п»ї

  Саламат плюс

Тиш-организмдин күзгүсү
Берметтей тизилген тиштер жылмайганда адамды көркүнө чыгарып, өзгөчө сулуулукту тартуулап келет эмеспи. "Тишиң барда аш чайна, тишиң жокто аш кайда?" дегендей отуз эки тишти түгөл сактап, ден-соолукту чыңдап алуу ар бир адамдын өзүнүн колунда. Биз бүгүн акактай тизилген аппак тиштерди алдын ала сактап калуу керектигин билүү максатында тиешелүү адистерге кайрылдык.


№6 Тиш дарылоо эмканасынын башкы дарыгери Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери, жогорку квалификациядагы врач-ортодонт Борончиев Токтобек Турсуналиевич.
Орсок, ууру тиштердин пайда болушу
-Тиш оору адам баласында өтө көп кездеше турган оорулардын бирине кирет. Өзгөчө кариес оорусу курч абалдагы оорулардан десем жаңылышпайм. Себеби, кариес оорусун болтурбоо, алдын алуу иштерин жүргүзүүдө врачтардан тышкары эл жакшы маани бербегендиктен бул оору күч алууда. Тиш доктурга бир жылда эки жолу кайрылып кеп-кеңеш алып иш жүзүндө аткарып турушса жакшы жыйынтык берет.
Эң алгач тиштин гигиенасына көңүл бурушубуз керек.
Кариес оорусу өз ичинен бөлүнүп кетет.
Жаңыдан башталган кариес оорусу, тереңдеп кеткени жана ырбап кеткени. Акыркы чеги нервине чейин жеткендиктен нервин алып, тиштин ичиндеги каналдарга чейин тазалоого келип калган абалга жеткичекти жүрө берген адамдар бар. Андан тышкары балдардын тишин эртерээк көрсөтүш керек. Орсок, ууру, тиштер жаак сөөктөрүнүн туура эмес өсүшүнөн улам болот. Кыйшык тиштердин да түрү бар. Бала төрөлгөндөн баштап эле кыйшык тиш же болбосо туура эмес тиш катнаштарынын эң биринчи себептери баланы тамактандыргандан эле башталат. Бала колдонгон упчу жумшак болушу зарыл. Упчунун оозу бир чоң тешик болсо бала какап-чакап эч кандай соруу рефлексин өнүктүрбөй, мимикалык булчуңдары да өөрчүбөй калат. Алар даяр тамакты жутканга гана көнүшөт. Эненин эмчегинин үрпү кандай болсо упчунун оозун да ошондой жасап тамактандырыш керек. Экинчиден кээ бир балдар уктап жатканда оозун ачып укташат. Себеби, алардын мурундары жакшы дем албайт. Оозу ачылып уктаган убакта жаак сөөгүнүн баары ачылып, тил таңдайга жабышпай, жаак сөөктөрдү куушуруп тиштердин өсүшү начарлайт. Андан сырткары упчу эмбей калгандан баштап кашык менен тамак жедирүүгө өтөбүз. Ошол кезде балдарды кашыкты оозуна салбай, өздөрү ээги менен шыпырып алууга үйрөтүш керек. Биз аларга көңүл бөлбөй тамак жеп жатканына гана сүйүнөбүз. Жаак сөөктөрүнүн туура эмес өсүшүнөн сырткары мунун тукум куучулук жагы да бар. Анан да бала уктап жатканда башына жаздаган жаздыкты орточо, ыңгайлуу жаздаш керек. Себеби, ал учурда жаак сөөктөр ар кандай керилип калат. Ошондой эле төрөт убагында ар кандай жаракат болуп калышы ыктымал. Бирок булар анчалык көп пайызда эмес.
Жаман адаттардын тишке болгон зыяны
- Уктап жатканда же жөн эле жүргөндө, упчуну оозунан түшүрбөгөн балдарды көп көрөбүз. Упчу да жаак сөөктөрүнүн өсүшүнө чоң таасир берет. Кээ бир балдардын тиштери чыга элек, ал эми жаак сөөктөрү болсо кыйшык өсө баштайт. Андан башка да бала ар дайым бир нерсени оозуна салып жүргөнү адатка айланат да, кийин упчунун ордуна сөөмөйүн, ээрдин, тилин жана башка нерселерди соро баштайт. Бул жаман адаттан арылтуу үчүн баланын сөөмөйүнө калемпир, мурч же башка ачуу нерселерди сүйкөп койсо болот. Мындан жардам болбосо, атайын мээлей "кирпи" же жеңи туюк көйнөк кийгизүү керек. Эрдин же тилин тиштеген, соргонду адатка айлантса, жогорудагы чаралар жардам бербейт.
Англияда эмне себептен көп балдардын тиштери, жаак сөөктөрү туура эмес өсөт?-деп анын сырына кызыгышкандар да бар. Көрсө, балдар көп убакыт жаагын таянып алып телевизор көрүүдөн экен. Анткени, бул адат жаак сөөктөрүнүн майышып (деформация) өсүшүнө таасирин тийгизет тура.
Тишти туура
сактоонун жолдору
- Тиштин тегерегинде ириң пайда болуп, тиштин кызыл бүртүктөрү кызарып шишип баштаганда элдик медицинага салып, кара туз, сода менен чайкоо жакшы жыйынтык бербейт. Себеби, андагы микробдор кетпейт да убактылуу гана этти оорутпай калат. Ошондуктан кандай гана болбосун тиш дарыгерине кайрылып кеңештерди алып турушса, баардык эле тиш ооруларын алдын алууга жардам берет. Тиш щетканы, пастаны колдоноордо да дарыгердин кеңеши жакшы жыйынтык берет. Кээ бир адамдардын тишине фтору жетпеген оорусун көрүп калсак , ошого жараша фтору бар пастаны сунуштайбыз. Врачтар тиштин эмалын караганда эле кандай оору бар экенин билип коюшат. Тиштин араларында ак бор сыяктуу борпоң болгон жерлери да болот. Оорусуна жараша щётканы, пастаны колдонууга кеңеш беребиз. Азыр щёткалардын ар кандай түрлөрү бар. Акчаны аябастан жумшак, ийкемдүү оозго чакан щёткаларды пайдаланып, бир күндө тамактан кийин эки жолу тишти тазалап жууш керек. Жууганда да маңдайкы тиштерди агартыш үчүн эмес ар бир тишти тазалык үчүн жакшы тазалаш керек. Тиш ооруса, оорубаса да тиш дарыгерине бир жылда эки жолу кайрылуу зарыл. Тиштин түбүндө таштар пайда болуп алар акырындык менен көбөйүп тишти түртөт да өзүнөн өзү тиштин түптөрү бошоп кыймылдап түшүп баштайт. Ошондуктан ар бир кишинин өзүнүн тиш догдуру болушу керек.
Тиш дарылоодо
баш айланып эси ооп калгандар болот
- Тиш дарыгери алгач оорулууну кабыл алаарда, ошол адам менен алдын ала сүйлөшүп, саламаттык баяны жазылган маалыматтарга көңүл буруп, ал адамдын ден соолугуна жараша тишин жулуп же болбосо ийне сайыш керек. Кээде жаш врачтар жулуна турган тиштин тиешелүү жерине ийнени сайбай, тура эмес жерине сайып алып оорулуунун башы айланып калган учурлар кездешет. Тиш догдурга келе жатканда адам алгач курсагын жакшы тойгузуп келсе дарыгерге да, оорулууга да жеңил болот. Ушул убакка чейин кудай сактасын врачтар арасында өтө катуу жаңылыштыктар болгон эмес. Бирок кээде айрым адамдар ачка келишип тишин дарылатып жатканда эси ооп калгандар болот.

№6 Тиш дарылоо эмканасынын башкы дарыгеринин орун басары, жогорку даражадагы врач-ортодонт, Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери Нурдинов Марат Нурдинович.
Сүт тиштердин
орду чоң
- Балдардын жаак сөөктөрүнүн өсүшү жаак булчуңдарынын машыгуусу жеген тамагына байланыштуу болот. Анткени, бардык эле органдар кыймылга келип, иштегенде жакшы өсөт. Ошон үчүн балдардын тамагына нандын катуусу, сабиз, жүгөрү, бадыраң, алманын катуу сортторун, эттин кара кезегин кошо жүрүү зарыл. Кээ бир балдардын жаак сөөктөрү машыгуу жок ошол бойдон эле өспөй каларлыгын эсиңиздерге салабыз. Бул себептен сүт тиштери түшкөндөн кийин жаңы чыккан туруктуу тиштерине жакта орун жок калат да, алар кыйшык бири-бирине минип, эки үч катар болуп чыгып калышы мүмкүн. Сүт тиштерди айыктырып эмне кереги бар, ооруса жулуп салуу керек, алардын ордуна жаңы туруктуу тиштер чыгат деп айтышат. Жок, бул чоң жаңылыштык. Себеби, сүт тиштер ооруса бала тамакты жакшы чайнап жей албайт, ал эми аларды жулуп салганда үстүңкү жана астыңкы жаак сөөктөрүнүн калыптанышы туура болбой калат да, эрте жулган сүт тиштин ордуна башка тиштер жылып кетип, кийинки чыга турган туруктуу тишке орун жок болуп калгандыктан, ал сөзсүз кыйшык чыгат. Кээ бир ата-энелер 5-6 жашында чыга турган туруктуу "алтынчы" тишти сүт тиш катарында алышып, ага ошондой мамиле жасашат. Бирок, бул "алтынчы" тиш деп аталуучу туруктуу тиш сүт тиштердин артына чыгып, 6-12 жашта балдардын тамакты туура чайнашына жардам берет жана сүт тиштери алмаша баштаганда жаак сөөктөрүнүн калыптанышын, жаңы чыккан тиштердин жайгашышын аныктайт.
Бир жылда алты
жүз баланын орсок
тиштери түздөлөт
- Негизи шаардык балдардын тиштерин карап чыккан жыйынтык боюнча, кырк төрт пайызга чейинки балдардын тиштери жаактарынын бири-бирине кептелиши туура эмес. Булар жалаң гана аппаратура, пластинкалардын жардамы менен оңдоло тургандар. Ал эми алдын алуу профилактикалык жол менен жасай тургандар болсо жетимиш төрт пайызга чейин десек болот. Кыйшык тиштерди, туура эмес чыккан орсок тиштерди оңдоп түздөөчү адис ортодонт деп аталат.
Көбүнчө сүт тиштери түшүп, туруктуу тиштери чыга баштагандар он жаштан он үч жашка чейинки балдар. Тиштерди түздөөдө биз биринчиден себебин билип анан дарылайбыз. Анын себептери абдан көп. 90-95 пайызы тукум куучулуктан болот. Пластинка тагып тишти түздөгөн убакыт жарым жылдан бир жарым жылга чейин. Тубаса таңдайы жок төрөлгөн жырык таңдайларды көп убакытка чейин дарылоого туура келет. Бир жумада бир кайрылып аппаратты оңдотуп турушат. Дарылоо бекер жүргүзүлөт да болгону пластинкага 250-600сомго чейин акча төлөшөт. Мындай дарылоо курсу врачтан элүү пайыз жардам болсо калган элүү пайызы тишин түздөтүп жаткан баланын өзүнөн. Бир айда бир врач 10-15 баланын кыйшык тиштерин түздөсө, бир жылда 500-600 баланын орсок тиштери түздөлөт.
Он алты жыл
врачка барбаган кемпир
- Мен Волгоградда иштеп жүргөнүмдө бир жолу сексен жаштагы орус кемпир тишин көрсөтүп мага келип калды. Чыдатпай ооруп жатат дегенинен тиштерин карасам баардыгы жакшы. Кадимки өзүнүн тиштериндей. Анан мен таң калып тиштериңиз жакшы экен өзүңүздүкүбү? десем "ооба өзүмдүн тиштерим" деп калды. Кайсы тишиңиз ооруп жатат? дегенде эле таңдай жагын көрсөттү. Көрсө ал кемпир кийме тиш кийип жүрүптүр. Акыркы жолу качан тиш догдурга бардыңыз эле? деп сурасам, он алты жылдан бери тиш догдурга бара элекмин десе болобу. Анан кийме тишин оозунан чыгара албай абдан кыйналдым. Ошончо жылдан бери таптакыр тишин албай өзүнүн тишиндей көрүп жүрө бериптир. Акырында кийме тиши менен кошо таңдайы сыйрылып түштү. Кийме тиши таңдайга жабышып эт өсө баштаган. Ошентип анын таңдайын он күндөй дарылагам. Кийме тишти салып берген врач ал кемпирге "кечинде чечип жатыңыз, бул чыныгы тиш эмес" деген сыяктуу кеңештерин айтпастан кетирип жиберген.

Бул чакан макаланы окуп балдарды өз убагында врач-стоматолог ортодонтторго көргөзүп турасыздар го деген ойдобуз. Мындай алдын алуулук туура эмес өсүп келе жаткан жаак сөөктөрүн, тиштерин өз убагында көрүп, тийиштүү чараларды колдонууга көп көмөк көрсөтөөрү шексиз. Кайсы жериң ооруса жаның ошол жакта дегендей, убагында тиш догдурларга кайрылып турсак, балким мындай коркунучтардан алыс болобуз.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
19-май, 2009-ж.:
1-бет
ҮЧ ЖАШЫНДА ЛИМОНАД САТЫП, ОН ЖАШЫНДА САКАЛЫ ӨСКӨН АЛЬКАМИЛ
2-бет
Үчүнчү классында лимонад сатып, бешинчи классында сакалы өскөн
Алькамил

3-бет
Эрмек Нурбаев:
"Аскар Акаев менин кумирим"

4-бет
Жеңишбек Назаралиев:
"Мен элге кедейчиликтен сууруп чыга турган
кайырмак берем"

5-бет
маалымат
6-бет
Эл акыны Эрнис Турсунов:
"...Жаңылык киргизген жаңы чыгарма учурабай калды"

7-бет
Тиш-организмдин күзгүсү
9-бет
Сен ишенбейсиң!..
10-бет
дүйнө сыры
11-бет
"Ласковый майдын" атын чыгарган Юрий Шатунов
12-бет
спорт дүйнөсүндө эмне кеп?
13-14-бет
Обон почта
15-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

16-бет
7 жаштан 70 жашка чейинкилерге кастинг жарыяланат










??.??