Шайлоо - 2009

Шайлоого барасызбы? Барсаңыз кимге добуш бересиз?
Кыргызстандын ажоосун тандоочу шайлоо жакындаган сайын ар бир кыргыз жаранынын патриоттук сезими күч алууда. Алты талапкердин кимиси элдин ишеничине кирип, жеңип чыгаары азырынча белгисиз болсо да, учурда эл арасында ар кандай ой-толгоолор болуп жатат. Ал эми сахна жылдыздары кайсы талапкерди тандашаары төмөнкү материалда.


Гүлшайыр Садыбакасова:
- Шайлоого чын дилим менен барып катышам да, Курманбек Бакиев Салиевичти шайлайм. Анткени, акыркы эки жылдын ичинде өлкөнүн өнүгүшүнө абдан көңүл буруп, көзгө көрүнө турган жакшы иштерди жасады.


Сыймык Бейшекеев:
- Кыргызстандын атуулу катары милдеттүү түрдө шайлоого катышам. Курманбек Бакиевди шайлайм. Себеби, көп иштерди баштап, Кыргызстандын өнүгүшү үчүн жакшы аракет жасоодо. Биз болгону ага мүмкүнчүлүк беришибиз керек.


ильяз абдразаков:
- Президентибиз Курманбек Бакиевге үгүт иштерин жүргүзүп жатабыз. Анткен менен шайлоого барар-барбасымды чече элекмин. Анткени, буга чейин бир да жолу шайлоого катышып көргөн эмесмин.


Азамат болгонбаев:
- Кыргызстандын жараны катары шайлоого катышам. Алмазбек Атамбаевди шайлайм. Себеби, адам катары да, саясатчы катары да, президент катары да ал кишини сыйлайм.


БЕк
БОРбиев:
- Шайлоого милдеттүү түрдө барып катышам. Бакиев Курманбек Салиевичти шайлайм. Себептери абдан көп.


Нуриса абазова:
- Кыргызстандын келечеги чечилип жаткандан кийин, сөзсүз, шайлоого катышам. Талапкерлердин арасынан башка татыктуусун деле көргөн жокмун. Ошондуктан, Курманбек Бакиевди шайлайм.


Мерген турган:
- Албетте, шайлоого барам. Курманбек Бакиев балким, көп иштеринин аягына чыкпай калды. Дагы бир мүмкүнчүлүк берсек, жалпыбыз үчүн жакшы ийгиликтерди жаратат деген ойдомун.


Асел турдалиева:
- Шайлоого барып катышам. Курманбек Салиевич башчылыкка татыктуу инсан. Кыргызстан үчүн жакшы иштерди жасап жатат.


Назгүл Насиева:
- Мен алгач Алмазбек Атамбаевди шайлайын дегем. Бирок, кайра эле президентибиз Курманбек Салиевичти шайламай болдум. Себеби, жаңы президент иштин көзүн таап, бир нукка түшкүчө жок эле дегенде дагы беш жылга артка кетебиз. Ошондуктан, Курманбек Бакиев эле ылайыктуу болуп турат.


Айылчы орозалиев:
- Карап көрсөм, жаңы талапкерлердин арасында президент болууга татыктуусу жок экен. Кайра эле Курманбек Бакиевди шайлайм.


Тынар Курбаналиев:
- Катышпайм. Анын өзүнүн себеби бар, бирок, айтпайм.


Нурдөөлөт копоев:
- Мен шайлоого катышпайм. Анткени, президенттикке татыктуу эч ким жок. Андан көрө эс алганым жакшы го.


Рустам аташов:
- Шайлоого барам. Курманбек Бакиевден башка татыктуусу деле жок. Президент кайрадан эле ишин улантса жакшы го.


Кубик калыков:
- Мен ден-соолугума байланыштуу шайлоого катыша албайт окшойм. Бутумдан операция болуп, жаңы эле ооруканадан чыктым.


Үмүт Тилегенова:
- Шайлоого катышам. Мурда эле ойлонуп чечип койгом, президентибиз Курманбек Бакиевди эле кайра шайлайм.


Токторбек Бекбоев:
- Албетте, шайлоого барып, үй-бүлөбүз менен Алмазбек Атамбаевге добушубузду берип келебиз.


Нурзат жолдошева:
- Шайлоого барам. Кайрадан эле президентибиз Курманбек Бакиевди шайлайм.


Айгүл чалова:
- Мен президенттикке Курманбек Бакиевден башка талапкер жок деп ойлойм. Ошондуктан, чын дилим менен Бакиевге добушумду берем.


Азиза:
- Кудай буюрса, шайлоого катышам. Курманбек Бакиевди шайлайм. Андан башка татыктуусу деле жок го…


Алтынбек алымов:
- Мен ден соолугума байланыштуу ак ичип келгенге жайлоого кетип жатам. Ошондуктан, шайлоого катыша албай калат экенмин.


шайырбек арапов:
- Мен шайлоо күнү иштер боюнча Ысык-Көлдө болуп калгандыктан, шайлоого катыша албай калат экенмин. Мен Бишкекке катталгам да.


назик исраилова:
- Шайлоого катышам. Кандидаттардын арасынан татыктуулары Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаев болуп жаткандыктан, кимисин тандаарымды билбей жатам.


Салима балтаева:
- Сөзсүз барам. Курманбек Бакиевди эле шайлайм.


фархат кеңешбек уулу:
- Шайлоого катышам. Темир Сариевди шайлайын деп жатам.


гүлзинат суранчиева:
- Шайлоого катышам. Алты талапкердин ичинен татыктуусу Курманбек Бакиев болгондуктан, добушумду президентибизге эле берем.


максат бегалиев:
- Шайлоого катышам. Азырынча кимди шайлаарымды толук чече элекмин. Бирок, Курманбек Бакиевди эле шайлайм го.


жанета бобкова:
- Шайлоого катышам. Курманбек Бакиевди шайлайлы деп үгүт иштеринде жүрөбүз. Себеби, татыктуу иштерди жасоодо.


байыш момунов:
- Албетте, катышыш керек. Шайлоо кайсыл жерде болбосун паспортумду көтөрүп алып барып, добушумду Курманбек Бакиевге берип келем.
улан молодосов:
- Кыргызстандын патриоту катары шайлоого катышам. Курманбек Бакиевди тандайм. Балким, аткара турган иштерине жетишпей калды.


Замир Арыкбаев:
- Шайлоого катышам. Бакиевди шайлайлы деп ырдап жүрбөйбүзбү?! Демек, Курманбек Салиевичти.


Айнура Касымова