгөндү үйрөткөн сыяктуу, жаңы чыгып келе жаткан ырчыга колдоо көрсөтүп, сахнанын ашканасын үйрөткөн продюсер болсо жакшы экен. Чынын айтсам, менде үн, талант, аракет болгону менен продюсердин жардамына муктажмын.
- Канча жашыңдан бери ырдай баштадың?
- Он үч жашымдан бери ырдап, белгилүү эстрада ырчылары менен гастролдорго чыгып жүрчүмүн. Азыр гастролдорго кошулбай, үнүмдү дагы жакшы тарбиялайын деп төрт жылдан бери кафеде иштейм. Теле, радиолорго атайын чыгынып барып ырларымды берген эмесмин. Эми ырларымды элге таанылтууга кичинеден аракет кылып жатам.
- Алдыда кандай пландарың бар?
- Болгон аракетимди ырларыма арнап, жаңы ырлардын үстүндө иштөөдөмүн. Дөөлөт аттуу байке менен аранжировка жаздыруучу студия ачканбыз. Азыр ал студиянын кызматынан бир топ ырчылар пайдалана баштады. Жакшы тилек жарым ырыс дегендей, мен да эл сүйүп уккан, элге жаккан жагымдуу ырларды алып чыккым келет.
Акыл Карачач