Такталаш
Илгери өткөн заманда он эки мүчө - кол, бут, көз, кулак, баш жана башкалар бир төшөктө чалкалап жатышып, бир ойго келишет. Гениалдуу ойду ойлошот. -Минтип көрүнгөндүн этегин сагаалап жүрө бергенибиз болбойт, ушинте берсек ургаачыларга уттурабыз, тебелендисинде, алдында калабыз, биригели, ынтымактуу бололу дешет. Ошентип бирикмек болушат. Биригишип башчы шайламак болушат. Шайлоого баары катышат. Аягы өйдө шайлоо башталып бут өзүнүн талапкерлигин көрсөтөт. Программасын айтат. Дээрлик жүз каттамга чоюлган программаны эч ким жактырбайт. Эң башкысы "эгер мен ажо болсом эгерим солго баспаймын" дегенине эки аяктын ортосу каршы болот. Тура калып, жата калып кусуп - чычып каршылык көрсөтөт. ""Биз деген-демократиялуу адамбыз, бул айтканың туура эмес"- деп көшөрүшөт. Буга баятан кыска этектүү ургаачыны карап отурган көз да кошулат. Ошентип буттун программасы жакпай, шайлоодон четтейт.
Экинчи болуп көчүк өзүнүн программасын айтат. Убада артынан убадалар чуурат. Бирок көчүктүн бир чоң кемчилиги бар эле. Анысы көчүк эч качан алды жакты, демек, келечекти көрө алчу эмес. Көргөн билгени арт жак, демек, тарыхтан беш болчу. Ошондуктан канчалык сонун программа даярдабасын анын да ченеми чектелип шайлоодон ыргыйт.
Кезек "ортоңку "бутка" келип анын программасын уккандар чалкасынан кетишет. Ооз менен көчүк каткырып жиберишет. ""Кокуй, сен моралдык жактан таза эмес экенсиң, сен бизди башкарсаң ургаачы аттууда күн жок, биз да эки-үч эселеп иштеп калабыз, бовойт"-дешет. Ошентип, ортоңку буттун кыйкырыгын эч ким укпай, арызданаар адамы жок шылкыйып кала берет.
Өйдөлөп келип курсак өзүнүн программасын айтат. Угуп отурушса анын кылганынан да ашаганы көп болчудай. Жеп-ичкенден башканы айтпайт. Курсакты да талапкерликтен "жегич экенсиң" деген шылтоо менен алып салышат. Курсак байкуш курулдаган бойдон кала берет.
Колдун кезеги келип өзүнүн кыла, жана кылбай турганын айтып бир топко далбастайт. Башчы болсо инвестицияны алып- жулуп, керек болсо уурдап келээрин айтат. Ага да болбосо ак эмгек менен иштеп ийем дейт. Айтканына он эки мүчө таң калып, кулак элейип, көз селейет. Көз бир чекитке токтоп калат. Буттар шалдайып, ооздон сөз түшөт. Көчүктөн түшүнүксүз үн чыгат. Ортоңку бут эчак шылкыйган. Ошентип тандоо турунан кол өтөт. Шайлоого катышмак болот.
Кезек оозго келет. Ал өз программасында көптү сүйлөйт. ""Эгер мен башчы болсом иш менен эмес сөз менен эле баарын башкарам" дейт. Ооздун желин эч бир аябайт, баары элейип, селейип, мостоюп, тоңкоюп, чекчейип, бекчейип туруп угушат. Бир кезде кол муштумун бир башкача түйүп, эки салаанын ортосунан бармакты чыгарып турган эле. Ошентип ооз да шайлоого катышмак болот.
Кезеги келип кулак, мурун, көз сүйлөшөт. Айтып отурса баарыныкы эле жөндүү, эптүү. Баарынын программалары жактырылат. Ошентип шайлоо башталат. Айыгышкан кармаш жүрүп, биринчи турда кол менен ооз, көз менен кулак ыргыйт. Жакшылап карашса экинчи турга баш менен мээ чыгыптыр. Анан так ушул жерден денеге гениалдуу бир ой келет: ""Баш менен мээни бириктирип бир орган кылалы, экөө тең бир облустан болсо эриш-аркак башкарышсын" деген. Ошентип экинчи турду баштан кечирбей эле баш менен мээни башкаруучу орган кылып шайлашып, бийликти өткөрүп беришет. Узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жеткен той беришет жаңы ачендиктин урматына.
Той да болуп, тойдун эртеси баш бийликти расмий өткөрүп алып, өзүнүн орун басарларын, министрлик ведомостволорду мындайча түзгөн экен. Аткаруучу орган кылып колду дайындаптыр. Ошондон бери кол аткаруучулук милдетин жакшы аткарат имиш. Кээде гана келин-кыздын жанында баштын буйругуна баш ийбей, өз билгенин кылып жиберет имиш. Мунусу кээде ""удачный" болсо, кээде жообун жаакка "шак" этүү менен алат экен. Кызыгың түшкүрдү, карабайсыңбы, кылаарын кол кылса, жазасын жаак алып атканын.