айлампа

Артистердин архивине саякат
Азизанын эки жыл сакталган тапичкеси
Кайсы бир кезде жакшы көргөн кумириңизге белек ыйгарган чыгаарсыз… Балким, бул рубрика аркылуу сиз өзүңүздүн белегиңизди кумир туткан ырчыңыздын архивинен көрүп каласыз. Күйөрмандарындан алган белектерин сары майдай сактап жүргөн ырчы Азиза бүгүн биздин мейманда.

Ырчы сахналаш досторунан алган белектердин оригиналдууларын да архивине сактап келет. Кытай Эл Республикасына концерттик программасы менен барган ырчы Айнура Салахидинова жумшак оюнчукту атайын Азизага арнап ала келген. Ал эми жүрөк формасындагы кружканы "Замана" студиясындагы кесиптеши Жанара Атабекова туулган күнүнө белек кылган. "Бул идиш-аягымды турмушка чыкканда себиме кошуп коём" деп жаңы бойдон колдонбой жүргөн экен.


Буттан өткөн сыз акыры ички органдын оорушуна алып келет дегенби, айтор, Азизанын талантын баалаган мырза бул тапичкени белекке берген. Кызыгы, тапичкени алганына эки жыл болсо да, кийбестен архивине сактап койгон. Эмне себептен кийбей сактап койгонун сураганыбызда сыр бойдон калуусун суранды.


Курандын сүрөсү жазылган тактайча менен Куран салган кутучаны абакта олтурган жигиттер өз колдору менен жасап беришкен. Мындай белекке ар бир адам ээ болбосо керек. Албетте, ырчы бул белектерин архивиндеги буюмдардын падышасы катары сактап жүрөт.


Үйгө, эшиктин алдына гүл өстүрүп, жашаган жерди гүлзар кылуу кимге гана жакпасын. Азизанын "Гүл өстүрүү менин хоббим, үйгө өскөн гүлдөрдү бала кезимден бери жакшы көрөм" деген интервьюларын окуп калган күйөрманы атайын бул гүлдү белек кылган. Башында 20 сантиметр узундукта болгон гүлдү ырчы азыркы абалындагыдай өстүргөн.


Кыргыздын улуттук аспабы комуз менен улуттук боз үйлөрүн Азизанын жеке концертинде Азамат аттуу байке белек кылган. Жыйырма жылдан бери сактап жүргөн кичинекей комузу менен боз үйүн сахна жылдызына берем деп катып жүргөн экен. Буйруктан болуп ырчы айым Азизага туш болгон. Жыйырма жылдан бери Азамат мырзанын сактап келген буюмдарынын азыркы абалын көрүп таң берсе болот.


Мындан сырткары ырчынын архивин аңтарып жатып, күйөрмандардан келген бир нече сувенирлер, жумшак оюнчуктар, картинкалар, сумка, шуру-шакектерге жана башка баш айланткан буюмдарына күбө болдук.


Акыл Карачач





Пираттардын күнү бүттүбү?
19-июнь күнү Кыргызпатент борборубуздун эски Ала-Тоо аянтында "Пираттыкка каршы күрөш" деген аталыштагы акция өткөрдү. Акциянын жүрүшүндө чогулган эл пираттардын колунан сатыкка тараган үч дискти лицензияланган сапаттуу бир дискке алмаштырып жатышты. Андан соң мыйзамсыз жол менен жазылган жыйырма миң дискти КамАЗ менен талкалап, таштанды тазалаган машинага салып берип, бир заматта көздөй кайым кылып жок кылышты. Атайын уюшулган акцияда "Мындан ары мындай көрүнүштөргө жол бербей, чыгармачыл адамдардын укугун коргойлу"деген ой-максаттарын, аталган уюштуруучу топтун жетекчилери бирден санап айтып өтүштү. Ошондой эле акцияны кыргыздын ыр өнөрпоздору коштоп, өз ойлорун билдиришти.


Кыргызпатенттин автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгынын башчысы
Аскар
НаЖимудинов:
- Акциянын негизги максаты эмнеде, кыскача токтоло кетсеңиз?
- Биринчиден, биздин максат композитор, акын-жазуучу, обончу, аткаруучу, сүрөтчү, деги эле илимпоз адамдардын укуктарын коргоо. Биз буга чейин алар менен тыгыз байланышта иштеп келгенбиз. Дагы да болсо иштеше беребиз. Биздин бүгүнкү максат авторлордун өздөрү жараткан эмгектерин коргоп берүү болуп саналат. Мисалы, азыркы учурда мыйзамсыз жол менен сатылып жаткан дисктер өйдөдө атап кеткен чыгармачыл адамдарга өз кедергисин тийгизип жатат десем жаңылышпайм. Чынында эл катары алар да чыгармаларынын аркасында нан таап жеп, жанын багыш керек да. Бирок, тескерисинче, учурда авторлордун арты менен пираттар чөнтөктөрүн кампайтууда. Ошондуктан, биздин максат - мыйзамсыз жол менен сатылып жаткан дисктерден арылып, сапаттуу лицензияланган дисктерге өтүү. Лицензияланган дисктен автор дагы, алуучу дагы пайда көрөт. Автор андан өз акысын кайсы бир деңгээлде кайтарып алат. Пираттык жол менен жазылган дискке эч ким кепилдик бере албайт. Бул акция биздин пираттарга болгон алгачкы кадамдарыбыз. Буюрса, мындан ары буга окшогон акцияларды дагы далай өткөрөбүз деген тилектемин.
- Мунуңуз туура. Бирок, каракчылыкты биротоло жоюуга мүмкүнчүлүк жетеби. Дегеним, алыскы Америка, Россияда да ушул маселе жолго коюлбай келет.
- Эң негизгиси, бизге убакыт талап кылынат. Чындыгында каракчылыктан дароо, биротоло кутулуп кете албайбыз. Менимче, бул көрүнүштү жокко чыгаруу жалгыз гана өкмөттүн колунан келе турган иш эмес. Ошондуктан, баарыбыз жапатырмак киришип, бул маселени бүткүл кыргызстандыктар колго алышыбыз керек. Сапатсыз арзан баадагы дискти алган күндө да эс алып көрүүгө мүмкүнчүлүк болбойт. Алган акчаң жөндөн-жөн күйүп кетет. Ал эми лицензияланган диск сапаты жагынан коюлган баага татыктуу болоорун баса белгилеп айта кетели.Ошон үчүн калың эл ушул жагын эске алса жана биз атап кеткен чыгармачыл адамдардын эмгектерин баалашса дээр элем. Андыктан, биз дагы талыкпастан иштеп, каракчылыкты токтотууга болгон мүмкүнчүлүгүбүздү жумшайбыз.
- Сиздерге учурда 20 миң диск чогулуптур, анын баарын кайдан, кантип чогулткансыздар?
- "Дордой", "Ош" базарларынан чогулган. Каракчылык менен сатылып жаткан дисктерге каршы, ошол райондун структураларына карай турган каржы полициясы биз менен бирге иш алып барат. Алар пираттык жол менен сатылып жаткан дисктерди сатыктан чыгарып келип, акт түзүп бизге, Кыргызпатентке экспертизага алып келет. Биз аны мыйзамсыз диск деп таап, жыйынтык чыгарып, сотко өткөрөбүз. Алар сот алдында жооп беришет. Ошонун натыйжасында төрт айдын ичинде жанагынча мыйзамсыз дисктерди чогулттук.
- Эл лицензияланган диск менен пираттык дисктерди кантип ажыратып алат.
- Атайын "Меломан", "Сонун мюзик", "Азия рекордс" деген компаниялардын дисктери лицензияланган.




Пираттыкка көз карашыңыз...
Эрнест Абдыжапаров,
кинорежиссёр:
- Буга чейин биздин коомчулукта искусство тармагында жапайычылык пайда болгон. Жапайычылык (каракчылык) кандайдыр бир деңгээлде маданият жаатына өбөлгө түзүп келген десем ашыкча болбос. Колдон келсе аларды түп орду менен жоготууга тийишпиз. Пираттарга эми жол бербешибиз керек. Мына ошондо гана биз цивилизациялашкан коом боло алабыз.
Бактыгүл Бадыева, ырчы:
- Бир сөз менен айтканда пираттарга каршымын. Ар бир адам өзүнүн эмгегин туура пайдаланып, туура чечим алганы жакшы го. Эми мурда го аргасыздан пираттар менен иштешчүбүз.
Санжар Бердибеков, куудул:
- Эми пират десе эле көбүртүп-жабыртып айтуунун кандай кажети бар? Ар ким өз тиричилиги менен жанын багып жүрбөйбү. Пираттар да эмгек кылып жатат. Аларды жамандап каршы чыгуудан алысмын.
Жаныбек Алыкулов, куудул:
- Негизи пираттардын автордук укуктарды басмырлап жатканы көңүлдү оорутат. Ал эми жакшы жагы бизди рекламалап жатышат. Бирок, алар сапатына көзөмөл жүргүзбөстөн, акчасына басым жасаганынан улам өкмөттөн куугунтук жеп жатышпайбы.