Шоу-бизнестин белгилүүлөрү өң-келбети, кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму менен бири-биринен айырмаланып турары маалым. Ага жараша биз бүгүн ырчыларыбызга эң узун, эң кыска, эң бай, эң жоопкерчиликсиз, эң сулуу, эң билимдүү жана ушул сыяктуу номинацияларга ээ кылып, саресеп салып өттүк...

Узуну...
Актан
Исабаев
Ырчылардын арасынан эң "зоңкогою" Актан Исабаев болуп чыкты. Ырчынын жанына ким барса да, өйдө карап сүйлөөгө туура келет. Ток этер жерин айтканда, Актан агабыздын боюнун узундугу 1, 83 сантиметр.

Кыскасы...
Асел
Турдалиева
Сакадай бою сары алтын Асел Турдалиева шоу-бизнестеги эң кыска айымдардын көч башында. Сахнада узун такалуу бут кийим кийип, чимириле бийлеп жүргөндө кыскалыгы көп билинбегени менен бийик такасын чечип "жерге түшсө" 1,53 сантиметрге чамалап барат экен. Ал эми чыйрактыгын өлчөп болбос.


Арыгы…
Мирбек
Атабеков
Мирбектин талантына таң бербей эле коёлу. Кандай керемет ырлары жаңырып, зоболосу күндөн-күнгө көтөрүлүп келет. Бир гана жери - өтө арыктыгы артка тарткандай. "Арыкмын, бир аз толуш керек эле" деп ооз менен айтып коюп жүрө бербестен, дароо Камчы сахналашыңа бар деген кеңеш берер элем. Анткени, анын рецепттери күчтүү.


Унутчаагы...
Алина
Жетигенова
Кырктын кырына келсе да бой-келбетин жаш кыздардай сактап келген Алина айымдын бир кемчилиги - унутчаактыгы. Качан болбосун "ии-й, унутуп калган турбаймынбы!" деген "дежурный"сөзүн угуп келебиз. Буга бир мисал, мындан эки-үч ай мурун күйөрмандарын редакцияга келе беришин айтып коюп, ал убадасын эжекебиз эсинен чыгарып койгон. Көрсө унутчаактыгын Алинаны тааныгандар бүт билет экен да.


Боёкчусу…
Фарида
Карбосова
Фарида сулуу жүзүндөгү 2 килограмм боёк менен дароо таанылат. Көзүнүн боёлушу эле кандай оригиналдуу. Кээде көзүн көк түскө боёп алса, көзгө бирөө соккондой көрүнүп калат. Кантсе да кареги татына. Болгону аз гана боёнуп, азыркы учурдагы кара чачы менен жүрө берсе... Анан жигиттер ээрчибегенин көрөйүн.


Жоопкерчилиги жоктору…
Роза Шакирова,
Максат Бегалиев
Кулак тундура, көпчүлүктүн көңүлүн жылыта ырдаган Розанын жоопкерчиликсиздиги, о-оо. Кандай жагдайда байланышпа, суранычыңды дароо чечип, ошол учурда убадага бек турат. Бирок, анысы беш мүнөттө өзгөрүп, баягы убадасы босогодо калган болот. Анан эле жанатан байланышта болуп жаткан телефону заматта өчүрүлүп калат. Же өзүн-өзү жок деп коёт. Анткен менен жүздөшө келсең эле жылмая күлүп жооп кайтарып койгону сонун да... Ал эми Максат Бегалиев бул өнөкөтү менен биринчи орунда десек жаңылышпайбыз. Анткени, биздин жамааттын сунушуна төрт-беш жолу убада берип, бирин дагы так аткара албады. Көрсө, Максаттын торуна биз эле чалынбаптырбыз, сахналаштары, тааныштары сандап илиниптир. Максат мырзанын айтымында өзүнүн зарыл жумушу турса да, бирөөнүн сунушун четке кага албай жатып, мындай өнөкөт ооруга тушугуп калат тура.


Байы…
Бек Борбиев
Чындыгында элдин ойлоосунда да, биздин баамыбызда да шоу-бизнестин эң байы Бек Борбиев. Анын акыркы үлгүдөгү, чамасы, 50 миң долларлык темир тулпары эле дүнүйөсүнүн четин чыгарып турбайбы. Албетте, ырчынын жыйнаган байлыгы көп эмгектин арты менен келгени белгилүү. Туура, эмгек менен тапканың таттуу болот дейт. Андыктан, таттуу жашоодо жашап өтүңүз. Бирок, Кудайымдын бергенине тообо деп "чычкак улагым да жок" деген сөзүңүздү артка таштасаңыз, не болмок?!.


Билимдүүсү…
Урмат Усенов
Урмат мырза түрк туугандардын арасында "Манас" университетинде билим алган. Чынында, мыкты ЖОЖдон билим алып, болгондо да артыкчылык диплому менен аяктады. Бул ар бир эле студенттин колунан келе бербейт эмеспи.


Сулуусу…
Анжелика
Албетте, шоу-бизнестин жүзү Анжелика эмеспи. Чынында, келишимдүү келбетине тигиле карабаган жан жоктур. Мүчөсүнө төп келген жарашыктуу кийими, боёнгону көпчүлүктүн көңүлүн ээлеп келери анык. Андыктан, сырт-келбети жагынан кандай гана мактоо сөз айтсак жарашууга тийиш.


Толугу…
Камчы
Сарыбаев
Камчы мырзанын курсагы эле жашоо керемет, ээ?! Күн сайын радиодон "жашоо керемет" деп жатып, катыгүн 30 жашында 120 килограмм салмакты басты. Кырк жашка келгенде керебет менен тең келип, Камчыке келишип эле калат го. Капырай, эмне эле анын кампасына асылып атабыз дейм да. Тегирмени күчтүү болсо, кантсин анан...


Сексуалдуусу...
Кундуз
Канатбек кызы
"90-60-90" ылакабына ээ болгон Кундузду "илибой" эң сексуалдуу деп атайт. Буга ырчы кыз терикмек түгүл сыймыктанат окшобойбу. Дегеним, дене-мүчөсүн ачык эле жарыялагандан уялбайт. Ошондуктанбы, Кундуздун жигит күйөрмандары күн санап көбөйүп барат.


Аял жандуулары...
Юрий менен Рахман
Куудулдар айтмакчы: "Рахманжан акабыз өзү билет". Ошентип жүрүп куудулубуз өзүн-өзү билип эки аялын кетирип, үчүнчүсү менен жашап келет. Рахман мырзадан кем калышпай келаткан Юрий Бобков. "Орус оюндагысын кылат" дегендей ал дагы үчүнчү нукура кыргыз жубайы менен жашап жатыры.