Кыргыз гезиттери



  шоу дүйнө

Саламат
Садыкова
Дүйнөлүк
ассоциациянын мүчөсү
Кореянын Сэул шаарында өткөн дүйнөнүн Азия өлкөлөрүнүн маданиятынын чеберлери чогулган фестивалга Кыргызстандын атынан Саламат Садыкова катышты. Ал фестивалда "Дүйнөдөгү Азия өлкөлөрүнүн маданиятынын ассоциациясы" түзүлүп, Саламат Садыкова ассоциациянын атайын мүчөсү болуп шайланды. Жыл сайын өткөрүлүп туруучу фестивалга Саламат эженин барып туруусу милдеттүү түрдө болмокчу. Албетте, мындай ийгилик кыргыз жергеси үчүн чоң сыймык.

"Жыйырманчы жаз"
үйлөнүү тойдо
Өткөн жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү "Жыйырманчы жаз" көркөм тасмасынын эң татаал сюжеттеринен болгон "Үйлөнүү үлпөт" бөлүмү тартылып бүттү. "Ата-эненин кубанычын, жаштардын бактылуу көз ирмемдерин чагылдыруу жайдын ысык саратанына туш келгендиктен, алтымыштан ашык каармандар менен иштөөдө бир топ кыйынчылыктар болду" деп билдирет аталган тасманын режиссёру Алим Токторов. Кинодо кызын бир эмес, эки жолу турмушка узатып, кызы үчүн ичи ачышкан эненин ролун ойногон Чынара Чолпонкулова жана анын кинодогу эрке кызы Алимандын образын жараткан Гүлмира Көчүмкулова эки күн башка-башка үлпөт көйнөгүн кийип жана чач жасалгасын кайра-кайра жасатканы фильмдин ошол эпизоддогу максатына жеткенин билдирет.


Жубайлар
кимге тууган болушту?
Кыргыз эстрадасына "Алтын балалык", "Бал татым", "Болосуңбу?" аттуу ырлары менен таанылган жубайлар Замир менен Эллада жакында эле сахналаш досу ырчы Жанат Жайилов менен бир тууган болуп калышты. Башкача айтканда, Замирдин сахналаш досу Жанат Элладанын эң кичүү сиңдиси Чынарага ашык болуп, кыз-жигиттердин мамилеси үйлөнүү тою менен аяктаган. Эми эки дос дуэт ырларын мындан ары улантабы же бажа болуп баш тырмашып калышабы аны убакыт көрсөтөөр…

Оюндан
от чыкты
Ырчы Ынак Осмоналиев 13-июнда кокусунан сол колун сындырып алган. Өнөр адамдары, ак үйдө иштеген чиновниктер, журналисттердин ортосунда футбол боюнча мелдеш уюштурулуп, оюнчулардын курамында Ынак Осмоналиев да болгон. Мелдеш ортолоп калганда капысынан жыгылган ырчынын сол колу билегинен чорт сынган. Ынак ошол замат оюнду токтотууга мажбур болуп, ооруканага барып сыныкка гипс койдурган. Учурда ырчынын колу жакшы болуп калганы менен микрофон кармап ырдаганга жарай элек. Күйөрмандарын сүйүнтүп тезирээк сакайып кетишин каалайбыз.

Иса мектепти
аяктады
Арген үндүү сахнанын эркеси Иса Өмүркулов 9-классты №40-мектептен аяктап, экзамендерин "4", "5" деген бааларга тапшырды. Эми кудай буюрса, Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын вокал бөлүмүнө тапшыруу алдында турат. Мектептен алыстап, өз алдынча канат кагып кетип жаткан мырзабыз "Школьный двор" деген ырын жаратып, клибин да кошо тартып бүтүрдү. Баса, Исанын 25-июнда 14 жашка толушу менен куттуктап, ак тилек айта кетели.

Мирбек
Иманбеков бүтүрүүчү
Көпчүлүк кыздардын жүрөгүнөн орун алган ырчы Мирбек Иманбеков учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун Оркестр дирижёру жана аккордеон бөлүмүн бүтүрүп, кубанычы койнуна батпай турган кези. Мирбек жакында продюсери Асыл Апасованын уюштуруусу менен Санк-Петербург шаарындагы мекендештерибизге концерттик программа тартуулоо алдында турат.

Денис баласын жоготтубу?
Кыргыздын эрке күйөө баласы Денис менен жубайы Жанета 21-июнь күнү жагымсыз окуяга туш болушту. Жанета айым "Жылдыздар манежде" теледолбоорунан экинчи орунга жетишип, жүрөгү толо сүйүнүп турган кезинде кызынын ийгилигин куттуктап, алыстан ата-энеси келген. Неберелерин сагынган таенеси Ала-Тоо аянтындагы фонтандарды көргөзүү үчүн ээрчитип чыккан. Аянтта чогулган эл көп болгондуктан, көз ачып-жумганча кичинекей Максимди жоготуп алышкан. Аны милиция кызматкерлеринин жардамы менен таап, учурда ата-эненин көңүлү тынчып калган кези.

Акыл КАРАЧАЧ





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
23-июнь, 2009-ж.:
1-бет
АНЖЕЛИКА АЛТЫН ТААЖЫНЫН
ЖАНА ЖҮЗ МИҢ СОМДУН ЭЭСИ

2-бет
Нурзат Токтосунова:
"Назира мени жек көрөт"

3-бет
жылдыздар турмушунан
4-бет
Ырчы Нурзат Садыкова:
"Турмуш курууга даярмын"

5-бет
айлампа
6-бет
Жибегиндей эр жигит...
7-бет
Быр-р-р.. Кока - Кола!
8-бет
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов:
"Атамбаев бийликке азгырылдыбы же..."

9-бет
"Ата-Мекен" партиясынын лидери, Өмүрбек Текебаев:
"Таянаар тообуз эл"

10-бет
Кулак жана мүнөз
11-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
12-бет
Аялымды кызгантам деп турмушумду бузуп алдым
13-бет
Спорттун курмандыктары
14-15-бет
Обон почта
16-бет
шоу дүйнө





Яндекс.Метрика