Окумал

Бактылуу боло алдыкпы?..
Эки адам-аял, эркек… Экөө тең бири-бирин сүйүшөт, бирок баш кошо алышпайт. "Эмнеге?" деген суроо туулса анда баян башынан болсун…

Аял - абдан татынакай, келбети да келишимдүү, узун чачы көчөдөгү эркек эмес аялдардын да көңүлүн бурдургудай жарашыктуу. Кой көз, кара торунун сулуусу делген айым. Карап туруп күйөөсү жок экенин укканда "Эмне, эркектердин баары сокур болуп калышканбы, мындай сулууну көңүл, көздөрүнө илбей?" деген да ой кетээр эле.
Сиз да минтип ойлосоңуз-жаңылышасыз. Анткени, биз сөз кылып жаткан айымдын жалгыздыкты сүйөм деп үй-бүлө күтпөй жүргөн себеби бар: өзүнө идеал туткан, эбактан бери эле көңүлүн, жүрөгүн өзүнө имерип алган эркеги үй-бүлөлүү эле.
Мындан он жыл мурун никеси кыйылып, паспортунда мөөр басылып калган эркектин оюна кайра жаңыртып, үй-бүлө куруу келген да эмес чыгар. Балким, ойлосо ойлогондур а бирок, ал ойдон алаксып тезирээк башка нерсеге бурууга шашчу.
Анда эмне биздин айымды сүйбөйбү? Убактылуу ойноп, көңүлүн ачып жүргөндүр, деген ой туура эмес. Сүйөт! Бардык жагынан жактырат. Жасаган тамагын, өзүн алып жүргөнү, а төшөктө… Ырахаттан өзүн башкара албай бакытка чумкуган эркек не бир асыл, ысык сөздөр менен жалынып-жалбарып аялга деген ыраазычылыгын билдирчү. Чоло жерин калтырбай өпкүлөп, эркелетчү.
Экөөнүн ар бир жолугушуусу чоң майрам эле. Сөзсүз биздин айым жактырган кызыл түстөгү ачылган роза гүлү, эң жакшы көргөн конфети "Рафаелло" менен келе турган. Эркек айымды аябай сыйлачу. Өзүнүн көп маселелери менен бөлүшчү, кеңешчү, эркесинин да бүт иштерин чечишкенге аракет кылчу. Чоң тирөөч эле. Бир гана кемчилиги биздин айым каалагандай көп убакыт бөлө алчу эмес, ээрчишип эки жакка бара алчу эмес.
Дайыма телефон чалып, абдан сүйөөрүн ар убак айтып кайталап тураар эле. Күн алыс кечки саат сегиз менен тогуздун ортосунда телефон аркылуу бийкечине бейпил түн каалап турчу.
Ушинтип эки, анан үчүнчү жылга кетти…

х х х

Кызым, алтындай убактың учуп кетип атпайбы? Жок дегенде төрөп ал, эми мынча болду,-деп жүрдү апасы тынчсызданып.
- Нары же бери боло албаган эркекти эмне кыласың?! -деди сиңдиси апасын коштой,- Каалайсыңбы мен сени… Мен иштеген ишканада бойдок, кандай гана эркектер иштейт.
- Кантип?! Мен башка эркекке жүрөгүмдү бура албайм го. Мен аны чын дилимден сүйөм деп ойлойм. Бирок, үй-бүлөсүн дагы бузгум келбейт.

х х х

- Сен менин берекемсиң! Жаным, жалгызымсың,-дээр эле ар дайым жан шериги телефон чалган, жолуккан сайын, "мен өмүр бою сен менен, сен деп жашап өткүм келет!"
Эркек болсо аяр жыттап, анан өпкүлөгөнгө өтчү. Үн дечү эмес. Эмне демек эле?..
Бир күнү сиңдиси турмушка чыгып үйлөнүү той өткөзүштү. Мына ошол тойдо айымды келишимдүү, башка эркек менен тааныштырып калышты. Эмнегедир аял бул жолу жаңы тааныш эркектен качкан жок. Чакырган бийинен баш тартпай бийге түштү. Өзүнүн ачылып күлүп, кантип аны менен узун сөзгө берилип кеткенин байкабай да калды. Тойдун аягында телефон алмашып коштошушту. Акыркы үч жыл ичинде бүгүн биринчи жолу өзүнүн эркеги жөнүндө ойлонбой көңүл ачканына таң калды аял. Таанышы көп узатпай эки күндөн кийин жаңы ачылган ресторанга жолугушууга чакырды. Ойлонуп-толгонуп жатып макул болду. Өзүнүн жакшы көргөн гүлүн сунганда жылмайып жиберди. Эмнегедир бул жолугушууда маңдайындагы эркек өзүнүн сүйгөнүндөй болуп, саатын, же тааныштарым жок болсо экен деп эки жагын карана бербей, тынч атмосферада түн бир оокумга чейин отурушту. Айлар-айга алмашты. "Мен сени көрөөрүм менен көптөн бери издеп жүргөн түгөйүм мына дегем" деген жаңы тааныштын ысык сөзү аялдын башын айлантып, ойго салды. Колун сурады эркек. Алдыда чоң тандоо күтүп турду. Кыйналды. Жүрөгү жанчылды…
Өз эркеги менен жолугушуудан да дароо баш тарта алган жок. Кийин өкүнүп калбасам экен деди.
Бардык нерсенин аягы болот дегендей, бир кечте айымына телефон чалган эркекке эч ким жооп бербеди. Эркек тынчсызданып жубайына бир шылтоо айтты да такси менен бийкечинин үйүнө келип түштү. Тынчсызданып алган. Дал ошол маалда башка, өзү курдуу, бирок өзүндөй элтең-элтең эки жагын каранбай өзүн ишенимдүү карманган бейтааныш эркектин колтугуна кыналып, гүл кучактаган айымы бактылуу жылмая башка машинадан түшүп келе жатканын көрүп катып калды. Ишене албай турду. Өзүн сүйгөн, өзү деп жашаган аял башка эркек менен!!! "Макул,- деди эркек,-көңүл ачкың келген экен да, кечирем... Сен баары бир мени сүйөсүң, эртең көрүшөбүз…" деди кызганычтан жүрөгү кысыла, темтеңдей терс бурула берип.
Эртеси экөөнүн жолугушуусу болду. Ачылган кызыл роза… "Рафаелло"…
- Алтыным,- деп сөз баштады эркек, тамагын кырына. - Сен мени туура түшүнөөрүңө ишенем. Анткени сен акылдуу жансың. Биздин мамиле өтө эле тереңдеп кетти. Минтип улана бериши мүмкүн эмес. Сен күткөндү мен бере албайм. Сен каалагандай сага убакыт бөлө албайм. Сени да кыйнап, өзүм да кыйналгым келбейт. Сен да үй-бүлө күтүп, эне болушуң керек,- деп сынай тиктеп сөзүн бүтүрдү. Жүрөгүндө бул сөздөрдү айткысы келбесе да өзүн кыйнап айтты. Унчукпай уккан аял жылмайып алып:
- Чын эле сенден ушуну угуп жатамбы? Рахмат сага! Мен да ушул сөздү сага кантип айтаарымды билбей жүргөм. Жүрөгүңдү оорутуп аламбы деп кооптонгом.
Мындан кийин анча деле сөз улана бербеди. Эркекке күтүүсүз сокку болду, бирок сыр бербеди. Такыр башка жооп күткөн эле. Ыйлайт, таштаба мени деп жалооруйт деп ойлогон.
Экөө супсак, муздак коштошушту. Аялга деген роза стол үстүндө унутулуп калдыбы?... Же?..
Кечинде эркек көнүмүш адаты менен саат тогузда телефон чалайын деп ойлой, күндүзгү сүйлөшүү эсине түштү. Эми анын телефон чалуусун ал күтпөйт. Демек, чалып кереги жок. "Мүмкүн мен туура кылдым" деди эркек. Кафеге кирип, өмүрүндө биринчи жолу аялым сарсанаа болот, күтөт деген ой келбей мас болуп түн бир окумда темтеңдей үйгө келди.
- Сага эмне болду?-деген аялынын суроосуна кол шилтеп:
- Эми баары бүттү, эми мен толук сендикмин,-деди да диванга "күп" кулады.
… Аял-эркек көп жыл өтүп кезигип калышты. Бөтөнчө жакшынакай көрүндү, аял. Эркек тескерисинче карый түшкөндөй, кабагы да салыңкы.
- Сен аны сүйөсүңбү? -деди эркек.
Өзү болсо көптөгөн жылдар өткөнүнө карабай көңүлүндө ийненин эле көзүндөй тешик бүтөлбөй, көкүрөгүндөгү бөксөөлүктү кареги менен тең айланган жубайы да, "аталаган" балдарынын күлкүсү да, достору да толтура албай койгонун айта албай турду.
- Биздин уулубуз бар… Жашоом мен ойлогондой,- деди аял акырын гана.
Коштошуп кетип жатып карегине жаш кылгырган аял кандай ой ойлогонун сурабай деле койсоңуз? Биз качандыр бир кезде сүйгөн адамдарыбыз билбей кала берчү аялдык сыр болуп кала берсин. Турмуш ушунусу менен кызык турбайбы…
Аздек Намазбекова