саякат

"Кыргызстан обондору" жаратылыш койнунда
"Кыргызстан обондору" радиосу 2008-жылы он жылдык мааракесин өткөрүп, угармандар менен ди-джейлер сахнадан жолугушкан. Ал эми 30-май күнү аталган радионун жалпы жамааты угармандар үчүн "Ала-Арча" эс алуу сейил багында эстен кеткис эс алуу уюштурушту. Эртең менен саат жети отузда чогулган күйөрмандардын саны жүзгө жетип, булбул үндүү ди-джейлер угармандары менен бирге автобуска түшүп "Ала-Арчаны" көздөй бет алышты. Узун жолду кыскартып автобустун ичинде ар кандай сынактар, ыр кесе, оюндар уюштурулуп, кыраан-каткырыктар коштолду. Угармандардын көңүлүн көтөргөн тамадалар Камчыбек Сарыбаев менен Лилия Абдыбаитова боорду эзген тамашалары менен жүргүнчүлөрдүн маанайын көтөрүштү. Мындай эс алуу эки жылдан бери салтка айланып калгандыктан угармандар эч тартынбастан ди-джейлер менен табакташ болуп, сыр бөлүшүп, сүрөткө түшүп, кызыктуу оюндарга катышып, табийгат койнунда бактылуу көз ирмемдерди өткөрүштү.

"Кыргызстан обондору" радиосунун жетекчиси Лилия Абдыбаитова:
"Максатыбыз ишке ашты"
- Лилия эже, бүгүнкү эс алуунун максаты кандай?
- Эң негизги максаты бизди жакшы көрүп уккан, ар дайым биз менен тыгыз байланышта болуп турган угармандардын көңүлүн алуу. Аны менен бирге ортобуздагы мамилени мындан ары да бекемдөө. Мындай эс алуу "Кыргызстан обондору"радиосунун угармандарга болгон ыраазычылыгы. Анан албетте, биз үчүн да күйөрмандар менен бетме-бет жолугушуп, алардын оюн угуп, кызыккан маалыматтарын билүү абдан маанилүү. Бүгүн ошол максатыбыз ачык асман алдында ишке ашып олтурат. Алтындай убактыларын бөлүп "Ала-арча" эс алуу сейил багына келген күйөрмандарыбызга жана кандайдыр бир себептерден улам келе албай калган угармандарыбызга өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле бизге медиа өнөктөш болгон "Обон" гезитинин жалпы жамаатына ыраазычылык билдиребиз. Калемиңер курчуп, ийгиликтериңер көп болсун!

Дамира, угарман:
"Патриоттор иштегендей сезилет"
- Мага "Кыргызстан обондору" радиосу жалаң кыргызча сайрагандыгы менен жагат. Бул жакта кыргыздын патриоттору иштеп жаткандай сезиле берет. Эмнегедир радио укпасам жалгыз жүргөндөй боло берем. Мен радионун жалпы жамаатына жакшы идеяларды жана изденүүлөрдү каалайм.

Роза, угарман:
"Бир туугандарды жакшы көрөбүз"
- Обондорунун угармандары абдан көп деп ойлойм. Мага бардык программалар жагат. Өзгөчө "Таңкы тополоң", "Ыр дүкөндү" чыдамсыздык менен күтүп угам. Кыргыз эли үчүн кызмат кылган биздин ди-джейлердин өмүрлөрү узун болуп көп жашасын демекчимин. Биз "Обон" гезитинин да окурмандары болгондуктан "Кыргызстан обондору" менен "Обон" гезитин бир туугандай жакшы көрөбүз.