Атактуулар ааламы

Голливуддун чыныгы жарык жылдызы - Джессика Альба
Блиц-Анкета
Аты-жөнү - Джессика Мария Альба
Туулган жылы - 28-апрель 1981-жыл
Туулган жери - Помона, Калифорния, АКШ
Кесиби - актриса
Багыты - драма , комедия, боевик

Сыйлыгы - MTV Movie Awards (2006)
Бала чагы
Джессика Мария Альба (Jessica Marie Alba) 1981-жылы 28-апрелде АКШда Калифорния штатынын Помона шаарында туулган.
Келечектеги актриса атасынын жумушуна байланыштуу үй-бүлөсү менен көчүп жүрүп, акыры Түштүк Кореяга келип конушат. Анын үй-бүлөсү бир жерде көпкө турбай Билокс, Миссисипи, кайрадан Калифорния, кийин Дель Рио, Техас, Батыш жээктеринде болушкан.
Балалык чагынан эле Джессика киного кызыгып, кино жөнүндө көптөгөн журналдарды окуп, актриса болууну тилек кылып келген. Анын бала кезинен тилегени чыныгы жашоосунда аткарылып, максатына жетти.
Он бир жашынан актердук чеберчилик боюнча сабак алып, он эки жашында мугалиминин жардамы менен "Беверли Хиллз 90210" киносунда анча чоң эмес роль ойногон.
Ар дайым көчүп жүргөнү Джессиканын билимине эч кандай кедергисин тийгизбей, өзүнүн биринчи ролун "Затерянный лагерь" ("Camp Nowhere", 1994) киносунда капысынан эле ойноп калган. Аталган кинонун башында көпчүлүктүн катарында эле эпизоддорго катышкан. Кийин башкы ролду ойногон актриса келбей калып, анын бактысына ошол актрисанын чачынын өңүнө чачынын өңү окшош болуп, анын ролун аткарып калат. Бул анын актёрдук карьерасында, жеке эле жашоосунда чоң бурулуш болду.

Карьерасынын башталышы
Киного эрте кадам таштаган Джесси бала кездеги кыялыкелгенде өтө татаал, көптөгөн эмгекти талап кылаарын киного келгенде билди. Ал мектептен келгенден кийин кечинде үй тапшырмасынан сырткары дагы мугалими тарабынан берилген он барак сценарий окуган.
Джесси бир гана кино менен жогоруга көтөрүлүп, телевидениеден түшпөгөн бай, белгилүү жылдыздардын жомоктогудай жашоосуна киного тартылуу аркылуу жетээрине көзү жеткен.
"Тайном мире Алекс Макс" киносунда роль аткаргандан кийин Джесси 60-жылдары популярдуу болгон "Флиппер" телесериалынын кайра жаралуусуна чакырылат. Мында дельфиндин досу Маянын ролун чоң эргүү менен ойногон. Себеби, жаныбарлар менен баарлашууну бала чагынан эле жактырчу. Дельфиндер менен иштөө ага аябай жаккандыктан ар эс алуу күндөрү океанариумга барып турат.
"Затерянный лагерь" киносунан кийин Джессика Альба Nintendo и JC Penny жарнамаларында, "Тайный мир Алекс Мак" ("The Secret World of Alex Mack", 1994) телевидениесиндеги сериалдарга катыша баштаган. Сьемка учурунда аны бир канча жолу телефон аркылуу коркутуп, андан соң уурдап кетишип, машинанын багажнигинен табышкан. "Флиппер" сериалына тартылуусу актрисанын эң чоң ийгиликтеринин бири. Ал сериалга катышуу менен Джессиканын киного болгон жолу кенен ачылган. Бирок, баары эле сонун болуп кеткен жок. Дельфиндер менен иштеп жүргөн кезинде Джессика "Восходе Венеры" киносуна жана "Рановато для Джеффа" телефильмине, анча чоң эмес "Чикагская надежда" сериалына катышкан.
1998-жылы көбүнчө телевидениеде иштеп, ага кошо мезгил мезгили менен жаштардын "Беверли Хиллз, 90210" мыльный операсына, "Южный Бруклин" сериалына жана "Корабль любви: Новая волна" сериалдарына тартылып жүргөн.
Чоң киного келсек, анда Джессика биринчи ролу "Панках" ("P.U.N.K.S.") киносунда, Дрю Бериммор менен "Нецелованная" жана Вивика А.Фокс менен "Руке-убийце" киносуна тартылган.

Чыгармачылыктын чыйыр жолу
1996-жылы Фредди Прайнз менен "Слишком рано для Джеффа" фильминде боюнда бар жаш кыздын ролун ойноп, мындан соң ага бир топ ролдорго сунуштар түшкөн.
"Love Boat: The Next Wave" киносунда капитандын баласын сүйүп калган кыздын, дагы "Беверли Хиллз 90210" киносунда жаш эненин, "Южный Бруклин" драмасында полицейскийдин кызынын образын жараткан. Джессиканын популярдуулугунун өсүшүнө анын "Флиппер" долбоорунун жана сулуулугунун таасири чоң. (Джессиканын канында датчан, француз жана мексиканын каны бар). Белгилүү режиссёр Джеймс Кемэрон анын башкы каармандыкка алганына да таң калбай койсо деле болот. Чындыгында Джессика Альбанын бул ролдору анын алдыдагы карьерасына чоң жол ачып, таланттуу актриса экенин далилдеген. "Темный ангел" телесериалына тартылгандан кийин "небесный ангел" деген ат алган. Мындан соң бат эле "Teen Magazine" и "Vanity Fair" журналдарынын сыртына чыга баштаган. 2001-жылдагы "Золотой Глобуста" "Лучшая актриса телесериалов" номинациясын жеңип алган.

Ийгилик артынан ийгилик
Чыныгы атак-даңк Джессика Альбага "Темный ангелге" тартылгандан соң келет. Джеймс Кэмерон Джессикага өзү чалып, "Темный ангел" сериалына башкы каармандын ролун жаратып берүүсүн сунуштаган. Ал кинодо полицейскийди сүйүп калып, шаардагы кыйынчылыктардан куткарууда жардам берген робот-кыздын ролун жараткан.
Сериал жогорку деңгээлде тартылганы актрисанын зор талантынын натыйжасы. Бул кинодогу образында "Звезда сериала года" номинациясын жеңип алган.
Ушул сериалга тартылып жатып партнёру Майкл Уизерли менен сүйүү жаралып, алардын сүйүүсү 2001-жылдан 2003-жылга чейин уланган.
2006-жылдан тартып Джессиканын күйөрмандары чыдамсыздык менен экрандан анын жаңы ролдорун күтүшкөн. Көптөн күткөн күнда келип 2007-жылы Джессика катышкан төрт чоң кино: "Пробуждение", "Фантастическая четверка: вторжение серебряного Серфера", "Удачи, Чак!", "Глаз" кинолору көрсөтүлө баштаган. Акыры Джессиканын коркунучтуу киного тартылуусу мындан алдын тартылган кинолорунан алда канча жогору деңгээлде ойногонун баалашты.
Жаратылыш берген сулуулугу, ажардуулугу, дене түзүлүшү, көз карашы, күлгөнү баары төп келген актриса Американын эле эмес, бүт дүйнө жүзүн багындырды. Джессиканын катышуусун суранган долбоорлор көбөйүп, Голливуддун чыныгы жарык жылдызы болуп чыга келген.

Жеңиштүү жемиштер
2001-жылы Джессика Альба "L'Oreal" фирмасынын жүзү болуп, ал эми 2002-жылы "Спящий Словарь" киносунда түштүк америкалык аялдын ролун жараткан. "Фантастической четверка" киносундагы образы баарынан жарык болгон. 2005-жылдагы тартылган "Добро пожаловать в рай" киносу Багам аралдары менен Джессиканын сулуулугу көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган эмес. Джессика бир эле кинодо роль жаратпастан продюсер да болуп "кинону жана ролду өзүм тандайм, жөн эле мага купальник кандай жарашканын көрсөткүм келбейт" дейт. Жарнамаларга тартылуудан пайдалуу киреше тапкан соң, 2003-жылы "Лапочка" киносуна башкы ролду ойноо менен киного кайрылып келген. 2005-жылы Джессика Альбага чыныгы ийгилик Голливуддун эки чоң долбооруна катышуу менен "Город Грехов" жана "Фантастическая четверка" киносуна тартылууда келген.

Жеке жашоосу
Джессиканын күйөрмандары көп. Майкл Уизерлиден кийин бейсболист Дерек Джетер менен актер Марк Уолберг менен жолугушуп жүргөн. Бирок, алар менен сүйүүлөрү көпкө узаган эмес.
2005-жылы Джессика өзүнүн сүйүүсүнө жолугуп - "Фантастическая четверка" киносунун продюсери менен жолугуша баштаган. Джессиканын айтуусуна караганда, экөөнүн койгон максаты бир, ойлогон ойлору да окшош экендигинен бекем үй-бүлө болоорун айткан.
Джессика өзүнүн жылдыздык жашоосун толугу менен актады. Эч кандай атак-даңк, "жылдыз" оорусу аны жолунан адаштырган жок, жашоосунда кандай болсо ошол бойдон калды. Анын жагымдуу жылмаюсун, талантын баалап Голливуддун келечегин көрсөк болот. Азыркы мезгилде Джессика Альба Кэш Уоррен менен жашайт. Ар кандай кайрымдуулук иш-чараларга катышып, ата-энесинен бат-бат кабар алып турат.




ШОУ-БИЗНЕС ЖАҢЫЛЫКТАРЫ
"Фабрика звезд -8" жаңы "жылдыздар үйүндө"
"Биринчи каналдын" көрүүчүлөрүн белгилүү "Фабрика звезд" долбоорунун уландысы күтөт. Бул боюнча маалыматты онлайн-конференциясында "Биринчи каналдын" музыкалык Дирекциясынын жетекчиси билдирди.
Ю. Аксюта "Фабриканын" жаңы эрежелери боюнча да айтып, жаш өзгөчөлүктөрүнө "Фабрика звезд-8" долбоорунун катышуучуларын тандоодо эң биринчиден алардын талантына көңүл буруларын, бай ата-энелердин балдары эмес, таланттуу ата-эненин - таланттуу балдарын кабыл алынат. Акча - "Фабрикага" кирүү үчүн мааниси жок. Бизге катышуучунун биринчиден таланты керек" деп билдирген.
Жириновский
Тиматини колдойт
Тимати татуировкасынын айынан медкомиссиядан өтпөй калган. Владимир Жириновский ырчыны колдоп, медкомиссиядан өтөөрүнө жардам берерин билдирген.
Эске сала кетсек, анын денесинин 50%ын татуировка түзөт экен. Владимир Вольфович жаштардын денесиндеги ар түрдүү татуировка, пирсинг жасалгалоосун туура кабыл алаарын билдирген. "Өз каалоосун жасаганга тыюу жок, айрыкча чыгармачыл адамдарга. Анан жигиттик милдетин да аткарууну унутпасын. Армияга барып кызмат өтөө ар бир жигиттин милдети" деп билдирген Владимир Жириновский.
"Дискотека
Аварияга" 10 жыл
5-июндан баштап "Дискотека Авария" уюштурган "Мисс-Авария-2009" конкурсу башталып, жеңүүчүнү эки кишилик билет ысык өлкөдө бир жумага эс алып келүү үчүн берилээрин айтышты. Конкурс бир канча этаптардан болуп, жеңүүчүлөр да бир канча болот экен. "Мисс - Авариядан" дагы башка биринчи, экинчи вице-мисстер, жана да көрүүчүлөрдүн купулуна толгон "Мисс зрительский симпатий" титулу күтүп турат. Ал эми 3-июнда "Дискотека Авария" чыгармачылыгында он жылдан бери биринчи жолу өз жергеси Ивановада бекер концерт беришет. Бул концерт Иванова шаарынын түзүлгөн күнүнө карата белек экенин айтышты.
"Новаю волнага" Индонезия жана Кытайдан да катышышат
Юрмалада жыл сайын өтүүчү "Новая волна" конкурсу бул жылы өзүнүн географиясын бир топ кеңейтти. Пекинде да бул конкурска баруучу кытай кандидаттарын тандоо туру болуп өттү. Бирок, азырынча катышууга уруксат алды деп айтуу али эрте. Кытайдын бактысы өздөрүн башка өлкөнүн катышуучуларынан да жогорку деңгээлде көрсөтүшүндө. "Новая волна" конкурсу быйыл 28-июлдан 2-августка чейин болмокчу.