Билгениң оң

Түгөйлөрдүн ортосундагы мамиле канткенде бекем болот?
Түгөйүңүздү түбөлүккө кармаш үчүн...
Сүйүктүү адамыңызды таптыңыз. Ага суктанып, анын ар бир кыймылын көз жаздымыңыздан кетирбей... Айтор, сиз үчүн ал эң жакын адамыңызга айланды. Бирок, "канткенде сүйүктүүмдү түбөлүккө кармап калам?" деген суроо тынчтык бербей келет.
Жакшы сөз
Ар бир адам өзүнүн дарегине айтылган жакшы сөздү уккусу келет. Ал эми эркектер бул нерсеге өзгөчө басым жасашат. Ошондуктан, сүйүктүүңүзгө чын ниеттен жакшы сөздөрдү арнап туруңуз. Эркектердин жүрөгүнө жол бир гана ашказандан башталбайт. Анын жасаган жумушун, мүнөзүн баса белгилеп турсаңыз көңүлү көтөрүлүп, өзүн керектүү сезет. Бирок, аша чаап кетпеңиз. Эркектер жасалма мактоо менен чыныгы мактоону оңой эле ажырата алышат.
Энелик камкордук
Эркектер мойнуна албаганы менен түгөйүнөн кичине болсо да энелик мээримди күтөт. Сүйгөнүнө эркелеп, жылуулук издейт. Эркекти кармап калууга дал ушундай мамиле эффективдүү экенин адистер далилдешкен. Башкача айтканда, сиз жубайлык милдеттен сырткары энелик кызматты да чогуу ала жүрсөңүз экөөңөрдүн мамилеңер чыңалып, сүйүүңөр алоолонот.
Оң колу болуңуз
Көпчүлүк мырзалар айымдарга салыштырмалуу физикалык жактан чарчаганда ой жүгүртүүсү жайлап, эч нерсеге көңүл бургулары келбей калат. Бул учурда сиз ага бир күн кечке эмне жумуш бүтүргөнүңүздү, кимди көргөнүңүздү баштан аяк айтып бергиңиз келип турса да, өзүңүздү кармаңыз. Андан көрө анын жумушунун кандайдыр бир бөлүгүн өз мойнуңузга алып, ага жардам сунуштаганыңыз туура болот. Эркектердин көбү жеңилин жерден, оорун колдон алган айымдарды жакшы көрүшөт.
Алсыздык
Бардык эле учурда күчтүү боло бербей кээде алсыз болуп, сүйгөнүңүздүн жардамына зарыл экениңизди билдириңиз. Мындай кездерде жактырган мырзаңыз сиз үчүн отко-сууга түшүүгө даяр экенин сезесиз. Эркектердин дагы бир алсыз жери - алар дайыма өзүн бирөөгө керектүү сезгилери келгендиги. Мындай мүмкүнчүлүктү эч убакта колдон чыгарбай, ылайыктуу жерлерден колдонуудан качпаңыз.
Келбетке кам көрүү
Өзүнүн сырткы келбетине жакшы кам көргөн келишимдүү бийкечти көргөндө кайсы эле эркектин бүйүрү кызыбасын? Кокус сиздин жакын адамыңыз да ошондой айымдарга көңүл бөлгөнүн байкасаңыз аны жемелеп, уруштун башын башташтан мурда "менин ал айымдан эмнем кем?" деген суроону өзүңүзгө берип көрүңүз. Балким, сиз да көңүлдөнүп, сырткы келбетиңизге кам көрүп баштасаңыз түгөйүңүздүн көзүнө ошол айымдай эле келишимдүү көрүнө баштарсыз.
Эркин коё берүү
Кээде эркекке жармаша бербей, аны убактылуу эркиндикке коё берген учурлар да пайдалуу. Эң негизгиси, эркек өзүн эркин сезип, өз алдынча чечим кабыл алууга укугу бар экенин сезиши керек. Эгерде сизди чындап сүйсө кайрылып келет, кайрылбаса ага жакпаган, ал каалабаган жол менен кармаштын кереги жок экенин мойнуңузга алсаңыз сизге да, түгөйүңүзгө да жеңил болот.




Үй-бүлөдөгү кыйынчылыктарды жеңүүгө кандай жолдор бар?
Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө үйлөнгөнгө чейин түгөйүңүздүн мүнөзүн беш колдой билип алгандай болгонсуз. Бирок, күтүлбөгөн мезгилдерде түгөйүңүздүн таң кала турган кылыктары, кыялдары чыга баштаса кандай кадамдарга барасыз? Эгерде ушул суроолордун тегерегинде башыңыз катып жатса, анда бул кеңештер сиз үчүн.

Үй-бүлө кургандан кийин жубайыңыздын мурда ачылбаган "өнөрлөрү" чыга баштаса, чочулап чара колдонууга ашыкпаңыз. Бул жаңы үй-бүлөлөр үчүн мыйзам ченемдүү көрүнүш. Психологдор бул мезгилди "бири-бирин таануу", "бири-бирине көнүү" доору деп аташат. Аталган доордо эркектер айымга жетиштүү көңүл бөлбөй калса, аялдар сырткы келбетине такыр кам көрбөй калышат. Эгер сиз мындай кыйынчылыктан ийгиликтүү өткүңүз келсе, өзүңүздү эмоцияга алдырбай түгөйүңүздүн алдындагы милдеттерди так аткарууга аракет жасаңыз.

Экинчи доор "бири-бирин өз ара түшүнүшүү" деп аталат. Эгерде никеңиздер биринчи доордо бузулбаса, экинчисин башыңыздардан оңой эле кечиресиздер. Түгөйлөр бири-бирин бир ооз сөздөн, көз караштан түшүнө башташат. Уруш-талаш деген дээрлик болбойт. Бирок, бул доордун бир коркунучу- сүйүшкөндөр бири-биринин кулк-мүнөзүн ийне жибине чейин билишкенден кийин бири-бирине болгон кызыгуулары тарай баштайт. Ошентип, жалындаган сүйүү бара-бара солгундап, ортодогу мамиле сыйга айланат.

"Кризистик доор" - эң жоопкерчиликтүү учур болуп эсептелип, чыдамкайлыкты, көтөрүмдүүлүктү талап кылат. Түгөйлөрдүн жашоосундагы оор сыноо - балалуу болгон мезгил. Кош бойлуу учурда аял кишинин организми чоң өзгөрүүлөргө кабылып, мурдакыга караганда сөзгө чыдамы жок боло баштайт. Жолдошунун ашыкча көңүл бурууну талап кылганы менен ошол эле учурда ал да жылуу мамилеге зар экенин сезе бербейт. Бала төрөлгөн кезде да аял көп убактысын балага буруп, күйөөсүн экинчи планга жылдырат. Дал ушул маалда эркек өзүн ашыкча сезип, жубайлардын ортосундагы мамиле солгундайт.





Тест:
Үй-бүлөңүз канчалык деңгээлде бекем?
1. Жолдошуң экөөң болгон маселелерди ортого салып ачык сүйлөшөсүңөрбү?
а) Убакыт аз болсо да сүйлөшөбүз
б) Анын айтканын угам, бирок, пикиримди билдирбейм
в) Бири-бирибизден сыр кылып сактайбыз
2. Экөөңөр тең бирдей каалап, алектенген жумуш барбы?
а) Бар болчу, бирок, азыр ага убакыт жок
б) Экөөбүз эки башка нерсени жасап жатсак да, бири-бирибизге тоскоол болбогонго аракет кылабыз
в) Экөөбүздүн жашоого болгон көз карашыбыз, кызыкчылыгыбыз эки башка
3. Олуттуу маселени чечээрде түгөйүң менен кеңешесиңби?
а) Менин сунушума макул болсо гана кеңешем
б) Жок, андан жакшы деле кеңеш чыкпайт
в) Ансыз менин жалгыз чечим чыгарганга күчүм жетпейт
4. Тамактануу учурунда көйгөйлөрүңөрдү бири-бириңе айтып берүүгө жетишесиңерби?
а) Ооба, дайыма ага биринчи сөз берем
б) Телевизордун алдында тамактангандыктан, сүйлөшпөйбүз деле
в) Ал өз иштери менен алектенип жатканда мен жалгыз тамактанып алам
5. Бир жумада бир күн бою сүйүктүүңдүн жанында болосуңбу?
а) Болгон бош убактымды туугандарыма же досторума арнайм
б) жумуштан дайыма эрте келип, аны менен көбүрөөк убакыт бирге болгонго аракет кылам
в) акыркы жолу качан чогуу болгонубузду эстей албай жатам
6. Майда күнүмдүк көрүнүштөр менен болсо да, бири-бириңерди кубандырганга аракет кыласыңарбы?
а) бетимен бир өпкөнү мен үчүн чоң кубаныч
б) ал мени эмне кылып кубандырарын дайыма алдын ала билип коём
в) андай кубанычты бири-бирибизге тартуулап жатып эчак тажаганбыз
7. Экөөңөр урушкан учурда бири-бириң тууралуу эмне ойлооруңарды ачык билдиресиңерби?
а) ооба, ачык билдиргенге умтулабыз
б) ал тууралуу эмне ойлоп жатканымды ачык айтсам урушубуз дагы күчөйт
в) таарынган түр көрсөтүп, аны жаман көрүп турсам да сыр бербейм
8. Качан кааласаңар ошол учурда төшөк оюну менен алектенесиңерби?
а) экөөбүз тең аябай каалап турсак, кумарыбызды кандырабыз
б) ал үчүн экөөбүз атайын күндөрдү белгилеп алганбыз
в) ооба, башка жумуштарды жыйыштырсак да ага убакыт табабыз
9. Бири-бириңерге жакшы сөз айтып турасыңарбы?
а) анда-санда
б) бири-бирибизди дайыма эркелетип сүйлөйбүз
в) кемчилдиктерибизди айтып, бири-бирибиздин баскан-турганыбызды тескеп алабыз
10. Түгөйүңүңдүн жумушта эмне көйгөйү болуп жатканын дароо байкап, эмне болгонун сурайсыңбы?
а) эшиктен кирип келгенде дароо кабак-кашын карайм
б) сүйлөшкөндөн кийин үнүнөн, мага жасаган мамилесинен байкайм
в) ал менин көйгөйүмдү түшүнбөсө, мен эмнеге аныкын айттырбай билишим керек?

жообу:
1-10 балл топтогондор:
Идеалдуу үй-бүлөнүн катарын толуктайсыңар. Ортоңордо бири-бириңерди түшүнүү, сый-урмат бар. Кандай кыйын кырдаалга туш болсоңор да жол тапканга күчүңөр, акылыңар жетет. Эгерде үй-бүлөнү ушул калыпта сактасаңар, силердин никеңер эч кандай урабайт.

11-18 балл топтогондор:
Бири-бириңерге көбүрөөк убакыт бөлүп, жылуу сөздөрдү көбүрөөк арнаганга аракет кылгыла. Күнүмдүк майда-барат нерселерге маани бербегениңер менен мамиленин ыдырашы дал ошол майда көрүнүштөрдөн башталарын эске алгыла. Бир мамилеңерди оңдосоңор идеалдуу бүлөлөрдүн катарына кире аласыңар.

19-30 балл топтогондор:
Силердин үй-бүлөңөр бузулуунун алдында турат. Эң биринчи кезекте сизге ушул нике керекпи же кереги жокпу ошону тактап алганың дурус. Эгер мындан ары да түгөйүң менен бирге жашагың келсе, мамилени оңдогонго бир топ эмгек жумшап, чыдамкай болууга туура келет.