Кыргыз гезиттери


PRESSKG.COM

Кулак жана мүнөз
Изилдөөчүлөр ар бир адамдын бармагынын мөөрү ар башка болгон сыяктуу эле кулагынын түзүлүшү да ар башка болоорун белгилешкен. Бул законченемдүүлүк психологдорду да кызыктырып, алар адамдын кулагынын анын мүнөзүнө байланышы бар экенин изилдеп чыгышкан. Демек, кулагыңыздын түзүлүшүн күзгүдөн карап, өзүңүздүн мүнөзүңүздү дагы бир жолу тактап алыңыз.

Делдек кулактуулар аябай сезимтал келишет. Биринчи аракет кылып, анан ой жүгүртүшөт. Ойлогону чындыкка төп келет.


Эгер кулагыңыздын учу көзүңүздүн тушуна туура келсе, бул сиздин акылдуулугуңуздан жана мыкты интуицияңыздан кабар берет.


Башка жармашып турган кулактын ээлери оор басырыктуу келишет. Кандай гана иш болбосун, ак ниети менен аткарышат. Алар сонундукка умтулушат.


Ал эми кулагыңыздын учу кашыңыздын тушуна туура келсе, анда сиз бошоңсуз. Бул мүнөзүңүздүн зыянын көп тартасыз.


Кичинекей кулактуулар жеңил ойлуу болгону менен тунук акылдуу жана ачык мүнөздүү болушат. Алар менен тил табышуу оңой.


Бир кулагы экинчисинен бийик болсо, ал менен талашып-тартышуу пайдасыз. Ал кишинин ой жүгүртүүсүндө логика жок.


Тескерисинче, чоң кулактуулар өзүнө ишенген, өткүр, күчтүү болушат. Ошондой эле алар ишенимдүү достор.


Мындан тышкары:
Жогорку бөлүгү жакшы өөрчүгөн кулак акыл жөнүндө айтып турат.
Ортоңку бөлүгү чоң кулактар ички дүйнөнүн бийиктиги.
Төмөнкү бөлүгү чоң кулактар ден соолук, сексуалдык мүмкүнчүлүктөн кабар берет: канчалык кенен жана узун болсо, анын ээсинин денсоолугу ошончолук чың жана ал көпкө жашайт.
Өтө эле эттүү кулак - түнттүк, таш боорлук.
Жогорку бөлүгү учтуу кулактар - акыл.
Катуу кулак - ден соолук.
Былбырак кулак - оору.
Ичке, узун кулак - көрө албастык, сараңдык.





Эмне үчүн жаш балдар калп айтышат?
Ата-энелер кээде калп айтышып, балдарына өздөрү үлгү болгондорун байкабай калышат. Телефон шыңгыраса "мени үйдө жок деп койчу" дейт апасы. Же болбосо атасы "апаңа эч нерсе айтпа" дейт көзүн кысып. Ушундан соң жаш бала калпты сүйлөшүүдөгү кадыресе көрүнүш катары түшүнүп калат.
Эгер балаңыз алты жашына чейин калп айтса, аны калп деп эсептөөгө болбойт. Мындай учурда балаңызды урушпай, тескерисинче, элестетүүсүнүн, ой жүгүртүүсүнүн өнүгүп жатканына сүйүнүңүз. Анткени, бала алты жашка чейин фантазия менен реалдуулукту ажыратып биле албайт. Баланын калп айтуусу алты жашынан кийин да калыптанып калбаш үчүн төмөнкү учурларга көңүл буруңуз:
1.Бир нерсеге тыюу салганыңыз балаңызга түшүнүксүз болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, бир нерсени кылганга эмне үчүн мүмкүн эмес экенин ачык айтып түшүндүрүңүз.
2.Балаңыз менен көбүрөөк сүйлөшүп, көп убактыңызды аны менен өткөргөнгө аракет кылыңыз.
3. Коомдон көз каранды кылбаңыз. Мисалы, "Асанды карачы, кандай жакшы бала, жалаң бешке окуйт…" деген сыяктуу салыштырууларды айтпаңыз. Болбосо, балаңыз көңүл борборунда болгусу келип, жети жашынан кийин да калп айтууга көнүп калат.
Эгер бала жети жашынан кийин да калп айта берсе, балаңыз менен дароо калп айтканынын себебин тактап алыңыз. Жыйынтыгында, балаңыз калп айтканга болбошун жана бардык сырлар ачыкка чыгып турушун түшүнгөндөй болуш керек.
Балаңыз чөйрөсүндөгүлөргө жагыныш үчүн калпа айтып жатабы? Анда балаңызга сиз үчүн ал баалуу экенин, аны менен сыймыктанаарыңызды айтып туруңуз. Ошол эле учурда балаңыздын көзүнчө калп айтпаганга аракет кылыңыз.
Өз катасын моюнуна алып, оңдоого үйрөтүңүз.
Кичинекей болсо да кайсы бир ийгилиги үчүн балаңызды мактап, аны жакшы көрөөрүңүздү айтып туруңуз.
Эгер балаңыз алты жашына чейин калп айтса, аны колдоп, кошо күлүп коюңуз. Ошентсе да кыялдан чыгарылган нерсе менен реалдуу нерсенин ортосундагы балансты сактап, анын кызыктуу иштер менен алек болушуна шарт түзүп бериңиз.





Жубайларга ПАЙДАЛУУ КЕңЕШ
Үйбүлө болгон соң казан-аяк кагышпай койбойт. Бирок, үйдөгү чырдын канчалык деңгээлде болушу өзүңүздөн көз каранды. Үйбүлөгө канчалык олуттуу мамиле кылсаңыз, үйбүлөлүк бактыңыз ошончолук бекем болот.


Жубайлар ортосундагы уруш
Жубайлар ортосундагы уруш иммундук системага зыян алып келет. 40-50 жыл бирге жашаган элүү түгөйдү текшеришип, америкалык окумуштуулар ушундай жыйынтык чыгарышкан. Кандардын анализи көрсөткөндөй, жубайлар урушканда стресс-гормондор көбөйүп, уруштан 15 мүнөт өткөндөн кийин аз-аздан азая баштайт. Эгер уруш-талаш көп болсо, "зыяндуу" гормондор улам-улам өсүп отуруп, иммундук системаны бузат. Бул болсо инфекцияга жана ооруга чалдыгууга алып келет. Мындан айрыкча аялдар көп жапа чегишет. Анткени, аялдар сезимтал болгондуктан, күйөөсүнө караганда алар стресс-гормондорду көбүрөөк кабыл алышат.

Түгөйүңүздүн кемчиликтери тууралуу
Кемчилик ар бир адамда бар. Бирок, сизге өзүңүздүн кемчилигиңизге караганда сиз менен жашап жаткан адамдын кемчилиги жакшы байкалат. Түгөйүңүздү сындаганга шашпаңыз, жөн гана туура эмес кылып жатканын айтып койсоңуз, балким, кемчилигин өзү сезип, катасын оңдоп кетет. Эгерде кемчилигин айта турган болсоңуз, жумшак түрдө, түгөйүңүз капа болбогудай кылып айтыңыз. Ал эми өзүңүздүн дарегиңизге айтылган сынды унчукпай угуп отуруп, аягында кандай кылса жакшы болоорун түгөйүңүз менен кеңешиңиз. Досторунун, кесиптештеринин көзүнчө түгөйүңүзгө сын айтып, аны шылдыңдабаңыз.
Тилекке каршы, жубайлар ортосунда карама-каршылык болбой коюшу мүмкүн эмес.
Андыктан, түгөйлөр ортосундагы карама-каршылык учурунда төмөнкү эрежелерди эске алуу зарыл:
1.Карама-каршылыкка барбаганга аракет кылыңыз. Ар кандай кагылышуу кичинекей эле бир нерседен чыгат. Ушул жерден өзүңүзгө: "Токто!" деген команда бериңиз да, түгөйүңүздү кучактап, бир нерсени тамашага айландырып жибериңиз.
2.Таарынычыңызды эртеңкиге калтырбаңыз. Карама-каршылык канчалык эрте жабылса, ошончолук аз зыян алып келет.
3.Түгөйүңүзгө күнөө койгондон мурун өзүңүз менен жекеме-жеке сүйлөшүңүз: сизге эмне жетишпей жатат?
4.Түгөйүңүздү жемелей бербеңиз. Психологдор кеңеш беришет: Жемелеш керекпи? А сиз мактаңыз.
5.Элдешкенди үйрөнүңүз. Элдешүүгө жасаган биринчи кадам - бул басынуу эмес.
6.Сиздин маанайыңыз үйбүлөдө чоң роль ойнойт. Маанай - бири-бирине өтүүчү чынжыр сыяктуу. Башкача айтканда, сиздин маанайыңыз кандай болсо, түгөйүңүздүкү да ошондой болот.

Качан болсо акча жетишпейт.
Эмне кылуу керек?
Адам баласына акча эч качан жетиштүү болбойт. Бирок, кимдир-бирөөгө жарым килограмм кумшекерге, кимдир-бирөөгө кымбат машинага. Ошондуктан, сиз канчалык деңгээлде бай экениңизге карабай, бул маселени чечүүнүн эки жолу бар: же жок нерсе үчүн кыйналуу же болгон нерсеге каниет кылуу. Көңүл ачуунун чөнтөгүңүзгө жараша түрүн тандап алыңыз. Бул нерседен эч кандай трагедия жаратпаңыз.

Түгөйүңүздүн ата-энеси менен кандай мамиле куруу керек?
Бул жерде негизинен сый болууга тийиш. Кандай болгон күндө да дал ошол ата-эне сизди сүйгөн адамды тарбиялаган. Ошон үчүн сиз аларга ыраазы болушуңуз керек.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
23-июнь, 2009-ж.:
1-бет
АНЖЕЛИКА АЛТЫН ТААЖЫНЫН
ЖАНА ЖҮЗ МИҢ СОМДУН ЭЭСИ

2-бет
Нурзат Токтосунова:
"Назира мени жек көрөт"

3-бет
жылдыздар турмушунан
4-бет
Ырчы Нурзат Садыкова:
"Турмуш курууга даярмын"

5-бет
айлампа
6-бет
Жибегиндей эр жигит...
7-бет
Быр-р-р.. Кока - Кола!
8-бет
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов:
"Атамбаев бийликке азгырылдыбы же..."

9-бет
"Ата-Мекен" партиясынын лидери, Өмүрбек Текебаев:
"Таянаар тообуз эл"

10-бет
Кулак жана мүнөз
11-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
12-бет
Аялымды кызгантам деп турмушумду бузуп алдым
13-бет
Спорттун курмандыктары
14-15-бет
Обон почта
16-бет
шоу дүйнө





Яндекс.Метрика