Президенттикке талапкерлердин саны сегизге жетти
"Ак жол" партиясынын жума күнү болгон курултайында талапкерлиги көрсөтүлгөн президент Курманбек Бакиевдин арызы да БШКга келип түштү. Курманбек Бакиевге чейин Исмаил Исаков, Жеңишбек Назаралиев, Куттубек Асылбеков, Акбаралы Айтикеев, Нурлан Мотуев, Мурат Боромбаев, Алмаз Парманов арыздарын берген. Бул талапкерлер 50 миңден кол топтоп, шайлоо фондун ачуу сыяктуу иштерди аткаргандан кийин БШК тарабынан талапкер катары катталмакчы.Белгилей кетсек, талапкерликке көрсөтүү май айынын он сегизинде соңуна чыгат.

Кыргызстанда 8461адам
астмага чалдыкты
Бул жылы астмага каршы дүйнөлүк күн "Сиз астманы көзөмөлдөй аласыз" деген ураан менен өтөт. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда астма дартына чалдыккан 8461 киши катталган. Бирок, бул дартка кабылгандар жетиштүү дарылана алышпайт жана өздөрүнүн абалын көзөмөлдөшпөйт.Айта кетүүчү жагдай, 6-майда Бишкектеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жаңы "Астма-борборунун" бет ачаар аземи болот.

Түштүктө суу ташкыны
болушу мүмкүн
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин пресс-кызматынын маалыматына караганда бүгүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарында тынымсыз жааган жаандын кесепетинен өзөндөргө суулар толуп-ташкын болушу күтүлүүдө. Сел жаңы эгилген айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыянын тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер-жерлердеги суу дамбаларын бекемдеп, алдын ала чараларды көрүүгө чакырат.

Бактылуу адамдардын өлкөсү
4-майдан баштап Кыргызстанда "Бактылуу адамдардын өлкөсү" деген долбоор ишке киришти. Анын демилгечиси болгон Элвира Сариева менен сүрөтчү Жанарбек Аман долбоор алкагында мекендештерине үлгү болчу катардагы кыргызстандыктардын сүрөттөрүн элге тартуулап, мекенге болгон сүйүү сезимин өркүндөтүүнү максат кылышкан. 9-май жеңиш майрамына карата "Биз жараткан дүйнө" деген аталышта Улуу Ата Мекендик согушка катышкан адамдардын сүрөттөрү тартылып, борбордун көчөлөрүнө тагылды. Эми 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата "Биз үчүн жаралган дүйнө", андан кийин "Биз дүйнөнү жаратабыз" деген аталыштагы иштер көрсөтүлөт.


Ишкерлерди текшерүү 78 пайызга кыскарды
Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун айтуусу боюнча быйыл республикабызда ишкерлерди текшерүү 78 пайызга кыскарды же 24 текшерүү жүргүзүлгөн жок. КР Президенти К.Бакиевдин ишкерлерди текшерүүгө мараторий жарыялашы жана өкмөттүн ишкерликти өнүктүрүү боюнча көргөн бул иш чаралары өз кезегинде коррупцияны ооздуктоого бөгөт болду. Анын натыйжасында учурдагы каржы каатчылыгына карабай мамлекеттик казынага түшкөн салыктын көлөмү күткөндөгүдөн жогору болууда.
Мындан тышкары ишкерлерге тиешелүү документтерди даярдоо үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Мисалы, мурда 7-8 жерге барып уруксаат документин толтурса, азыр бир эле Адилет министрлиги аркылуу керектүү документтер толтурулат. Ал тургай устав, мөөрдүн да кереги жок жана беш күндүн ичинде ишти баштоого болот .


Президент өкмөттүк эмес
уюмдар менен жолугушат
Президент менен өкмөттүк эмес уюмдардын жолугушуусу 5-майда борборубуздагы Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында болоору белгиленүүдө. "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун лидери Азиза Абдырасулова президент менен жолугушуу демилгеси алар тарабынан көтөрүлүп, бирок бериле турган суроолорго чектөөлөр киргизилгенине байланыштуу ал өзү жолугушууга катышпасын билдирди. Анын үстүнө президент Курманбек Бакиев 1-майдан тарта талапкер болуп калды. Бир талапкер менен жолугушуп, ага артыкчылык берүүнү да эп көрбөй турам",- деп белгиледи укук коргоочу.

Куткаруучулар мектеби түзүлөбү?
Жайкы сезондо ар бир пансионат куткаруучулар менен камсыз болгон менен алар сууга чөккөндөрдү сактап кала албай келет. 2007-жылы 22, 2008-жылы 18дей адам сууга чөгүп каза болгон. Өткөн жылдары Казакстан жана Норвегиядан келген эс алуучулар чөгүп кеткенде, алардын сөөгүн кыргызстандык куткаруучулар бир жума бою таба албай, казакстандык адистер алып чыккан. Эс алуучулардын бул коопсуздугу боюнча өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев Чолпон-Ата шаарында водолаздар менен куткаруучуларды даярдоочу мектеп түзүлүп жатканын маалымдады. Министрдин айтуусунда, пансионаттардагы куткаруучулар эс алуучуларды эмес, өздөрүн сактоого тажрыйбасы жетишпегендиктен кайра окутуудан өтөт. Бирок жаңы түзүлүп жаткан куткаруучулардын мектеби адистерди быйылкы сезонго даярдап бүтөөрү белгисиз.

Коммунисттер М.Эшимкановдун
кечирим суроосун талап кылышууда
Мындай талап Коммунисттер партиясынын делегаттарынын курултайында коюлду. Ага 1-майда Коммунисттер партиясы тууралуу Улуттук телеканал аркылуу берилген маалымат түрткү берди. Коммунисттердин айтымында, Улуттук телеканал коммунисттер эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүнө карата уюштурулган жөө жүрүш, митинг, концерттерин көрбөй уктап жатат деп жалган маалымат берип, партиянын аброюна шек келтирген. Ошон үчүн делегаттар УТРКнын башкы директору М.Эшимканов коммунисттерден кечирим сурасын, эгер аны аткарбаса кызматынан кетсин деген талаптарды коюшту. Кыргызстандагы коммунисттик эки партиянын мүчөлөрү "Ленинге даңк!", "Революциянын баатырларына даңк!" деген ураандар жазылган плакаттары менен В.И.Лениндин эстелигинин жанында чогулуш өткөрүп, "Революциянын баатырларына" коюлган эстеликке чейин жүрүш жасап, концерт беришкен.

Ынактын ырын ким ырдап чыкты?
Бир топ популярдуулукка жеткен Ынак Осмоналиев менен Мелис экөөнүн аткаруусундагы "Аппак кар" дуэтин эми казак боордоштор да ырдай башташты. Жакында эле Ынакты Таразга тойго чакырышкан, ал жерде "Лашын" группасы "Аппак карды" аткарып жатканына күбө болгон ырчы абдан сүйүнгөн. "Башка бирөө ырыңды ырдап жатса жагымдуу эле болот экен",-дейт Ынак Осмоналиев. Азыр ырчы 1-5-майга чейин Казарманда концерт коюп жүрөт.

Бийчилер да ырдашат
Май айы майрамдарга бай, жемиштүү айлардан эмеспи. Улуу жеңиш майрамынын алдында 8-май күнү "Каухар" бийчилер тобу чоң программадагы эң алгачкы концертин тартуулайт. Концертте бийчилер баардык улуттун бийлерин чагылдырып, топтогу бийчи кыздардын жаңы ырлары да жаңырат. Андан сырткары, эстрада ырчылары куттуктап келишет. Бий күйөрмандарын 8-май күнү "Сейтек" өспүрүмдөр борборунда 17-00 дө күтөбүз.

Күмөндөрдүн башына баш кошулду
Кыйытып сүйлөп, чындыктын учугун чубаган, тамаша айтып элине күлкү кураган көп кырдуу талант ээси, КРнын Эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абыловдун башына баш кошулду. Тактап айтканда, аталык милдетин аткарып улуу баласы Авазды кыргыздын салт-санаасы менен 4-май күнү үйлөнттү. Азыр Ат-Башы жергесинен куда-сөөк күтүп, келини Гүлзаттын колунан ысык чай ичип, куудулдун кайната болуп турган чагы.

Назирага
абактан белек
Жаш куудул Назира Жетигенованын туулган күнүнө №27-колониядагы Эдил аттуу жигит карышкыр менен тең таймаша турган "Алабай" пародасындагы ит белек кылды. Мындай күтүлбөгөн белектин ээси болгон Назира айым учурда итине "Кара көз" деп ат коюп, жылуу жумшак багып жатат. "Бул иттен тукум калса жакын санаалаштарыма берет элем",-дейт колу ачык куудул кыз.

Темир
кыздуу болду
Ордолуу Ош жергесинен чыккан таланттуу ырчы Темир Назаров кыздуу болуп, кубанычы койнуна батпай турган кези. Ырчы мырзанын келинчеги Мунара 25-апрелде Ош шаарындагы "Клиника Айдарова" деген жеке төрөт үйүндө кечки саат 19.15те көз жарды. 3 кг 250 гр салмакта төрөлгөн наристеге бул дүйнөдө аман-эсен жүрсүн деген ниет менен жакын эжесинин атынан Аманда деген ысым ыйгарышты. Эмне дейбиз, жаз күнүндө жарык дүйнөгө келген Аманданын өмүрү узун, келечеги кең болсун.

Назым
Меңдибаировдон жаңы тасма
Белгилүү театр жана кино режиссёру Назым Мендибаировдун "Дудук кыз" кинотасмасы тартылып бүтүп калды. Буга чейин ал "Кайып булак", "Достор" кинофильмдерин жараткан. "Дудук кыз" окуясы бүгүнкү күндөн алынган. Мында биздин учурдагы эле замандашыбыз, бойго жеткен бир кыз күйөөсүз төрөп коюп, ымыркай кызын көчөгө таштап кетет. Суукта калган ымыркайдын дем алуу органдарына катуу суук тийип, кыз балдар үйүндө дудук болуп бой жетет. Окуя чиеленишип отуруп, кыз өз апасын табат. Бирок "тагдырдын тамашасы" дегендей, дудук кыз менен энесинин кийинки баласы бири-бирин жактырып калышат.
Дудук кыздын тагдырын чагылдырган жаңы тасма жакында эл алдына тартууланат.

Ж.Калдарова









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!