Айнура темир тулпардын ээси
Жаш ырчы Айнура Салахидинова 7-июль күнү "Ниссан" үлгүсүндөгү темир тулпарлуу болду. Мурда эле айдоочунун күбөлүгүн алса дагы, бир да жолу рулга олтуруп көргөн эмес. "Иним Рустам экөөбүз бирге акча чогултканбыз. Ак түстөгү машина айдоо менин кыялым болчу. Эми минтип ошол кыялыма жетип отурам. Шаар ичинде машина айдоо кыйыныраак болгондуктан, көнгүчө иним жанымда болууда" дейт ырчы Айнура.

Айдин Шер кафеде иштейт
Өзгөчө ысымдын ээси Айдин Шер жаңы ырларын жаздырып, чыгармачылыгына жакшы көңүл бурууда. Аны менен бирге кечкисин шаарыбыздагы белгилүү кафелердин биринде музыкант болуп иштей баштады. Бир жагынан акча тапса, экинчи жагынан күн сайын жандуу ырдап, үнүн жакшыртууда. Эске салсак, ырчы буга чейин бир да кафеде музыкант болуп иштеп көргөн эмес экен.


53 жашында рулга олтурган Саламат Садыкова
Дүйнө элине таанымал ырчы Саламат Садыкова 26 жашында комуз үйрөнсө, 53 жашында биринчи жолу рулга олтурду. Башкача айтканда, Саламат айым буга чейин машина айдаганга кызыкпай келсе, барган сайын ишинин көптүгүнөн өзү машина айдаганга туура келген. Ошентип Саламат айым заманбап машиналардын бири "Мерседес E 420" үлгүсүндөгү боз түстөгү темир тулпардын ээси болду. Небереси Сайкалды жанына олтургузуп алып, зуулдатып машина айдаган эжебиздин дөөтүсү кут болсун демекчибиз.

Жайкы эс алуунун жыргалына баткандар
Ар бир нерсенин өз учуру бар дегендей, жайкы эс алууда сахна жылдыздары Ысык-Көлдү көздөй бет алышып, чыгармачылыктын түйшүктөрүнөн бир аз болсо да арылышууда. Продюсер Назгүл Насиева достору белек кылган 12 күндүк жолдомо менен "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатында эс алып жүргөн болсо, продюсер Канат Култаев менен ырчылар: Мирбек Атабеков, Омар, Арсен, Даниел, Омалар "Ала-Тоо" пансионатында эс алышууда. Ырчылар бул жолу концерттик программа менен барбастан жөн гана сууга түшүп, күнгө күйүп көлдүн жээгинде болушат.

Бешик бооңор бек болсун!
Ар тараптуу таланттын ээси Асема жакында эле көз жарып, жолдошу Акжолго ата деген статусту ыйгарды. Уулдуу болгон Акжол кубанычы койнуна батпай, маңдайы жарыла сүйүнүп, ата-эне, дос-туугандарына жентек тоюн берип жүргөн убагы. Учурда уулу Адахандын жана келинчеги Асеманын ден соолугу абдан жакшы. Жубайлардын наристесинин өмүрү узун, келечекте бактылуу эр азаматтардан болуп чоңойсун демекчибиз.

"Жыйырманчы жаз" жагымдуу үн издейт
Буга чейин гезитибизге жарыяланып келген "Жыйырманчы жаз" көркөм фильминин сюжеттерин тасмага тартуу аяктап, учурда монтаж жүрүп жаткан кез. Режиссёр Алим Токторовдун айтымына караганда монтаждан кийин кошумча эпизоддор да тартылып, башкы ролду аткарган каарман кыздардын үндөрүн окуш үчүн жагымдуу, уккулуктуу үнү бар кыздарга кастинг жарыяланат. Бул кастингдин максаты катышкан каарман кыздардын үндөрүнүн начар экендигинде эмес. Болгону кино сүйүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн орун алган үндөрдү, музыканы таба билүү менен режиссёр бул тасмадан кемчилик кетирбей, өз максатына жүз пайыз жетүүгө аракет жасоодо. Тасманын финалдык бөлүгүн Түгөлбай Казаковдун "Жыйырманчы жаз" аттуу ыры саундтрек катары толуктаса, ага чейинки саундтректерге жаз, жамгыр, махабат темасындагы ырларга да тандоо жүргүзүлөт.
Башкы каармандардын үнүнө төп келген уккулуктуу үнү бар 18-25 жаштагы кыздарды жана аталган махабат темасындагы обондуу ырлары бар обончу, аткаруучуларды кастингге чакырабыз. 0700603685, 0312603685 телефондоруна байланышсаңыз болот.

Айнура Касымова