Атактуулар ааламында

Андрей Малахов
Россиянын белгилүү алып баруучусу Андрей Малаховду тааныбаган жан жоктур. Тилинен чаң чыккан, оригиналдуу имиджи менен башкалардан айырмаланган алып баруучунун экран артындагы жашоосу менен окурмандарды тааныштырабыз.

Эмнени жакшы көрөт?
Иттерди
Операны жана Элизабет Шварцкопту
Пельменди
Земфираны
Ич кийим кийбеген кыздарды
Вудди Аллендин кинолорун
Кулпунайды
Жынсы шымдарды
Эмнени жаман көрөт?
Мышыкты
Телефондогу сүйлөшүүлөрдү
Деми Мур менен Арнольд
Шварценегрди
Сараң адамдарды
Жуулбаган кир подьезддерди
Кыш мезгилин
Эльдар Рязановдун акыркы кинолорун
Карагатты

Атактуулукка алгачкы кадам
Андрей Малахов 1972-жылы 11-январда Мурманск облусунун Апатита шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдөгү жалгыз уулду Андрейдин атасы Николай Малахов менен Людмила Николаева көзүнүн карегиндей сактап, бапестеп чоңойтушкан. Андрейдин сырткы келбети атасыныкына, мүнөзү апасыныкына окшош. Апасы азыркы күнгө чейин бала бакчада иштейт, ал эми атасынын кесиби геофизик болгон. Балалыгы тууралуу Андрей азыркы учурда көп деле айта бербейт. Болгону төртүнчү классында "Золушка" мультфильмин түстүү телевизордон көргүсү келгенин унутпайт. Малаховдун үй-бүлөсү анча бай турбагандыктан, элдин баарында түстүү телевизор болсо, алар түссүз эски телевизорду көрүп отурушчу. Кээде апасы менен атасы үйүндө жок кезде кошуналарыныкын кыдырып көрүп келчү экен.
Мектепти аяктагандан кийин Мурманск облусунда жүрүп алыска кете албасына көзү жетип, борборго МГУга келип журналистика факультетине тапшырат. Экинчи курсту аяктап жатканда Америка Кошмо Штатынын Мичиганск университетине тажрыйба алмашууга жиберилет. Ал жерден да жөн жатпай бир саатка беш доллар акы алып, кыдырып гезит сатып жан баккан. Мамлекет тарабынан жатаканага бир жылга эки жүз доллар бөлүнүп берилгени менен Андрей шаарды кыдырып, көзү көргөндү алып, эки күндө ал акчаны жок кылган. Андан кийин АКШдагы "Детройта" телевидениесине орношот. Америкадан топтоп келген тажрыйбасы "Останкиного" жумушка орношконуна жакшы жардам берген. Токсонунчу жылдардын башында Андрей Малахов көрүүчүлөрдүн алдына "Стиль" деген берүүсү менен чыга баштайт. Бир күнү "Кутман таң" берүүсүнүн алып баруучуларынын баары жайкы эс алууга чыгып кеткенде, жетекчилер эч кимди таппай, Андрей Малахов колдоруна урунган. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгаргысы келбеген Андрей бардык жоопкерчиликти мойнуна алып, өзүнүн профессионалдыгын көрсөтө алган. Ошентип, жетекчиликтин арзуусуна татыган Андрей "Большая стирка", "Пять вечеров", "Пусть говорят" берүүлөрүн алып барганга үлгүрөт.

"Карьерамды таштасам жарым жылга жетпей унутулам"
Отуз жетиге чыккан Андрей Малахов азыр "Останкинонун" жүзү десек жаңылышпайбыз. Карьерага басым жасап, жеке жашоону экинчи орунга жылдырган алып баруучу өзүнүн карьерасы тууралуу төмөнкүлөрдү баса белгилейт:
- Эгерде мен азыр иштөө темпимди бир аз эле азайтсам, дароо ылдыйга түшөм. Бийиктикке чыгыш оңой, бирок, ошол бийиктикте көпкө кармалыш кыйын. Продюсерим Лариса Кривцова мага: "Андрей, дайым изденүүдө бол. Валдис Пельшти көрдүңбү, жети жыл теледе иштеп, азыр бир да долбоору жок. Сен дагы ага окшоп бат эле элдин эсинен чыгасың" деп көп айтат. Эгерде мен чындап эле бир аз гана артка чегинсем, буга чейинки эмгегим, атагым дароо солгундайт. Карьера мен үчүн биринчи орунда турат. Эгер аны таштасам, көрүүчүлөр жарым жылга жетпей унутушат,- деп түшүндүрмө берет.
Андрей бир мүнөт да, бош убактым жок дегенин достору туура түшүнбөй көп учурда таарынышат экен. Ал эми журналисттерге берген интервьюларында үй-бүлө курганга, кыз тандаганга да, убакыт жок деп айтканы бар. Учурда кесиптештеринин арасынан Екатерина Андреева, Иван Ургант менен жакшы мамиледе. Андрей анда-санда бош убактысы боло калганда жумушка жаңы орношкон кызматкерлерге кеңешин айтып, аларга жардам бергенди жакшы көрөт. Ал эми Нью-Йоркко саякаттап акча короткондон көрө, ошол каражатты өзү жашаган үйдүн подьездин оңдоткону артык. Негизи эле табиятынан Андрей аябай сарамжалдуу, камкор адам дешет аны жакындан тааныгандар.

Экран артындагы жашоосунан
2006-жыл Андрей үчүн эң оор жылдардан болгон. Анткени, ушул жылы атасы Николай Малахов жүрөк оорусунан каза болсо, артынан чоң атасы менен чоң апасы көз жумган. Атасын акыркы жолу көрүүгө Андрей учуп келгенде Николай комада жатып, баласын тааныса да, сүйлөшүүгө жараган эмес. Азыр апасын борборго алып кетейин десе ал макул болбойт. Себеби, күйөөсүнүн мүрзөсүн кароосуз калтыргысы келбейт экен. 2006-жылы 22-мартта 59 жашында каза болгон атасынын көрүстөнүнө Андрей бат-баттан барып турат.
Бат-баттан имиджин өзгөртүп турганды жакшы көрөт. Көзүнүн түсүн улам өзгөртүп линза салдыруудан тажабайт. Бешинчи класстан бери чогултуп жүргөн маркаларынын саны азыркы тапта 300дөн ашты. Андан тышкары, Америкадан гүл өстүргөндү мыкты өздөштүрүп келген. Учурда ал өнөрүн таштабай, балконуна жайнатып гүл өстүрүп алган. Кайсыл үйдүн тушунан өтүп бара жатпасын, сөзсүз балконуна көңүл бурат. Эгерде балкондор гезит менен калкаланып турса, же банка тизилип турса көңүлү ирээнжийт.
Бир жумада бир жолу чач тарачка барат, эртең менен күнүгө жумушка он беш мүнөткө кечигип барат. Себеби, саат тагынганды, сүрөткө түшкөндү жаман көрөт. Жада калса чет мамлекеттерге эс алганы барганда жанына фотоаппарат албайт. Бардык тармакта башкалардан өзгөчөлөнгүсү келген алып баруучу ушул убакка чейин бир да жолу туулган күнүн белгилебептир. Өзүнөн арткан акчаларын кайрымдуулук иштерине жумшап, чиркөөлөргө көп жардам берет.

Андрейдин айымдары
Андрей бир жылга жакын мектепти бүтө элек Лида аттуу кыз менен сүйлөшүп, апасы Маргарита менен жетелешип жүргөнү көпчүлүккө маалым. Өзүнөн он тогуз жаш кичүү Лида менен Андрей Франциядан таанышкан. Мектепти аяктаган Андрейдин сүйүктүүсү архитектор болгусу келээрин билдирип, жогорку окуу жайга тапшырган. Качан баш кошушаарын алып баруучу дагы эле сыр бойдон сактап келүүдө.
Бир аз артка кылчайсак, Андрей Малахов мурда бизнесайым Марина Кузьминаны жакшы көрчү. Экөөнүн сүйүүсү эки жылга созулуп, бирде урушуп, кайра табышып жатып аягында экөө бири-биринен кол үзүштү. Андан кийин шоу-бизнестеги белгилүү ырчылардын бири Елена Кориковага жармашкан. Алаканына салып бапестеп, көзүнүн агы менен тең айланган алып баруучунун кадырына Корикова жетпей таштап баса берген. Көпчүлүккө ызы-чуу жаратканды жакшы көргөн Ксения Собчак менен Андрей Малахов жакшы мамиледе экенин эл укканда "бири-бирин издешпей табышыптыр" деген сөздөрдү айтып, ал тургай экөө жөнүндө анекдоттор да чыккан эле. Ксениянын кыялына көпкө чыдабаган Андрей ага дос бойдон калууну сунуштаптыр.
Арзуусун билдирип кат жазган күйөрман кыздарынын арасынан да, Малахов өзүнө түгөй издеп көргөн. Интернеттен жакшы эле кат жазышып, тыгыз мамиле түзгөнү менен жолугууга келгенде Андрей кыялдангандан башкача кызды көргөндө көңүлү суучу экен. Болочоктогу жубайынын карьерага умтулушун, интеллектуалдык деңгээли жогору болушун, дүйнө таанымы бай болушун каалайт. Аялын үйгө отургузуп койгондорго каршы пикир айтат. Анын ою боюнча карьерага умтулган аялдардын жанында эркектер өзүн ишенимдүү сезет.
Андрейдин бир аялдан аябай көңүлү калган. Өзүнөн тогуз жаш улуу Марина аттуу бийкечке үйлөнөм деп жатканда ал сүйгөнү он тогуз жаштагы барменди сүйүп калып, аны менен ээрчишип кете берген. Андрей бул тууралуу бир да массалык маалымат каражаттарына айтпаса да, бул маалымат шамалдай тез тараган. Андрей үчүн ошол мезгил эң оор учурлар болгон дешет жакын достору. Айрым кесиптештерине Андрей Маринаны ушул күнгө чейин жек көрөөрүн, ылайыгы келсе өч алаарын билдирген.

А. Сабырова