айлампа

Клара Алибекова:
"Расулдун ички дүйнөсүн сыйлайм"
- Клара, Расул экөөңдүн ортодогу сырдуу мамилеңер жөнүндө айта кетсең?
- Чындыгында, Расул менен достук гана мамиледе жүргөм. Кыз-жигит болуп эч кандай сыр чечишкен эмесмин. Туура, жакшы ой-тилектерин, комплименттерин буга чейин айтып келген. Мындай сөздөрдү жалгыз гана Расулдан уккан жокмун да, туурабы? Мактаныч эмес, көп эле жигиттер сүйүүлөрүн билгизип келишет. Анын сыңарындай Расулдун да сезимин ошондой көргөм. Минтип эл арасына жайылып кетет деп эч ойлобоптурмун. Убагында анын мага болгон мамилесин эске алып, жүрөгүнө катуу тийип албайын деп жылуу мамиле жасачумун. Башка журналисттер менен кандай мамиледе болсом, аны да дал ошондой кабылдагам. Анан аны башкача сезим менен кабыл алып алганы кызык болуп жатпайбы. Ортобузда эч кандай сүйүү болгон эмес. Учурунда өзүнө "дос катары жүрөлү" деген оюмду кайталап айтып келгем. Анан анын "дайыма чогуу жүргөнбүз" деген сөзү туура болбой калат. Анткени, мени тез-тез чакырып, кайсы бир жумуштарды эле сунуштай берер эле. Көп болсо ага үч-төрт саттык убактымды бөлчүмүн. Менин деле өз жумушум бар да. Мен жарым жылдан бери Жалал-Абадда баламдын жанында жүрдүм. Бишкекке келгениме он күндөй болду. Анан азыр эмне айтарымды билбей, таң калып турам.
- "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" дейт. Убагында үйлөнүү туурасында сөздөр болгон деп жатпайбы?
- Жеке өзүм үчүн жооп берсем, анын жары болууга макулдугумду берген эмесмин. Ал эми Расул сунушун айтканда, четке какканым чын. Эми мен жаш кыз эмесмин да, күйөө деп эле тийип кете бергидей. Башымдан баары өтпөдүбү?!. Ак-караны ажыратып билип калдым. Билбейм, негедир турмуш куруудан кадимкидей коркуп калыптырмын.
- А үн жаздыруучу студия ачып берейин дегенине неге каршы турдуң? Балким, чындап чыгармачылыгыңа жардам бергиси келгендир?
- Туура, азыркы күнгө чейин "ырдаганыңды, талантыңды баалайм" деп ар убак айтып келет. Анысына рахмат. Биз таанышып, достук мамиледе жүргөн күндөрдүн биринде "чыгармачылыгың токтоп калбасын. Эгер макул десең студия ачып берейин" деген болчу. Бирок, мен аны жакын кабыл алган эмесмин. Анткени, студия ачыш үчүн көп каражат сарпталат да . Ошон үчүн чын дилим менен маани берген жокмун. Бекер Расулду деле убара кылгым келген эмес. Анын үстүнө ал убадаларды жөн гана сөз менен айтып жаткандай сезилди. Анан мындан башка чыгармачылыгыма кам көрөм деген сөздөрүн укканым жок. Негизи, Расулдун дос катары ички дүйнөсүн, адамгерчилигин сыйлайм. Жан дүйнөсү таза адам. Бирок, ички сырга келгенде эле менде ага деген жылуулук жок. Сезим деген такыр башка нерсе эмеспи. Сүйүш үчүн дагы жүрөк керек го.
- Байэлди аны менен тааныштырып, анын ата-энеси менен да таанышкан турбайсыңбы?
- Мен Жалал-Абадда жүргөн кезимде мага ким чалса эле уулум телефонумду ала калып: "Мен Байэл, сиз кимсиз?" деп сүйлөшө берчү. Эми ал кичинекей го, ким менен сүйлөшүп жатканын билбейт деле. Келечекте атасы болгусу келиптир. Анын атасы бар. Байыш уулунан кабар алып турат. Байэл атасын тааныйт. Ал эми ата-энесин жакындан тааныштырган эмес. Бир жолу экөөбүз чогуу кетип бара жатканыбызда, бир машинадан кимдир-бирөөгө жолугуп калды. Аны мага байкеси экенин айткан болчу. Көрсө, ал атасы экен. Анын баарын кийин уккам.
-Эми Расул сенин жүрөгүңдүн ээси эмес экен. Деги жүрөгүңдүн жарымы барбы?
- Жүрөгүмдүн ээси бар экенин жашырбайм. Бирок, ал адам туурасында кененирээк айтуунун кажети жоктур. Сыр боюнча гана сакталып калса дейм. Кыскасы, экөөбүз бири-бирибизди туура түшүнүшөбүз. Маңдайга эмнени жазса ошону көрөт экенмин. Кудайым буюрган күнү мен дагы турмуш жолуна аттанармын.
- Уулуң Байэл канчага чыгып калды?
- Беш жашка толуп, баарын түшүнүп, жүрөгүмдү сүйүнүчкө бөлөп калган кези. Атасына аябай окшош. Кызыгы, Байыш телевизордон ырдап жатканын кээде көрүп калса, чуркап барып көңүл коюп көрүп калат. Апамдар "Байыш атаң" деп көндүрүп коюшуптур. Бирок, ымыркай кезинен баккан таята-таенесине абдан жакын. Анан, албетте, мени дагы жакшы көрөт. Мен бул жакта жүрүп барып калсам "сен минтип ырдабадыңбы?" деп туурап калат.
- Эки таланттын баласы оңой болбосо керек. Ыр-бийге шыгы байкалабы?
- Музыка чыкса эле бийлеп калат. Бирок, өнөрүн байкай элекмин. Эгер чындап таланттуу бала болуп чоңойсо, эч кандай ырчы болушуна каршылык кылбас элем. Ар бир адам сүйгөн кесиби менен иштеген кандай бакыт.
- Эми чыгармачылыгыңа кезек берсек. Эмнегедир күйөрмандарыңдан алыстап кеткендейсиң...
- Мен негизи, чыгармачылыгымды таптакыр таштап салуудан алысмын. Кудай буюрса, алдыда көп жакшы ой-тилектерим бар. Азыркы учурда бул жаатынан алыстап кеткенимдин бирден-бир себеби, балама көп убактымды жумшап жатам. Байэлдин жанында жүрүү мен үчүн өтө кымбат. Ошентсе да айла жок кайрадан Бишкекке келдим, чыгармачылыгым менен алектенсемби деген ниетте. Чындыгында ырчылардын борбордо болгону жакшы. Бир аз эле шаардан алыстап кетсең чыгармачылыгың солгундап кетет.





Жакынкы күндөрдөн бери "Клара Алибекова сүйүүсүн таап, турмушка чыгыптыр" деген сөздөрдү кулагыбыз чалып калып жаткан. Бул туурасында сураштырып баштаганыбызда, Кларанын жакыны "Студент kg", "Жаштар kg" гезиттеринин редактору Расул Өкүмалиев болуп чыкты...

Расул Өкүмалиев:
"Байэлге
ата болгум келет"
- Расул, кандай дейсиң, Клара экөөңдүн ортоңордогу жашыруун сырды бүгүн ачып бербейсиңби?
- Чынын айтканда, экөөбүздүн ортобузда эч кандай жашыруун деле сыр жок. Клара кичине кезинен кандай ырдап чыкты, дал ошондон тартып ырларын угуп, талантын чын жүрөгүмдөн баалап келдим. Азыркыга чейин ал менин кумирим десем болот. Клара менен өзүмдүн журналисттик кесибим аркылуу былтыр жакындан тааныштым. Ошол күндөн тартып экөөбүздүн мамилебиз жакындашып кетти. Эмнегедир бири-бирибизге ушунчалык бат көнүшүп кеттик.
- Экөөңөрдү кыз-жигит деп түшүнсөк болобу?
- Экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөн жокпуз. Болгону ага эркектик кылып жакшы комплименттерди айтып келгем. Кызыгы, Кларага даап барып, сезимимди билдире алчу эмесмин. Бирок, бир жолу чыгынып ага үйлөнүү туурасында сөз козгогонумда Клара: "Бир аз шашпай коё туралы. Туура түшүн, турмуш куруудан коркуп жатам" деген эле. Албетте, аныкы да туура да. "Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет" дегендей анын башынан турмуш өтүп калбадыбы. Ошондуктан, мен аны кыйнаган эмесмин. Менин бир гана кооптонуп жүргөнүм анын белгилүүлүгү болду. Асмандагы эле Айга колумду созуп жаткандай боло бердим. Антейин десем, Кларанын мага болгон мамилеси жүрөгүмдүн төрүндө болуп жатты. Эч бир көңүлүмдү калтырган мүнөзүн байкай албадым. Балким, ошол маалда анын мага жасаган жакшы мамилеси жактыруу сезимди пайда кылгандыр.
- Кларанын кайсы мүнөзү сени арбап алды?
- Эми мен ушундай эле арбалып калдым деп айталбайм. Эң негизгиси жөнөкөйлүгү, бирөөнүн көңүлүн оорутпаганы мага жакчу. Ага чын дилимден үн жаздыруучу студия ачып берейин деген сунушумду айткам. Бирок, ал мындай сунушума негедир макул болбой койгон. Эмнеге артка качып туруп алганын түшүнбөйм. Алгач андан интервью алганымда ырларын жаздыруу боюнча проблемаларын айтып калганынан ушул чечимге келген болчумун.
- Расул, анда "бирге түтүн булатып жатышат" деген сөздөр кайдан тараган?
- Анын баары бир сөзгө эки сөздүн кошулганынан келип чыгып жатат. Мен жатаканада жашайм. Анан Кларанын үйгө келип-кетип жүргөнүн байкап калышып, ошондой ойдо калышса керек. Чынын айтсам азыр Клара экөөбүздүн ортобузда сүйүү туурасында тема сүйлөшүлбөй калды. Болгону достук гана мамиледебиз. Эгер чындап баш кошуп калсак, жакшы маек берип кетербиз. Азыр бир аз эртерээк.
- Экөөңөрдүн ортоңордо мамилеңер бар экенин ата-энеңер билеби?
- Ата-энем менин жашым жетип калганын айтып, үйлөн деп жатышат. Бирок, аларга деле баары табышмак. А Клараны үйгө ээрчитип барганымда көрүшкөн. Бирок, мен анын ата-энесин көрө элекмин. Кээде Клара Жалал-Абадда жүргөн кезде аны менен телефон аркылуу байланышып, Байэл менен да сүйлөшүп калчумун. Мен балалык кезде бактылуу күндөрдү өткөргүм келчү. Тилекке каршы, ата-энемкичинемде ажырашып кеткендигине байланыштуу ал күндөрдүн күбөсү болгон эмесмин. Бир тарапта калып, ошондон улам кыйынчылыктар көп болуп, толук кандуу ата-эненин мээримин көрбөй чоңойдум. Андыктан, өз оюмда Байэлге ата болгум келет.




Жаңы ысым
"профессионал ырЧы болгум келет"

Жанкорозов
Айманбет Кеңешбекович
1985-жылы 28-майда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн.
Кара-Көл инженердик, факультетинде 5-курстун студенти. Спроттун волейбол түрүнө кызыгат. Репертуарында "Бактылуу болсом", "Түгөйүмө", "Өзүңсүз", "Сезимге" аттуу ырлары бар.

- Айманбет, өзүң жөнүндө кыскача айтып берсең?
- Мен Токтогулдан болом. Жубайым Наргиза кесиби боюнча энергетик. Экөөбүздүн ортобузда Айша аттуу татынакай кызыбыз бар. Чыгармачылыкка бала кезимден аралашканым менен чоң сахнага, шоу-бизнеске келгениме аз эле болду.
- Аз убакыттын ичинде кандай ийгиликтер байкалып жатат?
- Менин музыка чөйрөсүнө болгон кызыгуум бала кезимде башталгандыктан, элге таанымал ырчы болсом деп кыялданчумун. Жаштын тилегин берет деген чын экен, акырындык менен максаттарым ишке ашууда. Азырынча репертуарымда төрт ыр бар. Анын арасында сөзү, обону өзүмө таандык ырларым да кездешет. Менин алгачкы ийгиликтерим: ырларым радиолордо жаңырып, "Түгөйүмө" деген ырыма клип тарттыруу менен башталды.
- Башка ырчылардан кандай өзгөчөлүктөрүң менен айырмаланасың?
- Чынында мен деле катардагы ырчылардай эстрада жанрында ырдайм. Бирок, репертуарымда фольклордук ырлар да бар. Менин стилим Сыймык Бейшекеевдин стилине окшош. Албетте, мен Сыймык байкени атайын туурабайм, болгону, ырларына таасирленип чоңойгом. Ал эми кыргыз эстрадасынын алтын үнү катары Гүлнур Сатылганованы баалайм.
- Чыгармачылыгыңа колдоо көрсөтүп жаткан жакындарың болсо керек?
- Жалгыз дарак токой болбойт дегендей, жалгыз кишинин иши жалгыз да. Азыр мага Шабданов Жакшылык деген байке продюсер болуп жатат. Андан сырткары шоу-бизнестин ашканасын таанып калган эже-байкелер менен жакындан таанышып, кеп-кеңеш сурап жатам. Өзгөчө ди-джей Нуркыз Исаковага ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ыраазычылык билдиргим келет.
- Сенин кесибиң ыр дүйнөсүнө тиешеси жок экен. Качан музыкадан сабак алайын деп жатасың?
- Быйыл Политехтин Кара-Көлдөгү филиалынын кыймылсыз мүлк боюнча бөлүмүн бүтүрүп жатам. Музыкадан сөзсүз түрдө сабак алам деген оюм бар. Кудай буюрса, шаардагы музыкалык окуу жайлардын бирине тапшырам. Өзүм комузда, гитарада, ямахада, аккордеондо ойной алам. Профессионал ырчы болгум келет.

Самара Латипова