п»ї

  маалымат

ӨЗБЕК ЧЕк АРАЧЫЛАРЫ КЫРГЫЗДАРГА ОК АТТЫ
15-майда Баткендин Таян айылынын тургундары түшкөн женил автоунаага Сох анклавынан чыга бериште Өзбекстандын чек арачылары эч кандай эскертүүсүз ок чыгарды. Ок тийген автоунаадагы эки аял жана беш жашар бала катуу коркуп, эс учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилди. Бул автоунаанын айдоочусу Жумабай Калилов окуяны мындайча баяндайт: "Биз жолдон өтө бергенде эле артыбыздан өзбек чек арачылары чыга калып аткылашты. Ичинде эки аял баласы менен бар эле, ошолор автоматтын огунан корккондуктан эси ооп жыгылып, эптеп ооруканага алып келдим. Келип машинаны карасак аркасындагы терезелер сынган, бензобактын үстүнө ок тийген. Эми бул жерде өзбектердин эки чек ара бекети бар. Экөөнүн аралыгы отуз метр. Биздин айылга бурулган жерде дагы бир бекет бар. Эми биз Өзбекстанга кирбесек, бул жолдогу бекетти алып, өздөрү жакка койсо болот да.
Өзбек чек арачыларынын бул кылыгы жергиликтүү тургундардын кыжырын кайнатып, ошол тегеректеги кыргыз айылдарынан 400 чакты эл чогулду. Алар менен эки тараптын бийлик өкүлдөрү жолугушуп, Өзбекстандын Фергана облусунун акиминин биринчи орун басары чек арачылардын мыйзамсыз иш аракеттери үчүн расмий түрдө кечирим сурады. Мына ушул окуядан кийин кыргыз тарап Сох анклавынан чыга беришке чек ара бекетин орнотту. Бул Сох анклавын тосмологон үчүнчү кыргыз чек ара бекети болуп калды.

АКСЫДА ЭРКИН
ГЕЗИТТЕРДИ ТАРТЫП АЛУУ АРАКЕТИ ЖАСАЛДЫ
Окуя Аксынын Кара-Суу айылында түн оогондо болду. Райондун тартип сакчылары жана коопсуздук бөлүмүнүн өкүлдөрү уруксаты жок, мурдагы айыл өкмөт башчысынын үйүнө киришкен. Алар Кадыркул Өмүрбековго тиешелүү автоунаада турган "Ачык саясат" жана " Айгай" гезиттерин алып кетүүгө аракеттенишкен. Ал жарандык укугун бузганы үчүн сотко кайрылаарын жана демократиялуу өлкөдө жашаарын түшүндүргөндөн кийин саат бирден он беш мүнөт өткөндө келгендер саат эки жарымда түшүнүк кат жазып кетишкен. БЭКтин Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай аймактарындагы координатору Кадыркул Өмүрбеков аталган окуяны уюмга жана адам укугуна кысым жасоо катары баалады.

Кара-Кочкордо кайрадан сел
Ош облусунун Кара-Кочкор айылын кайрадан сел каптады.15- майдан 16- майга караган түнү жана таңда сел болуп, жакында тазаланган жерлерди жууп кеткен. Буга чейин 14- май күнү катуу нөшөрдөн кийин Кара- Кочкор айылында катуу сел жүрүп, 372 үйдү каптап, анын ичинен 3 үй жашоого жараксыз болуп калган. Учурда үйсүз калгандар үчүн 6 кишилик 10 чатыр жеткирилип, тазалоо иштери улантылып жатат.

Жаш режиссёрлор үчүн биринчи фестиваль
Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы кинематография боюнча департаменттин жетекчиси Абибилла Пазыловдун билдиргенине караганда, фестивалга жаш режиссёрлордун 2005-жылдан кийинки 60тан ашык эмгеги сунушталып, анын ичинен 14 фильм тандалып алынды. Иш чаранын алкагында жаш режиссёрлор чет өлкөнүн жана кыргызстандын тажрыйбалуу режиссёрлорунан чеберчилик сабактарын алышат. Кинематография менен маданияттын көз карандысыз ишмерлеринен түзүлгөн калыстар тобу, жаш режиссёрлордун эмгектерин он номинация боюнча баалашат.

Бишкекте сегиз жаңы мектеп курулат
Быйыл борборубузда сегиз жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу шаар мэри Нариман Тулеевдин айтымында, шаардык башкармалык 960 окуучулук орунга эсептелген үч чоң мектептин жана борбордун жаңы конуштарындагы баштапкы билим берүүчү 4-5 мектептин курулушун бүткөрөт.
Ал эми 2008-жылы республиканын аймагында 57 мектептин курулуш иштери аяктап, эксплуатацияга берилген. КР билим берүү жана илим министри А.Мусаевдин маалыматы боюнча, курулуш иштерине жалпысынан 133 миллион сом каралган. Ал эми ремонт иштерин жүргүзүүгө 100 миллион сом сарпталган. Республикадагы 49 мектепти ремонттоп, эмерек менен камсыз кылууга эл аралык уюм көмөк көрсөткөн.Ошондой эле министр мектептердин баарын мебелдер менен жабдылбагандыктан, аларды алыш үчүн 130 миллион сом керектигин айтты.

ММК жанашайлоо
Борборубузда "ММК жана шайлоо" деген аталыштагы эки күндүк окуу башталды. "Журналисттер" коомдук фондунун тескөөчүсү Мери Бекешованын айтымына караганда, эки күндүк окууга каалаган журналисттер катыша алат. Алар негизинен президенттик шайлоонун үгүт иштерин ММК аркылуу чагылдыруунун мыйзамдуу маселелерин кеңири өздөштүрө алышат. Окуу "Сорос- Кыргызстан" фондусунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Билимдүүлөр үчүн Москванынэшиги ачык
Москвадагы кыргыздар мындан ары оор жумуштарда эмес, диплом боюнча да иштей алышат "Эркиндик" саясий партиясынын Россиядагы өкүлү Сооронбай Дыйкановдун билдирүүсүндө, учурда бир эле Москва шаарында кыргызстандык мигранттардын ар кайсы аймактарды камтыган 15 диаспорасы бар. Алар буга чейин негизинен көчө шыпыруу, кафе, ресторандарда официант болуп же курулушта иштеп келишсе, эки мамлекеттин Президенттеринин саясатынын негизинде мындан ары диплому менен өз адистиги боюнча жумушка орношууга да мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

  Дүйнө дүбүртү

Тамил жолборстору согушун токтотушту
Жикчил топтун маалымат катчысы Селвасара Патманатхан Тамилнет сайтына Шри-Ланканын президенти Махинда Ражапакса кечээ эле "козголоңчулар жеңилди" деп жарыялаган эле. Тамил жикчилдери тамил азчылыгынын көз карандысыздыгы үчүн 25 жылдан бери куралдуу күрөш жүргүзүп келишти. Азиянын эң узак жаңжалында 70 миңден ашык кишинин өмүрү кыйылган.

Пакистанда согуш жүрүп жатат
Пакистанда талибдер менен айыгышкан согуш жүрүп жатат. Армия Сват өрөөнүнүн борборунун чет жакасындагы Матта, Канжу шаарларына басып киргендиги айтылууда. Мунун алдында Пакистандын ички иштер министрлиги 3 аптадан берки согуштарда бир миң талиб өлтүрүлдү деп кабарлаган. Аймактан жүз миңдеген тургундары үй-жайын таштап качып кеткен. Кечээ күнү ооган армиясынын бир аскери көз жумуп, дагы үчөө жараат алды.

Пешавардагы жарылуу
Пешаварда болгон жарылуу тогуз кишинин өмүрүн алып,20 чакты адам жараат алды. Полициянын ырастоосунда, машинага коюлган бомба анын жанынан мектеп окуучуларын ташыган автобус өтүп бараткан кезде жардырылган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бул окуянын алдында эле Пакистандын Түндүк Вазиристан чөлкөмүндө америкалык деп шектелген пилотсуз учак согушкерлерге ракета атып, кеминде 10 жоочу жок кылынган.

Үн катып төрөлгөн наристе
15-майда АКШнын Техас штатында жарык дүйнөгө келген ымыркай ыйлагандын ордуна үн катып төрөлгөн. Бул жубайлар Кеслин менен Биллдин кырк жашында көргөн тун уулу. Төрөт үйүндөгү болгон эң алгачкы мындай төрөт акушерлердин оозун ачырган. Бирок, журналисттерге маалымат берүүдөн баш тарткан ата-эне наристесин сүрөткө тартууга тыюу салышкан. Учурда эне-баланын ден-соолугу жакшы.

Таласта СПИД менен он адам ооруйт
Таласта СПИДден кайтыш болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү."Репродуктивдүү ден-соолук альянсы" деп аталган бейөкмөт уюмунун демилгеси менен бул иш чараны "Кызыл ай коому," Кыргызстандагы үй-бүлөлүк пландаштыруу альянсы," Аялдар конгрессинин" Таластагы бөлүмдөрү биргелешип өткөрдү. Анда бул илдет боюнча видео тасмалар көрсөтүлүп, атайын тактай орнотулду. Ошондой эле СПИДден кайтыш болгон адамдарды эскерүү иретинде шам жагылып, гүл коюлду. Облустук СПИД борборунун кызматкерлери бул иш-чарага катышпаганына бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү нааразы болушту. Маалыматтарга караганда, учурда дүйнө жүзү боюнча СПИД оорусу өтө тездик менен жайылып, бул оорудан ар бир 8 секунд сайын бир адам кайтыш болот. Таласта 2006-жылы СПИД оорусуна чалдыккан бир эле адам катталса, быйыл алардын саны 10го жетип, булардын арасында жаш балдар да бар. Таласта жакында бул оорудан бир адам кайтыш болду.




  КРИМ-ИНФО

Тоноочулар кармалды
12-май күнү ИИБнын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 1988-жылы төрөлгөн жашоочусу Б.М. аттуу жигит тоноого катышкан деген шек менен милиция кызматкерлеринин колуна түштү. Саат он бирлер чамасында айыпталуучу Кара-Суу районунун тургуну 22 жаштагы Сыдыкова А. аттуу кызды коркутуп, 2500 сомго тете буюмдарын тоноп алган. Изи сууй электе кармалган тоноочуга учурда тергөө иштери жүрүп жаткан кези.
Ошондой эле 11-май күнү Аксы районунун тургуну Зыябеков А. милиция кызматкерлерине 8-май күнү Кербен базарынан түш оой электе белгисиз жигит коркутуп, чөнтөк телефонун алып алгандыгы тууралуу арызданган. Ысыгында эмгектенген милиция кызматкерлеринин иликтөөлөрүнүн натыйжасында, бул кылмышка шектүү деп, Аксы районунун 1986-жылы төрөлгөн жараны Р.М.кармалып, кылган кылмышына жооп берүүдө.

Зөөкүр колго түштү
ИИМ жана ШИИБнүн кызматкерлеринин жардамы менен зордуктоого аракет жасаган деген айып менен 1978-жылы төрөлгөн Аламүдүн районунун тургуну С.Б. кармалып сурак берүүдө. Ал борборубуздун "Дружба" паркында автоунаанын ичинен он тогуз жаштагы Т.Г. аттуу кызды зордуктоого аракет жасаган.

Чоң жолдон кармалган героин
ИИБнын жана Баткен облусу ИИБнүн кызматкерлери тарабынан Исфана - Ош жолунун Кызыл-Кыя шаарына кире берген жеринен Деу-Тико автоунаасынын жүргүнчүсү 42 жаштагы Р.М. 7кг 195гр героин ташып бара жаткан жеринен кармалып, иликтөөлөр жүрүүдө.

Бир адамдын канына забын болгон кылмышкерлер
9-май күнү саат 16лар чамасында Бишкектин Гогол көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен бычактан каза болгон 1968-жылы туулган В.А. аттуу кишинин канга боёлгон денеси табылган. Свердлов РИИБнүн кызматкерлеринин тынбай иштеген эмгегинин жыйынтыгында, кылмышка шектүү болгон М.Р. жана В.Ю. кармалып сурак берүүдө. Иликтөөлөрдүн натыйжасында кылмыш жаңжалдан улам чыкканы дайын болду.

Өз үйүнөн өлтүрүлгөн аял
Сокулук РИИБнүн кызматкерлери тарабынан оор кылмыштын бети ачылды. 10-май күнү Аламүдүн районунун Лесной айылынын Атбашы көчөсүнөн жашы элүүгө таяп калган Айдакеева А.М.нын токмоктолгон денеси өз үйүнөн табылган. Атайын изилдөөчү медициналык экспертизанын жардамы менен маркумдун кабыргалары сынып, токмоктон улам каза болгондугу аныкталган. Мындай зөөкүрдүккө барган 1972-жылы төрөлгөн А.Б. кармалып, жасаган кылмышын моюнга алып, соттун чечимин күтүп турган чагы.

уурунун изи табылды
12-май күнү Бакай-Ата РИИБнүн кызматкерлери мал уурдоого катышы бар болгон К.Б. аттуу адамды кармап, сурак алууда. Айыпталуучу 28-апрель күнү Жээнкулов М.нын эки уюн айдап баса берген. Кылган кылмышы боюнча жооп берип, тергөө иштери жүрүүдө.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
19-май, 2009-ж.:
1-бет
ҮЧ ЖАШЫНДА ЛИМОНАД САТЫП, ОН ЖАШЫНДА САКАЛЫ ӨСКӨН АЛЬКАМИЛ
2-бет
Үчүнчү классында лимонад сатып, бешинчи классында сакалы өскөн
Алькамил

3-бет
Эрмек Нурбаев:
"Аскар Акаев менин кумирим"

4-бет
Жеңишбек Назаралиев:
"Мен элге кедейчиликтен сууруп чыга турган
кайырмак берем"

5-бет
маалымат
6-бет
Эл акыны Эрнис Турсунов:
"...Жаңылык киргизген жаңы чыгарма учурабай калды"

7-бет
Тиш-организмдин күзгүсү
9-бет
Сен ишенбейсиң!..
10-бет
дүйнө сыры
11-бет
"Ласковый майдын" атын чыгарган Юрий Шатунов
12-бет
спорт дүйнөсүндө эмне кеп?
13-14-бет
Обон почта
15-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

16-бет
7 жаштан 70 жашка чейинкилерге кастинг жарыяланат










??.??