сырмаек

Тата Улан:
"Менин жүзүмө эмес, ырларыма көңүл бурушса..."
Шоу-бизнесте өзгөлөрдөн өйдө өзгөчөлөнгөн маскачан жигит пайда болду. Анын сырткы келбети гана оригиналдуу болбостон ырдоо стили да такыр башкача. Бул да болсо эстраданын өнүп-өсүүсүнөн кабар берет. Анын ырларын кулак салып тыңшап калбаган жан жоктур... Учурда "Баары бир", "Кыргызстан" деген ырлары менен көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алган Тата Улан бизде мейманда.

- Улан мырза, Тата Улан деген өзгөчө ысымыңдын тарыхын билгим келип турат...
- Тата Карымбаев деген менин таятам болот. Мен жети жашка чыкканга чейин таята-таянемдин колунда тарбияландым. Анткени, ата-энем Алматыда студент болгондугуна байланыштуу Кеминде чоңойгом. Өз ата-энем экөө тең сүрөтчүлүк кесипти аркалаган инсандар. Мен качан гана таенемдин көзү өтүп кеткенде ата-энеме баргам. Мага таятамдын кандайдыр бир деңгээлде чоң таасири тийди десем жаңылышпайм. Ал жомок, тамсил, манас айтып берип жүрүп, мээме көп нерсени ошондо эле куюп коюптур. Таятам мени менен кадимки чоң киши менен сүйлөшүп жаткандай сүйлөшчү эле. Кызыккан ар бир суроомду жоопсуз калтырчу эмес. Баардыгын эринбестен орду менен түшүндүрүп, кичинекей нерсеге чейин көңүл буруп турчу. Ошонун натыйжасында "киргиз" болуп чоңойсом да, жүрөгүмдө таятамдын насааты калып калыптыр. Ал мени патриоттуулукка үндөдү. Ошондуктан, менин көөдөнүм патриот ырларды чыгарат. Таятамдын мага болгон эмгегин эч унутпайм. Ошон үчүн анын аты менен чыгып жүрөм.
- Эмнеге чоң атаңдын наамында эмессиң?
- Анткени, алар мени багып өстүрүшкөн жок. "Неберем экен" деп чеккемден сылап эркелетишпеди. Атам менен апам ажырашып кеткен. Ошол бойдон ортодо байланыш болгон жок. Кудайга шүгүр, азыр апам экөөбүз тиричилик кылып жатабыз.
-"Киргиз болсом да" дедиң. Кыргызча билчү эмес белең?
- Чынын айтсам "хлеб" деген нан экенин билчүмүн. Себеби, мен жети жашымдан тартып, Алматыдан орус классты бүтүрдүм. Андан соң Москвадан билимимди уланттым. Чындыгында кыргызчаны эки-үч жылдан бери толук үйрөнүүгө жетиштим. Кыргызча ырларды жараттым. Же болбосо башында айтып кетпедимби кыргызча жакшы түшүнчү эмесмин деп. Бирок, канчалык киргиздешип кетсек дагы баары бир каныңда, жүрөгүңдө кыргыз деген дилиң жашайт экен. Ошондуктан кыргызчаны бат эле өздөштүрүп кеттим.
- Москвадагы окуу жайга кандайча кабыл алынып калдың эле?
- Мен мектепти 1997-жылы бүтүрдүм. Анан кесип тандоого убакыт келип жетти. Негизи башынан эле өзүмдү скульптор же актёр болом деп тарбиялап койгом. Мына ошол учурда Бишкектен таежем "Кыргызстандан Москвадагы Щепкин атындагы театралдык институтуна кабыл алуу болуп жатат. Улан келип кал" деген кабар алдым. Ошону менен бул жакка келип, бир түндө Ч.Айтматовдун "Жамилясындагы" Сейиттин монологун, бир тамсил, Алыкул Осмоновдун бир ырын түнү бою жаттап чыктым. Өзүм болсо кыргызча араң-араң түшүнөм. Анан Кудайдын буйругу экен өтүп кеттим. Айтор, өтүп кеткениме өзүм дагы түшүнбөй калдым. Ошентип, 2001-жылы жыйырма бала ал окууну аяктап келип, "Учур" театрын түзгөнбүз. Ал жылдары Политехтин жатаканасында жашап жүрдүк. Экс президентибиз ар бирибизге "бир бөлмөлүү квартира берем" деп убада кылган. Бирок, ал бир да сөзүнө турган жок. Азыр ар ким өз арабасын өзү тартып кетти... Кээ бири азыркыга чейин жатаканада жашап келсе, айрымдары үйлүү - жайлуу болушту. Мен дагы жакшы, Алматыдагы үйүбүздү сатып келип, бул жактан үй алып отурукташып калдым.
- А эмнеге Алматыда калып калбадың?
- Чындыгында Алматыда деле жашасам жашай бермекмин. Мага ал жактын кайсы гана театрынан болбосун Москванын диплому болгон соң, оңой эле жумуш табылмак. Балким, кинолорго тартылып, аз да болсо карьера топтомокмун. Бирок, менде "өз мекенимде жашасам" деген ой-тилек биринчи орунда болду. Кыскасы, мекенимдин тузу тартып туруп алды. Кыргызда "Бирөөнүн элинде султан болгуча, өз элиңде ултан бол" деген жакшы сөзү бар го.
- Актёрлуктан ырчылыкка кандайча келип калдың?
- Мен экөөнү бир кесип деп эсептейм. Ырчылыкка жөн жерден келип калган жокмун. Кичинемден тартып гитара менен өзүм жазган ырларды обонго салып көп ырдачумун. Баш-аягы орус тилинде жазылган жетимиштей ырым бар. Мурдагы жылы Алматыда өткөн фестивалдан эки орусча ыр ырдап, Кыргызстандын атынан диплом менен сыйлангам. Алты номинацияга ээ болгом. Ал эми эки жылдан бери жалаң кыргыз тилинде ыр жаратып калдым.
- Улан, сенин стилиңди кандай түшүнсөк болот?
- "Поп-рэп" деп койсо болот го. Кыргыз классикасы менен комуздун добушунан кошулган өзгөчө стилди таптым окшойт. Мындайча айтканда Американын, орустардын музыкасына кыргыздын ыргактарын кошуп рэпке окшоштурганга аракет кылдым. Бирок, акыркы жыйынтыгы айланып келип эле өзүбүздүкү болуп калды. Акын-жазуучулар кайсы бир окуяны бир маанини чагылдырып беришет го. А меники да ошондой. Сыягы, кыргыз ыргактарынан, обондорунан өзгөчө стил таба алдым. Дагы кандай десем эми... Иши кылып өзүм дагы толук түшүндүрүп бере албай жатам.
- Эми жүзүңдү ачпаган маскаңа токтолбойлубу...
- Биринчи максатым - эл менин жүзүмө көңүл бурбастан ырларымдын маанисине көңүл бурушса дедим. Анан бир жакшы жери мени эч ким тааныбайт. Каалагандай эркин жүрө берем. Коомдук унааларга түшкөндү жактырам. Себеби, мен акынмын. Элдин абалын өз көзүң менен көрүп, баарын жүрөккө катып, анан бир нерсе жаратасың да. Кызыгы эс алганы көчөгө чыкканымда биринчи эле "Ош" базарына барам. Бул базар Кыргызстандын кичинекей бир макети го дейм. Кедейи да, өтө байы да бүт ошол жерде. Ал эми ырчылар менен жүргөндө майда-барат жерлердин көпчүлүгүнө мен барам. Мисалы, тамекилери түгөнүп калып "Народныйдын" эмес, кичинекей бир камоктун жанына токтоп калса, менден суранышат "алып келип берчи" дешип, анан мен алып келип берем.
- Өмүр бою сахнада маскачан жүрө берем дейсиңби, же..
- Айнып кетпесем эле жүрө берем. Өзүм ушул стилди тандаган соң эмнеге баш тартмак элем. Менин жүзүмдү эл тааныганда мага кандай пайдасы тиймек эле. Эң негизгиси ырларым эл жүрөгүнө жакын жетсе болгону.
- Жеке эле сахнада көзүңдү көрсөтпөстөн, жашооңдо да ар дайым кара очки тагынып жүргөнүң кандай?
- Себеби, элдер менин көзүмдү көргөндө кызыктай боло түшүшөт. Кылчак-кылчак карашып дегендей. Ошондуктан дайыма очки тагынып жүрөм. Же көзүм ошондой эле сүрдүүбү, билбейм.
- Жакшынакай эле көзүң бар экен го...
- Туура, жаман деп айталбайм. Болгону көз карашым башкача болсо керек. Анын үстүнө очкиге өзүм дагы аябай көнүп алдым. Тагынбай калсам эле кызыктай боло берем.
- "Учур" театрынан биротоло чыгып кеттиңби?
- Биротоло кеттим деп айтыш кыйын болуп калат го. Кайсы бир күнү өз кесибиме кайтып келишим мүмкүн. Актёрлуктан мен алыстап кетсем дагы, жүрөгүм негедир алыстай албагандай. Сахнаны аябай сагындым. Роль жараткан сайын кадимкидей рахат алып жеңилдеп калчумун. Болгону мен бул жерден ичимде кысылып, ачыла албай жүргөн бугумду токтолбостон чыгарып алгым келди. Ар бир адам өзүндөгү өзгөчөлүктү билүүгө тийиш экен. Акыры мен да баарын туура кабыл алып, бул жолду тандоого туура келди. Өз каалоом менен гана арыз жазып иштен чыгып кеткем.
- Актёрлук кесибиңдин ырдаганыңа кандайдыр бир таасири тийдиби?
- Өзгөчөлүү масканы ойлоп тапканыма чоң жардамы тийди. Анан да мен деле сахнадан бир окуяны реп менен болсо да айтып берип жатканым актёрлук чеберчилигимдин бир үзүмү го дейм.
- Формаңды да өзүң тигесиңби? Кызыкканым канча акча сарптайсың?
- Жок, өзүм тикпейм, тикмечи жакшы таанышым бар, ошол тигет. А мен анын үлгүсүн түшүрөм. Эми канча акча кетет айтпай эле коёюн. Бир топ эле акча сарптайм.
- Кыргыздын патриот жигиттеринин катарын толуктаган сен окшойсуң. Дегеним, ырларыңдын маани-маңызы патриоттуулукка чакырып турат...
- Ата-Мекенге болгон сезим чет жерде жүргөндө ойгонот экен. Кадимкидей салыштыруу пайда болот. Эмне үчүн булар жеткен жетишкендикке биз жете албайбыз? Жөнөкөй эле бир мисал, булардын көчөлөрү мынча неге түп-түз да, биздики эмнеге аңгыл-дөңгүл деп ичиң ачышат. Өзүңөн-өзүң күйө баштайсың. Мисалы, мен "балдар пиво ичкиле, кыздар ачык кийингиле" деп Европача ырдай албайм да. Антип ырдаганга укугум да жок. Анткени, мен мусулманмын. Угармандардын тамырын таап, жүрөктөрүнө жеткен ыр жаратып, ак эмгек менен иштесең баарын жеңе аласың. Ошон үчүн аз санда ыр жазсам да саз жазганга аракет кылып турам.
- Тойлорго барып ырдайсыңбы?
- Меники негизинен насаат ырлар. Тойго барып алып "арак ичпе!" деп ырдап жатсам, арак ичип олтургандардын маанайлары заматта түшүп калбайбы. Мен ырчылыкты акчага баалаган эмесмин. Мен эч убакта байлык куубайм. Кудай бергенин гана алам. Ырларымды хитке айлантып, концерт коё калып, акча таба калайын деген эч оюмда жок.
- Анан кантип жаныңды багасың?
- Кудайыма тобо деш керек, чакан студиям бар. Режиссёрлук кылып клип тартып, роликтерди жасап, күнүмдүк тиричилигиме жеткидей акча табам. Жакында эле "Баары бир" деген ырыма клип тарттырдым. Ага өзүм режиссёр болдум. Өзүмө-өзүм продюсермин. Анан эң жакын кеңешчим апам. Жаман-жакшы жактарын айтып турат.
- Келинчегиң ди-джей Нуркыз Исакова менен эмнеге эки айрылыш жолго түштүңөр эле?
- Ал жөнүндө эч нерсе айтпай эле коёюнчу. Убагында жүрөгүм аябай ооруган. Башка сөз жок.
- Азыр жүрөгүңдүн ээсин таптың беле?
- Тилекке каршы таба элекмин. Бар күчүмдү бир гана чыгармачылыгыма жумшап жатам. Кудайым дагы бир күнү өзү жолуктурат.
- Байкашымча дин жолунда окшойсуң. Намаз окуйсуңбу?
- Беш маал окубасам да жума намазга үзбөй барып турам. Негизи ар бир адам Кудайга ишенүүсү парз. Биринчи акылың менен көп окуп, көптү билип жүрөктү күчтөндүрүш керек. Анан жүрөгүң менен берилсең бул жолго туура аттанган болосуң. Адам бул жалган жашоодо үч секунд гана өмүр сүрөт. Биринчи секунд өтүп кеткен убагы, экинчиси ошол күндүн суусун ичип жаткан мезгили. Ал эми үчүнчүсү алдыдагы өмүр сүрүүсү. Бирок, баары белгисиз. Кимди кандай сыноо күтүп турат ким билсин. Бул жашоодо адамзат Алланын сыноосунда экенин унутпаса.

Кыстырма
Бою-175см салмагы 70кг
Тамеки тартпайт. Ичкилик беш жылдан бери ичпейт
Өзүн көп каранбайт.
Мода кууп кийинбестен жарашыгына карайт.
Көпчүлүк учурда баш кийим кийип жүрөт.
Тамак тандабайт.
Коюу тамактарды кол менен жегенди жактырат.
Москвада окуп жүргөндө короо шыпыргыч, кар күрөгүч, жүк ташыгыч болуп иштеген.


Рахбар Алымкулова










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!