коңгуроо

Ильязды балалыкка жетелеген балдар
Буга чейин "Коңгуроо" рубрикасы шаарыбызда жайгашкан орто мектептердин бир нечесин кыдырып, окуучулардын абалы менен таанышып келген. А бул жолу "Тунгуч" кичирайонунда жайгашкан №73 орто мектепте болуп, окуучулар менен "Малыш" атка конгон белгилүү аранжировщик, ырчы Ильяз Абдыразаковду жолуктурдук. Чындыгында ырчыга "Малыш" деген атты сахналаш достору туура коюшуптур. Айтайын дегеним, ачык-айрым, шайыр мүнөз, бала кыял Ильяздын жандүйнөсү ичинде кири жок жаш балдардын мүнөзүнө окшош экен.
Ильяз мектеп окуучулары менен жолугушуусунда кызыктуу окуяларды, күлкүлүү суроо-жоопторду берип, класстын ичи "дуу" жаңырган каткырыктар менен коштолду. Ошентип, алтымышка жакын чогулган окуучулар жакшы көргөн ырчысы Ильяз Абдыразаков менен жакындан таанышып чыгышты.

- Ильяз байке, биздин мектепке келгениңизге ишенбей жатабыз, сизге мектеп жактыбы?
- Эмнеге ишенбей жатасыңар? Чын эле келбедимби, ишенбесеңер менден сурагыла. Тамаша. Мектебиңер абдан жакты. Атайын силерге келбедимби. Бизди жолуктурган "Обон" гезитине ырахмат. Силер мага суроо узатсаңар мен жооп берем. Анан баарыбыз гезитке чыгабыз.
- Кайсыл жерден болосуз?
- Ошлям болом.
- Ий, сиз Оштуксузбу? Аа, кыргыз мектепти бүтүрдүңүз беле?
- Ооба. Мен Оштун Кара-Дөбө айылынан болом. Кара-Дөбө орто мектебинде бешинчи класска чейин окуп, анан окубай калгам. Экинчи классымдан баштап музыкага берилип, мектепти бүтпөй калганыма азыр абдан өкүнүп, бармагымды тиштейм. Силер дагы мендей болуп өкүнүп калбай мектепти жакшы окугула.
- Ырды өзүңүз жазасызбы же бирөөдөн көчүрүп аласызбы?
- (Күлүп) Бирөөдөн көчүрөйүн десем эч ким көчүртпөйт да. Ырларымдын сөзүн Алтынбек Алымов акам жазса, обондорун өзүм эле жазып алам.
- Анда аттестатыңыз жок турбайбы ээ?
- Аттестатым бар. Тааныштарым болгондуктан мага жөн эле беришкен.
- Жок дегенде чоң окуу жайын окуп, диплом алып койбойсузбу?
- Быйыл күздө Бүбүсайра Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырайын деп жатам. Буюрса, ал жакка өтүп калсам мага да диплом беришээр.
- Сахнага чыкканда биринчи кайсы ырды ырдадыңыз эле?
- Мм, "Ай чыкты карачы, айдан биз жаралдык" деген ырды ырдап чыккам. Тамаша, баарыңар билгендей "Арманым" аттуу ырымды ырдап чыккам. Силер билсеңер ошол ырымды мага ырдап бербейсиңерби?
- Биринчи сиз бизге ырдап бериңиз да. Биз ырчы эмеспиз. Жандуу үнүңүз менен жаңы ырларыңызды аткарып бериңизчи?
- Мен бул жакка ырдайм деп келген жокмун да. Бүгүн силерге отуруп алып сүйлөп берем.
- Анда сиз жакшы ырчы эмес турбайсызбы?
- Эмнеге? Жакшы ырчы эместер кандай болушат? Жаман ырчылардын катарына кошсоңор анда бул жакта кыздар көп экен, "Карындашым" деген ырды ырдап берейин.
"Менин карындашым, сүйкүм ирмеп кашың.
Дайым эркелетип, сылап коём чачыңдан мен". Эми жакшы ырчы болдумбу?
(Баары каткырып калышты)
- Үнүңүз абдан жакшы экен. Ырыңызга чоң рахмат. Шоу- бизнеске келгениңизге канча болду?
- Ким математиканы жакшы билсе канча болгонун эсептеп бергилечи? Эгерде мен туура эсептесем, кичинекей сахналарды кошпогондо үч жыл болду.
- Сүйгөн кызыңыз барбы? Сизге кандай кыздар жагат?
- (Ойлонуп) Азыр сүйгөн кызым жок. Мурда бар болчу. Бир кызды жактырып калгам. Анын артынан издеп шаарга келгем. Же болбосо Ошто жүрө бермекмин. Ошо, ошентип жүрүп сүйгөнүмө жетпей калгам. Кыздардын баары эле жакшы көрүнүшөт. Бирок сүйгөн кыздын орду башка да.
- Сиз ырчы кызды сүйүп калсаңыз жашырбайсызбы?
- Жашырбай эле жетпей калган сүйүүмдү айтып бербедимби. Үйлөнсөм биринчи "Обон" гезитинен окуйсуңар да.
- Сиз патриотсузбу?
- Жок деп жооп берсем эмне кыласыңар? Албетте, патриотмун. Патриот үчүн башка тилдерди үйрөнбөй бир гана кыргыз тилин билип жүрбөймүнбү.
- Өзүңүздү жылдызмын деп ойлойсузбу?
- Балким тааныбаган бирөө үчүн жылдыз болгон чыгаарбыз. А мен өзүмдү жылдызмын дебейм.
- Бала чагыңыздагы кызыктуу окуялардан айтып бериңизчи?
- Мен өзүмдү дагы деле баламын деп эсептейм. Кичинекей кезимдеги окуялар эсимде калбаптыр. Бирок гастролдо жүргөндөгү аябай кызыктуу окуядан бирди айтайын, силер таң кала бергиле. (Күлүп) Таң калдыңарбы? Эми баштайын.
Айдаркен деген шаардын мейманканасында Мажит экөөбүз чогуу жатып калдык. Болгондо дагы бир диванга. Эртең менен туруп, эшиктин алдындагы чогулган кыздардын жанынан өтүп баратсак кол тамга сурап калышты. Биз алар менен таанышып бир топко туруп калдык. Аңгычакты ары жактан биздин мейманкананын администратору келип, кыздардын көзүнчө "Эмне төшөккө сийип коюп кетип баратасыңар? Ордуңарды тазалабайсыңарбы?" деп жатпайбы. Көрсө, Мажит сийип коюп билмексен болуп коюптур.
- Машинаңызды милициялар тосту беле?
- Ооба, көп эле тосушат. Силерге окшогон күйөрмандарга шашып келатып кармалып калабыз. Ырчы экенибизди таанып калышса коё беришет. Кээде мен ырчымын десең, "Ырчы болсоң өзүңө ырчысың" деп машинамды эки-үч күнгө чейин камап койгон учурлар болгон. Азыр деле айдоочулук күбөлүгүм жок жүрөм.
- Кайсы сабакты жакшы көрчү элеңиз?
- Кыргыз тил менен тарыхты жакшы көрчүмүн.
- "Кайып Булак" тасмасынан кийин дагы киного тартылайын деген ойлоруңуз барбы?
- Сунуштар болсо тартыла беребиз. Киного тартылсам деген биринчи тилегим аткарылды.
- Кайсы жерден кийинесиз?
- "Дордой" базарынан, "Дордой Плазадан" кийинем.
- Ай-ий, ошол жактан эле кийим аласызбы?
- Анан эмне, кайсы жерге бармак элем? "Ырчылар да тамак жейби?" деп бирөө суроо бериптир. Силер да ошондой болуп жатасыңар ээ?
- Эки Мирбектин кимиси жакшы ырдайт деп ойлойсуз?
- Адам катары экөөнү тең сыйлайм. Жакшы балдар. А ырчылык жагынан Мирбек Атабеков жакшы ырдайт, аны баарыбыз билебиз.
- Ата-энеңизге баалуу белек бердиңиз беле?
- Ата-энеге эң кымбат белек болуп, баласынын жакшы жүргөнү, акыл-эстүү болгону эле болсо керек. Кандай жакшылык кылсак дагы ата-эненин баркына жете албайбыз.
- Бактыгүл, Кундуз, Неля үчөөнүн кимисин жакшы көрөсүз?
- Бакуля менен Кузя абдан аракетчил кыздар. Ал эми Неляны жеңем катары сыйлайм.
- Үйдөн кандай тамак жейсиз?
- Жумуртка кууруп жейм. Шашып жатканда кукси сатып алам.
- Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
- Мен ар дайым бошмун. Окубасам же иштебесем... Бош убакыт болгон үчүн силерге келип жатпаймынбы.
- Ырчыларга бекер ыр жазасызбы?
- Жок. Азыр бекер эч нерсе жок да. Бир ырды беш жүз долларга жазып берем.
- Башыңызга калпак кийип көрдүңүз беле?
- Тойлорго барып ырдаганда калпак кийгизип калышат. Ошондой жаңы калпактарды кийип көргөм. Өлө албай жатып кичинекей болсом да, үйдө чепкендерим бар. (Ушул жерден окуучулардын баары күлүп жиберишти.)

Ошентип эки сааттын ичинде окуучулар Ильяз Абдыразаковго каалаган суроолорун беришип, моокумдары канганча күлүп Ильяз менен сүрөткө түшүштү. Эң мыкты суроо бергендерге өзүнүн кол тамгасы коюлган календарьларын белекке тапшырды. Балдар менен болгон маек ырчы Ильязга дагы жакты окшойт, төгүлүп-чачылып ичиндеги болгон сырын ачык-айкын айтып берип жатты. Аягында башталгыч класстан жогорку класска чейинки окуучулар ырчыны машинасына чейин узатып, уюлдук телефондоруна сүрөткө тартып кол булгап узатып калышты.

Ильяз Абдыразаков:
"Бала чагымды эстеп отурдум"
-Башында мени сиздер балдар менен жолугууга чакырганда анча маани берген эмесмин. Мектеп окуучулары менен жолугушуу мага аябай жакты. Балдардын жан дүйнөсү баары бир таза болот экен. Ичтеринде арам ойлору жок, берилип суроо берип жатышканда өзүмдүн бала чагымды эстеп олтурдум. Он жыл мурдагы бала кезиме алып барып келген "Обон" гезитинин жалпы жамаатына чыгармачылык ийгилик каалайм. Калемиңер курчуй берсин!

Айнура Султанова










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!