билгениң оң

Үй бүлөдө канчанчы бала
экениңизге карап түгөй тандаңыз
Адамдын мүнөзү, кыялы анын тарбиясына, дагы көптөгөн нерселерге көз каранды болот. Мисалы, үй бүлөдө канчанчы бала экенинен да адамдын бир топ кулк-мүнөзүн билүүгө мүмкүн. Үй бүлөдө канчанчы бала болгонуңузга жараша мүнөзүңүздү салыштырып карасаңыз болот.

Улуу бала
Артыкчылыктары:
Табиятынан бардык жерде лидер болушат. Улуу балдардан жакшы жетекчи чыгат. Булар эки түргө бөлүнөт. Биринчиси, мээримдүү тарбиячылар, тең экинчиси орой башкаруучулар. Эки түрүнө киргендер башкарганды жакшы көрүшөт, бирок башкарууга эки башка ыкманы колдонушат. Негизи үй-бүлөдөгү улуу балдар жоопкерчилигин алган жумушту бүтүрмөйүн эс ала алышпайт. Көпчүлүгү жоош, чечкиндүү келишет.

Үй бүлөдө жалгыз бала
Артыкчылыктары:
Үй бүлөдөгү жалгыз балдар табиятынан башкалардан жоопкерчиликтүү болушат. Өз жашоосуна эч кимди кийлигиштирбей, тагдырын каалаган нукка бурганга эптүү. Убакытты текке кетирбей, ар бир мүнөтүн пайдалуу жумуш бүтүргөнгө жумшашат. Жалгыз балдарга ишенип, коркпой иш тапшыра берсеңиз болот. Эң оор милдетти да өз моюндарына алгандан качышпайт.

Кемчиликтери:
Дарегине айтылган сын-пикирди оор кабыл алышат. Башкаларды көзөмөлгө алганды жакшы көрүшөт. Кокус башкалар тараптан ката кетип калса көпкө чейин кечирбей, кек сакташы да мүмкүн. Сөзгө көтөрүмү жок болгондуктан, бат таарынышып, оңой менен жазылбайт. Өзүмчүл келишет.

Кемчиликтери:
Кээде маанайына көз каранды болушуп, жалкоолукка алдырышат. Сунушунан баш тарткандар болсо, кыйнаганды жакшы көрүшөт. Айрым жерлерде өздөрүн башкалардан кыйын сезмейлери да жок эмес. Өздөрүнөн башкаларга оңой менен ишенбей, мыжыкый келишет. Башкалардын кемчилдиктерин чукуп чыгып, уят кылгандан кайра тартышпайт.


Ортончу бала
Артыкчылыктары:
Чыр-чатак чыккан жерден качышып, бөлөк адамдардын тилин таап, коюн-колтугуна киргенге жөндөмдүү. Тынч, бейпил жашоону өзгөчө баалашат. Турмуштагы урааны: "Кандай жол менен болбосун-тынчтыкты сактоо". Орой мамиле жасагандарга сылык жооп бергилери келгени менен мындай нерсе көбүнчөсүнүн колунан келе бербейт. Бардык маселени ар тараптан карай билип, туура чечим кабыл алып, эч кимди таарынтпаганга аракет кылышат. Жогорудагы сапаттардын аркасы менен булар жакшы элчи, ортомчу боло алышат.

Кемчиликтери:
Көпчүлүктүн көңүл борборунда болгонго умтулушат. Өз алдынча чечим чыгара албай, дээрлик бардык адамдардын көңүлүн карап жүрө бермей адаттары бар. Башкалардын күнөөсүн деле өз мойнуна ала, берип, санаа менен жашашат. Болоор-болбос көрүнүштөргө асан кайгы тарта беришет. Чечкинсиз сапаттарынын аркасы менен алдында турган ашын тарттырып ийгенден жолдуу.

Эң кенже бала
Артыкчылыктары:
Кандай адамдар болбосун бат тил табышып, сөзгө оңой тарта алат. Ыңгайлуу шарт жаратуу менен бирге тамаша аралаштырып сүйлөп, айланадагы адамдардын көңүлүн ачууга жөндөмдүү. Адамдар менен баарлашуудан ырахат алышып, көп дос-тааныш күтүүгө эптүү. Жашоосун тобокелге салып, өздөрүн ар түрдүү жолго салып сынаганды жактырышат.

Кемчиликтери:
Бир нерседен бат тажайт, чөйрөдөн четтеп калуудан аябай коркушат. Кээде кырс мүнөзүн карматып, эркеликке алдырышы мүмкүн. Үй бүлөдөгү эң кичүү балдардын теңинен көбү "түштүгүнө жорго минип жашаганды жактырышат". Кыйынчылыктарга чыдабай четке чыга бериши ыктымал. Олуттуу маселени да тамашага аралаштырып, жоопкерчиликти көп сезе беришпейт.

Кичүүсү менен кичүүсү баш кошсо:
Кылдат болуңуз! Экөөңүздөр тең жоопкерчиликти сезбей, үй бүлөнү оңой эле уратышыңар мүмкүн. Айрым түгөйлөр бири-биринен көңүлдөрү бат калып, башка өнөктөш издегенге эптүү болушат. Түгөйлөр бири-бирине өз ойлорун таңуулап, өз милдеттерин жубайына жүктөө менен алек болушат. Бир артыкчылыгы, бул түгөйлөрдүн турмушун ар дайым оюн-күлкү, тамаша коштоп жүрөт.

Эгерде үй бүлөнүн...
эки улуу
балдары
баш кошсо:
Уруш-талаш көп болот. Биринчиден, экөө тең лидерликке умтулушуп, бири-бирин көзөмөлгө алганды каалашат. Экинчиден, экөө тең өздөрүн кыйын сезгендиктен өз кемчилдиктерин оңой менен сезе беришпейт. Бир жакшы жери - бул үй бүлөдө оңой менен ажырашуулар болбойт. Себеби, экөө тең бирдей жоопкерчиликтүү келишет.

Улуусу
менен кичүүсү
баш кошсо:
Эң сонун айкалыштык. Улуусу кичүүсүн бат эле жөнгө салып, бийликти оңой колго ала алат. Жашоого болгон жоопкерчиликти улуусу колго алса, көңүл ачканды, эс алганды кичүү үйрөтө алат. Мындай бүлөдө чыр-чатак аз болуп, сый-урмат өкүм сүрөт.

Ортончусу менен кичүүсү баш кошсо:
Орто деңгээлдеги үй бүлө куралат. Бири-бирин түгөйлөр толук түшүнбөй, ар кимиси өз билгенин кылып, аягында кайчы пикирлер жаралышы мүмкүн. Кичүүлөр оюн-зоокту жакшы көрүп, ортончулар бирөөнүн көңүлүн оорута албагандыктан, мындай бүлөдө чар-жайыттык көп болот. Бирок, бир артыкчылыгы, бул топко кирген түгөйлөр бирин-бири эч качан оор жагдайга таштабайт.

Улуусу менен ортончусу баш кошсо:
Ортончусу жакшы көрүнөм деп аша чаап, өнөктөшүнүн жинине тийип алуусу мүмкүн. Мындай үй бүлөдө башкаларга караганда тынчтык көбүрөөк өкүм сүрөт. Анткени, ортончусу улуусуна баш ийип, ар кандай кырдаалга түшүнүктүү мамиле жасай алат.

Ортончусу менен ортончусу баш кошсо:
Экөөнүн тең мүнөздөрү жумшак болгондуктан, кайым айтышып, чыр-чатак жаратпаганы менен ортолорундагы мамилени такташа албай, эт менен челдин ортосунда жүрө беришет. Өтө ийгиликтүү жуп болбосо да, бул үй бүлөдө ар дайым тынчтык өкүм сүрүп турат. Эң негизги артыкчылык, бул жуптарда бири-биринин көзүнө чөп салуу деген түшүнүк такыр болбойт.

Жалгыз бала менен жалгыз кыз баш кошсо:
Эң ийгиликсиз нике. Анткени, өзүмчүл, бардык нерсе өз оюндагыдай болгонго көнгөн жандар бири-бирине такыр жол бошотпойт, түшүнбөй жок жерден чыр-чатак жаратышат.

Жалаң эркектердин арасында өскөн жалгыз кыз менен жалаң кыздардын арасында өскөн жалгыз эркек баш кошсо да, ийгиликсиз нике болуп эсептелинет. Себеби, түгөйлөр эмнеге муктаж болуп жатканын түшүнбөй, көп учурда жакшы жагдай жаратам деп барын бузуп алышы мүмкүн. Бири-бирин жакшы көргөнү менен керектүү учурда колдоо көрсөтө алышпайт. Статистикага таянсак, бул топко кирген үй бүлөлөр көпкө сакталбайт. Буга түгөйлөрдүн түшүнүгүнүн, дүйнө таанымынын, максаттарынын дал келбегени себеп.

Анара Сабырова