адабият айдыңы

жаңылыктар
Касымбеков түштүктү кыдырды
КРнын Баатыры, Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, ООНдун кызыл китебинен орун алган тарыхчы Төлөгөн Касымбеков түштүк жергесин кыдырып кайтты.
- Түштүк жергесине элим, жерим менен учурашам, баарлашам, сагындым",- деп барып, эң алгач агайыңдын киндик каны тамган, туулуп өскөн жери Акжолдон баштадык, -деди жубайы Элмира Касымбекова. - Айылдаштары, мектеп окуучулары менен жолугушуубуз өттү. Матен Сыдыков атындагы мектептин жакшы окуган эң алдыңкы окуучуларына бир айлык пенсиямды грамота менен берем деп сөз берди. Май айында буюрса, кайра ошол сөзүбүздү орундатып келгени жол тартабыз деп турабыз. Акжолдон кийин Баткенге бардык. Өзүнүн чыгармасында Кудаярхандын чебин көрбөй туруп жазган экен, укканы, бар туюму менен эле. Атайын чепке барып, эң башына чейин чыгып, кыдырып көрдү. Айгүл тоосуна чыгып, айгүл гүлүн көрүп, касиеттүү жер деп куран окуп, Ошко сапарыбызды уладык. Тазагүл эже (акын Закирова - ред.) баштаган Оштун бүт интеллигенциясы тосуп алышты. Чер жазыша маектешип, сүйлөшүп, сагынычтарын таркатышып, төкмөлөр төгүп ырдап турду. Бир кызыгы, мектеп окуучулары менен жолугушуу учурунда кичинекей балдар "Сиз тирүүсүзбү?" деп жатышты. Көрсө, окуу китептеринде 1931-жылы туулган деп жазылып эле, өлгөн жылы жок да. Анан алар табышпай, баёо мүнөз наристелер да, ошондой суроо беришти. "Тирүүмүн, кудай өмүр берсе дагы турабыз"-деп айтты агайыңар. "Кадамыңдан кагылайын Төкө" деп кубанышып, кучак жайып тосуп атышса ыраазы болот экенсиң. Элден айланса болот, элден кагылайын. "Сексен жылдык белесим" деп түштүк жергесине отчёт берип, ийгиликтүү кайттык. Учурдан пайдаланып элиме чоң ыраазычылыгымды билдире кетейин. Касымбековдун демине дем, шыгына шык кошулуп, көңүлү толкуп турган учуру. Эми Таш-Рабатты, Бурананы көрө элек экен. Барып таазим кылып, эл менен жолугушуп келсекпи деген жакшы ойлорубуз бар.
"Жаңы Ала-Тоо" жарыкка чыгат
- Кыргызстандын адабият айдыңында эле эмес, эл аралык адабият сүйүүчүлөрү, окурмандар үчүн "Жаңы Ала-Тоо" журналы даярдалып, жакынкы күндөрү жарыкка чыкканы турат. Эл аралык дегенибиздин себеби: журналдын редколлегиясына кошуна өлкөлөрдүн көрүнүктүү окумуштуу, акын-жазуучулары мүчө болуп жатышат. Адабий журналдын башкы редактору жана толугу менен каржылап мойнуна көтөргөн Тилек Мураталиев. Редактордун орун басары - жазуучу, Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы Айдарбек Сарманбетов,- деп билдирди "Жаңы Ала-Тоо" журналынын катчысы Болот Таштаналиев.
Жаңы китептин бет ачары
Мирзохалим Каримов Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргыз, тажик элдеринин адабиятын тутумдаштырып, карым-катнашынын жакшырышына чоң салым кошуп, эки элдин ортосуна көпүрө болуп келет. Эки кыз, бир уулдун атасы.
Жакында Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы жана кыргыз таануу факультетинде жазуучу Мирзохалим Каримовдун "Каратегин" көркөм чыгармалар жыйнагынын жана оозеки чыгармалардан, макал-лакаптардан, очерктерден турган "Тажикстандык кыргыздар" китебинин бет ачары болуп өттү. Ал кечеге Жазуучулар союзунун төрагасы, Кыргыз эл акыны Омор Султанов, белгилүү сынчы Кадыркул Даутов жана да адабиятыбыздагы белгилүү акын-жазуучу, окумуштуу агайларыбыз катышып, жазуучунун жаңы китептери, жалпы чыгармачылыгы тууралуу ой-пикирлерин билдиришти.
- Биз бүгүн өзгөчө чыгармачыл тагдыр күткөн, өзүнө гана таандык доош, стиль менен кыргыз адабиятына кирген жазуучу Мирзохалим Каримовдун эки китеби менен таанышуу үчүн чогулуп отурабыз, - деди кеченин алып баруучусу сынчы, аталган факультеттин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы Калыбек Байжигитов. - Ушул университеттин журналистика факультетинде окуп жүргөн кезинен тартып эле аңгеме, повесттерин жазып, мезгилдүү басма сөздө жарыялап, атүгүл китебин да чыгарып, элге таанылган. Анын "Мажүрүм тал", "Кыя жолдор" сыяктуу алгачкы эле чыгармалары окурмандардын көңүлүнө толгон, адабий коомчулуктун жылуу пикирине арзыган.
Андан бери көп суу акты, доор алмашты. Адабиятка илгеркидей мамлекет кам көрө албай калганда, көпчүлүк жазуучулар көркөм дөөлөттөн четтеп кетти. Бирок Мирзохалим калемин таштабаптыр. Ал үч тилди: кыргыз, тажик жана өзбек тилдерин мыкты билген котормочу катары да таанылды. Атүгүл Мухаммад пайгамбардын хадистерин да которуп (бул ар кимдин эле колунан келе бербейт), Кыргызстандагы мусулмандардын сообуна калган. Өзүбүздүн көрүнүктүү драматургубуз Шатман Садыбакасовдун азыр да сахнага коюлуп келаткан "Ак боз атын" өзбек тилине которгон. Бүгүн соңку жылдарда жарык көргөн "Каратегин" жана "Тажикстандык кыргыздар" деген эки китебин көрүп, сүйүнүп жатабыз.
Кыргыз тили илими кафедрасынын башчысы, филология илиминин доктору Турусбек Маразыков да оюн ортого салды: - Мирзохалим Каримовдун баалуу эмгектери менен таанышып чыккандан кийин кыргыз тили илими кафедрасы төмөндөгүдөй чечим кабыл алды:
1.Мирзохалим Каримовдун "Тажикстандык кыргыздар" деген эмгеги жогорку окуу жайларынын филология факультеттеринин студенттерине арналган кошумча окуу китеби катары илимий-теориялык жактан талапка жооп бере тургандыгы белгиленсин.
2."Тажикстандык кыргыздар" деген эмгеги жогорку окуу жайларынын филология факультеттеринин студенттерине арналган кошумча окуу китеби катары колдонууга сунуш кылынсын.
Абдиламит Матисаков, жазуучу: -Мирзохалим Адамгерчиликтин Академиясын артыкчылык диплом менен бүтүргөн жигит. Бул шертке, сөзгө бекем туруп бере турган жигит. Турмуш тандырында мынчалык бышкан жазуучулар аз. Кээде Мирзохалимди бою бийик, доошу алыс угулгудай кубаттуу деп калышат. Бирок, мунун адамгерчилиги андан да бийик, ою терең. Мына бүгүн ушундай оош-кыйыш мезгилде эки чоң китепти куржунга артынып келиш оңой эмес. Сенин китептериң эки элди жакындаткан даанакер болуп жүрсүн.
Асан
Жакшылыковдо эмне жаңылык?
Үстүбүздөгү жылы алтымыш жашка аяк таштаган Кыргыз Эл жазуучусу, акын Асан Жакшылыков "Ыр чабыты" аттуу жалаң поэмалардан турган жаңы китебин чыгарды. Композитор Сатылган Осмонов менен биргеликте "Махабатка кезигүү" деген романстар жыйнагы басмага даярдалды. Сиздер Асан Жакшылыковдун поэмалары менен жакындан таанышып, пайда болгон ой-толгоо, кеп-кеңеш, сурооңуздар болсо редакция менен байланышсаңыздар, жакынкы айларда буюрса агайдын чыгармачылыгы тууралуу кеңири маек куруп жана сиздердин да суроолоруңузга жооп алганга аракет кылабыз.

Адабий сынак
"Адабият айдыңы" поэзия, проза, публицистика жана сын багытындагы чыгармаларга "Адабият айдыңынын мыктысы" атуу сынак жарыялайт. Чыгармаларыңыздарды редакцияга жөнөтсөңүздөр же алып келсеңиздер болот. Ар айдын аягында адабият чөйрөсүндөгү аттуу-баштуу акын-жазуучулардын чечими менен жеңүүчү жана чыгарма аныкталып гезит бетине жарыяланып турат, авторлорго байгелер ыйгарылат. Кол жазма 3-4 беттен ашпоого жана автордун сүрөтү, дареги сөзсүз болууга тийиш. Кол жазмалар кайтарылбайт жана рецензияланбайт. Бардык каалоочулар катыша алышат.

Арман дүйнө
Он жыл... Ортодон он жыл өткөнү менен ата-эненин күйүтү күнү бүгүнкүдөй, өчө элек... Оңойбу, он гүлүнүн бири эми гана ачылып, "Окуусун бүтүп, ишин ийгиликтүү иштеп жүрөт. Жакшынакай үй-бүлө куруп, жашоодо өз ордун тапты, көңүлүбүз ток" деп турушканда төл башчысы о дүйнөгө узап кете берсе!..
Кандай эне күйбөйт да, кандай ата сыздабайт!!!
Нурдин Бузурманкулов - 1971-жылы 4-январда кызматчынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келет. Тун уулуна ата менен апасынын кубанычына чек жок эле. Мектепти аяктаган соң Нурдин Украинанын Донецк шаарындагы жогорку саясий институтка кирет. Жыйырма бир жашында окуусун аяктап келген жаш кадрды Ички иштер министрлигинин Бишкектеги жогорку окуу жайына аскер психологу адистиги боюнча мугалим кылып кабыл алышат. Ал кезде мындай кызмат жок эле. Ошентип эмгек жолун ЖОЖдо мугалимдиктен баштаган Нурдин кызмат тепкичтеринен улам көтөрүлүп олтуруп, Ысык-Көл районунда экономикалык кылмыштарга каршы бөлүмүнүн начальниги болуп турган учурунда кырсыкка учурайт. Тактап айтканда, 1999-жылы 28-апрель күнү кечки саат 20-12 мүнөт өткөндө Балыкчыга текшерүүгө келип, кайра Чолпон-Атаны көздөй жол тартып баратышканда Тору-Айгыр айылынан айдоочусу мас абалында айдаган УАЗ автомашинасы кырсыкка кириптер кылат. Жол кырсыгынан улам кырчындай өмүрлөр кыйылган.
Адамгерчиликтүү, куудулдана, күлдүрө сүйлөгөн, үлгүлүү уул, ата, жар жана келечегинен көптү үмүттөндүргөн жигит жыйырма сегиз жашта эле. Артында "аталап" эки кызы калды. Мына бүгүн Нурдиндин бул өмүр менен коштошконуна он жыл толуп, томсоруп калган ага-тууган эскерүүчү күн.
Нурдин кошок
Азапта бир көрүүгө карааныңды,
Аңдабай аза башка салаарыңды.
Сен болуп өмүрүмдө бүтпөс дастан,
Билбегем кошок жазып калаарымды.

Аска тоом, көз ирмемде кулап калган,
Чынарым тирелээрде сулап калган.
Кыйылып кырчыныңда кете бердиң,
Ордунда бүтүн дүйнө турат жалган,
Анан биз... аза кайгың улап калган.

Чырагым жагылаарда өчүп калган,
Чырпыгым чынар болуп өсүп калган.
Күн ыйлап, асман ыйлап, булут ыйлап,
Аркаңда жарыкчылык өкүт калган.
Анан биз... сени таппай өксүп калган.
Атасы Жолдошбек
Бузурманкулов
Балам
Ысык жаш көздөн куюлат, балам,
Кайгылуу ойду буюрат балам.
Сен кирип келсең шаңдуу эле үйүм,
Түндүгүм түшүп туюлат балам.

Кызыңдан издейм көзүңдү, балам,
Сүйлөсө аңдыйм сөзүңдү, балам.
Кучактап бекем жыттасам аны,
Көргөнсүп кетем өзүңдү, балам.

Жүдөдүм муңга чөмүлүп, балам,
Жүрөгүм турат сөгүлүп, балам.
Жаркылдап жандап жүрчү элең дайым,
Өлбөгөн жандай көрүнүп, балам.

Ар дайым жоктойм ардагым, балам,
Арылбайт эми арманым, балам.
Ардактап турчу өзүң жок эми,
Атасыз өсөт балдарың, балам.
Зарласам дагы укпайсың, балам,
Түбөлүк түндө уктайсың, балам.
Зыркырап эмчек сыздатса дагы,
Кайрылып эми чыкпайсың, балам.

Арманда жүрүп өтөөрмүн, балам,
Алсырап сен деп кетээрмин, балам.
Ажалым жетип күн бүтсө бир күн,
Артыңдан издеп жетээрмин, балам.
Сүрөтүң тиктейт
бизди муздак таштан
Тунумдан көңүл тынып калган кезде,
Шум ажал колдон жулуп алганды эстеп.
Көзүңдөн жашың эмес каның агат,
Көр үстүнө куран окуп барган кезде.

Өтпөсүн мындай азап эч бир баштан,
Көзүбүз кургаар бекен ысык жаштан.
Сагынып барып калсак биз мүрзөңө,
Сүрөтүң тиктейт бизди муздак таштан.

Кагылам карап турган карааныңан,
Кете албай кылчактаймын карап улам.
Кудайым тилди берсе айтаар элең:
"Карыпсың байкуш апам баягыңдан".

Кулунум ким ойлоптур өлөсүң деп,
Жаш бойдон о дүйнөнү көрөсүң деп.
Жан салса бир тынымга айтаар элең:
"Апаке мынча неге чөгөсүң?"-деп.

Артыңда калгандарга жөлөк болуп,
Атаңа жүрбөйт белең өнөк болуп.
Арман ай, отуз жаштын даамын татпай,
Арабыздан жөнөп кеттиң бөлөк болуп.
Айлам жок арбагыңа арнап жазган,
Калса экен ушул ырым белек болуп.
Апасы Насбүбү Эгембердиева









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!