п»ї
  атактуулар ааламында

"Ласковый майдын" атын чыгарган Юрий Шатунов
Интернатта өткөн балалык
Шатунов Юрий Васильевич 1973-жылы 6-сентябрда Башкырстан АССРнин Кумертау шаарында туулган. Балалык чагы Кумертау шаарындагы Савельевка айылында өтөт. Ата-энеси каза болгондон кийин Оренбург облусундагы Тюльган шаарында жашаган эжесинин колуна келет. 1985-жылы сентябрда Акбулак балдар үйүнө кабыл алынып, бир жылдан кийин ал жерден Оренбургдагы №2 интернатка которулат. Ошол жерден анын чыгармачылык жашоосу башталган. Интернатта ал музыкалык кружоктун жетекчиси жаш, таланттуу композитор Сергей Кузнецов менен таанышат. Ал "Май" хиттеринин автору өзүнүн "Ты просто был..." китебинде болочок жылдызга биринчи жолукканын мындайча эскерет: "Шатуновду биринчи көргөндө эле, сырткы келбети келишимдүү, жылдыздуу, чыныгы сахна адамы боло турган жаш өспүрүмдү көрдүм. Сүйлөшө келгенде мүнөзү дагы мен каалагандай болуп чыкты.
Башында Юра музыкага анча көңүл бурбай жүрдү. Даярданууга түз эле ойноп жаткан жеринен конькиси менен келчү. Интернатта ал кышында -хоккей, жазында - картинг ойночу. Бирок, акырындап музыкага болгон кызуугусу ойгоно баштады. Интернаттагы жаңы жылдык кечеге Шатунов баш оту менен киришип, жакшы даярданды.Бул анын биринчи жолу сахнага чыгуусу эле. 1986-жылы 28-декабрда пландалгандай интернатта биринчи жаңы жылдык шоу болду.
Бүткүл эл кошо ырдаган - "Белые розы"
Шатунов интернаттан жазында качып кетип, күзүндө кайтып келип жүрдү. 7-класста окуп жатканда Юра өзүнүн биринчи магнито альбомун жаздырууга үлгүргөн жана аз убакыт өткөн соң бүткүл эл кошо ырдаган "Белые розы" ырын ырдап чыккан. Мына ошондон кийин магнито альбому Оренбургдагы үн жаздыруу студиясына берилип, жергиликтүү гезит жана телевидениелерден жаңы, эч кимге белгисиз, бирок баарынын сүйүктүү группасы жөнүндө маалымат берүүнү өтүнүшкөн. Юра Шатуновдун аткаруусундагы ырларды бүт Оренбург сүйүп уккан. Биринчи жолу "Комсомольская пламя" гезитине "Белгисиз жылдыздар" деген макалада Юра жөнүндө жарыяланган эле. Андан соң жергиликтүү телевидение келип, биринчи интервьюну келечек жылдызынан алышкан. 1988-жылы июнда Кузнецов жана Шатуновдун ырлары кокусунан Андрей Разиндин колуна тийип калат да, группанын келечектеги жетекчиси алдыга көптөгөн пландарды заматта койгон. Бир канча күндөн соң маданият министрлигинин күбөлүгүн алып, Андрей Разин Оренбурдан Юраны Москвага алып кетүү үчүн келет.

"Ласковый май" тобунун жаралышы
Шатунов тагдырында чоң бурулуш болоорунан дайыны жок, адатынча ал мезгилде интернаттан качып кеткен болчу. Ырчыны издөө үчүн Разин бир жумадан ашык убактысын коротот. Аны Тульген шаарынан ошол жердик балдардын айтуусу менен табышкан. 1988-жылы 3-сентябрда өмүрүндө биринчи жолу Москвага келип, Лесной көчөсүндө жайгашкан Андрей Разиндин квартирасына келет. (12-сентябрдан баштап Казакстандын Алма-Ата шаарында сахнага чыгат) Юраны №24 мектеп-интернатына катташып жана аны тарбиялап өстүрүү жоопкерчилигин ошол окуу жайдын директору Галина Фёдоровна Венедиктова өз мойнуна алат. 1988-жылы профессионалдык аппаратурада Юра "Белые розы" альбомун кайрадан жаздырып чыгат. Ошол эле жылдын декбарында Лужникте өткөн "Эл аралык дискотекада" "Ласковый май" группасынын солисти болуп эл алдына чыгармаларын тартуулайт. 1989-жылы январда "Утренный почта" берүүсүндө "Белые розы" клиби көрсөтүлүп, ошондо гана "Ласковый май" тобунун солистин биринчи жолу экрандан көрүшөт.

Популярдуулук
1989-жылы Шатуновдун эки альбому А.Разин менен биргеликте "Месяц июль", ал эми экинчиси жеке өзүнүн "Розовый вечери" чыгат. Ушул жылдын мартында "Мелодия" фирмасынан биринчи жолу пластинкасы чыгарылат. 1989- жылдын аягында Юра "жылдын эң популярдуу адамы" деп аталган. 1990-жылы 16-январда радиодо "Вертикаль" берүүсүнө Кудряшов менен бирге интервью берип, телевизордон күнү-түнү "Розовый вечер", "Тающий снег", "Лето" ж.б. ырларынын клиби үзгүлтүксүз берилип турат. 1990-жылы 6-ноябрда мурда Оренбургда жазылган интервьюсу телевидениеден "Компас роста" программасынан көргөзүлөт. 90-жылы дагы бир жаңы "Метель в чужом городе" деген альбому жарык көрөт. Убакыттын өтүшү менен Юра чыгармачылык карьерасына чоң тажрыйба топтоп, шоу-бизнестин сырын билип, өзү обон жарата баштайт. Анын жан дүйнөсү жөнөкөй болуп, ага жаңы идея, музыкага болгон жаңы багыт керек болуп, "Ласковый май" ал үчүн тардык кылган. А. Разин колунан келишинче солисти Юраны кармап калууну ойлогон.
Кандай концерт болбосун афишаларда Юрий Шатуновдун фамилиясы сөзсүз болгон. Ал концертте Юра катышпай калса Андрей Разин "тамагы ооруп калыптыр", "бутун сындырып алды" деген шылтоолор менен деп кечирим сурап турган. Минсктеги "Белые розы-белой зимой" концерти өткөндөн кийин Юранын гонорарын толук бербей, паспортун жана бардык фонограммаларын алып койгондон кийин 1992-жылы Юра февралда "Ласковый майдан" кетет. Анын кетиши менен группа да жок болгон. 1992-жылы августта Шатунов Сочидеги өзүнүн буга чейин 1989-жылы курулган дачасында "1000С" көрсөтүүсүнө А.Разинди күнөөлөп интервью берип, ушул жылдын күзүндө паспортун кайрып алган.

Эркиндикти эңсеген ырчы
Юра өзүнүн жеке карьерасы жөнүндө ойлонуп, акыры продюсердик кызматты А.Кудряшов аткара баштайт. 1992-жылы декабрда Юра Васильевич А.Б.Пугачевадан анын "Жаңы жылдык жолугушуусуна" чакыруу алат. Буга макул болгон Юра декабрдын аягында биринчи жолу сахнага жаңы "Звездная ночь" ыры менен чыгат. Примадонна биргеликте иштөөнү сунуш кылат, бирок ырчы ага каршы болгон. Себеби, ал бирөөгө көз каранды болуп иштегенден тажаганын жана чыгармачылыгынын өнүгүшүнө эркиндик керек экенин билдирген. Чыгармачылыктын жемиши
1994-жылдын башында Россиядагы эң чоң үн жаздыруучу студия - фирма "Polygram" Шатунов менен бирге иштөөнү сунуштайт. Сүйлөшүүлөр тез арада чечилип, бир канча күндөн кийин ырчы Борис Засимов менен келишим түзөт. Бул жаңы долбоордун дөмөөрчүсү бүткүл россиялык көпчүлүк партиясын жетектеген Феликс Емелин болчу. Ошентип, жаңы альбом жазуу менен түйшүктүү жумуш башталат. Ал альбомго Юранын он ыры, анын ичинде жаңы супер-хит "Звёздный ночь" ыры кирген. Бул ырдын клибине "Red Stars" модели Полина Ташева тартылган. 1994-жылы Арбаттагы "Мелодия" дүкөнүндө "Ты помнишь..." альбомунун ачылыш аземи болгон. Тилекке каршы, Юра бул мезгилде ооруп, Сочидеги санаторияда болчу. Бирок, 100 пайыз болбосо да, келгендердин баары ыраазы болуп кайтышкан. Андан кийин "Polygram" фирмасы "Юрий Шатунов менен бир күн" деген конкурс жарыялашат. Бул конкурс телевидениега тартылып, Юраны бир күндө үч жолу телеге барууга аргасыз кылган.
Баласаак Юра
Азыркы убакта Юрий Шатунов эки өлкөдө - Германияда жана Россияда жашайт. Россияга гостролдоп гана келгени болбосо, акыркы он жылдан ашык убакыттан бери өмүрлүк жары менен Европада турат. Сочиде бир канча жеке дүкөндөрү бар. 2006-жылы 5-сентябрда Мюнхендеги төрөт үйүнүн биринде Шатуновдун баласы төрөлгөн. Юра баласы жарык дүйнөгө келээри менен өзү ороп, эмчи айым менен бирге баласын сууга чөмүлткөн. Атын Дэннис коюшуп, өкүл атасы Андрей Разин, өкүл апасы аялынын жакын курбусу Галина Шатунова болду.




  ШОУ-БИЗНЕС ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Николай Басков баласынан баш тартты
Өткөн жылдын май айында Басков аялы менен официалдуу түрдө ажырашкан эле. Акыркы убактарда Николай менен аялы Светлана Шпигелди баласы Бронислав гана байланыштырып турган. Акыркы күндөрү Николай баласына да барбай коюну чечти. Ал жашоосундагы өткөн нерселерди унутуп, баарын башынан жаңыча баштайм дейт.
Башында ырчы кайда жүрбөсүн дайыма жанында аялы Светлана болчу. Ал эми бүгүнкү күндө үй-бүлөнүн ынтымагы бузулуп, өз- өзүнчө жашап, Николай баласы жана аялына болгон байлыгын калтырып, үстүндө үйү жок болсо да баарына макул болуп чыгып кеткен. Азыр Басков Москвада батирде жашайт.

Сергей Бодровдун сөөгү табылды
Түндүк Осетиядагы Геналдон капчыгайында 2002-жылдын сентябрь айында болгон кар көчкүдөн адамдын сөөгү табылган. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министринин басма-сөз кызматы билдирген.
Айтылган маалыматка таянсак, сөөктү "Горный клуб "Каскаддын" жумушчулары Геналдон дарыясынын жээгинен труба түтүктөрүн коюп жатып табышкан. Бул группанын жетекчиси Олег Ржановдун айтканына караганда дарыянын агымынан улам "Москвич" маркасындагы машинанын кузову жуулуп, анын ичинде кийимдери чириген адамдын сөөгү бар экен. Эске сала кетсек, 2002-жылы 20-сентябрда Сергей Бодров жаңы "Связной" киносунун кээ бир эпизоддорун тарттуу үчүн сьемкалык группасы менен Геналдон капчыгайына барышкан болчу. Бул анын эң чоң долбоору болуп, сценарийдин автору да, башкы каармандын ролун да жана режиссёрдук кызматты да өзү аткармак. Бирок, өзүнүн максатына жетпей калды. Жыйынтыгында баардык сьемкалык топ кар көчкүнүн алдында калышып, алардын сөөгү табылган эмес. Эксперттердин айтуусунда бийиктиги 100 метр, ылдамдыгы 150-170 км/саат болгон көчкүдөн эч ким аман калган эмес.

Мадоннанын жылаңач сүрөтү 10 миң долларга сатылат
Мадоннанын 20 жашында түшкөн жылаңач сүрөтү аукционго коюлат. Аукциондун уюштуруучулары бул сүрөттүн баасын 10 миң доллардан кем эмес болуусун пландап жатышат.
Кызыгы, дүйнөгө аты чыккан ырчы бир кездерде эч кимге белгисиз фотомоделге жаңы кадам коюп, бул кызматына ал болгону 25 доллар алган. Ошол кезде Мадонна бул сүрөткө гезиттеги жарыялардан сүрөтчүнүн дарегин алып барып түшкөн эле.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
19-май, 2009-ж.:
1-бет
ҮЧ ЖАШЫНДА ЛИМОНАД САТЫП, ОН ЖАШЫНДА САКАЛЫ ӨСКӨН АЛЬКАМИЛ
2-бет
Үчүнчү классында лимонад сатып, бешинчи классында сакалы өскөн
Алькамил

3-бет
Эрмек Нурбаев:
"Аскар Акаев менин кумирим"

4-бет
Жеңишбек Назаралиев:
"Мен элге кедейчиликтен сууруп чыга турган
кайырмак берем"

5-бет
маалымат
6-бет
Эл акыны Эрнис Турсунов:
"...Жаңылык киргизген жаңы чыгарма учурабай калды"

7-бет
Тиш-организмдин күзгүсү
9-бет
Сен ишенбейсиң!..
10-бет
дүйнө сыры
11-бет
"Ласковый майдын" атын чыгарган Юрий Шатунов
12-бет
спорт дүйнөсүндө эмне кеп?
13-14-бет
Обон почта
15-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

16-бет
7 жаштан 70 жашка чейинкилерге кастинг жарыяланат










??.??