айлампа

быш... быш... паровоз
Бактыгүл Шайырбек Араповго суроо узатат:
- Шайырбек, жакында УТРКнын кызматкерлери аттестациядан өтүштү деп уктум. Сен өттүңбү?


- Мындай пикирди бир эле сенден угуп жатам. Чыгармачылыгым, формаларым өзгөргөнү менен адамгерчилигим өзгөргөн жок. Балким, сага эле ушундай туюлуп жаткан чыгаар.
Айгүл Фарида Карбозовага суроо узатат:
- Үч күн мурда эле чачыңды карага боёдуң эле. Өзүңдү кандай сезип жатасың?


- Жакшы көргөн адамым менен кооз жаратылышта , шаркылдап аккан суунун жээгинде же токойдо эс алгым келет. Минтип эс алып көргөн эмесмин. Бирок, телевизордон көрүп, романтикалуу күн өткөргүм келет. Азырынча жакшы көргөн адамым жок.
Айпери Султан Садыралиевге суроо узатат:
- Чыгармачылыктан сыймык күтөсүңбү же сыйлык күтөсүңбү?


- Кудайга шүгүр, эң жакшы деген баалар менен өттүм. Учурда жаңы программалардын үстүндө иштеп жатам.
Шайырбек Роза Шакировага суроо узатат:
- Ырдап чыгам деп "Балама" деген ырымды алдың эле. Жымжырттык болуп кетти го. Мен обондуу ырды күтүп жатам. Качан ырдайсың?


- Обонун өзүм жаздым. Аранжировкасын да жасатып даяр турат. Болгону биротоло клип тартып ырдап чыгайын деп турам. Бир аз күтө тур, жакында жарыкка чыгып калат.
Роза Айгүл Чаловага суроо узатат:
- Айгүл, акыркы кезде эмне мынча өзгөрдүң?


- Ха-ха-ха. Эки жылдан бери сары чачым менен жүрүп көнүп калыптырмын. Күзгүнү караган сайын башкача болуп атам. Сары чач кылам деп жүрүп чачымдын сапатын да жоготтум. Эми мындан ары карадан башкага боёбойм деп чечтим.
Фарида Акбар Сүйүнбаевге суроо узатат:
- Оштук кызды сүйүп калдым дедиң эле. Сүйүүңдү билдире алдыңбы?


- Оштун өзүнөн эмес, түштүк тараптан болот. Ал кыз экөөбүз жакын достордонбуз. Сыртынан көрүп жактырып жүргөнүм менен сүйүүмдү билдире элекмин. Бири-бирибизди жакшы түшүнүп, убакыт-сааты келген күнү айтам го.
Акбар Айпери Кубик кызына суроо узатат:
- Жакшы көргөн адамың менен кандай жерде эс алгың келет?


- "Жаның сыздап ырдагандан не пайда, угуучу баа бербесе"-дегендей жан дүйнөм менен берилип ырдап жаткан соң чыгармачылыктан сыймык күтөм.
Султан Айдин Шерге суроо узатат:
- Айдин, сага эмне коркунучтуу?


- Мен жалгыздыктан, жакындарымдан айрылып калуудан, кур дооматтан корком.
Айдин Анжеликага суроо узатат:
- Жоголуп кеткен баннериңди таба алдыңбы?




Жаңы ысым
Жаниель:
"Ырчы деген атка татыктуу болсом дейм"
Эч бир адам жарык дүйнөгө президент, министр, ырчы, чабан болуп жаралбайт. Нечендеген белестерди ашып, өйдө-төмөн жолдорду басып өз багытын табат. Айтайын дегеним, кайсы тармакта болбосун жаңыдан кадам таштап, босого аттаарда сөзсүз колдоо керек. Бир топ убакыттан бери гезитибиздин "Жаңы ысым" рубрикасы карапайым калк ичинен чыккан таланттуу улан-кыздар үчүн кызмат кылып келет. Аталган рубриканын бүгүнкү коногу жаш ырчы Жанель болмокчу.
Жанель 1984-жылы 16-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында туулган. Үй-бүлөдө жалгыз кыз. Учурда жеке ырчы, "Радуга" эс алуу борборунун администратору.


- Жанель, маегибизди адегенде өзгөчө ысымыңдан баштасак. Азан чакырып койгон атың Жанелби же...
- Жок. Өзүмдүн атым Асел. Ыр дүйнөсүнө жаңыдан келгенде атымды өзгөртөйүн деп чечтим. Анткени, бизде Асел аттуу ырчыларыбыз көп. Ошондуктан элдин жаны болоюн, жан дүйнөсүнөн орун алайын деген максат менен Жанель деген ысымды жактырдым. Бул атты курбу кызым сунуштады. Ага чейин Акбар Сүйүнбаев Назел деп койбойсуңбу деген оюн айткан. Бирок, мага бул ысым көп жага берген эмес.
- Бүгүнкү рыноктук заманда бардык нерсени акча чечип калбадыбы. Бир ырды жазып, жарыкка алып чыгуу оңой-олтоң иш эмес. Дегеним, сени колдогон демөөрчүлөрүң барбы?
- Туура. Акча болбосо шоу-бизнесте эч нерсе аткара албайсың. Чынында жардам берчү ишенген адамым деле жок. Көөдөнүмдөгү көксөгөн максатыма жетиш үчүн ушул күнгө чейин каражат жыйнап жүрдүм. Азыр баарысы өзүмдүн аракетим менен болуп жатат.
- Жакында, "Манас" радиосу уюштурган "Жазгы шаң" концертине катышып, тушооңду кесипсиң. Кандай сезимдер болду?
- Сахнанын сүрдүүлүгүнө, сыйкырдуулугуна таң бердим. Сахнага чыгаар алдында аябай калчылдап, кулагым тунжурап сүрдөп жаткам. Эл алдына чыккандан кийин мунун баары жоголуп, кандайдыр бир жоопкерчилик пайда болду. Мени эч ким тааныбаса, биринчи жолу чыгып жатсам, эл колдобойт го деп өзүмдү даярдап чыккам. Андай болгон жок. Өзүмдү тааныбаса да, ырымды угуп кол чаап коштоп турушту. Бул менин чыгармачылыктагы алгачкы ийгилигим. Мындай колдоп коштоолор мындан аркы чыгармачылыгыма чоң стимул болду.
- Ырды кантип тандап жатасың?
- Радиолордон берилип жаткан "Сенин сүйүүң" деген ырымдын сөзүн Асел Сарбагышева, обонун Мирбек Атабеков жазды. Буюрса, эми акындар менен иштешип, олуттуу ырларды ырдасам деген оюм бар.
- Көп ырчылардын арасынан көрүнбөй калам деп коркпойсуңбу?
- Чынын айтсам, антип деле ойлобоптурмун. Азыр болгон дитимди чыгармачылыкка арнап аракеттенип жатам. Менин максатым чыга калып эле популярдуу болуш эмес. Жан дүйнөмдүн каалоосу орундалып, ыр ышкыбоздору эс ала турган ыр жаратсам эле тилегиме жетем.
- "Кыздын бараар жери -күйөө" дейт. Жашың да келип калыптыр. Эгер турмушка чыгып кетсең чыгармачылыгыңды таштаганга даярсыңбы?
- Баштай электе эле таштайсыңбы деп коркутпаңызчы. Эгер бүгүнкү күндө ушундай тандоо болуп кала турган болсо чыгармачылыкты биринчи орунга коём. Жаратканым баарыбызга бирдей түгөй жазган. Бүгүн болбосо эртең теңимди таап алаарыма ишенем. Күйөө качпайт, чыгармачылыктын өтөөсүнө чыксам дейм.
- Кандай ырчы болгуң келет?
- Ой - күлүк деп коёт го. Анын сыңарындай мен да кыялдарым менен көп жерлерге барып, көп нерсени багындырып келем. Кээде талыкпай иштеп, бешене тер эмгегим менен Эл артисти болсом деген ойлорго батам. Эми анын баарын келечек, убакыт көрсөтөт. Эң негизгиси, эл жүрөгүнөн түнөк таап, ырчы деген атка татыктуу болсом болду.
- Музыкалык билим алайын деген оюң барбы?
- Буга чейин Ирина Деркенбаевадан вокал боюнча сабак алып жүрдүм. Буюрса, бул жылы болбосо да, кийинки жылы музыкалык окуу жайга тапшырайын деп жатам.
- Сокур кишиге өзүңдү кантип сүрөттөп, кантип мүнөздөп берээр элең?
- Кызык суроо экен. Мм.. Сырткы келбетим боюнча баса белгилеп айта турган деле өзгөчөлүгүм жок. Мүнөзүм болсо, ичиме сөз жашыра албайм, бетке айтам деп көп адамга жаман көрүнүп алам. Боорукермин. Көп жерде "боор ачысаң боорго тебет" болом. Анан да кандай адам болбосун баардык темада тил табышып, сүйлөшүп кеткенге даярмын.

Ж.КАЛДАРОВА