жандүйнө ыйы

Аялымды кызгантам деп турмушумду бузуп алдым
Турмушубузду бейишке айланткан да, тозокко айланткан да өзүбүз болот экенбиз. Мен турмушумда катуу жаңылдым. Болгондо да болбогон эле жерден чоң катачылык кетирип алдым. Аны убагында сезсем гана?..

Үйлөнгөнүмө төрт гана ай болгон. Махабат экөөбүз ата-энелерибиздин кийлигишүүсү менен таанышып, бири-бирибизди жактырышып эле үйлөнгөнбүз. Аялым ыймандуу, мага, кайын-журтуна тике карап сүйлөбөгөн, сулуу, кыскасы, аялзатына тиешелүү бардык сапаттары бар эле. Турмушубуз да өз нугунда өтүп жаткан. Ата-энем сатып берген эки бөлмөлүү үйдү турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар менен толтуруп алып бейкапар өмүр сүрүп жатканбыз. Экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө билинбеген мүнөздөрүбүздү эми өздөштүрүп, мен аны эми гана сүйүп, улам бир кылыгына ичим элжиреп коюп жүргөм. Анан… баарын өзүм баштадым.
Махабат токтоо, бир сырлуу кыз эле. Ошондуктанбы, мен жумуштан кармалып кеч келген күндөрү кайда жүргөнүмдү, эмне себептен кечиккенимди сурабай эле чайын берип, төшөгүмдү салып берип койчу. Балким, айрым эркектер мындай мамилеге зар болуп жүрсө керек. А мен акмак болсо… Аялымдын бул мамилеси мени сүйбөгөндөй сезим калтырчу. Өтө эле кайдыгердей сезилчү. Ал анткен сайын менин да атайын кечигип, досторум менен ичип келген күндөрүм көбөйө берди. Махабатта болсо өзгөрүү жок. Баягыдай эле ашыкча сөзү жок бир калыпта тосуп алат. Бир күнү аялымды атайын кызгантып, сынап көрүүнү чечтим. Кантип кызгантсам экен деп ойлонуп отурсам жумуштагы фотограф байке (бир гезиттин редакциясында иштейм) модель кыздардын көп сүрөттөрүн көрүп отуруптур. Мен да кызыгып карап калдым да, арасынан өзүмө жаккан бир кыргыз кыздын сүрөтүн сурап алып, гезиттин арасына салып койдум. Анткени, Махабат жаңы гезит чыккан күнү эшиктен кирерим менен гезит сурачу.
Айткандай эле кечинде үйгө барганда Махабат адаттагысындай жаңылбай гезит сурады эле даярдап алган гезитимди кармата салдым. Гезитти шашкалактап барактап жаткан Махабат сүрөттү көрүп калганы менен андан аркысы мен күткөндөй болгон жок.
- Азат, бул ким?-деди жай гана. Үнүндө эч кандай кызганычтын белгиси жок эле. Мен даярдап алган жообумду жаадыра салдым:
- Кайсы? Аа-а… албы? Ал бизге жаңы келди. Аябай сулуу бекен? Редакциядагы эркектердин баарынын шилекейлери чуурулуп калбадыбы? Анан да элестет, келип-келип менин жанымдагы орундукка жайгашып калбадыбы?..
Махабат сүрөттөн көзүн албай туруп:
- Чын эле аябай сулуу кыз экен,-деп койду эч кандай ич күйдүлүгү жок.
Ушул окуядан эки-үч күн өтүп дагы бир ойго келбес жорукту ойлоп чыктым. Жумуш убактысы бүтүп, редакциядан чыгып келе жатсам, оозгу бөлмөдө кыздар үймөлөктөшүп жатышыптыр.
- Кыздар, жакшы калгыла!-дедим адатымча кесиптештерим менен коштошуп.
- Азат байке, жеңеме бир нерсе ала кетпейсизби?-деди кыздардын бири. Көрсө, аялдардын косметикаларын алып келип сатып жатышыптыр.
- Помада, атыр, упа… баары бар, эмне аласыз?-деп столдун үстүнө жая салды сатып жаткан кыз.
Ойлонуп туруп бир помада сатып алдым.

Туура эле үйгө келе жатсам досторум чалып калышты эле, орто жолдон бильярдга бурулуп кеттим. Түнкү саат бирге чейин пиво ичип, бильярд ойнодук. Үйгө кирерде баягы помада менен акырын көйнөгүмдүн жакасын боёп алдым. Үйгө кирип барсам Махабат кадимкисиндей жаркылдап тосуп алып, костюмум менен папкамды алып бөлмөгө кирип кетти. Менин жакамдагы помаданын изин көргөн жокпу, же жөн эле көрмөксөн болуп койдубу, билбейм. Күзгүгө карап жакамды кармалап өзүмчө сүйлөнө кеттим:
- Шерменде-е… Ушундай кантип болсун?! Махабат! Э-э, Махабат!
- Эмне болду?
- Көйнөгүмдү жууп койсоң эртең мененкиге чейин кургаар бекен?-дедим күзгүнү карап, жакамды кармалаган калыбымда.
Махабат дагы деле бир калыбынан жазган жок:
- Кургаса керек, чеч, жууп коёюн.
Ушул жерден жиним келе түштү.
- Махабат, сени менин кайда жүргөнүм, эмне кылып жүргөнүм такыр кызыктырбайбы? Эмнеге сурабайсың?-дедим.
- Сураганда эмне? Кудай өзүңө ыйман берсин,-деп койду жай гана.
Ушуну менен эле токтоп калсамчы. Аялымды сынаганымды токтоткон жокмун. Махабатта болсо өзгөрүү жок.

Бир күнү күндөгүдөй эле жумуштан келсем үйдө эч ким жок экен. Байкасам, Махабаттын кийимдери, өзүнө тиешелүү буюмдары көрүнбөйт. Кетип калганына көзүм жеткенде башымды мыкчып кире бериште отуруп калдым. Туура эмес кылганымды кеч сездим.
Махабат шаардагы эжесиникине кеткен экен. Эртеси артынан барсам мени менен сүйлөшкүсү келбей койду. Жөн гана сыноо үчүн жасаганымды айтайын десем, ага жөн эле актанып жаткандай туюлду. Махабат сөзүмдү уккусу келбей койгондуктан, "бир аз ачуусу тарасын, кийинчерээк келээрмин" деп жолума түштүм. Жумуш, жумуштан кийин пиво, бильярд болуп жүрүп билинбей эле бир жума өтүп кетиптир. "Махабат жөн гана эркелеп жатат, бир күнү өзү келет" деп ойлочумун. Бирок, жаңылышкан экенмин. Көп өтпөй эле эжесиникине кайра барсам, айылга кетип калганын айтты. Анда да "мейли, ата-энесин көрүп, эс алып келсин" деп ойлодум. Бирок, улам кечиге бергенинен жүрөгүм бир нерсени сезгендей болду. Бир жолу жума күнү жумуштан эртерээк бошоп, чыгынып жолго чыктым. Анда Махабаттын кеткенине бир ай болуп калган. Айылга барып, өзүмө тааныш үйдүн дарбазасын каксам, кайненем чыкты. Ал да Махабаттай көп сүйлөбөгөн, бир сырдуу аял. Саламыма алик алып, мени үйгө киргизди. Үйгө кирээрим менен эки жакка көз чаптырсам, негедир Махабаттын карааны көрүнбөйт. Чыдай албай сурап жибердим:
- Апа, Махабат кайда?
- Ай, балдарым, жакшынакай эле жашап жатпадыңар беле? Кайсы кара теке сүздү силерди, үйлөнбөй жатып…-деп наалып кирди.
Жосунсуз жорук кылганымды кайненеме кантип айтам? Башымды шылкыйтып туруп бердим. Кайненемдин бир сөзү кулагыма кирсе, бири кирбейт. Бирок, "Махабат кетти" дегенде бүткөн боюм "дүр-р" этип, "селт" эте башымды көтөрдүм.
- Апа, кайда кетти?
- Кайда кетмек эле, кой дегениме болбой Россиядагы эжесине телефон чалып, ошол жакка кетти.
Дүнүйөм караңгылап, оозума сөз келбей отуруп калдым. Алдыма алып келген чайга да караган жокмун. Кайненемден кайнежемдин телефонун сурап алдым да, дароо шаарга кайттым. Келип эле кайнежеме телефон чалып жалдырадым, кечирим сурадым… Бирок, Махабат мени менен такыр сүйлөшпөй койду. Кайнежемди ортого салсам да болбоду.

Махабаттын алыска кеткени мен үчүн чоң сокку болуп, мурун пиво ичип жүрсөм, ушул күндөн баштап аракка оой баштадым. Жумушка да бир күн барсам, бир күн барбай жүрүп акыры такыр барбай калдым. Башында ичкенде Махабатты эстеп ыйлап, ага телефон чалып жүрсөм, бара-бара чалбай да калдым. Аялым кетип, менин ичкиликке берилип баратканымды угушкан ата-энем мени айылга алып кетишти. Үйрөнгөн адат калмакпы, айылда да ата-энемдин тыюу салганына карабай ыгын таба коюп бекерчи классташтарым менен ичип жүрдүм. Арак адамды тез эле өзгөртүп жиберет экен. Аз убакыттын ичинде баягы кара костюм-шымды чыкыйта кийип, галстук таккан журналисттен жүз грамм арактын артынан түшкөн ичкичке айландым. А Махабат болсо менин ичкич болуп кеткенимди угуп, биротоло менден жүз бурду…
Азат