шоу дүйнө

Элге дем берген "Дем" театры
Профессионал актёрлордон түзүлгөн "Дем" театры күйөрмандарына өзгөчө концерт тартуулашат. Тактап айтсак, июль айында Чүй жергесинин тургундары "Демдин" жаңы программадагы концертине күбө болушса, август ичи Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кыргызстандыктарга концерт менен бирге жаңы спектакль коюшат. "Бул биздин жайкы эс алууда элге дем күч болсун деген концертибиз" дейт Назым Меңдибаиров.

Казактарды суктандырган Кубаныч Сатаев
Атасынын ырларына кайрадан жан киргизген Кубаныч Сатаев жакында эле "Жазгы күтүү" деген ырына жаңы аранжировка кылдырып, Рамис аттуу жаш ырчы менен дуэт жаздырды. Чыгармачылыкка катуу киришип 10-июлда Ысык-Көл жергесине жеке концертин тартуулайт. Ырчыга Казакстандын Алматы, Актау шаарларынан маданий кечелерге, үлпөт тойлорго алдын-ала чакыруулар түшкөн. Кубанычтын талантына суктанган казак боордоштордун мындай сунуштары ырчынын талаптарына жооп бергендиктен, август айынын башында Казакстанга жол тартат.

Гүлзат Байзакова уулун АКШга узатат
Булбул үндүү ырчы Гүлзат Байзакова жана жолдошу Ишен Календаров уулу Камбарды 12-июльда АКШнын Нью-Йорк шаарында өтүлүүчү дүйнө эли чогулган фольклордук фестивалга узатышат. Учурда Кыргызстандын атынан чоор аспабы боюнча жалгыз бараткан Камбарга агайы Кутман чоң даярдык көрүүдө. Кошумчаласак, чыгармачыл үй-бүлө өздөрүнүн чоң программадагы концертин күз айларынын башына пландап жаткан кези. Кыргыздын жүзүн чагылдырган чыгармачыл үй-бүлөгө жана жаш талант Камбарга ийгилик каалайбыз.

Лимузинде тартылган "Жыйырманчы жаз"
Өткөн жуманын бейшемби, жума күндөрү "Жыйырманчы жаз" көркөм тасмасынын финалдык жыйынтыктоочу бөлүгү тартылды. Көпчүлүк кыргыз фильмдеринен кан төгүү, авария, адам өлтүрүү жана криминалдардан алыс болгондугу менен айырмаланат. Башкача айтканда, каармандар кооз үйлөрдө жашап, кымбат баадагы машиналарды айдап, сүйүү үчүн маданияттуу күрөшөт. Байлыкка да азгырылбаган каармандардын жашоосу, кудай буюрса, көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбай кино театрдан жакшы эс алып кетүүлөрүнө өбөлгө түзөр. Кинонун ар бир бөлүгү кымбат каражаттардын колдонулганы менен тасманын көркүн ачкан. Кошумчаласак, финалдык бөлүктүн негизгиси лимузин машинасында чагылдырылгандыктан, "Бакыт үйүнүн" алдында турган лимузиндердин эң кымбатын ижарага алганга тура келген. "Эки күн кечке тартылган кинонун финалдык бөлүгүн көргөн ар бир кино күйөрманы көздөрүнө кубанычтын жашын ала тургандай кылып аракет жасадык" деп билдирет режиссёр Алим Токторов.

Акыл КАРАЧАЧ




Куттук сөз!
Кесиптешибиз Айнура Султанованы 2-июль туулган күнү менен куттуктайбыз. Айнура, эч качан жаркылдаган жүзүңдөн жылмаюунун изи кетпесин. Күндөн-күнгө калемиң курчуп, келечекте эл керегине жараган белгилүү журналисттерден болушуңа тилектешпиз. Эң негизгиси, аялзаттык бактың тоодой болсун!
Кесиптештериң.