Кыргыз гезиттери


PRESSKG.COM

  Күлкү - өмүрдүн мүлкү

- Алло, бул "Телефон боюнча секс" кызматыбы?
- Ооба, жаным! Мына, мен кофтамды чечтим, юбкамды да чечтим... Ич кийимчен калдым...
- Алло, мен милициядан чалып жатам.
- Болду, болду. Мына, мен кийимимди кийип, кетип калдым.

Театрдын кассасындагы маек:
- Мага спектаклга эки билет.
- "Ромео менен Жулеттагабы?"
- Жок, апам экөөбүзгө...


Эки кишинин маегинен:
- Пиво мага жакпайт. Аны көп ичсең ичиң чыгып кетет. Арак эле жакшы.
- Арактан боор өлөт да.
- Эми боор көрүнбөйт го…
Үйдүн телефону шыңгырайт. Трубканы жаш бала көтөрөт:
- Алло!
- Атаң үйдөбү?
- Жок, ал кеткен.
- Каякка? Эс алганыбы?
- Жок, ал апам менен кеткен.

Жигит кызды мотоциклине учкаштырып, шлемди берип жатып:
- Чиелеништирип байлап алба. Анан доктурлар чече албай кыйналып калышпасын...

Аялы күйөөсүнө:
- Биздин телефонго эмне болуп калган? Азыр эле курбум менен сүйлөштүм, бирок, эч нерсе түшүнгөн жокмун.
- Силер кезектешип сүйлөшүп көрдүңөрбү?

Профессор студентке:
- 19-кылымдагы акындар жөнүндө бир нерсе айта аласызбы?
- Албетте, айта алам. Алардын баары өлүп калган.

Бир студент экинчисине:
- Жүр, лекцияга катышпай эле паркка барып келебиз.
- Жок, бара албайм. Укташ керек.
Асан мектептен көзү көк-ала болуп келет.
- Дагы мушташтыңбы? Мен сага айтпадым беле, "жиниң келгенде ичиңден жүзгө чейин сана" деп!-дейт апасы.
- Айткансыз, апа. Бирок, Акматтын апасы "элүүгө чейин сана" дептир.

Лекцияда мугалим:
- Акматов, жаныңыздагы кошунаңызды ойготуп коюңуз!
- Агай, өзүңүз уктаттыңызбы, өзүңүз ойготуңуз!
- Айшанын төрт баласы бар, төртөөнүн тең аты Акмат.
- Апей, анан аларды бири-биринен кантип айырмалайт?
- Аталарынын аттарынан.
- Акматов, эмнеге мени укпай отурасың?
- Угуп жатам, агай.
- Анда менин акыркы сөзүмдү кайталачы?!
- Кайталайм эле: "Акматов, эмнеге мени укпай отурасың?"

Эки дос түнкү саат 3тө көчөдөн жолугуп калышат. Бири экинчисине:
- Сен эмне, ушундай кеч сейилдейсиңби?
- Үйдө аялымдын ойношу бар. Келжирек суроолорду берип башты оорутуп жиберди.

- Элестет, кечээ Айша төрөдү. Жатакана боюнча ага ат тандадык.
- Койчу!
- Ал эч нерсе эмес, эртең фамилиясы менен атасынын атын тандайбыз.
- Акмак! Сен менин тагдырымды талкаладың! Мен бүт жаштыгымды сага арнагам!
- Кызым, дипломуң менен сүйлөшкөнүңдү койсоңчу?!

- Кошуна, биз экөөбүз куда болуп калдык!
- Койчу?
- Кантип эле сенин кызың менен менин балам экөө…
- Жок. Сенин аялың экөөбүз…
- Таң атпай каякка шашып баратасың?
- Дарыканага, презервативге.
- Эмне, аялың командировкадан келдиби?
- Жок, кетти.
Врач кардарга:
- Кана, чечиниңиз. Эми тоңкоюңуз... Сиздин геммороюңуз бар экен.
- Доктор, ушуну бетиме айтсаңыз болбойт беле?..
Бойдок жигит досуна:
- Тагдыр өтө катаал.
- Эмне болду анчалык?
- Карачы, жадакалса менин байпагым түгөйүн таба албай жатат.

- Мона Лизанын жылмаюусун көрүүнү каалайсызбы? Эң жөнөкөй: аялыңыздан айлыгыңызды эмнеге коротконун сураңыз.


Экөө ичип отурушат:
- Кел, дагы элүүдөн алалы.
- Мейли. Биринчиси, экинчиси, үчүнчүсү…
- Урматтуу туулган күн ээси, биз ушул бокалды сиз үчүн көтөрөбүз!
- Рахмат, жөн эле койгула, мен азырынча өзүм үчүн өзүм көтөрө алам.




Жоругуң жолдо калгыр...
Карагулду колу
менен муунтуп...

Төкмө акын, маркум Ашыраалы Айталиев "Карагул ботом" дастанын эл аз жерде кыскартып, эл көп болсо узак айтып иймей адаты бар экен. Бир күнү филармонияда концерт болуп, Ашыраалы дастанын айтат. Эл алдына чыккан төкмө "мына бүттү" деген сайын улам узартып айтып кирет. Андан кийинки кезек куудул Асанкул Шаршеновдуку экен. Улам-улам саатын карап чыдамы кеткен Асакең:
- Бу Кудай урган Ашыкебиздин огу түгөнүп калып, Карагулду колу менен муунтуп жатабы?-деп коёт дейт.

Касиеттүү шилекей

Белгилүү төкмө акын Жеңишбек Токтобеков тааныштарыныкына конокко барса, үйдүн ээси:
- Жеңишбек, уулумдун оозуна түкүрүп койчу, сендей чоң акын болсун,-деп калат.
Анда Жеңишбек:
- Эгер менин шилекейимде касиет болсо аялым эчак эле акын болуп кетпейт беле?!-дептир.

"Папа" деген мас оруспу?

- Куудул Асанкул Шаршенов кызына өзүн "ата" деп айттыра албай коёт. Кызы качан болсо "папа" дегенин койбойт. Бир күнү кызын бакчадан алып келатып, мас болуп жол жээгинде уктап жаткан орусту көрсөтүп:
- Мобу кишини көрдүңбү, ошону "папа" дейт. Мындан кийин мени "папа" дебей жүр,-деген экен. Ошондон кийин кызы Асанкул Шаршеновду "папа" дебей, "ата" деп калыптыр.


Азыркынын макалы

Ырдай албаган микрофон тандайт
x x x
Талапкер кезинде баары жакшы,
Жаман президент кайдан чыгат?
x x x
Соодагер баркы менен жылкы өтөт,
Продюсер баркы менен ырчы өтөт.
x x x
Ырчылыкты өнөр туткан - продюсерди медер тутат.
x x x
Артист менен баш кошсоң - чемоданың ала жүр.
x x x
Колдогон спонсору бийик болсо,
Үнү жок ырчы да ыйык болот.
x x x
Жазуучу китеп менен коркутат,
Депутат пикет менен коркутат.
x x x
Атылаар оппозиционер бийлик менен ойнойт.
x x x
Өлкөгө канча бут кирсе, ошончо жут кирет.





- Зек менен депутаттын айырмасы эмнеде?
- Зек мөөнөтүнүн эрте бүтүшүн, ал эми депутат кеч бүтүшүн тилейт.


- Эй, баатыр, канчадасың?
- Бештемин.
- Апей, сен былтыр эле беште эмес белең?
- Атам менен апам туулган күнүмдү унутуп калышып, алтыга чыга албай калгам.

Америкада табигый кырсык - куюн
Европада табигый кырсык - ураган
Азияда табигый кырсык - цунами
Орусияда табигый кырсык - зилзала
Кыргызстанда табигый кырсык - митинг, пикет.

Эрлан ЖУМАГАЗИЕВ





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
23-июнь, 2009-ж.:
1-бет
АНЖЕЛИКА АЛТЫН ТААЖЫНЫН
ЖАНА ЖҮЗ МИҢ СОМДУН ЭЭСИ

2-бет
Нурзат Токтосунова:
"Назира мени жек көрөт"

3-бет
жылдыздар турмушунан
4-бет
Ырчы Нурзат Садыкова:
"Турмуш курууга даярмын"

5-бет
айлампа
6-бет
Жибегиндей эр жигит...
7-бет
Быр-р-р.. Кока - Кола!
8-бет
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов:
"Атамбаев бийликке азгырылдыбы же..."

9-бет
"Ата-Мекен" партиясынын лидери, Өмүрбек Текебаев:
"Таянаар тообуз эл"

10-бет
Кулак жана мүнөз
11-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
12-бет
Аялымды кызгантам деп турмушумду бузуп алдым
13-бет
Спорттун курмандыктары
14-15-бет
Обон почта
16-бет
шоу дүйнө





Яндекс.Метрика