Сырмаек

Айчүрөк Иманалиева:
"Анжеликанын калп сүйлөгөнүн кичинесинен билчүмүн"
Айчүрөк айымдын алты жаштагы секелек кызды сахнага алып чыгып, өз энесинен кем эмес бөпөлөп өстүргөнүнө калың журт күбө. Ошондогу секелек азыр - эне. Бирок, Анжелика акыркы кездердеги жоруктары менен чыгармачылыктагы энесин нааразы кылып жүрүптүр.

- Айчүрөк эже, жайкы эс алуу маалында эмне менен алек болуп жатасыз? Эс алуудасызбы же эмгекчил жаныңыз дагы деле иштеп жүрөсүзбү?
- Негизи эле "Мен эс алууга кеттим" деп алдын ала пландаштырып, телефондорумду өчүрүп коюп атайын эс албайм. Жакшы адамдар менен баарлашсам, 3-4 саатка жаратылыш койнуна чыгып келсем, анан кылган ишимдин жыйынтыгын көрсөм, ошол менин эс алганым. Албетте, үй-бүлөбүз менен 4-5 күнгө Көлгө барып келебиз, бирок, азыр үйдө элебиз. Буюрса, октябрь айында опера жанрында ырдап, ошол жагынан өзүмдү сынап көрсөмбү деп жатам.
- Эмнеге мындай чечимге келдиңиз?
- Менин өз апамдын кесиби опера ырчысы болчу. Тилекке каршы, ал ден соолугуна байланыштуу бул чөйрөдө иштей албай, таятамдын "кызымды опера ырчысы кылам" деген тилегин орундата албай каза болуп калган. Мен Күрөңкеевде төрт жыл вокал бөлүмүндө окугам да. Кызыгы, мен да апамды окуткан Коновалова деген еврей вокалистке туш болуп калбадымбы. Ошол мугалим менин үнүм күчтүү драмалык сопрано экенин баса белгилеп айтчу. Бир чети таятамдын тилегин орундатуу максатында, бир чети өзүмдүн каалоом менен азыр бир кезде чогуу окуган группалаштарым менен байланышып, алардын кеп-кеңешин угуп, өзүмдү сыноого даярданып жүрөм.
- Эстрададан оркестрге биротоло өтүү тууралуу оюңуз жокпу?
- Андай болушу да мүмкүн. Элдердин кабыл алуусуна, өзүмдүн мүмкүнчүлүгүмө карайм.
- Кызыңыз Аэлитаны опера ырчысы кылам дечү эмес белеңиз. Кызыңыздын музыкага болгон шыгы байкала баштадыбы?
- Ооба, мен бул оюмдан кайтпайм. Аэлита азыр төрткө карап калды. Арлен англис тилин тереңдетип окуп, жекече мугалимден сабак алат. Окуп келгенин үйгө келип Аэлитага үйрөтөт. Аэлитанын музыкага шыгы бар. Тили жакшылап чыкса, буюрса, ырдап чыгат.
Өткөндө баарыбыз түнкү он экиде тойдон келсек, телевизордо Ширли деген жаз ырчысынын концерти болуп жатыптыр. Түнкү экилерге чейин уктабай биз менен кошо дит коюп концертти көрүп отурду. Ошол концерттен ушунчалык катуу таасирленип, кызыма: "Аэлита, карачы, кандай мыкты үн!.." деп аялга суктанып жатпаймынбы. Бир аздан соң Аэлита: "Мамочка, у тебя тоже красивый голос!" деп жатпайбы. Ичим тимеле эзилип кетти. "Кыз бала башкача болот" дешсе, маани берчү эмесмин.
- Кыям, компот жасоонун маалы келбедиби. Сиз да кышка даярдык көрө баштадыңызбы?
- Варенье, компотторду жасоону баштай элекмин, 3-4 күндүн аралыгында баштайын деп жатам. Балдарым кулпунай, малинанын вареньелерин жакшы көрүшөт. Булардан башка да карагат, өрүк, кыскасы, кандай жемиш болбосун, ылайыгы келгенинин баарынан варенье жасайм.
- Негизи эле канча банка консервалайсыз?
- Ал менин чөнтөгүмө жараша болот. Акчам кенен болсо варенье, салат болуп 500 банкага чейин жасаган учурларым болгон. Акчам азыраак болгондо 100-200 банкага чейин болуп калат.
- Өзүңүз эң жакшы көргөн кышкы салаттын рецебинен окурмандар менен да бөлүшө кетпейсизби?
- Баклажандан жасалган салатты он тогуз жашымда бир татардын үй-бүлөсүнөн үйрөнгөм. Ошондон бери жыл сайын ошондой салат жасайм, муну азыр үй-бүлөбүз менен жакшы көрөбүз.
Демек, ал мындай: Чоң-чоң баклажандарды 3-4 сантиметр калыңдыкта туурап, майга кууруп алабыз. Бууланган банкага 2 чай кашык кумшекер, 2 чай кашык туз, 1 чай кашык 70-80 пайыздуу уксуз куябыз үстүнө куурулган баклажанды салып, анын үстүнө шакекче түрүндө тууралган пиязды, кызыл жана жашыл болгар калемпирин, көк чөп, укроп, помидорду биринин үстүнө бирин кабат-кабат кылып салабыз. Баса, банканын түбүнө 4-5 тишче сарымсакты таштап коюш керек. Андан кийин банка толмоюнча ушул жашылчаларды кайра кабат-кабат кылып сала беребиз. Анан банканын үчтөн бир бөлүгүнө чейин кайнаган суу куюп, кайнатылган капкактарды банканын оозуна коёбуз да, мискейдеги кайнап жаткан сууга салып 35-40 мүнөт кайнатабыз. Андан соң банканын оозун бекитип, бир күн көмкөрүп коёбуз. Банкага куюлган суу менен жашылчалардын суусу аралашып, салат аябай суулуу, кооз болуп чыга келет. Даамы болсо куйруктун даамындай болот.
- Айчүрөк эже, Анжелика жакында "Камбаркан" ансамбли менен Швейцарияга барып келген турбайбы. Ушул боюнча "Чоңдор аркылуу Айчүрөк Иманалиева коштуруптур" деген сөздөр жүрүп жатыптыр…
- Бир күнү эле менин телефонума белгисиз номерден бирөө чыгып: "-Айчүрөк, биз сени баарына өз эмгеги менен жетишет - деп сыйлап жүрсөк, бул эмне кылганың? Чоңдорду ортого салып биздин ансамблден бирөөнү чийдирип, Швейцарияга кызыңды жөнөтүп жатыптырсың. Ушундай ыплас нерседен уялбайсыңбы?" деп калды. Мен эч нерсе түшүнбөй эле "Ким бул?" дегиче трубканы коюп салды. Мен бул боюнча эч нерсе уга элек болчумун. Кызыктай абалда болуп калтырап кеттим. Анан Анжеликага чалып: "Анжелика, сен эмне, Швейцарияга барганы жатасыңбы? Мага бирөө чалып ушинтип жатат го" десем: "Жо-ок, эже, мен бул боюнча эч нерсе билбейм. Өлүп кетейин, Кудай урсун! Бирөө мага "приятно" кылайын деп коштуруп коюптур, мен азыр ага чалып, такташам" деп калды. Ушинтип карганып жатса ишенет экенсиң да. Бирок, мен Анжеликанын калп сүйлөп коёрун кичине кезинен эле билчүмүн. Атүгүл апасынын да "Айчүрөк, Анжеликанын калп сүйлөп койгонун өзүңүз деле билесиз го…" деп моюнуна алган жери бар. Ошондуктан, текшерип коёюн деп кайра филармонияга чалып сурасам: "Ооба, Анжеликаны бирөөлөр келип коштурган. Биз сен аркылуу болгон иш экен деп ойлогонбуз. Бир ай мурун документтерин алып келип, эки жолу чогулушубузга келип катышып кетти" дешти. Антип бирөөлөр аркылуу, тетири жол менен жасалган иштер эч качан жакшылыкка алып барбайт. Мен Анжеликанын устаты катары буга нааразымын. Ал ушул убакка чейин менин эмгегимди, күчүмдү, энергиямды пайдаланып алып, акырында мага кол жоолуктай мамиле кылып койду. Анын үстүнө Анжелика менен "Камбаркандын" кандай тиешеси бар?
- Анжелика сизге айтпай турмушка чыгып кеткенде да ушундай абалда калдыңыз эле…
- Негизи, жаштардын арасынан биринчи жолу Анжеликанын концертин мен өткөргөм. Балдарымдын жеген тамагынан, кийген кийиминен сарамжалдап, болгон каражатымды Анжеликанын кийимине, ырына, имиджине, рекламасына жумшагам. Кандай адам болбосун, жасаган аракетинин үзүрүн көрөйүн деп тилек кылат да. Ошентип, дос-тааныш, тууган-уругум менен сүйлөшүп жатып билеттеринин баарын өткөрдүм. Натыйжада, концерт аншлаг менен өттү. Менин оюм боюнча ошол концерт менен турнеге чыкмакпыз. Бирок, ага жеткирбей эле Анжелика турмушка чыгып кетпедиби. Болор иш болду деп отурсам, бир күнү өзү келип: "Эже, мен жаңылышкан экенмин, кайрадан иштешели" деп келиптир. Алты жашынан бери чогуу жүрүп кызымдай эле болуп калбады беле, кыя албай иштешкенге макулдугумду бердим. Ошентип, ырларын кайра телеканалдарга берип, чыгармачылыгын жанданта баштадым. Анан эле кайра мындай мамиле кылып койбодубу.
- Анжеликанын кичине кезинде ырдаган ырлары сиздин үнүңүз менен жазылганы чынбы?
- Чын. Музыканын тили менен айтканда дабл-трек деп коёт, башкача айтканда, биринчи мен ырдайм, анан мени ээрчип ал ырдайт, аягында экөөбүздүн үнүбүздү кошуп коёт. Анжелика кичинекей кезинде ырдап жүргөн "Жөжөлөрүм", "Эжекемдей боломун" деген ырлары ушундай жол менен жазылган ырлар. Мен үнүмдү ар кандай кылып өзгөртүүгө жөндөмдүү экенимди билгендер "мультфильмдердеги коёндордун, козулардын үнүн окусаң сонун чыгат" деп тамашалап калышат. Жаш балдардын үнү менен азыр деле ырдайм.
- Элдин көзүнчө "Алган акчамды катышуучулардын баарына бөлүп берем" деп сөз берип, бирок, убадасына турбаптыр. Аз-аздан эле бериптир да, "налогдон калганын Айчүрөк эже алып койду" дептир. Коомчулукта айтылып жүргөн ушундай сөздөр туурабы?
- Мен Анжеликадан албай эле, Анжелика менден көп нерсе алып, кайтарган жок. Башкаларга канчадан бергенин билбейм, бирок, мага кооз сөздөрдү сүйлөп туруп 5 миң сом берди. Эгер андан көп алсам, сакалдуу башым менен эмнеге калп айтмак элем?!
- Анжелика сизге канча иштесе эмгегиңиз акталган болор эле?
- Мен беш жыл дебейин, жок дегенде эки жыл иштеп берип койсо мен ошого ыраазы болот элем. Ушуну эл да туура көрмөк, Кудайга да жакмак. Анан акчасынын чети көрүнгөндөр аркылуу чет өлкөгө барбай эле өзүбүздүн эмгегибиз менен жер кыдырып концерт койсок, эл алдында жүзүбүз жарык болбойт беле?! А негизинде менин Анжеликага сарптаган эмгегимди тараза менен ченегенге, метрлеп өлчөгөнгө болбойт. Анын баарына калың журт күбө болбодубу.
Азиза
САТИМБЕКОВА