сырмаек

Кундуз Таштаналиева:
"Жалгыз жүрсөң, өзүмчүл болуп калат экенсиң"
Комузду сындырганың менен добушту сындыра албайсың дегендей, колуна комуз кармап, кыргыздын элдик ырларын жеткире ырдаган ырчы Кундуз Таштаналиева бүгүн биздин мейманда.

- Кундуз, алгач маекти ата-энең, бир туугандарың жөнүндө баштасак...
- Беш бир тууган болом. Улуу байкем Капардан кийин удаа үч кыз төрөлгөн. Кундуз, Нуркыз, Чолпон анан кичүү иним Муса мектеп окуучусу. Мен кыздардын улуусу болгонум менен сулуусу эмесмин. Анткени, сулуулук боюнча салыштырганда үчүнчүсү болуп калам. Сиңдим Нуркыз комузда кол ойнотуп, жакшы ырдайт, Чолпон куудулданып көп ырчыларды өзүндөй кылып туурайт. Чоң атабыз Жакып Таштаналиев ыр жазып, комуз менен укмуш ырдаган талант болсо, таятам да ырга жакын адам болчу экен. Ал эми өзүмдүн ата-энем чыгармачыл адамдар болбогону менен музыканы түшүнө билишет. Убагында чоң атам атамды канча жакшы окууларга киргизсе да, шоктугунун айынан окуусун улантпай коюптур. Апам үй кожейкеси.
- Бала кезде эмнелер гана болбойт. Ата-энеңдин эрке кызы болсоң керек?
- "Сенин тилиң эрте чыгып бардык сөздү так айтып таттуу сүйлөчүсүң" деп апам күлүп калат. Менин так сүйлөгөнүмө, ар нерселерди божурап айтып бергениме үйдөгүлөрдүн баары кызыкчу экен. Тамактардан жумуртканы абдан жакшы көргөндүктөн, апамдар жумурка чогултуп, өздөрү жебестен атайын мага деп жумуртка бышырып беришчү. Бир жолу Тайчубек аттуу чоң атабыз (ал кишинин азыр көзү өтүп кеткен) менин сүйлөгөн сөздөрүмө кызыгып, жаныма эрмек болсун деп ата-энеме көрсөтпөй ойноп жүргөн жеримден уурдап кетиптир. Апамдар коркуп көчөдө мени издеп жүрүп араң табышыптыр. Ошондон кийин жоголуп кетсем эле "чоң атасынын үйүндө" деп издебей калышкан. Кээде барбайм десем: "Мен сага жумуртка бышырып берем, жүрү үйгө" десе эле жумурткага азгырылып кетип калчумун.
- Окуучулук күндөр дегенде эле көз алдыңа эмнелер тартылат?
-Эң алгач көз алдыма сахнанын босогосун аттаган алгачкы кадамдарым тартылат. Жети жашымда комуз үйрөнүп, райондук масштабдагы сынактарга катыша баштагам. Анда үйдө комуз жок болгондуктан, Таластагы туугандарымдан бузук комуз таап, атама оңдотуп алып "Карагат" деген ырды ырдап чыккам. 1997-жылы "Жаш таланттар" фестивалында "Балама" деген дастанды ырдап чыгып, экинчи орунду жеңип алгам. Биринчи жолу эл алдына чоң сахнага чыккангабы, дастанды автоматтай шар ырдаганым менен өзүм сүрдөп, денемди майда калтырак басып толкунданганым эч эсимден кетпейт.
- Кичинеңден эле дастанга, элдик ырларга кызыкчу белең?
- Жок, тескерисинче, кичинемде эстрадалык ырларды укмуш ырдачумун. Туугандарымдын үйүнө конокко барып калганда жалаң эстрадалык ырларды созуп берчүмүн. Мектепти бүткөндөн кийин атам консерваториянын даярдоо курсуна өткөргөн. Өзүмө ишенип окуумду уланттым. Чоң атамдын каны тарттыбы негедир комузга жакын болуп кеттим. Бирок, элдин табити ар кандай эмеспи, балким күйөрмандарым менин эстрадалык ырларымды сагынат. Алла Пугачёвадай толук эстрадада ырдабасам да, репертуарымды ар кандай жанрдагы ырлар менен кооздогум келет.
- Студенттик күндөр кандай кызыктуу окуялар менен башталды?
- Айыл менен шаардын жашоосун салыштырып болбойт да. Шаарга көнө албай кызыктуу окуяларга көп эле туш болгом. Өзүм Кызыл Аскер аймагында жашап, консерваторияга автобус менен бир саатта араң жетчүмүн. Орундукка отурбастан айдоочунун жанына туруп алып аялдамаларды бирден санап адашып кетпөөнүн амалын ойлочумун. Бир күнү консерваториядан эки аялдама өтүп кетиптирмин, көзүмө жаш тегеренип, сураштырып жатып зорго тапкам. Ошондон кийин шаарды толук билгенге аракет кылып, ар бир имараттын атын жаттап отуруп үйгө кантип жөө жетип калганымды билбей калчумун. Андан кийинки жашоом жатаканада уланды.
- Жаштык-мастык дегендей сүйүүгө кабылып, анын алоосуна сен да күйгөндүрсүң?
- Мен мектепте окуп жүргөндө да, студенттик күндөрүмдө да чыныгы сүйүүгө кабылган жокмун. Эч кимге көңүл бөлбөй, өзүмдүн дүйнөм менен алаксып кыялкеч болчумун. Чынын айтсам, жаштыктын шаан-шөкөтүн башымдан өткөргөн жокмун. Буга өзүмдүн токтоо мүнөзүм да себеп болсо керек. Чыгармачылыкка өзүмдү арнап, окуу, окуу деп жүрүп студенттик күндөрүмдү кармай албай калдым.
- Өзүң да көптөн бери күтүп жүргөн сүйүүгө кабылып, турмуш жолуна аттанганыңа аз эле болду. Башка бүлөөгө келин болгон кандай экен?
- Жолдошум Аязбек экөөбүз теңбиз. Өзү органда иштейт. Бир жылдай сүйлөшүп, анан баш коштук. Көпкө чейин жалгыз жүрсөң өзүмчүл болуп калат экенсиң. Башында буюмдарымды өзүнчө коюп бөлүнө берчүмүн. Азыр баары ойдогудай, убакыттын өтүшү менен бат эле кайын журтума көнүшүп аралашып кеттим. Жаңы келин болгонумда эки жарым жаштагы эки кайын сиңдим Сымбат менен Анара өзгөчө эсимде калган. Анткени, биз үйлөнө электе Аязбек алардын кылык-жоруктарын айтып, кебетелерин мага сүрөттөп берген. Көздөрү бакырайган, өзү томпойгон кыз көшөгөгө киргенде эле Анара экенин билдим. Бир аздан кийин Сымбат кирип, экөө жаныма олтуруп калды. Мен алар жөнүндө мурда уккангабы, айланамда кирип-чыгып жүргөн адамдарга көңүл бөлбөй, экөө менен кечке ойногом.
- Чыгармачылыгың тууралуу турмушка чыкканга чейин чечишип алсаңар керек?
- Буга чейин менин чыгармачылыгыма кеп-кеңештерди, сын-пикирлерди ата-энем айтып келген. Алардын катарын ар убак жанымда болгон жолдошум толуктады десем болот. Ар нерсени түшүнүү менен терең карап "жаш кезиңде ырдап кал" деп кеңешин берет. Азырынча сен ырдайсың же ырдабайсың деген сыяктуу сөздөр боло элек.
- Үйдүн ичин кооздоо аялдын милдети дегендей, өзүңдү кожейке катары кантип сүрөттөй аласың?
- Аялзатына тиешелүү бардык сапаттар менде бар десем болот. Ашканада өзүмдү мыкты ашпозчу сезбейм, бирок, түрлүү тамактарды, салаттарды жасай алам. Жолдошум оромону, мен болсо мантыны жакшы көрөм. Бала кезимден бери үйгө гүл өстүргөндү хобби катары алып келем. 9-10-классымда үйдүн ичин гүлгө толтуруп, эшиктин алдын гүлзар кылганмын. Азыр шаардагы үйүбүз чакан болгондуктан, чоң гүлдөрдү эмес кичинекей гүлдөрдү өстүрүүдөмүн.
- Филармонияда иштеп жатканыңа канча жыл болуп калды?
- Дарак бир жерден көгөрөт дегендей мени чыгармачылык боюнча тарбиялап, түз багыт берген Улукмырза Полотов агайым болду. "Камбаркан" фольклордук ансаблине кастинг болуп жатканын угуп агайым мени өзү ээрчитип барган. Ансамблге үнүм туура келип кастингден өтүп кеткем. Иштегениме быйыл алты жылдын жүзү болду.
Учурунда "Камбаркан", "Камбаркан" болуп кыдырбаган жерлери калган эмес. Азыркы убакта дагы чет өлкөдөн келген меймандарга кыргыздын жүзү катары биздин ансамблди көрсөтүшөт.
- Өзүң да бир топ чет жерлерде болсоң керек?
- Быйыл июнь айынын башында Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына карата Франциянын Париж шаарында ЮНЕСКОнун залында чоң программадагы концерт уюштурулуп, Маданият министрлигинин каржылоосу менен биз да барып келдик. Франция деп атагы чыккан Эйфель мунарасы менен атырына кызыгып көксөп бардык. Мунаранын бийиктиги гана болбосо, жөн эле темир экен. Ага караганда өзүбүздүн Кыргызстаныбыз кооз жайларга бай.

Айнура Султанова