п»ї

  cаясат

Жеңишбек Назаралиев:
"Мен элге кедейчиликтен сууруп чыга турган
кайырмак берем"
Жеңишбек Назаралиев өзүнүн укмуштуудай идеялары менен кыргызстандыктарды дайыма таң калтырып келет. Мисалы уставдык капиталы 100 млрд. доллар турган Евразиялык финансылык борборду түзүү, мамлекетти башкарууга 10 миң топ менеджерди тартуу же жакында ММКларга жарыяланган анын "Ар бир үй-бүлөгө 100 миң сом!" маалыматы. Албетте, 100 миң сом миллиард эмес, бирок бул "көк чымчык" деле колдо болсо жаман эмес. Деги бул ураандын артында эмне турат? Муну биздин гезиттеги маегинде доктор Жашоо өзү айтып берет.


- Жеңишбек Болсунбекович, бүгүнкү сиз пропогандалап жаткан ураандардын бири "Ар бир үй-бүлөгө 100 миң сом!" Бул өтө кызыктуу жана курулай кыйкырыктай угулат экен. Каражатты өз чөнтөгүңүздөн чыгарасызбы?
- Жок, өз чөнтөгүмөн эмес. Атайын резервдик фонддон. Борбордун аталышы өтө эле аша чапкандай угулушу мүмкүн. Бирок, мунун артында экономикалык жактан тастыкталган, реалдуу, чындыгында кыйынчылыксыз жүзөгө аша турган бизнес-долбоор турат. Мен бул долбоор тууралуу өзүмдүн Москвадагы белгилүү финансист досторума айтканымда, алар бул долбоорду экономика чөйрөсүндөгү ноу-хау деп аташты. Калкынын саны өтө көп Россияда муну ишке ашырууга болбостугун айтышты. А 5 млн. калкы бар Кыргызстан үчүн долбоор эң керектүү жана шайкеш келе турган нерсе.
- Бул долбоордун өзөгү эмнеде? Резервдик фондго акчаны кайдан алуу керек?
- Калкыбыздын санын, тактап айтканда өлкөдөгү үй-бүлөлөрдүн санын эске алсак, бул долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 1 млрд. 250 млн. долларга жакын каражат керек. Бул экономикалык алкакта алганда анчалык чоң сумма эмес. Эсиңиздерде болсо, "Камбар-Атанын" курулушуна Россия эле 2 млрд. бизге бербедиби. А Эларалык валюта фонду Румынияга каатчылыктан чыгуу үчүн 24 млрд. доллар бөлүп берди. Анын үстүнө менде бул сумманы анча көп эмес үстөк пайыз менен - жылына 3 пайыз менен алууга алдын-ала макулдашуулар бар. Эл аралык коомчулуктан акча алуу - бул биринчиден жеке адамдын маселеси, өлкө башчысынын кадыры. Алынган акчаны биз инвестиция түрүндө бөлөбүз. Бөлгөндө да акчаны жөн эле кармата бербейбиз. Алгач эл кооперативдерге биригишет. Бир нече үй-бүлө (ондон кем эмес) биригип эмне иш кылыша ала тургандыгын ойлонуп, майда-баратына чейин такталган бизнес-план түзүшүп, лидерди-башкы директорду тандап алышат. Андан соң атайын комиссия бул план канчалык деңгээлде аткарыларын текшерет. Кооператорлордун планын комиссия жактырып, туура деп эсептесе аларга 1 млн. сом берилет. Бул реалдуу секторду - орто жана кичи бизнести реалдуу өнүктүрүү болуп саналат. Мунун менен эл өз жашоосун, өз айылынын, шаарынын, өлкөсүнүн жашоосун башкара алат. Аларга алгач өз районуна наабайкана, кафе ачуу, тегирмен же кайра иштетүүчү кичикомбинат куруу керек экендиги маалым. Мына сизге көп жылдардан бери бийлик кан-какшап, учурда таптакыр иштебей жаткан жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун кыймылдуу түрү. Албетте, бул Экономикалык өнүгүү министрлиги сыяктуу ведомстволор тарабынан координацияланат. Мисалы, кай жерде айыл чарбасы өнүккөн болсо ал жерде кайра иштетүү өндүрүшүн көтөрүү керек. Ысык-Көл облусунда болсо туристтик инфраструктураны көтөрүү зарыл дегендей. Өлкөнүн милдети - ишканалардын толук кандуу иштешине баардык шарттарды түзүп берүү, алардын товарларын жаңы базарларга, коңшу Казакстан, Россиянын, ал тургай Кытайдын базарларына чыгарууга мүмкүндүк ачуу.
Башкача айтканда, биз элге балык эмес кайырмак берүүбүз керек. Аларга өздөрү бутуна туруу, иштеп, аракет кылып акча табууга үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн беришибиз керек. Учурда Бакиев Россиялык кредитти карылардын пенсиясына 200 сом, 100 сомдон майыптарга кошуп, балдарга бир стакан сүт, нан берүү менен таратып жатат. Бул элге реалдуу жардам бере алабы? Бул акчалар канчага чейин жетет? Ар качан эле эл аралык кредиттерди жеп коюуга болбойт. Акаевди кезинде өлкө кредиттин эсебинен жашап, карыз сазына улам-улам терең баткандыктан, андан качан, кантип чыгууга анын эч кандай ой, аракети болбогондугу үчүн сындашкан. Ошентип, ХИПКке кептелдик. Бир аз болгондо бизди эң кедей өлкө катары санашып, бул "наамдан" кутулууга таптакыр мүмкүн болбой калмак. Учурда эң коркунучтуу нерсе Бакиев ошол принцип боюнча аракет кылып жатат. Акчаны алат, аларды рационалдуу пайдалануу, көбөйтүү, кайтарып берүү программалары жок.
- Абдан жакшы, бирок эл аралык донорлор менен кантип эсептешебиз?
- Мыйзам ченемдүү суроо. Кептин баары ушунда. Мамлекет үй-бүлөлөргө пайызсыз ссудаларды бизнес ачуу үчүн берүү менен бул бизнесте түзүүчү жана өнөктөш болуп калат. Мамлекеттин ар бир долбоорго иштиктүү катышуусу 51 пайызды түзөт. Тактап айтканда, кирешенин 51 пайызы сырткы карызды жоюу үчүн мамлекеттик казынага кетип турат. Эч кандай салык алынбайт.
- А акчасы айланбай, соодадан күйүп кеткен үй-бүлөлүк бизнесмендерге кандай болот?
- А эмне үчүн алар күйүп кетиши керек? Кайталап коеюн, элге акча берерден мурун алардын идеялары олуттуу эксперттик баалоодон өтөт. Анын үстүнө, эгер бизнесмен күйсө, демек анын өнөктөшү мамлекет да күйөт. Ошондуктан мамлекеттик машина эч ким күйүп кетпегидей болуп иштейт. Мамлекет элге акча иштеп табуу ыңгайлуу, пайдалуу болгудай шарт түзүп берүүгө мажбур болот. А биздин элде акылдуу, талантуу адамдар жетиштүү. Өзүнүн үй-бүлөсүнүн, жакындарынын, туугандарынын жоопкерчилигин өз моюнуна ала алган адамдар он үй-бүлөнүн арасынан сөзсүз бирөө табылат. Бул план - өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн реалдуу жолу катары кыргызстандыктарга сунушталган долбоорумдун бирөө гана. Балким, бул план айрым жерлерин кайра иштеп чыгууну, абдан так эксперттик талдоолорду талап кылар. Бирок, бул чынында эле жакын арада биз жасоочу реалдуу кадам. Ошол себептен бул план депутаттык, президенттик шайлоолордун алдында көп жолу уккан, окшош, катардагылардан айырмаланып турат деп ишенем.

Маалымат булагы: www.312kg.ru.
P.S. "Обон" гезити өлкө лидерлигине ат салышкан башка талапкерлердин да ой-пикирин жарыялоого даяр экендигин билдирет.




ЖЫлаңач чындык доктор Назаралиевде!
Дүйнөгө таанымал доктор, коомдук ишмер Жеңишбек Назаралиев интернетте өздүк күндөлүгүн ачты. Ал баардык суроолорго, өтө курч суроолорго да жооп берет.
Бүгүнкү күндө мобилдүү болуу, жаңы маалымат технологиялар менен үзөңгүлөш кадам таштоо мода. Ошондуктан дүйнө жүзүндө жүз миңдеген адамдар интернетте өздөрүнүн профессионалдык, коомдук иштери, ал тургай жеке жашоосу тууралуу акыркы, так маалыматтарды камтыган блогдорду - өздүк күндөлүктөрүн ачып жатышат. Блог түзүү учурда ар бир адамга - жөнөкөй дыйкандан мамлекет башчысына чейин оңой. Өзгөчө ири өлкөлөрдүн лидерлеринин күндөлүктөрү өтө популярдуулук менен колдонулат. Караңгылатылган автомобиль айнегинин артында, официалдуу сүйлөөнүн кургак фразаларына жашынган адамдын ички дүйнөсүн карап чыгуудан ким эле баш тартсын? Мисалы, сенин алдыңда Барак Обама, Дмитрий Медведев кандай адам болсо ошондой турат.
Эми блогчуларга дүйнөгө белгилүү доктор жана коомдук ишмер Жеңишбек Назаралиев кошулду. Көп саякаттаган, ой чабыты, акылы кенен, идеяларга мол блог чөйрөсүнө уюштуруучулук менен кирди. Анын www.nazaraliev.info блогу Интернеттеги эң окумдуу блогдордун бири болду. Жеңишбек Назаралиевдин өздүк күндөлүгүнө киргендер доктордун адамды тартып турган өмүр баянынан сырткары, анын экстремалдуу кызыгууларын, таң калычтуу кездешүүлөрдү, Амазониядагы индеецтерге болгон сапар тууралуу, Гонконгдун, Колумбиянын ганстерлери менен болгон таанышууну окуп, доктор жыйырма жолу болгон Нью-Йорктун абасы менен дем ала алышат. Мындан сырткары блогдун меймандары Жеңишбек Болсунбековичке каалаган суроосун берип, анын акыркы жаңылыктарын, күнүмдүк ачуу темаларга болгон курч сөздөрүн уга алышат. Бир да суроо жоопсуз калбайт.
www.nazaraliev.info блогу Кыргызстандын эң кызыктуу, сырдуу, башкалардан айырмаланып турган адамы тууралуу толук, так маалыматты бере алат.
Марсел ДҮЙШӨНБЕК уулу






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
19-май, 2009-ж.:
1-бет
ҮЧ ЖАШЫНДА ЛИМОНАД САТЫП, ОН ЖАШЫНДА САКАЛЫ ӨСКӨН АЛЬКАМИЛ
2-бет
Үчүнчү классында лимонад сатып, бешинчи классында сакалы өскөн
Алькамил

3-бет
Эрмек Нурбаев:
"Аскар Акаев менин кумирим"

4-бет
Жеңишбек Назаралиев:
"Мен элге кедейчиликтен сууруп чыга турган
кайырмак берем"

5-бет
маалымат
6-бет
Эл акыны Эрнис Турсунов:
"...Жаңылык киргизген жаңы чыгарма учурабай калды"

7-бет
Тиш-организмдин күзгүсү
9-бет
Сен ишенбейсиң!..
10-бет
дүйнө сыры
11-бет
"Ласковый майдын" атын чыгарган Юрий Шатунов
12-бет
спорт дүйнөсүндө эмне кеп?
13-14-бет
Обон почта
15-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

16-бет
7 жаштан 70 жашка чейинкилерге кастинг жарыяланат










??.??