Кыргыз гезиттери


PRESSKG.COM

  Кумир менен баарлашуу

Нурзат Токтосунова:
"Назира мени жек көрөт"
Кумир менен фанаттарды бир аудиторияга чогулткан "Кумир менен баарлашуу" рубрикасынын коногу телеалпаруучу Нурзат Токтосунова болду. Үч сааттын тегерегинде окурмандар менен кенен баарлашкан Нурзат алардын суроолоруна жооп берип, атайын арнаган белектерин да тапшырды.


Нурзат Мусаланова
-Нурзат, иштериң жакшыбы? Жаңы кызматка киргениңди угуп калдык эле, ал жумушуң кандай экен?
- Рахмат. Биринчиден, сиздер менен учурашып алайын. Кандайсыздар? Учурда өзүңүз уккандай Маданият министирлигинин "Концерттик ишмердүүлүк бөлүмүндө" башкы маркетолог болуп иштеп жатам. Аны менен бирге эле "Улуттук хит-парадды" алып баруудамын. Адам бардык нерсеге көнөт эмеспи, мен дагы ал жакта эртең мененки саат сегизден кечки саат бешке чейин иштегенге көнүп калдым. Албетте, ишим абдан жакты. Маданият тармагы болгондуктан, ырчылар, чыгармачыл адамдар көп келет. Мени көрүшүп, "Аа, сен бул жактасыңбы?" дешип таң калып жатышат. Бир жолу министр Султан Акимовичтин кабылдамасына кирсем, күтүп жаткан адамдар көп экен. Мен кезек күтпөй эле кирип баратсам, "Ай, Нурзат, кезегиң менен кир, биз да күтүп жатабыз" деп Роза эже (Аманова) күлүп калды. "Мен бул жакта иштейм да" деп ал-жай сурашып калдык.
-Казакстанда да иштеп калдың. Ошончо убакыттын ичинде алар сени кыргызча сүйлөтүп, Кыргызстандын гимнин ырдатыштыбы? Өзүң гимнди билесиңби?
- Мен иштеген фирмада токсон пайызы орустар болгондуктан, иш убагында орусча сүйлөчүбүз. Бир жолу кесиптештерим менен 8-март майрамын майрамдадык. Анан мага кыргызча тост сүйлө деп суранышты. "Ар убак ууртуңардан күлкү кетпесин" деген сыяктуу сөздөрүмдү айтып, үч мүнөттөй сүйлөдүм. Алар кандай сөздөр айтылып жатканын толук түшүнүшпөсө да, чын жүрөктөн айтылып жатканын сезип, кол чаап, кыргыз тили уккулуктуу кооз тил экен деп суктанышкан. Ал эми гимнди билесиңби деп ырдатышкан эмес. Бирок мен кыргыздын патриоту катары гимнди толук билем. Эгер кааласаңар ырдап берейин. (Нурзат биринчи куплетин ырдап баштаганда ага ишенген күйөрмандар кол чаап токтотушту).
- Назира Айтбекова менен мамилеңер начар экенин билсек да, эмнеге экөөңөр тең жашырасыңар?
- Биз ал кыз экөөбүз окуу жайда чогуу окуп, бир үйдө да жашап калганбыз. Экөөбүздүн ортобуздагы мамиленин начарлашына элдин ушагы да себеп болду го деп ойлоп кетем. Бир күнү Назираны телевидениеден токтотуп алып: "Назира сен мага эмнеге таарынып жүрөсүң?" десем, "Нурзат мен сизди жек көрөм" деген. Эмнеге? десем, "Сиз мени "Хит параддан" кетирткенсиз?" деп жатпайбы. Эгерде мен теленин же болбосо "Хит параддын" чоңу болсом, же менин мансабым бар болсо бир жөн. Мен эч нерсени чечпесем, кантип аны кетирет элем. Кыскасы Назира мени жек көрөт. Мен аны билсем да ага эч кандай көрө албастык жана жамандык кылбайм.
Назгүл Акылбекова
- Канча бир тууган болосуз?
Апам менен атамдын карыганда көргөн каралдысы болом. Сегизинчи класска чейин конокко ээрчип барып жүрдүм.
Беш эркек, үч кызбыз. Баарыбыз бири-бирибизге окшошпуз. Улуу эжекем айылга барса, "Нурзат келген турбайбы" деп кошуна эже үйгө келип эжеме суроо берип иштерин сураса, эжем да билмексен болуп, менин ролумду аткарып суроолоруна жооп бергенин эстеп күлө беребиз.
- Кечирип коюңуз, бирок ушул суроону бергим келип жатат. Турмушка чыкканыңызга эки жылдан ашса дагы эмнеге балалуу боло элексиздер?
- (Күлүп) Кудай буюрса болот. Кыргыздар сөзсүз түрдө тогуз айдан кийин төрөш керек деген ойду бекем тутуп алышкан. Он эки айдан кийин дагы, же сегиз айдан кийин дагы болбойт. Сөзсүз түрдө тогуз айдан кийин балалуу болуш керек эмес да. Атайын сактанып жатам десем да кесир болоттур. Кудайдан тиленсек болот...Болот деп эле туралычы...
- Ушак, сын-пикирлерди кандай кабыл аласыз?
- Мен өзүм жөнүндө ушак укканда жүрөгүм ооруйт. Ал эми, сын туура айтылса жакшы кабыл алам. Негизи бизде кемчиликти көзгө айтуу чанда кезигет. Аркаңдан "Ой, мындай, тигиндей" дешип, бетке айтышпайт. Өткөндө "Нурзаттын баардык нерсеси жакшы бирок ашыкча боёнот" деген маалыматты окуп, азыраак боёнгонго аракет кылып калдым. Эгерде сын туура айтылса анын пайдасы көп.
- Белгилүү алып баруучуларга "Мага экинчи аял болсоң, баарын алып берем. Үй, машина.. "деген сыяктуу сунуштар көп түшөт экен. Сизге да мындай сунуштар түштү беле?
- Күйөөгө тийе элек бойдок кезимде андай сунуштар түшкөн. "Мен сага баардыгын алып берем мага экинчи аял болосуң" дегендер болгон. Бирок, биздин үй-бүлөдө андайлар болгон эмес, болбойт дагы. "Ыржың кызга тыржың күйөө жолугат" деген макал бар го. Кыздын өзү жалжаңдап, жабышып жатса, эркектер жөн коймокпу. Азыр үй-бүлөм, жолдошум бар экенин баары билишет. Мен жолдошум Бакытка туш болуп калганыма бактылуумун.
Чынара
Раимбекова
- Нурзат эже, эмнеге "Браво" теле көрсөтүүсүн алып барбай калдыңыз?
- Турмушка чыккандан кийин жолдошум менен Алматыга кетип, ал жакта иштегенге туура келди. Жумушубуз дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин болсо мен шаршемби күнү кантип "Бравого" келет элем. Анан жетексиликке шартымды түшүндүрсөм: "Анда сен ишемби күнү "Хит парадды" алып бар" деп Ассоль Молдакматова менин шартымды түшүнүп, "Хит параддга" которгон. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып мага ар тараптан кеп-кеңештерин айтып, жардам көрсөтүп келишкен Динара Эсенгуловага, Ассоль Молдакматовага терең ыраазылык билдирем.
- Алматыдагы ишиңиздерди таштаганга эмне себеп болду?
- Биз иштеген фирма үйлөрдү чийген архитектуралык фирма болгондуктан, кризистин айынан көп заказдар болбой ишибиз токтоп калды. Кайра иш өз нугуна түшкөнчө деп ал жакта иштеген кызматкерлерди эс алууга жиберди. Азыр болсо Кыргызстанга биротоло келип, экөөбүз тең жумуш таап, өз жерибизде эле калып иштейли деп чечтик.
- Жолдошуңуз Бакыт азыр кайсы тармакта иштеп жатат?
- Бакыт англис тилинде эркин сүйлөйт. Азыр убактылуу жайкы сезонго байланыштуу Соң-Көлгө келген туристерге котормочу болуп иштеп жатат.
Наргиза Көлбаева
- Нурзат эже, мен сиз менен "Мой мир" сайтынан таанышканда үйгө барып апам эркек төрөгөндөй сүйүнгөм. Алгач сизге чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөңүзгө бакыт каалайм. Жашооңузда эсиңизден кетпес кызыктуу көз ирмемдер болду беле?
- Каалооңузга чоң рахмат. Мм,..биринчи жолу спорт сарайында концерт алып барганда, сүрдөп эки миң кишинин алдында өзүмдү ыңгайсыз сезгем. Тизем титиреп, колдорум калтырап сахнага чыгып келатып эле кайра кирип кетем. Акырында Алексей колумду бекем кармап, буту менен сахнанын ортосун көрсөтүп, зорго алып чыккан. Ошол убакыт мен үчүн жагымдуу да, сүрдүү да, күлкүлүү да, уялган да көз ирмем болгон.
-Мен сизди кыргыз жаштарынын баатыры катары сезем. Анткени, сиз кыргыз маданиятына өз салымыңызды кошуп келесиз. Ошондой эле кыргыз тилин так сүйлөйсүз. Өз тилинде сүйлөбөгөндөргө оюңуз кандай?
- Биринчиден, мен азыр баатыр деген сөзгө татыктуу эмесмин. Балким, талыкпаган эмгек кылып, кырк жылдан кийин баатыр болом. Анткени ал даражага жетиш үчүн кандай гана иштерди жасаш керек. Ал эми кыргыз тили боюнча айтсам, буга чейин коомдук жайларда көбүнчө орусча сүйлөп келсек, азыр ал көрүнүштөрдөн алыстап бараткандайбыз. Жакшылыктан үмүт үзбөсөк, балким, тилибиз өркүндөйт. Бир окуя эсиме түшүп жатат... Шаарга жаңы келгенде маршуруттун айдоочусуна аялдаманын жанынан токтотуп коёсузбу? десем, айдоочу мени жаман көзү менен карап, "Аялдама дейсиңби" деп бакылдаса жүрөгүм түшүп калган. А эмне түшүнбөй калдыңызбы? Мен сизге кыргызча эле сүйлөдүм го? деп экөөбүз "аялдама" деген сөз үчүн урушуп кеткенбиз.
- Жыйырма жылдан кийин бетиңизге бырыш түшсө пластикалык операция жасатасызбы?
- (Күлүп) Мен бир хирург менен сүйлөшүп жатып, мага пластикалык операция жасатсам болобу? десем, "Жок, сенде азыр бардыгы жакшы экен. Кудай сага келбетти берип жатып эч нерсени аябаптыр" деген деп мактанып койбоймунбу. Балким, сиз айткандай жыйырма жылдан кийин бетиме бырыш түшсө, албетте, замандын талабына ылайык пластикалык операцияны пайдаланам. Ким эле сулуу болууну каалабасын.
Бегимай Аманова
- Нурзат эже, сиз мени үйүңүзгө ээрчитип барасызбы?
- Ий, алтыным. Ооба, сөзсүз ээрчитип барам. Сен биринчи апаң менен атаңдан уруксаат сурап келсең, анан үйгө алып барам.
- Сиздин мага окшош кызыңыз барбы?
- (Күлүп) Азыр менин кызым жок. Бирок сага окшогон кичинекей бөбөктөрүм көп.

Айнура Султанова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
23-июнь, 2009-ж.:
1-бет
АНЖЕЛИКА АЛТЫН ТААЖЫНЫН
ЖАНА ЖҮЗ МИҢ СОМДУН ЭЭСИ

2-бет
Нурзат Токтосунова:
"Назира мени жек көрөт"

3-бет
жылдыздар турмушунан
4-бет
Ырчы Нурзат Садыкова:
"Турмуш курууга даярмын"

5-бет
айлампа
6-бет
Жибегиндей эр жигит...
7-бет
Быр-р-р.. Кока - Кола!
8-бет
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов:
"Атамбаев бийликке азгырылдыбы же..."

9-бет
"Ата-Мекен" партиясынын лидери, Өмүрбек Текебаев:
"Таянаар тообуз эл"

10-бет
Кулак жана мүнөз
11-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
12-бет
Аялымды кызгантам деп турмушумду бузуп алдым
13-бет
Спорттун курмандыктары
14-15-бет
Обон почта
16-бет
шоу дүйнө





Яндекс.Метрика