өмүр барактары

Адамдын жаш курагынын бөлүнүшү
Адам төрөлөт, өлөт… Төрөлүү деген сөздүн аягы өлүү… Демек, бул дүйнөгө келген адам жараткан маңдайына жазган убакытка чейин жашайт… Ыңаалап бу дүйнөгө келгенден кийин акыры бир башта өлүм бар экенин билсек да билгибиз келбей, түшүнсөк да түшүнгүбүз келбей… жашагыбыз келет… Атаганат!..
Адам бул дүйнөгө жаралып кайра кеткенге чейинки ар бир курактын да өз орду, өз тарыхы бар экен. Адам баласынын бүтүндөй жашоосуна саресеп салып көрсөк…

1 жаштан 7 жашка
чейинки курак
Бул дүйнөгө жаңы жаралып келген адам баласынын ар бири өзүнө гана тийиштүү болгон өмүр программалары менен камсыз болуп төрөлүшөт. Алар бул дүйнөнүн чөйрөсү менен тааныша баштайт. "Мен гана жаралганмын" деген сөзгө ар дайым басым жасап турушат. Алардын мээси ылдамдык менен өнүккөндүктөн туюп билүү, көңүл коюу, ойлонуу, сүйлөө, эске тутуу сезимдери калыптанып өрчүй баштагандан кийин бир нерсеге кызыгып, ал жөнүндө кенен билгиси келет. Ошондуктан Кудай таала ал балага баардык жагынан жол ачып берет. Анын кыймыл-аракетине тоскоол болбой, кемчилик кылса кечирип турат.

7 жаштан
14 жашка чейин
Бул убакыт арасында бала ар бир жагдайларды өз алдынча кабыл алат. Турмуштун баалуулугун билип, материалдык дүйнө эмне экендиги боюнча көз караштары толук калыптанат. Мына ушул убакыт аралыктарында өзүмчүлдүк, ач көздүк, сылаңкороздук түшүнүктөрдү билип калат. Эгер ушул учурда бала (наркоман, ууру болуп) көпсө кийин аны бул адаттан алып чыгуу кыйын болуп калат. Ошондуктан мындай курактагы балдарды ата-энелери жакшылап көзөмөлдөп, өздөрүнүн жакшы тарбиясын бериши керек.

14 жаштан
21 жашка чейин
Бул мезгил аралыктарында жаш адамдын чөйрөсүндөгү чогуу аралашып жүргөн адамдар ага өзгөчө таасир этет. Эгер анын чөйрөсү жакшы адамдар болсо жакшы жагына оойт. Жаман адамдар болсо жаман жагына оойт. Ушул учурда бала өз алдынча ой жүгүртүп, алдына ар кандай максаттарды коё баштайт. Ошол максаттары жөнүндө башкалардын да ойлорун билгиси келет. Анын ой жүгүртүүсүнө негиз болуучу касиеттер калыптанат. Бул касиеттери калыптанбаган балага аны кийин жабыштырып да бере албайсың. Ушул курак учурунда ар бири өздөрүнө ылайыктуу дос, жолдошторду күтүшөт. Алардын көбү убактылуу болсо, кээ бири түбөлүктүү достордон болуп калышат.

Баш кошкон мезгилге
жараша тагдыр болот
Январь-Кычыраган кышта үйлөнсөң эртелеп жесир калышың мүмкүн.
Февраль-Жубайлардын эриш-аркак жашоосу көпкө уланат.
Март-Никедегилердин ала жипти аттоолору көп болот.
Апрель-Никедегилер өзгөрүлмө турмуштун кыйынчылыктарына чыдап жашап кетишсе калганы өзү эле келет.
Май -Пикир келишпестиктен чыр-чатактар тез-тез болуп турат.
Июнь -Алгачкы үйлөнгөн кездегидей эле ысык күндөр өмүр бою сакталат.
Июль -Баш кошкондогу жүрөк ооруткан окуя түбөлүккө эстен чыкпай, көңүлдү дайыма оорута берет.
Август -Никеде болсо дагы күйөөсүнүн көңүлү башкага түшүп турат.
Сентябрь -Турмуштары ыр-чырсыз, өз нугунда өтө берет.
Октябрь -Жашоолору оор жана кыйын болот.
Ноябрь -Булардын жашоосу ырыс-ынтымакта өтөт.
Декабрь -Убакыт өткөн сайын мамилелери ысык тартып, үй-бүлө пайдубалы бекемдей берет.

Адамдын жаш бөлүнүштөрүнүн аталышы
Жаңы төрөлгөн кез -Наристе
1-10 жаш -Балачак
10-19 жаш -Өспүрүм кез
20-35 жаш -Биринчи жаштык
36-45 жаш -Экинчи жаштык
45-55 жаш -Үчүнчү жаштык
55-65 жаш -Жетилүү
65-85 жаш -Улгайуу
85-100 жаш -Карылык
100-120 жаш -Көкшүн.

49 жаштан
56 жашка чейин
Адам өмүрүндөгү бул жаш өтө оор учур болот. Себеби, балдары чоңойгондон кийин алар кандай адамдардан болуп чыкканын көрөт. Өз тукумунун ичинен өзүнө татыктуусу барын, жогун байкайт. Ошондо ал сүйүнөт же күйүнөт. Бул убакта өзүнө өзү сын берип, ким болгонун, кандай өмүр сүргөнүн сын көзү менен карап салмактайт. Ошол учурда алардын бел-кубаты да соолуй баштайт.


56 жаштан
63 жашка чейин
Адам бул жашка келгенде дүйнө деген эмне болот, ал кай жактан жаралган деген суроону чечүү үчүн философия илиминдеги же дин илиминдеги окууларды көп окуп, таанышып чыгат. Ушул мезгилдерде жашаган адамдар өзүнүн марттыгын жана айкөлдүгүн көргөзө ала турган учур болот.

63 жаштан
70 жашка чейин
Бул мезгилдерде адамдын денеси энергияларды аз пайдаланып, тамак-ашты да аз ичип калат. Мындан тышкары аны ар кандай оору-сыркоолор тооруй баштайт. Эгерде буга чейинки өткөн өмүрүндө бирөөлөргө канчалык жамандык кылса, мына ушул куракка келгенде ал ар кандай жагымсыз иштерди башынан өткөрө баштайт. Кеселдиктин азабын тартат.

28 жаштан
35 жашка чейин
Эгерде бул курактагы адам бала кезинде жогоруда айтылган программалардын баардыгын туура колдонуп, пайдаланып кете алса, анда ал жашоо-турмуштун көптөгөн тажрыйбаларына ээ болуп калат. Бул мезгилде адамдын физиологиялык жактан күч-кубаты толуп турган убагы. Ошол күч-кубатына таянып алып баардык ишке чечкиндүүлүк менен барат. Ошондой эле чөйрөнүн татаал шарттарына да туруктуу боло баштайт.

Жубайлардын
торколуу тойлору
1 жыл - Чыт той (чыт жоолук беришет)
5 жыл - Жыгач той (жыгач кашык беришет)
10жыл - "Роза той" (жакаларына роз гүл тагышат)
15 жыл - Айнек той (айнек сувенирлерин беришет)
20 жыл - Күмүш той (күмүш шакек беришет)
30 жыл - Бермет той (бермет шуру беришет)
35 жыл -Зыгыр той (зыгыр буюмдарды беришет)
40 жыл -Рубин той (рубин таш чөгөрүлгөн шакектер берилет)
50 жыл -Алтын той (алтын шакектер берилет)
60 жыл -Бриллиант той.
65 жыл -Темир той.
75 жыл -Таажы той.

21 жаштан 28 жашка чейин
Бул куракта терең сүйүү сезимдери пайда болот. Өз жакындарын барктап-баалоо жана аларды терең урматтоо сезимдери дагы жаралат. Үй салат, үй-бүлө күтөт, бала-бакыралуу болот. Тууган урук арасында өз, жат эмне экендигин түшүнө баштайт.

35 жаштан
42 жашка чейин
Бул жаш куракта адам кайраттуу, белдүү болгону менен анын денеси физикалык жактан күчтөн тайый баштаган мезгили болот. Үйрөнгөн, билген нерселерин башкаларга үйрөтүүгө аракет кылат. Ал жалаң өз керт башынын кызыкчылыгын ойлобостон, башкаларга да көбүрөөк жардам берүүгө аракет жасайт.

42 жаштан
49 жашка чейин
Бул жети жыл аралыгында айланасындагы чөйрө менен баарлашып жүргөн жоро-жолдош, ага-туугандар менен биримдикте болуп, жакындашууга аракеттенген убак болот. Анын ойлору мурункудай ар кайсы жакка чабыттабай, токтоолук, сабырдуулук жана акылмандуулук касиеттери кирет. Кудурети жетсе бирөөлөргө кеңеш берип, акылын айтат. Ошол мезгилде өзүнүн мүнөзүн, кылык-жоруктарын чапчаңдыкка алдырбай, оор басырыктуу болуу үчүн бир топ аракеттенет.

70 жаштан
77 жашка чейин
Бул убакта ар ким өз алдынча ээн-эркин болууга умтулат. Алардын сезимталдыгы күчтөнөт жана ички дүйнөсү чыгармачылыктын күчтүү кубаты болуп турган убак. Ушу убакта анын сырткы денеси жана ойлогон ойлору дайыма таза болуп туруусу зарыл. Өзүн же башка бирөөнү сындаганды жактырбай калат.

77 жаштан
84 жашка чейин
Бул куракта адамдын акылмандыгы, көсөмдүгү толуп турган учур. Өзүнүн мурунку кездерде кетирген күнөөлөрү боюнча өзү саресепке салып, аларды иликтеп, калчап, байкап-баамдап калган мезгил. Денеси алсырайт, анын бул дүйнөдө жашоо кызыкчылыгы таркап, оо дүйнөгө кетүүгө кам уруп калат. Мүнөзү бала сыяктуу болуп бирде жадырап жайнайт, бирде жактоочусу жок таарынган бала сыяктуу жалдырап калат экен.
Даркүл КЕМЕЛОВА












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!