билгениң оң

Томат,сыр жумуртка менен даярдалган ""Пашот"
Керектелүүчү азыктар:
2-4 жумуртка
0,5 чай кашык туз
9% аш кислотасы (томаттын соусуна)
1 орточо көлөмдөгү помидор
0,5 болгар калемпири
1 орточо пияз
1 баш сарымсак
1 же 2 кашык каймак же болбосо майонез
1 аш кашык томат соусу, кетчуп
100 грамм сыр
Салат жалбырагы, петрушка, укроп

Даярдоо жолу:
1) Алгач кичирээк мискейге 400-500 мл суу куюп алабыз. Ага туз, аш кислотасын куюп кайнатабыз. Негизи аш кислотасын кошуштун зарылчылдыгы деле жок, болгону ал жумуртканын агын сарысынан ажыратпаганга жардам берет. Сууну катуу кайнатпай, бир калыпта жай кайнаганы зарыл. Эми жай кайнаган сууга жумуртканы 5-10 мүнөт бышырабыз.
2) Томат соусун даярдаганга помидорду кайнак сууга бир мүнөт салып, андан кийин кабыгын сыйрыйбыз. Помидорду майда төрт бурчтук кылып туурайбыз. Сарымсакты тазалап, майдалап алабыз, ушундай жол менен пиязды да тазалайбыз. Болгар калемпирин тазалап, ичиндеги уругун алып салган соң төрт бурчтук же чарчы кылып туурайбыз. Ысытылган көмөч казанга өсүмдүк майын куюп, ага пияз менен сарымсакты 5-8 мүнөт кууруп алабыз. Андан кийин анын үстүнө калемпирди кошуп кууруйбуз. Үстүнө мурда даярдалган помидорду кошуп суусу өзүнчө бөлүнүп чыкканча кууруйбуз. Ага кетчуп же томат пастасын кошуп 4-5 мүнөт коё турабыз. Даярдалган азык бышкандан кийин ага каймак же болбосо майонезди кошуп жакшылап аралаштырып, татымына жараша туз, калемпир кошобуз.
3) Даярдалган соустун үстүнө жумуртканы куюп, тёркадан өткөрүлгөн сыр менен укроп, петрушканы себелеп коёбуз. Ошентип пашот тамагы даяр болду. Негизи бул тамакты эртең менен жегенге ылайык.
Тамагыңыз таттуу болсун!

Акыл тамчылары
Боорукерлик адамга кубаныч алып келсе, карөзгөйлүк кайгы-кападан бөлөк эч нерсе тартуулабайт.
Коркок ит катуу тиштегенге караганда, катуу үрөт.
Адамдын аң-сезими же болбосо жүрөгү коркок болот.
Коркоктун эңсеген нерсеси- эч кандай жабыр тартпай, чоң эрдик кылуу.
Кимде ким көрүнгөндөн корко берсе, ал кулга окшош, бирок өзү аны эч качан байкабайт.
Карөзгөйлүк башкалардын эсебинен жан бакса, боорукерлик өзүнүн эсебинен башкаларды багат.
Боорукер адамдын нуру алыста жүрсө да жанып турат. Ал эми ташбоор адамдын нуру маңдайыңда турса да жанбайт.
Ташбоорлук менен боорукерлик күрөшкөндө адамдын эрки жеңет.
Ташбоорлукка каршы күрөшө албасаң жок дегенде анын кээ бир бутактарын жеңгенге аракет кыл.
Эч качан бирөөнүн кайгысына кубанбаңыз. Анткени ал адам сиздин кубанычыңызга кубануу менен жооп бериши мүмкүн.
Ташбоорлукту боорукерликтин күчү менен жеңүүгө болот. Ал эми калпты чындыктын күчү менен жеңүүгө болот.
Коркок адам коркунуч келе жатканда корко баштайт, эр жүрөк адам коркунуч өткөндөн коркунучка бөлөнөт.
Коркоктук адамдын акылынан ажыратат.
Коркоктун жүрөгүндө бакытка орун жок.

Буттагы грибок
эмнеден пайда болот?
Көпчүлүк адамдар бутунун манжаларынын арасына суу толуп кеткенден жапа чегишет. Ачыштырып оорутуп, ыңгайсыздыктарды жаратаары айтпаса да белгилүү. Манжаларга суу толгон адатта тар бут кийим, синтетика байпак кийгенден улам пайда болот. Кечинде жумуштан келгенде бут кийимдин башына кагаз тыгып койсо, эртең менен кадимкидей башы кеңейип, бутту көп кыспайт. Андан сырткары, грибокту кетирүүгө ромашка менен эмен чөбүн кайнатып, суусуна бутту жыйырма-отуз мүнөт салып отурса жакшы жыйынтык берет. Ал эми коюу боткосун бутка(өзгөчө манжалардын ортосуна) маска кылып жапсаңыз грибоктон тез арыласыз.

Жаз мезгилинде бет майды
кантип туура тандоо керек?
Алгач бет май алаарда бетиңиздин териси майлуу, кургак же орточо экенин аныктап аласыз. Эгерде крем атайын кичирээк банкада болсо ага ачып-жаап жатканда тюбикке салыштырмалуу микроб көп кирип, сапаты бат начарлайт. Ал эми сыгып ала турган кремдин идишинин оозунан суюктук чыгып турса, анда сапаты начар, колдонуу мөөнөтү өтүп кеткендигинен кабар берет. Көпчүлүк учурда бет майды бетке бырыш түшкөндө колдонуу керек деп айтылып келет. Бирок, бет майды бырыштардын түшпөшүнө алдын-ала колдонсо да болот.
Жазында беттин күндүн нуруна күйгүзбөй сакташ үчүн атайын агартуучу бет майларга басым жасаганыңыз оң. Аны эртең менен эшикке чыгаарда 40 мүнөт мурун коюу керек. Бир эле кремди кечке колдоно берсе бетке сиңбей эч кандай таасир тийгизбей калат. Ошондуктан анын түрүн бат-баттан алмаштырып турганыңыз оң. Баса, белгилей кетчү нерсе бет майды сөзсүз муздаткычка же муздак жерге сактоо керек.

Айгерим ОКОШЕВА





Күн нурунан коргонуучу көз айнекти кантип тандаса болот?
Күн төбөдөн тийип,
"Көздү күндүн нурунан
калкалоого жардам берген көз айнекти кантип тандоо керек?" деген суроо туулат. Төмөндө сизге көз айнекти туура тандоо боюнча айрым кеңештер сунушталат.

көз айнектер
үч түргө бөлүнөт
1) Косметикалык - булар косметикалык гана милдетин аткарбастан имидж, стилиңизди баса көрсөтүп, жагымдуу косметикалык аксессуар болуп саналат. Мындай көз айнек сизди күндөн коргобойт, анын зыяны да, пайдасы да жок.
2) Күн нурунан коргой турган көз айнек - аты айтып тургандай эле сиздин көзүңүздү чайыттай тийген күндүн нурунан коргойт.
3) Жогорку деңгээлдеги көз айнек- мындай көз айнектер кыш, жай мезгилине ылайыкталган атайын көз айнек.
Эгерде тандаган көз айнекти тагынганда айлана бирдей эмес, түркүн түстө көрүнсө, башкача айтканда "хамалеон" болсо, анда ал сиздин көзүңүзгө өтө зыян. Адамга имиджге караганда ден-соолугу маанилүү эмеспи. Желимге караганда айнектер күндөн жакшы калкалагандыктан кандай жайдан, кайсыл убакта сатып албаңыз сөзсүз айнегине басым жасоо сунушталат. Бирок айнектин ден соолукка эмес, колдонууда зыяны бар. Биринчиден алар желимге караганда оор болушат. Экинчиден морт, бат сынышат. Айнек көз айнекти спортсмендерге жана балдарга тагынганга болбойт.
Эгерде көз айнектин кандай түсүн тандасам деген суроонун тегерегинде ой-жүгүртүп жатсаңыз күлгүн түс маанайыңызды көтөрүп, бирок психологияга терс таасирин тийгизээрин баса белгилейбиз. Күңүрт-жашыл, күңүрт-боз түстөгү көз айнектер стили жакшы көрүнгөнү менен күндөн анчалык жакшы коргобойт. Кара, күрөң көз айнектер күндүн нурунан жакшы калкалап, күнгө чагылышып жакшы көрүнөт.
Көз айнекти
ким ойлоп тапкан?
Көз айнекке байланышкан бир уламыш бар. 1280-жылы Флоренцияда жашаган Сальвино Армати айнектин жерде жаткан сыныгынан эки тамчы айнекти бириктирип, көз айнекти ойлоп тааптыр. Азыркы күндө Арматинин мүрзөсүндө : "Көз айнекти ушул адам ойлоп тапкан" деген жазууну окуганга болот.
Армати көз жумган соң көз айнектин ар түрдүү формасын ыңгайлуу кылып чыгарууну Арматинин тун уулу Карл максат кылат.









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!