дүйнө сыры

Күн борборунда жайгашкан тозок
Мындан бир нече жыл мурун НАСАнын "жашыруун сырлар" бөлүмүнө дүйнөгө талаш-тартышты жарата турган маалымат келип түшкөн. 1973-жылдын 9-августтунда "Скайлеб-2" космос кемесинин астронавттары тарабынан, Американын ааламды изилдөөчү лабораториясынын кызматкерлерине жүрөктүн үшүн алган кабар берилген. Ал кабарда: "Тозок күндүн борборунда жайгашкан, биз аны көрүүдөбүз, анда өлгөн адамдардын денелери өрттөлүп, азап тартууда" деп билдиришкен. Мындай билдирүүгө туш болгон окумуштуулар, космосту изилдөөчүлөрдөн берилген билдирүүсүн кайталап берүүсүн өтүнгөн. Алардын өтүнүчүнө жооп берээрде, байланыш үзүлүп НАСАнын тыңчылары менен астрономдор байланышты жоготуп алган. Байланышты калыбына келтирген лаборотория эксперттери, астрономдордун кийинки кабарында эч нерсе болбогонун, кеме тынч абалда кетип баратканын, абанын температурасы да калыптагыдай деген жоопту узатып, жердеги окумуштууларды таң калтырган. НАСАнын изилдөөчүлөрү мындай маалыматты он алты жыл бою изилдеп, аны жашыруун кылууга аракеттенген. Бирок алардын аракети текке кетип 1985-жылы "Дүйнөлүк илим" аттуу америкалык журнал "Скайлеб-2" кемесинин берген маалыматтарынын чындыгы бар экендигин тастыктаган далилдерди таап, макала жазып чыккан.
Тынбай изилдешкен окумуштуулар1978-жылдын август айларында күндөгү чагылышкан нурларды карап отуруп, сырдуу көрүнүшкө күбө болушкан. Анда күндүн бир тарабынан катуу жарылуу болуп, алоолонгон жалында адамдардын тирүүлөй өрттөлүп, азап тартып жаткан беттери көрүнгөн. Алгач окумуштуулар мындай шумдукту кубулуш катары кабыл алган. Жетимиш секундга созулган бул көрүнүштөн адамдардын беттери даана байкалып, окумуштуулар өз ойлорунан артка чегинип, тозоктун бар экендигин билдирген. Ошол боюнча бул көрүнүш тууралуу маалыматтар жоголуп кеткен.

Жыйырма сегиз жыл асманда жүргөн космонавт
Чарльз Гинсон аттуу космонавт атайын тапшырма менен жарым жылдык саякатка аалам мейкиндигине карай жол тарткан. Арадан төрт саат өткөн соң жердеги изилдөөчүлөр, Чарьлз Гинсон менен байланышты жоготуп койгон. Бир нече айлар бою изилдешкен окумуштуулар, Гинсонду таппаган соң аны дайынсыз жоголгон адамдардын тизмесине кошуп коюшат. Тапшырма жашыруун болгондуктан космос изилдөөчүлөр, кесиптешинин жоголгонун коомчулукка жарыялабоону чечкен. Ошол бойдон аны издөө иштери токтотулуп, Гинсон тууралуу маалыматтар жоголуп кеткен. Таң калыштуусу арадан жыйырма сегиз жыл өткөн соң Чарьлз Гинсондун радиограммасын деңиз аскерлери кармап калышкан. Байланыш толкуну кеткен жакка барган жоокерлер, океандан "Джемини" "капсулун" таап, анын ичинен жоголуп кеткен Гинсонду алып чыккан. Жарым жылга гана чектелген тамак-аш менен жыйырма сегиз жыл асманда жүргөн Гинсонду изилдешкен окумуштуулар андан тыянактуу жооп ала алган эмес.

Галактикадагы кара тешик
Кошуна жайгашкан галактиканы чоң болгон кара тешик жутууда. Мындай нерсе биздин галактикада да кездешип коркунуч жаратууда. Биз жашаган галактиканын так борборунда жайгашкан жутуучу тешикти, космостук телескоп чандра менен байкоого болот. Чандра телескобу жети жылдан бери кызмат өтөп, коомчулукка көрсөтүүгө тыюу салынган кубулуштарды аңдып келүүдө. Азырынча мындай жутуучу тешиктердин эмнеден улам пайда болуусу толугу менен изилденбей, окумуштууларга сыр бойдон калууда.

Планетадагы эң ири жылан
Жаратылышты изилдөөчү корукчулар узундугу он үч метр, салмагы тоннага жакын болгон титанабоа жыланынын калдыктарын табышты. Корукчулардын изилдөөлөрү боюнча табылга мындан 58-60 млн. жыл илгери, азыркы Колумбиянын түндүк чыгышындагы токойлордун биринде жашаган. Ал жашоонун көпчүлүк бөлүгүн суу астында өткөрүп, крокодил жана балыктар менен азыктанып турган. Ошондой эле изилдөөчүлөр титанабоанын калдыктарынын жардамы менен Түштүк Американын 58-60 млн. жыл илгерки климатын билүүгө мүмкүндүк алышкан. Изилдөөчүлөрдү табышмакка салган нерсе жыландын калдыктарынын ушул мезгилге чейин сакталып калгандыгы кызык болууда.

Темирбек МАТАЕВ




Ак сакалчан бышканын яны
Күүгүм кирип баштаганда эле кичинекей айылдаш кыздын көздөрү алаңдап, өңү кубарып калаар эле. Анын мындай кебетесин коңшулары жакшы билише турган. Себеби, ал кыз бир үйдүн жалгыз эркеси болсо да ата-энеси ага мээрим төгүп, тыңгылыктуу камкордук көрсөтүшкөн жок. Кеч киргенде алардын үйүндө уруш-талаш, ызы-чуу күч алгандыктан чиедей кыздын жүрөгү эбак эле түшүп көңүлү калып калган. Кызы төрөлгөн күндөн баштап атасы жинди суу менен дос болот. Анын мас абалындагы кыялы жана жетишпеген жашоо апасын да аракка азгырат. Күн сайын атасынын оозго келбеген чирик сөздөрүн уга берип чарчаган. Анысы аз келгенсип апасын эки күндө бир сабап көк-ала кылып да бүтүргөн. Мындай кордук күндөрдү башынан өткөрүп, бирде ток, бирде ачка жүргөн кыз сабактарын калтырбай жакшы окуду. Бирок, айылдын ичи кенедей болгондуктан классташтарынан "Сенин ата-энең алкаш, күнүгө мас болуп буттарынан туралбай жүрүшөт" деген сөздөрдү укканда кирээрге жер таппай, көз жашынан күчүн чыгарып ыйлап алат. Мындай бактысыздык, жетишпеген жашоодон тажаган кыз ата-энеси соолуккан маалда: "ата, апа арак ичпей эле койгулачы, бирге окуган кыздар-балдардан, тааныштардан уялып бүттүм. Чоңойгондо мен силерди багам" деп ыйлаган күндөрүнө эсеп жетпейт. Кызынын күнөөсүз көз жашынан айланып "кагылайын жалгыз кызым, болду аракты колубузга албайбыз. Экинчи ыйлабай жүр" деген апасы бир-эки күн ичпей жүргөнү менен кайра көнгөн адатына салып, үйгө мас болуп келет. Атасынын оозунан "Сен чоңоюп бизди баккычакты өмүрүбүз өтүп кетет. Аракты сатып алган жокмун, досторум мени сыйлап алып берип жатпайбы. Тыйсаң мени эмес, апаңды тыйып ал уктуңбу?" деген сөздөрдү гана угуп келди. Өзүнүн канынан жаралган кызына мындай сөздөрдү айткандан кайра тартпаган атасы, кызынын абалын түшүнгөн да жок. Байкуш кыз далай жолу өзүн өлүмгө тартуулап, моюнуна жип байлап муунуп да, сууга агып да көрдү. Ажалың жетпесе кандай аракет кылсаң да өлүмдүн эшигин ачалбайт экенсиң. Антейин десең жарыкчылыктагы жакшылыктан үмүт үзбөй жандын таттуулугу алаксытып келет. Бир күнү адаттагыдай атасы менен апасы катуу мас абалында үйгө кирип келди. Мындай күндөрү апасы менен атасын урушпаса экен деп эшикке чуркап чыгып кудайга жалынып, үнү бүткөнчө ыйлайт. Атасы апасын сабап киргенде кошуналарын жардамга чакырып, үйдөгү ызы-чууну араң токтотуп уйкуга кетет. Бир күнү өзгөчө түш көрөт. Түшүндө шар аккан тунук сууну кечип баратыптыр. Бир мезгилде ак чапан кийген ак сакалы чубалган карыя суунун ортосунан чыгат. Абышка кызды жанына чакырып "жолуң ачылат, келечектеги жашооңдо тоскоолдуктар болбойт. Кайгырба кызым, жүзүңдү ушул суу менен жууп ал. Сен ыйман жолуна сугарылган бактылуу кыз болосуң" деп кулагына шыбырайт. Кыз макул дегендей башын ийкеп тим болот. Колун сууга салганда ак сакалчан карыя сууга сиңип кетет. Ошол түшүнөн кийин ата-энесинен жашырынып, мечитке бара баштайт. Бешинчи ирээт мечиттин босогосун аттаганда алдынан баягы ак сакалчан абышка чыгып, эки колун жайып кыздын жанына басып келет. Көргөн көзүнө ишенбей нес болуп, кыйкыра албай же мечиттен чыгып кете албай туруп калат. Аны байкаган карыя "коркпо кызым, коркпо. Мен сенин колдоочуң болом. Бүгүндөн баштап жүрөгүңө ыйман орнойт. Ата-энең жинди суудан арылат. Сен эми көз жашыңды төкпөйсүң" деп мечиттин төрүнө чейин бир нерселерди күбүрөп барып, көрүнбөй калат. Эч нерсени түшүнбөгөн кыз жанындагы намаз окуп жаткан кыздарга кошулат. Күндөн-күнгө ата-энесинин мамилеси оңолуп, баягы ак сакалчан карыя айткандай үй-бүлөсүндө өзгөрүүлөр байкалып жатты. Андан бери сегиз жыл өтүп кыздын турмушу оңолду. Бирок, миң жолу түш көрүп, күн сайын мечитке барса да ак сакалчан карыяны эч бир жерден кезиктире албады. Балким, ак сакалчан карыя болбогондо кыздын кийинки жашоосу кандай уланаарын бир кудайдын өзү билмек…