п»ї
  окумал

Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок
Ыйлап да, сүйлөнүп да баратам, апамдын жетегинде. Бети-колумду жууп, чачымды тарап, өрүп болгон соң апам чекемден сүйүп:
- Мына, эми кызга окшоп калбадыңбы? Ким урду, ким тийди, айт эми? Үйдө коноктор олтурса өңгүрөп төркү үйгө чейин кирип барасың? Чыны-аяк ташышып мага жардам бергендин ордуна...-деди нааразылана.
- Өзүң... Мектепке барасың, Чүрөк эжең келет, баарын сатып келет дебедиң беле? Эжең күйөөгө кетти деп атышпайбы?..
- Дегем... Эми мындай болуп кетээрин ким билиптир... Ошого эле ушунча озондодуңбу? Кейбирим десе!.. Бүгүн кудаларды узатып коюп, эртең, бүрсүгүндөн сен экөөбүз шаарга жөнөйбүз. Сага бүт өзүм сатып берем. Эжеңе да көшөгө, кийим-кече алышыбыз керек эми. Балекетиңди алайыным десе!.. Бактылуу эле болсо экен! "Сүйлөшүп жүргөм" деп жазыптыр катында. Мурун-кийин дегеле бир сыр берген эмес, - апам өзүнчө сүйлөнүп калды. Мен болсо апамдын мойнуна асылып өөп-өөп алып, тамды айлана чуркап кеттим. Батма менен Зуурага шаарга бара турганымды кантип сүйүнчүлөбөй коё алам?!
х х х
Сексеңдеген секелек кезим көз алдыма тартыла түшүп, аргасыздан жылмайып алдым.
х х х
Ошентип, үйдөгү эки кыз, эки эркек бир туугандардын улуусу Чүрөк эжем дипломун колуна ана-мына алат деп турганда, группалашы ала качып кетип, бизге кошуна районго келин болуп, жашап калды. Алгачкы жылдары ынтымактуу эле жашашкан жаш бүлөнүн оту тез эле күйүшпөй калды. Баламын да, ал учурда элес албаганым менен азыр ойлоп көп нерсени түшүнүп олтурам. Эжекем татынакай, ачык-айрым кыздардан болчу. Жакшы да окуп, группасындагылар "Чүрөк, Чүрөк" деп турушчу экен. Жездем далай жолу сөз айтса, көнбөй коюптур. Анан ала качып алат. Мектептин директорунун жалгыз эркек баласы болуп эрке өсүп калган жездебиз, үйлөнгөндөн кийин аракка тез берилип, өтө кызганчаак да эркектана болуп чыга келет. "Ошого корогон кайран гана сегиз жылым. Нервимдин баарын жеп бүтүрдү. Минтип ачуумдун бат келгени да ошонун ур-токмогунун айынан... Окуп жүргөндө зыңкыйган эле бала болчу. Бирок, эмнегедир эле көңүлүм чаппагандыктан анча деле жакын эмес элек, саламыбыз эле түз болбосо. Өнөрүнүн баарын кийин көргөзбөдүбү. Кызганчаактыгын сураба! Классташ баласы үйлөнүп "барбай эле коёюн" десем болбой ээрчитип барып, ошол баласынан кызганып, столду көңтөрө коюп, гүл салган ваза менен чекеге урган. Мына мобул тырык ошондон калган. Дагы жакшы, кайненем чыркырап далай жолу сабаганда ортого түшө калып аман алып калчу. Болбосо... Көзүмдөн жаш менен көгала кетпей жүрүп гана кантип отузга чыкканымды да билбей калдым. Атам болбосо андан эрте эле ажырашып кетмекмин..." деп калчу эжекем кээ бирде. Чын эле, эжем балдарын жетелеп үйгө келип эки жумалап жатып калганда эле атам менен апам өз ара күдүңдөшүп, атам кыялын көргөзүп, кагынып-силкинип калчу. Көрсө, эжем күйөөсүнө таарынып "жашабайм, ажырашам" деп үйгө келчү экен. Аны апамдан уккан атам "Жашасын! Эмне турмуш деген оюнчук бекен?! Эки балалуу болгончо ойлонбой, түшүнбөй эмне кылып жүрүптүр?! Эми экөөнү тирүүлөй жетим кылып кайда барат? Урса күйөөсү экен, уруп койгондур. Жумуртка эмес, жарылып кетпейт"- деп далай жолу артынан келген кайын-журтуна эжемди кошуп берип жүрдү. А бирок, Таңсулуу мектепке барган жылы акыры ажырашып тынышты. Эркек бала өзүбүздө калсын деп Туранды бербей коюшту. Эжем көгөрүп алып келели деп ыйлап жүрдү. "Эркек баланын атасы менен өскөнү жакшы. Эне керек болсо кийин өзү таап алат. Ага эмне эле ыйлайсың? Андан көрө, жүдөбөй, алдагы кызыңды тыңыраак багып, жакшы жашап кет. Эмне кылайын эми? Өзүңө өзүң кылдың. Ала качканда эле "Сүйлөшүп жүргөм" дебей көңүлүң жок экенин ачык жазсаң, алып келип албайт белек. Эми болоору болуп, боёосу канды. Эринен ажырашкан сен биринчи же акыркысы эмессиң. Кыздын чырагы кырк деп коёт. Бирөө өчсө, дагы бир жарыгың күйөөр" деп апам сооротуп жүрдү. Борбордо апамдын жакшы турушкан жакын туугандарынын күчү менен эжем техникумга сабак берип, иштеп үй-бүлөлүк жатаканасында жашап калды. "Бутуңа туруп алгычакты кызыңды биз багып берели" десе болбой Таңсулууну берген жок. Эки жыл өтпөй эле Туранды да ал жездебиз алып келип, айылдагы биздин үйгө таштап кетти. Апамдын айтуусу боюнча кийинки алган аялы да эркек төрөп, кызганып уруш чыгарган окшойт. "Апа, каралашып турам" деп кеткен жездем караанын ошол бойдон көргөзгөн жок. Уулун үйдөгүлөр үч жылча багып, чоңойтуп беришти. Эжем жашаган жатаканасындагы бөлмөсүн менчиктештирип алгандан кийин, Туранды да өз колуна алды. Мен жайкы, кышкы каникул сайын келип, балдарына апам айткандай баш-көз болуп жүрдүм. Эжем эч нерседен кем кылбай, эки баласын эрке өстүрдү. "Эки балам менен эми кайсы күйөө алмак эле? Мен эмес жапжаш, сулуу кыздар тие албай экинчи, үчүнчү аял болуп жашап жатышат" деп көп жыл жалгыз бой жашап жүрүп, азыркы жездебиз менен жылдызы келишип, бат эле баш кошуп алышты.
Көп сүйлөбөгөн, бирок бир сүйлөсө чымчып, чучугуңа жеткире сүйлөгөн шаардык жездебиз-Болсунбек. Өзү жетим өскөндүк кылабы, айтор мүнөзү элдикинен башкача. Кабагым-кашым дебей, эжемди эки баласы менен багып кетти. Менчик машина оңдогон жайы бар экенин билем. Азыр экөөнүн уулу Ардак алты жашта. Аябай жароокер, сүйкүм бала. Таңсулуу менен Турандын балалык чактары менин көз алдымда өткөнү менен экөө тең мага анча бой салышпайт. Аларга караганда Ардак таежелеп, божурап бирдемелерди сүйлөп берип, эрмек болот. Ушундай бүлөө менен абактан чыгып келип, жашап жатканыма үч айдын жүзү болду.

(Уландысы бар)





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
19-май, 2009-ж.:
1-бет
ҮЧ ЖАШЫНДА ЛИМОНАД САТЫП, ОН ЖАШЫНДА САКАЛЫ ӨСКӨН АЛЬКАМИЛ
2-бет
Үчүнчү классында лимонад сатып, бешинчи классында сакалы өскөн
Алькамил

3-бет
Эрмек Нурбаев:
"Аскар Акаев менин кумирим"

4-бет
Жеңишбек Назаралиев:
"Мен элге кедейчиликтен сууруп чыга турган
кайырмак берем"

5-бет
маалымат
6-бет
Эл акыны Эрнис Турсунов:
"...Жаңылык киргизген жаңы чыгарма учурабай калды"

7-бет
Тиш-организмдин күзгүсү
9-бет
Сен ишенбейсиң!..
10-бет
дүйнө сыры
11-бет
"Ласковый майдын" атын чыгарган Юрий Шатунов
12-бет
спорт дүйнөсүндө эмне кеп?
13-14-бет
Обон почта
15-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

16-бет
7 жаштан 70 жашка чейинкилерге кастинг жарыяланат










??.??