маалымат

"Салы-Ата"
бригадасы "Камбар-
Ата-2" ГЭСине
салымын кошту
Жалал-Абад шаарындагы ОсОО "Салы-Ата" көз карандысыз курулуш бригадасынын президенти Бакиев Акмат Салиевич үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинен тартып "Камбар - Ата-2" ГЭС курулушуна кайтарымсыз жардам көрсөтө баштады. Учурда акцияга 100 адам катышууда. Арасында мыкты сварщик, бетонщик, каменщик, штукатурщик, жыгач уста, электрик ж.б. бар. Алар аз убакыттын ичинде, тактап айтканда, 14 күндө курулушту бүтүрүп, ачкычын беришти. Бүткөрүлгөн курулушка 500 000 сом жумшалды. Белгилей кетсек, ОсОО "Салы-Ата" көз карандысыз курулуш бригадасы Камбар-Ата ГЭС-2 нин курулушчуларына жүгүн артпай өз жатаканасы, ашканасы, медициналык тейлөөсү менен барган.
Чернобыль
кырсыгында майып болгондордун акысы көбөйдү
Чернобыль жана башка жарандык жана аскерий аймактардагы кырсыктардын кесепеттерин жоюуга катышып, аскер кызматын өтөп жүрүп жабыркагандарга майыптыгы боюнча төлөнчү акы көбөйтүлдү. Мындай жардыкка президент Курманбек Бакиев кол койду. Президенттин маалымат кызматынын кабары боюнча аскердик кызмат өтөгөн аскерлер менен матросторго майыптык боюнча 1-майдан баштап 800 сомдон, Чернобыль жана башка кырсыктарды жоюуга катышкандарга 2800 сомдон жогору акы төлөнөт.
Кочкор-Атада
жер титиреди
Кечээ таңкы саат 5тен 54 минута өткөндө болгон жер титирөөнүн күчү 6 балл болду. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Учурда зилзаланын кесепеттери иликтенүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кочкор-Атада алгач 5:52де 4,5 балл, эки минутадан кийин 6 баллдык жер титирөө болгон. Майлы-Суу, Жалал-Абадда 5 балл, Ошто 4 балл болду. Ошондой эле мындай жер титирөө Бишкекте дагы сезилди.
Э.Ибраимова
"Ак жол" партиясынын мүчөлүгүнөн
чыгарылды
Айрым массалык маалымат каражаттарынын билдирүүсү боюнча "Ак Жол" партиясынын Саясий Кеңешинин чукул чакырылган жыйынында аталган партиянын төрагасынын орун басары Эльмира Ибраимова партиянын мүчөлүгүнөн чыгарылды.
Байкоочулардын баамында партия жетекчилеринин мындай кадамга баруусуна Э.Ибраимованын акыркы мезгилде айрым маалымат каражаттарына жарыяланган "Ак Жол" элдик партиясынын багытына карама-каршы позициясы негизги себеп болгон.
Эскерте кетүүчү жагдай, "Ак Жол" элдик партиясынын кезектеги курултайы 1-май күнү Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүшү күтүлүүдө. Анда делегаттар 23-июлда өтүүчү президенттик шайлоого партиянын лидери Курманбек Бакиевдин талапкерлигин көрсөтүшү мүмкүн. Мындан тышкары аталган партиянын уставына өзгөртүүлөр киргизилип, Саясий Кеңешинин мүчөлөрү да жаңыланышы айтылууда.
Жалал-Абадда тыюу салынган китептер кармалды
Облустун тартип сакчылары айрым аймактарда текшерүү жүргүзүп, тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" партиясына тиешелүү делген адабияттарды колго түшүрүштү. Базар-Коргон районундагы мечиттин жанында өзбекстандык А.Мойдинов аттуу жарандан 38 китеп табылды. Шамалды-Сай шаарчасында эки кишиден 16 компакт диск жана китеп-гезиттер, көрмө кассета чыккан. Ноокен районундагы Достук айылынын тургунунан чагымчыл маанайда жазылган китептер, эки компакт диск жана үн жазылган үч кассета алынды. Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.




Петровкадагы жаңжал
26-апрелде түшкү саат бирлерде Москва районунун Петровка айылында кыргыз-орус улутундагы 300-350дөй адам митинг өткөрүшүп, 4 жаштагы орус кызды зордуктаган деп шектелген күрд улутундагы жигитти жергиликтүү укук коргоо органдары жоопко тартпаганына, күрд жаштарынын ээн баштыгына нааразылык билдиришкен. Митингдин аягы массалык баш-аламандыкка айланып, күрддөр жашаган бир нече үйлөр таш бараңга алынып, жыйынтыгында жыйырмадай үйдүн терезелери, 5-6 автоунаа талкаланган. Айрым маалыматтарда күрд улутундагы адам үй-жайын коргойм деп куралдан ок чыгарып, эки киши жарадар болгону айтылууда. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитовдун айтымында Петровка айылында милиция кызматкерлери, Чүй облусунун жана Ички иштер министрлигинин тез арада аракеттенүүчү отряды кырдаалды көзөмөлдөөдө. Бир нече адам Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнө алынып келинип, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.




Образ жараткыңыз келеби?
"Унута албайм" теле көрсөтүүсү актёрлук чеберчилиги бар улан-кыздарды чакырат. Эгерде өзүңүздү баардык каармандын образында көрсөтө алам деп толук ишенсеңиз, анда jashtar@list.ru электрондук почтасына жалгыз түшкөн сүрөттөрүңүздү салып жибериңиз. Балким аталган көрсөтүүнүн башкы каарманы болуп калышыңыз ыктымал.

Жийде
алдыңкы аткаруучулардын
катарына кошулду
"Агатай" аттуу ыры менен ыр ышкыбоздоруна белгилүү болгон ырчы Жийде Мурат кызы учурда Астанада иштеп жүрөт. Жакында Астанада өткөн Улуттар аралык фестивалга "Астана жана Кыргызстан маданий борбору" тарабынан катышып, эң алдыңкы аткаруучулардын катарына кошулду. Эми 1-майда бул фестивалдын бүтүндөй улуттар катышкан гала концерти болот. Андыктан жердешибизге ийгилик каалайлы.

Кытайлык кыргыздарга бекер концерт
Белгилүү ырчы, обончу Айбек Карымов Түштүк Кытайдын Хуанжо шаарына кино тартууга керектүү каражат сатып алуу үчүн барып жөн кайтпай бир ок менен эки коён атайын дедиби, айтор, Кызыл-Суулук кыргыздарга бекер концерт коюп келди. Жакшылыкка жакшылык эр адамдын белгиси дейт эмеспи. Ал жактагы кыргыз туугандарыбыз да ырчыны кур кол кайтарбай өздөрүнүн чакан белектерин беришиптир.

Студенттерден кайрымдуулук концерт
Кыргыз Түрк Манас Университетинин студенттер кеңеши 29-апрелде Спорт ордосунда чоң программадагы кайрымдуулук концертин тартуулашат. Жаштар келечек ээлери болгондуктан түшкөн каражаттар балдар үйүнө жумшалат. Концертке кайрымдуулук көрсөткөндү каалаган кыргыз эстрадасынын улуу, кичүү муундагы белгилүү ырчылары катышат. Келип, көңүл ачып кетиңиздер!

"Ата-энем
аска тирегим"
Ырчы Акак Таиева ЭлТР телеканалына ата-энелерди даңазалап, тирүүсүндө сыйлап ардактайлы деген максатта "Ата-энем аска тирегим" аттуу жаңы телеберүү ачты. Аталган берүү коммерциялык багытта болгондуктан жарым саатта он адам камтылып, ар бир кишиге үч мүнөттөн убакыт берилет. Кызмат баасы 1000 сом. Каалоочулар үчүн эшик ачык. Эске сала кетсек, алгачкы программа жакында эфирге чыгат.

Кеминдик таланттар
Кечээ жакында эле 26-апрелде борбор шаарыбыздын тарых музейинде "Жаңы ысым" аттуу өзүнчө жаш таланттардын концерти болуп өттү. Бул концертке жалаң кеминдик жаш таланттар катышты. Мындай чакан чөйрөдө өткөн концерттин негизги себеби кеминдик таланттардын башын бириктирип, алардын келечегине жардам көрсөтүүнү максат кылган концерттин уюштуруучусу "Ырыс таалай" кайрымдуулук коому. Башкы демөөрчүсү Кичи- Кемин айылынын жеке ишкери Кубан Бейшенбаев. Концерттин алып баруучусу "Учур" театрынын актёру Жолдошбек Жанжигит уулу болду. Коноктору Кара Молдо Орозов атындагы оркестринин солисттери КРнын Эмгек сиңирген артисттери, Айша Базарбаева, Чынара Абдыраева, "Ак Марал" бий ансамблинин солисти Мурат Нургалиев, Аденов Мерис, КР Эмгек сиңирген артисттери Назаркулова Анаркул, Муканбетов Муктарлар болду.
Кеминдик жаш таланттар учурда Искусство институтунун эстрадалык бөлүмүндө билим алышууда.
1. Кундуз Токтосунова
2. Курмантаева Назира
3. Токмергенов Тариэл
4. Сарбашева Айка
5. Абдылдаева Элнура
6. Кожонова Айдана

Мажитке атасы машина белек кылды
Куудулдар үй-бүлөсүнөн чыккан кичинекей куудул Мажит жаштыгына карабай тынымсыз иштеп, бат эле эл оозуна алынды. Бир үйдүн эркесине атасы Кабыл Бөрүбаев жакында "Хонда - Одиссей" маркасындагы машина белек кылып, азыр машина айдаганды үйрөнүп жаткан чагы.









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!